WeChat      Избранное

Мугалим - жан дүйнө гүл азыгы

07/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Мугалим - жан дүйнө гүл азыгы

ФотоWWW

1994-жылы 5-октябрь “Дүйнөлүк мугалимдер күнү” деп кабыл алынган. Ошол мезгилден бери жыл сайын дал ушул күнү дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүндө мугалимдер күнү өзгөчө майрамдык маанай менен белгиленип келет. Бул майрам өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн бүтүндөй ушул улуу кесиптин ээлерине сый-урматтын символу жана ыраазычылык билдирүүсү катары кабылданып калды.  

Бул жалпы мугалимдердин, окутуучулардын жана билим берүү тармагындагы кызматкерлердин кесиптик майрамы, анда мугалимдердин сапаттуу билим берүү процессиндеги ролу жана эмгеги, ошондой эле алардын коомдун өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымдары белгиленет.

КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өкмөт 5-октябрды Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекиткен. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган.

Эске сала кетсек, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келчү. 

“Мугалим” бул сөз кандай гана жүрөккө жагымдуу угулат. Ар бирибиздин жашообузда ата-энебизден сырткары, жашоого жол көрсөтүп, жаркын келечекке үндөгөн, өзүнүн баалуу кеп-кеңештери менен бөлүшүп, кандайдыр бир ийгиликтериңе жаш баладай кубанып, сыймыктанган мугалимдерибиз болгондугу шексиз. Бул адамдар ар дайым окуучуларынын жашоосуна көз кырын салып, байкап келет. 

Менин өзүмдүн ата-энем дагы өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап келишти. Азыркы кезде, экөө тең ардактуу эс алууда.  Мен кичинемден эле “эмне себептен бирөөнүн баласы үчүн анчалык күйүп-бышып, санаа тартат” деп ата-энемди түшүнчү эмесмин. Көрсө, мугалим бул жөн гана окутуп, сабак өткөн киши эмес, ал ар бир окуучунун жакын досу, сырдашы, психологу дагы болот экен. Эң мыкты мугалим-бул бүтүндөй жан дүйнөсү менен кесибин дагы, окуучусун дагы сүйгөн адам экендигин кийин түшүндүм. Мына, ошондо гана чыныгы мугалим аталаарын билдим. 

Учурда, көп жерден ата-энемдин атын уккан окуучулары аларга ар дайым саламын айттырып, агай-эженин кызы деп сыйлаганын көргөндө, ата-энем бекеринен бул кесиптин ысык-суугуна тоңбоптур деп ойлонуп калам.  

Чындыгында, мугалимдин жумушу оор жана өтө жоопкерчиликтүү. Алар жаркын келечек ээлерин тарбиялап, татыктуу билим берип келет. Алардын өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодогу эмгеги баа жеткис, өлкөнүн келечеги дал ушул кесип ээлеринин ишине көз каранды десек эч жаңылышпайбыз. 

Ошондуктан, бүгүн биздин редакция дагы ардактуу кесип ээлерин-мугалимдерди майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт. Сүйүктүү агай-эжелер ар дайым ден соолугуңуздар бекем болуп, татыктуу келечек ээлерин тарбиялап жүрө бериңиздер. Сиздердин эмгек баа жеткис. Мугалим-дүйнөдөгү эң таза кесиптин ээси, сиздер бар болуңуздар, акыл-насаат, берген билимиңиздер менен адамдардын жан дүйнөсүн жашылдандырып, билимге, акылга сугарып, жан дүйнө-гүл азыгы болуп жүрө бериңиздер. 

Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сапаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул мугалим эмеспи. Майрамыңыздар кут болсун, сүйүктүү агай-эжелер!

Кымбат Барктабасова, дизайнер: “Мугалим - агартуучу, коомду аппак кылып тазалоочу бирден-бир күч” (подзаголовок)

-Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Ал чыныгы агартуучу, коомду аппак кылып тазалоочу бирден-бир күч. Толкуп-ташкан билим деңизинде кеме айдаган келечек муундарга нурун чачкан мугалимдерге не деген сөздөрдү арнасак да аздык кылат эмеспи. 

Ошондой болсо дагы, мен мугалимдер күнү менен жалпы билим берүү кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктайм. Бул ардактуу кесипти аркалоо, чындыгында оңой эмес. Аман болуңуздар, ден соолугуңуздар чың болсун. Ар дайым ойлогон ой-тилектериңиздер ишке ашсын. 

Акылбек Жумабек уулу, студент: “Сапаттуу мугалим - сапаттуу билим алуунун кепили” (подзаголовок)

-Чындыгында, мугалимдин орду жашоодо абдан маанилүү. Алар бизге бир гана билимди эмес, өмүрдү, жашоону дагы үйрөтөт. Алардын эмгеги келечекке зор салым. Ошондуктан бул кесип ээлери ар дайым сый-урмат үстүндө жүрүүсү шарт деп ойлойм. Айлык-акылары дагы жакшы болуусу зарыл. 

Сапаттуу мугалим - сапаттуу билим алуунун кепили. Аны жогорку сапаттагы заманбап билими бар мугалимдер гана ишке ашырат. Мамлекеттин кыймылдаткыч күчү бул - мугалимдер. Ошондуктан мугалимдин кесипкөйлүгүн түшүнүп, педагогика факультеттерине студенттерди тандоо, аларды мугалимдикке даярдоо жана алардын социалдык-экономикалык абалын кадыр-барктуу кылууга чара көрүү заман талабы.

Мен дагы учурдан пайдаланып, биздин сүйүктүү агай-эжелерибизди кесиптик майрамы менен куттуктайм. Ар дайым ак эмгек үстүндө эл ичин агартып, бактылуу өмүр сүрүшсүн.




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)