WeChat      Избранное

Коррупция, теңсиздик, ата-эне мээримине жетпеген балдар – митингдин башкы себептери

16/10/2020  Источник:интернет   шрифта:

Коррупция, теңсиздик, ата-эне мээримине жетпеген балдар – митингдин башкы себептери

ФотоWWW

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин, эл арасында нааразычылык күчөгөн. Жеңилип калган партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылгандыктары маалым. Ал эми, 6-октябрга оогон түнү болсо митингге чыккандар Ак үйдү басып алышкан. Муну менен катар эле, УКМКнын дагы имаратын басып алып, бир катар саясатчыларды бошотуп кетишкен.

Бирок, дагы да болсо эл арасында нааразычылык токтобостон, кайрадан күчөп жаткандай. Буга, канча күндөн бери Ала-Тоо аянтынан кетпей, дагы да болсо митингге чыгып жаткан элдин көп болуп жаткандыгы далил. 

Ошондуктан, биз карапайым калктын бул митингге болгон ой-пикирин угуп, алардын эмне себептен Ала-Тоо аянтына чыккандыгын дагы сурап билдик. 

Нурислам Кадырбеков, фермер: “Азыр дагы баягы эле эски чиновниктердин кызмат талашып жаткандыгы өкүндүрөт” (подзаголовок)

-Мен өзүм Нарын облусунун Ак-Талаа районунан болом. Эч кандай саясий партиянын тарапташы же мүчөсү эмесмин. Чындыгын айтканда, бул шайлоо болуп, болбогон күнү деле мындай кырдаал болмок. Себеби, бийлик башынан эле элге кызмат кылган жок. Коррупция укмуштуудай күчөп кеткен. Биз деле Өкмөттөн жардам сурап, тажаткан жокпуз. Өзүбүздүн жаныбызды өзүбүз багып, жан сактап келдик. Бирок, ошондо дагы бизге тынч жашоо беришкен жок да. 

Коррупция, теңсиздик, ата-эне мээримине жетпеген балдар – митингдин башкы себептери

Мына, мен өзүм фермермин. Жер айдап тиричилик кылам. Нарындын шартын билесиздер, жер-жемиш сатып деле кыйратпайбыз. Малдын арты менен жашап келе жатабыз. Бир айдаганыбыз картошка. Анын дагы баасын чыгарып сата албайбыз. Айыл-чарба министрлиги тарабынан эч кандай жардам дагы болбойт. Картошкабыздын баасы өз наркын актабайт. Анан кантип нааразы болбойсуң. Салыктар жыл сайын көтөрүлүп эле бара жатат. Эл үчүн иштейин деген киши жок. Мына, ушулардын бардыгы топтолуп келип, ушундай чоң окуяга айланып отурат.

Мен элимдин, балдарымдын жаркын келечеги үчүн ушул Бишкекке келип митингге катыштым. Эски бийликтин кереги жок. Азыр дагы баягы эле эски чиновниктердин кызмат талашып жаткандыгы өкүндүрөт. Кетсин, бардыгы. Жаштарга орун берсин. Кыргызстан өнүгүшү керек. Сырткы карызды төлөө зарыл. Мен бардыгы жайына келмейинче кетпейм. Жаштарга орун бошотушсун. Ушунча келгенден кийин, акырына чейин турабыз. Салыктар азайсын, коррупция жол бербөө керек. Өз ишин билген күчтүү, акылдуу жаштар келсин. 

Айгул Кусеинова, пенсионер: “Неберелерим ата-энеси тирүү туруп, ата-эне мээримине тойбой калды” 

-Кызым, мен Аксыдан келдим. “Карыган кемпирге бул митингдин эмне кереги бар”, - деп турасыңбы? Мен бул жерге неберелерим үчүн келип отурам. Кыргызстандагы жашоо оор болгон үчүн уул-келиним төрт баласын таштап Россияга кетишкен. Балдар абышкам экөөбүздүн колубузда болду. Жакында эле, коронавирустун айынан Россиядан кайтып келишти. Азыр иштери жок, үйдө отурушат.

Биздин пенсия эч нерсеге жетпейт. Билбейм, кантип оокат кылышат. Уулум Бишкекте калып жумуш издеди. Бирок, бардык жакка эле тааныш керек экен. Мына, бийликтин кылганы. Мен эч кимисине дагы тартпайм. Жөн гана балдарыбыз жумуш издеп сыртка кетпей, өзүбүздө эле болсо деген тилек. Неберелерим ата-энеси тирүү туруп, ата-эне мээримине тойбой калды. Бул эмне деген жашоо? Эгер, ушул митинг аркылуу бир нерсе өзгөртө алсак, анда мен ушул жерде болом. Деги эле, баарына кайылмын. 

Чындыгында, шайлоодон үмүтүм бар эле. Бирок ал деле сатылып, элдин үнү угулган жок. Канча өмүрүм калганын бир кудай билет, бирок неберелерим жакшы, тынч жашоодо жашаса экен дейм.

Коррупция, теңсиздик, ата-эне мээримине жетпеген балдар – митингдин башкы себептери

Айназик Нурбаева, студент: “Бишкек шаарын коргойлу” 

-Мен Бишкек шаарынын тургуну болом. Канча күндөн бери болуп жаткан митинг борбор шаарыбызды бузуп, тынчтык болбой жатат. Мен ушундай митинг өткөрүп, эл өзүнүн оюн билдирип жаткандыгына каршы эмесмин. Бирок, шаарды талкалап, көчөлөрдү таштандыга толтуруп жаткандарын туура эмес деп эсептейм. Караңгы киргенде көчөгө чыккандан коркуп калдык. Шаардын ар кайсы жерлеринде эле топтолгон балдар. 

Эмне себептен Ак үйгө чейин кирип барып, талкалагандары мага түшүнүксүз. Мекемелерде, имараттарда эмне күнөө. Эгерде, дагы эле ушундай жол менен кырдаал улана берсе, шаар тургундарына эле абдан кыйын болуп калгыдай. Мына, мен азыр банктан акча чыгара албай жүрөм. Бардык жер жабык. Банкоматтарда дагы акча жок. Тоноп кетишет деп, бардык акчаларды чыгарып кетишиптир. 

Митинг өткөрүп, өз талаптарын коюшсун бирок, өлкөнү ушундай хаоско алып келишкендиктери туура эмес. Интернеттен бардыгын эле тыйып, тартипке чакырып жатышат. Бирок, түн киргенде баш-аламандык уюштургандар көп болууда. Менин оюмча, тез арада бардыгы биригип, бир бийликти шайлоосу керек. Өлкөбүзгө тынчтык керек. Шаарыбызды коргойлу. 

Ошондуктан, биз тайпалаштарыбыз менен бирге, Бишкек шаарын тазалап жаткан волонтерлорго кошулуп, жардам берип жатабыз. Бул биздин шаар, биздин үй. 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)