2020-жылдын 21-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 22 жаӊы учуру катталды - жалпы 590
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 21-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 22 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 22 бейтаптын ичинен Бишкек ш. – 8, Ош облусу – 3, Ош ш. – 6, Нарын облусу – 5. Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен: Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 2, Бишкек шаарында – 3 учур. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 147 учур катталды.
Өткөн суткада 15 бейтап ооруканадан айыгып чыкты: Бишкек ш. – 4, Нарын облусу – 1, Ош облусу – 4, Ош ш. – 6. Бүгүнкү күнү республика боюнча жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми, стационарда 367, алардын ичинен 5 адам реанимацияда болууда”, - деп билдирди.
Азыркы тапта, 14-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жалпы 590 учуру катталды. Жалал-Абад облусу – 105, Ош облусу – 150, Ош ш. – 93, Чүй облусунда – 32, Бишкек ш. – 123, Баткен облусунда – 6, Нарын облусу – 73, Ысык-Көл облусунда – 8. Алардын ичинен 321 – аял киши, 269 – эркек киши.
Жогоруда белгилүү болгондой, 21-апрелге карата тастыкталган COVID-19 диагнозу менен жалпысынан 147 медициналык кызматкер катталган. Бүгүнкү күндө, бардыгы болуп 13 кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинен, 6 – дарыгер орто медперсонал – 5 жана эки башка кызматтагы жарандар.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Н. Үсөнбаевдин айтымында, айыгып чыккан дарыгерлер кайрадан жумушка чыгып, иштеп жатышат.
последние
Рекомендация
- 1Органы пробации Министерства юстиции КР не оставили на произвол судьбы своих клиентов
- 2Ирина Кириллина: Не бывает внезапного суицида у подростков
- 3Ислам Тойтонов: Зараженных коронавирусом, но не желающих лечиться полно
- 4ВОЗ отправит положительные образцы в Англию для анализа коронавирусов, циркулирующих в Кыргызстане
- 5Открылась кыргызско-китайская граница