Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 114 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 21-апрелине карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 114 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 114 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 91, Жалал-Абад шаары боюнча – 3, Ош шаары боюнча-6, Нарын шаары-8, Ат-Башы району боюнча -5, Сузак району боюнча-1. Ал эми, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3084 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
Рекомендация
- 1Минздрав отменил свой приказ по оплате труда медработникам во время простоя в период эпидемиологической ситуации с COVID-19
- 2КЭР Төрагасы Си Цзиньпин коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун белгиледи
- 3Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна блок-посттор коюлду
- 4Состоялся телефонный разговор Председателя КНР Си Цзиньпина с Президентом КР Сооронбаем Жээнбековым
- 5И корона вирус не спасет