WeChat      Избранное

«Бир алкак-бир жол» долбоору ийгиликтүү кызматташуунун ачкычы

11/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:


«Бир алкак-бир жол» долбоору ийгиликтүү кызматташуунун ачкычы

Сүрөт  интернеттен алынды

6-декабрь күнү Кытай Эл Республикасынын элчилигинде КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Юэ Бинь менен Кыргызстандын журналисттеринин жолугушуусу болду. Бул иш-чарага он бештен ашуун ММК өкүлдөрү катышып, жолугушуу «Бир алкак-бир жол» долбоорун бирге куруу Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат» аттуу теманын алдында өттү. 

Иш-чараны КЭРдин КРдагы Ыйгарым жана толук укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым ачып, Кыргызстандын журналисттерине ыраазычылык билдирип, алардын эки өлкөнүн ар тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис экендигин айтты.

Элчи айым: «КР Президенти Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, «сөз эркиндиги жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү талап кылат». Биз кыргыз-кытай мамилелерин чагылдырууда объективдүүлүккө ишенебиз. Элчилик  кыргыз журналисттери менен биргеликте Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк алакасын тереңдетип өнүктүрүүгө даяр», - деген оюн билдирди.

Өз сөзүндө Юэ Бинь мырза дагы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бардык тармактардагы кызматташуулар, алардын өнүгүү жолу тууралуу маалымат берип, «Бир алкак-бир жол» долбоору жөнүндө дагы айтып берди. Жыйынтыгында, журналисттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты. 

Элчи жалпысынан эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечектүү тармактары, кытай туристтерин тартуу, ошондой эле экопродукциялар тууралуу суроолорго кенен жооп берди.

Юэ Бинь, КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси: «Эки тараптуу мамилелерде чечилбеген эч кандай саясий маселе жок» (ПОДЗАГОЛОВОК)

-Бүгүнкү күндө Бишкек өнүгүп-өөрчүп жатат, биз чын жүрөктөн кыргызстандыктардын ийгилигине кубанып жатабыз. 2020-жылдын 5-январында Кыргызстан-Кытай эки тараптуу дипломатиялык мамилелердин түптөлүшүнүн 28 жылдыгы белгиленет. Ушул маанилүү датаны утурлай, сиздер  менен эки өлкөнүн карым-катнашын, жетишкендиктерин талкуулап жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Кыргызстан Улуу Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттердин бири. Эки мамлекеттин достук, коңшулук алакасынын тамыры тээ байыркы мезгилдерге барып такалат. Убакыттын өтүшү менен кыргыз-кытай алакасы мазмундуу болуп, жаңы байланыштар түзүлүп, жаңы дем, жаңы күч менен өөрчүп, кызматташуунун айдыңы кеңейүүдө. 

Бул кызматташуунун өнүгүүсү мамлекеттердин географиялык жактан дагы жакын жайгашуусунун натыйжасында мүмкүн болду. Эки тарап тең саясий өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин, өлкөлөрдүн негизги кызыкчылыктарына тийиштүү маселелер боюнча да бири-бирин бекем колдошот. Эки тараптуу мамилелерде чечилбеген эч кандай саясий маселе жок. Кытай жана Кыргызстандын өнүгүү максаттары дагы окшош, кызыкчылыктары дал келет. Бизде ишкердик кызматташтыктын кеңири перспективалары жана бардык облусттар арасында дагы карым-катнаш бар.  Эки өлкө тең Чыгыш мамлекеттери болгондугу үчүн баалуулуктарыбыз, кандайдыр бир салттарыбызда да окшоштуктар бар. Мына, жогоруда айтылган артыкчылыктардын натыйжасында биздин өлкөлөр жакшы кошуналарга, жакшы досторго, ишенимдүү өнөктөштөргө жана жакын бир туугандарга айлана алды. 

2018-жылы КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун КЭРге болгон сапарында эки мамлекеттин кызматташуусун ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүштү. Үстүбүздөгү жыл дагы эки тараптуу кызматташуулар үчүн абдан жемиштүү болду. Апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташуу форумунун алкагында эки өлкө башчыларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Июнь айында болсо КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, андан соң ШКУнун Бишкектеги саммитине катышты. Бул жолугушуулардын алкагында өлкө башчылары эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаш мамилелерин талкуулап, кызматташуу алакаларынын өнүгүүсү үчүн жигердүү иш-аракеттерди аткарышты. Кытай Төрагасынын мамлекеттик сапарынын соңунда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон «Манас» орденин Си Цзиньпинге салтанаттуу тапшырды. 

«Бир алкак-бир жол» демилгеси алты жылдан бери ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Ушул жылдар аралыгы ага катышуучулардын саны дагы көбөйүп, малекеттер тарабынан кеңири колдоого татый алды. Мисалы, 160 өлкө жана эл аралык уюмдар ушул долбоордун алкагында иш алып барып, кызматташууга кол коюшту. Кытай ар дайым, коопсуздук, тең укуктуулук, өз ара пайда көрүү, биргелешип гүлдөп-өнүгүү принцибин карманып келет. Мына ушулардын бардыгын биргелтикте жүзөгө ашырууга «Бир алкак-бир жол» долбоорунун дагы салымы зор болмокчу.

Берилген маалыматтарга ылайык, аталган долбоордун аймагына кирген мамлекеттерге кытай компаниялары 6 жыл аралыгында 90 млрд.доллардан ашык түз инвестиция кылышкан. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 9 айында «Бир алкак-бир жол» долбооруна катышкан 56 мамлекетке кытай компанияларынын инвестициялары 11, 5 млрд АКШ долларын түздү. Бул дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө Кытайдын кошкон зор салымы болуп саналат.

Кыргызстанда бул демилгени жүзөгө ашыруунун алкагында транспорт, энергетика, инфраструктура чөйрөсүндө бир катар маанилүү биргелешкен долбоорлор ишке ашып, жакшы жыйынтыктарын берүүдө. «Бир алкак-бир жол» долбоорун кыргыз-кытай кызматташтыгынын зор күчү деп атоого болот. Акыркы жылдары соода-экономикалык кызматташуу потенциалы айыл-чарба продукцияларына басым жасоо менен өнүгүүдө. 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 5,6 млрд ашкан. Бул эки тараптуу мамилелердин алгачкы жылдарынан 150 эсеге көп.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 9 айында Кыргызстан жана КЭР ортосундагы товар жүгүртүү 6% га 4,4 млрд АКШ долларына өстү. Мына, ушуну менен бирге эле, Кытай көп жылдан бери Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү макамын сактап келе жатат. Акыркы убакта, Кыргызстандын айыл-чарба продукциясы дагы биздин эл тарабынан жакшы кабыл алынып, кытай рыногунда пайда болуп, көбөйө баштады. Мисалы, гилас, тоо балы, эт-сүт азыктары ж.б.

Ошондой эле, каржы-насыя тармагындагы кызматташтык тереңдеп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга болгон жалпы инвестициялар 3 млрд АКШ долларын түзөт. Кытай көп жылдан бери Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор статусун сактап келе жатат. 

Муну менен катар эле, маданий жана гуманитардык кызматташтык алакалары дагы көтөрүлүп, маданият, билим берүү, медицина, туризм тармактарында карым-катнаштар бекемделүүдө. 2018-жылы 4,6 миңден ашуун кыргыз студенттери Кытайда билим алышкан. Кыргызстанда болсо 4 Конфуций институту жана 21 Конфуций класстары ийгиликтүү иштеп келе жатат. Кыргызстанда кытай тилин жана маданиятын даана байкоого болот. Ал эми, Кытай тараптан даярдалган «Манас» операсы кыргызстандыктар тарабынан дагы мыкты кабыл алынып, коомчулук арасында жакшы ой-пикир жаратты. 

Кандайдыр бир тараптардын кыргыз-кытай ортосундагы ынтымакты, кызматташтыкты бузууга кылган аракеттерине карабастан, эки мамлекет тең достук алакасын, ар тараптуу карым-катнашын бекемдөөгө жигердүү иш-аракеттерди көрүп келүүдө. Дагы да болсо бул жаатта байланышын бекемдей бермекчи. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)