WeChat      Избранное

Рахман Аданов: “Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасы кытай окурмандарына тартууланды”

03/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Рахман Аданов: “Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасы кытай окурмандарына тартууланды”

Сүрөттөр Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине таандык

Кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан, чыгармалары дүйнөлүк адабиятта классикага айланган, залкар жазуучусу, журт атасы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси быйыл белгиленүү алдында турат. Кыргыз адабиятына, руханий дүйнөсүнө зор салым кошкон жазуучунун мааракесинин алкагында бүтүндөй дүйнө жүзүндө маданий иш-чаралар уюштурулууда. 

Мына ушундай мыкты саамалык 17-июль күнү Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өткөрүлүп, окурмандар тарабынан жогорку баага татыды. Иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги, Шанхай Чыгыш-кытай педагогикалык университети (ЧКПУ) жана ЧКПУнун алдындагы басмаканасы тарабынан уюштурулду. 

Ушул саамалык тууралуу биздин гезитке Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин өкүлү, Кенешчи-кичи элчиси Рахман Аданов кызыктуу маек куруп берди. 

-Рахман Бектурсунович, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Шанхай шаарында болуп өткөн иш-чара тууралуу кенен маалымат берип кетсеңиз?

-17-июль күнү Шанхай Чыгыш-кытай педагогикалык университетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган, “Бир алкак-бир жолдогу” мамлекеттердин улуттук адабияты” темасынын алдында илимий конференция өткөрүлдү. Мындан сырткары, иш-чара учурунда, жазуучунун быйыл кытай тилинде жарык көргөн “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын презентациясы кытай адабият сүйүүчүлөрүнө сунушталды. 

Конференцияга Шанхай Чыгыш-кытай педагогикалык университетинин проректору Ли Чжибинь, ЧКПУнун алдындагы басмакананын директору Ван Янь, ЧКПУнун Аймактарды өнүктүрүү жана Эл аралык мамилелер институтунун Россияны изилдөө борборунун жетекчиси Бэй Вэньли, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин өкүлдөрү менен катар Шанхай шаарындагы жогорку окуу жайлардын профессорлору, окутуучулары жана аспиранттары дагы катышышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, улуу жазуучунун басып өткөн жолу талкууга алынып, катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен жакындан тааныша алышты. Илимий конференциянын башкы максаты-Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден келген студенттер, кытай тарап менен биргеликте улуу жазуучуга болгон урмат-сыйды көрсөтүү, өмүру, чыгармачылыгы менен окурмандарды тааныштыруу жана анын кытай тилине которулган “Кылым карытар бир күн” чыгармасын презентациялоо болгон. Иш-чара өз мүдөөсүнө толук жетти деп ойлойм.

Бул жактан дагы бир эске сала кетчү нерсе, Чыгыш-кытай педагогикалык университетинин басмаканасынан 2013-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасы дагы кытай тилине которулуп, окурмандарга сунушталган. Бул эмгек кытай адабият сүйүүчүлөрү тарабынан жогорку баага татып, эл арасында мыкты ой-пикирлерди жараткан.

Рахман Аданов: “Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасы кытай окурмандарына тартууланды”

Иш-чарадан бир көз ирмем. 

-Сиз конференциянын жүрүшүндө сүйлөгөн сөзүңүздө, үстүбүздөгү жылы залкар жазуучунун 90 жылдык мааракеси жогорку даярдыктар менен улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүлөөрүн баса белгилеп өттүңүз. Кытай Эл Республикасында дагы ушул багытта кандай иш-чаралар өткөрүлөөрү күтүлүүдө?

-Чыгаан жазуучунун кыргыз жана дүйнө адабиятына, маданиятына кошкон зор салымдарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленүүсү тууралуу жарлыгына кол койгон. 

Ошондуктан, бул жылы Кыргызстандын бардык чет мамлекеттерде жайгашкан органдары ушул багытта иш-чараларды өткөрүп, өз салымын кошуп келүүдө. Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги дагы бул саамалыктан сыртта калган жок. Учурда, элчиликтин бул багытта алып барчу иш-чараларынын пландары даярдалууда. 

Негизинен, залкар жазуучунун 90 жылдык мааракесинин урматына карата кошумча маданий, илимий, изилдөө жыйындарын өткөрүү менен бирге, күз мезгилинде кытай тарап менен дагы чогуу мааракени белгилөө планыбыз бар. Азыркы тапта даярдыктар көрүлүүдө. Иштин жыйынтыгы дайын болгондо, сиздердин редакцияга дагы кошумча маалыматтарды бермекчибиз. 

-Илимий конференциянын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасы кытай тилинде окурмандарга сунушталды деп калдыңыз, ушул тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз? 

-“Кылым карытар бир күн” чыгармасы, кытай тилине коңшу мамлекеттин белгилүү лингвисттери жана котормочулары тарабынан которулду. Аларды атай кетсек; Хэйлунцзян университетинин профессору, илимий кызматкери Чжан Хуэйсэнь, Нанькай университетинин Орус тили жана адабияты факультетинин профессору Цзун Юйцай, Хэйлунцзян университетинин профессору, маданият таануучу Ван Юйлунь. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы талкууланып, анын эмгектеринин өзгөчөлүктөрүнө басым жасалып, уламыш, илимий фантастика жана реалдуулук бири-бири менен дал келишип, көп катмарлуу дүйнөлөр эриш-аркак жайгашкан, бир бүтүн мыкты эмгектердин топтому экендигин келген коноктор баса белгилеп өтүштү. “Кылым карытар бир күн” чыгармасы болсо, биримдик жана өз ара түшүнүшүүгө, сүйүүгө чакырган, абдан терең философиялык ойду ичине камтыган, ааламдай кеңдикке эгедер чыгарма деп аталып, кытай адабият сүйүүчүлөрү тарабынан жогорку баага арзыды. 

Илимий конференциянын катышуучулары, урматтуу профессорлордун айтымында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы Кытайдын белгилүү жазуучуларынын дагы чыгармачылык жолуна өз таасирин тийгизип, аларды эмгек жаратууга шыктандырып, дем-күч болуп берген. Мисалы, Пу Цзин, Лу Яо, Чи Цзыцзянь, Чжан Чэнчжи, Цинь Вэнцзюнь ж.б. кошуна элдин белгилүү жазуучуларынын чыгармаларында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун таасирин, иш өрнөгүн көрүүгө болот. 

Учурда, биздин элчилик кытай тарап менен дагы Чыңгыз Айтматовдун башка чыгармаларын кытай тилине которуу боюнча тыгыз иш алып барууда. Бул багытта дагы алгылыктуу иштер аткарылып жатат десем болот. 

Рахман Аданов: “Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасы кытай окурмандарына тартууланды”

Кытай тилинде жарык көргөн чыгармалар. 

-Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, улуу жазуучунун кыргыз элинин жашоосундагы ээлеген орду тууралуу өз оюңузду билдирип кетсеңиз?

-Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы дүйнөлүк жана улуттук адабияттын, маданият жана искусствонун өнүгүүсүнө зор салым кошкон, өзгөчө мааниге ээ, мыкты эмгектердин топтому экендиги баарыбызга маалым. Залкар жазуучунун эмгектери бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанылып, 160дан ашуун тилге которулган. 

Чыңгыз Айтматовдун ысымы 20-кылымдын беделдүү классиктеринин катарын толуктап, мезгилге көз карандысыз ар качан актуалдуу болгон өзгөчө эмгектери менен элдин эсинде түбөлүккө сакталмакчы. Ал чыгаан жазуучу-кыргыз элинин сыймыгы. Анын чыгармачылыгы бүткүл адамзаттын интеллектуалдык, адеп-ахлактык жана маданий менчиги болуп саналат. Жазуучунун ар бир чыгармасы жеке гана Кыргызстандын маданий жана адабий жашоосундагы башкы жаңылык болбостон, чет мамлекеттерде, дүйнө жүзүндөгү адабият сүйүүчүлөрү арасында дагы мыкты окуя катары бааланып келген. 

Үлкөн жазуучу жараткан кайталангыс, уникалдуу образдар дүйнөнүн эстетикалык жаркын символу катары белгилүү. Бул жерден Айтматовдун чыгармалары ар качан ата мекенди сүйүүгө, эр жүрөктүүлүккө, айкөлдүккө жана сабырдуулукка чакыраарын баса белгилеп кетүү керек. 

Өзүм дагы эл аралык мамилелер тармагында иштеп, дипломат болгондугум үчүн Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылык жолунан сырткары, дипломатиялык кызматты аркалап, ушул тармакта басып өткөн жолу тууралуу дагы айта кетпесем болбойт. Советтер Союзу мезгилинде, Чыңгыз Айтматов Улуу герцогство аталган Люксембургда СССРдин элчилигин башкарып турган. Советтер Союзу кулагандан кийин, Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы, муну менен катар Нидерландия, Люксембург жана Франциядагы ыйгарым укуктуу элчилик кызматын аркалап келген. Эл арасында кыргыз дипломатиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары дагы таанымал. 

Бул жагынан алганда, мен Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана эмес, ошондой эле Эгемендүү Кыргызстандын мыкты дипломаты болгондугун дагы белгилеп кетким келет. 

-Сөз соңунда, кыргыз-кытай маданият алакасы кандай өнүгүүдө, ушул тууралуу маалымат берип кетсеңиз?

-Маданият жаатындагы алака, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өтө маанилүү аспектилеринин бири болуп эсептелет. Белгилүү болгондой, кыргыз-кытай байланышы кылымдарды карыткан маданий жана тарыхый мамилелерге эгедер. Байыркы Улуу Жибек жолу дагы бул кызматташтык алакаларга толук далил болуп бере алат.

 Бүгүнкү күнү да эки коңшу мамлекеттин байланышы күндөн-күнгө бекемделип, өнүгүп-өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын эки өлкөнүн маданият тармагындагы башкы окуяларынын бири катары, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун июнь айында Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө,“Манас” эпосунун кытай тилинде сунушталышын белгилеп кетсек болот. “Манас” операсы 2017-2018-жж. аралыгында 10 жолу кытай көрүүчүлөрүнө тартууланып, атайын Кыргыз мамлекет башчысынын Пекинге болгон мамлекеттик сапарына дагы тушташ келтирилген. 

Эске сала кетсек, опера чыгаан манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы Манастын негизинде коюлуп, ал Кытай Эл Республикасынын Маданият министрлигинин жана Кытай Улуттук опера институтунун колдоосунун алдында ишке ашкан. Буга чейин “Манас” операсы Нанкин, Тяньцзин жана Пекин шаарларында бир нече жолу элге тартууланып жогорку баага татыган. 

Бул иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри менен Кытай Эл Республикасынын Теле-радио иштери боюнча Башкы мамлекеттик башкаруу мекемеси ортосунда Кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду. 

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 2-8-сентябрь аралыгында Кыргызстандын маданият жана спорт жаатында маанилүү иш-чаранын өтөөрү күтүлүүдө. Бул бардыгыбыз билген-Көчмөндөр оюну. Эл аралык деңгээлде уюшулуп, дүйнө жүзүнө Кыргызстанды тааныткан бул саамалык быйыл үчүнчү жолу өткөрүлгөнү турат. Мына, ушул иш-чарага дагы биздин кытай досторубуз катышууга даярданып, жигердүү аракеттерди көрүшүүдө. 

Мындан сырткары, жакында эле 30-майдан 1-июнга чейин Кыргызстандан келген артисттер тобу Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Маданият фестивалына катышып, Кыргызстанды татыктуу таанытып кетишти. Ал эми, 13-18-июнь аралыгында Кыргызстандын кинематографиясынын өкүлдөрү Циндао шаарында болуп, ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи кинофестивалына беш тасма менен катышышты. Ал тасмаларды атай кетсек, “Апамды издеп”, “Түнкү кырсык”, “Принцесса Назик”, “Асман алдында”, “Атанын керээзи”. 

Кинофестивалдын жыйынтыгында, “Түнкү кырсык” кинотасмасынын каарманы, Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков “Эркектин эң мыкты ролу” номинациясында биринчиликти жеңип алды. 

Жогоруда көрүп тургандай, кыргыз-кытай маданий алакасы абдан бекем жана ишенимдүү өнүгүү жолунда. Биз дагы бул багытта өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, чыңдоо үчүн иштеп, аракеттерибизди уланта бермекчибиз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)