WeChat      Избранное

Шакирмамат уулу Эдилбек: “Кытай Азия чемпионатын жогорку деңгээлде уюштуруп берди”

20/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Шакирмамат уулу Эдилбек: “Кытай Азия чемпионатын жогорку деңгээлде уюштуруп берди”

“Ар бир тынымсыз эмгектин артында, ийгилик күтүп турат”. Эдилбек Шакирмамат уулу Азия чемпиону. 

Кытай Эл Республикасынын Харбин шаарында ММА-Аралаш мушташ өнөрү боюнча кезектеги Азия Чемпионаты болуп өттү. 28-июлда башталып 30-июлга чейин созулган бул турнирге тогуз өлкөнүн алдыңкы мушкерлери катышып, күч сынашты. Ага Кыргызстандын төрт мушкерден турган курама командасы дагы катышып, байгелүү орундар үчүн ат салышты. 

Биздин команданын мушкерлери өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп, турнирден үч алтын, бир коло медаль тагынып кайтышты. Команда толугу менен КРнын ММА жана панкратион федерациясы тарабынан колдоого алынып, аталган федерациянын президенти Улукбек Өмүрзаков дагы мушкерлер менен бирге Кытай жергесинде болуп келди. 

Мелдештин жүрүшүндө 61 килограмм салмак ченинде Чыңгыз Бегматов, 65 килограмм салмак ченинде Бакберген Усенов жана 84 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Эдилбек Шакирмамат уулу 1-орунду багынтып, чемпиондук курларга ээ болушту. Муну менен катар, 77 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Акжол Таабалды уулу дагы 3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип кайтты. 

Турнирдин жыйынтыгында, кыргыз мушкерлери жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду багындырышты. Ал эми 1-орунду Казакстандын курама командасы ээлесе, командалык эсепте Кытай Эл Республикасынын мушкерлери 2-орунду жеңип алышты. 

31-июль күнү Кытай жергесинде болуп өткөн Аралаш мушташ өнөрү Азия чемпионаты боюнча атайын пресс-конференция уюштурулуп, чемпионат тууралуу кенен маалымат берилди. Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков жана Кытайда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон мушкерлерибиз катышты. 

Улукбек Өмүрзаков өз сөзүндө, Кытай Эл Республикасы чемпионатты жогорку деңгээлде уюштуруп, ага мыкты камылга көргөндүгүн баса белгиледи. Муну менен катар кыргызстандык мушкерлер дагы өздөрүн татыктуу көрсөтүп, бардыгы байгелүү орундар менен кайткандыгын, тилекке каршы биздин командада төрт гана мушкер болгондугу үчүн командалык эсепте 3-орун болуп калгандыгын айтып өттү. 

Чемпиондук курду тагынган Бакберген Үсенов дагы атаандаштар абдан күчтүү болгондугуна токтолуп, кытай жана казак мушкерлери менен болгон таймашы тууралуу айтып берди. Чыңгыз Бегматов болсо 1-орунду жеңип алуу оңойго турбагандыгын айтып, “эл аралык аренада Кыргызстандын намысын татыктуу коргоо бардыгыбыздын башкы максатыбыз”-деген оюн билдирди. 

Ал эми, биздин гезитке ММА боюнча Азия чемпиону, 84 килограмм салмак ченинде күч сынашып, 1-орунду багынткан Шакирмамат уулу Эдилбек өзү жана Кытай жергесине болгон сапары тууралуу маек куруп берди. 

Шакирмамат уулу Эдилбек: “Кытай Азия чемпионатын жогорку деңгээлде уюштуруп берди”

Кыргызстандын курама командасы КРнын ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков менен бирге.

-Эдилбек, алгач өзүң тууралуу айтып берсең?

-Мен Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак айылында 1994-жылы төрөлгөм. Ошол жакта өсүп-чоңойдум. Үй-бүлөдө бир кыз, төрт уулбуз. Мен уулдардын кичүүсүмүн, менден кийин бир карындашым бар. Атам үй чарбачылыгы менен алектенет, апам болсо мектепте мугалим болуп иштейт. Бир туугандарым учурда Москва жергесинде эмгектенишет. 

-Спорт жолуна кандай келип калдың?

-2011-жылы Ош шаарына окууга келгем. Ошондо өзүмдүн айылдаш агам аркылуу Мухаммед-Умар спорт клубуна келип калдым. Мына, ошол мезгилден бери спорт дүйнөсүнө аралашып жүрөм. Башкы машыктыруучум Мухаммед Курбанов. Агай мени башынан бери тарбиялап, жол көрсөтүп, машыктырып келет. Учурда дагы ушул агайымдын колунда машыгып жатам. 

Жалпысынан 7 жылдан бери спорт чөйрөсүндө жүрөм. Буга чейин деле эл аралык мелдештерге катышып келгем. Бирок негизинен, менин тарбияланган багытым согуштук самбо болуп эсептелет. Ошондуктан, буга чейин согуштук самбо боюнча гана таймаштарга катышкам. Ал эми, ММА-Аралаш мушташ өнөрүнө быйыл гана өтүп, учурда ушул багытта чеберчилигимди өркүндөтүүдөмүн. 

-Азия чемпионатына болгон даярдык кандай өттү?

-Азия чемпионатына болгон даярдыктар жакшы болду. КРнын ММА жана панкратион Федерация тарабынан даярдануу үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Чемпионаттын алдында Ысык-Көл облусунун Тамга айылында машыгууларды өткөрдүк. 

-Эми, кеп нугун турнирге бурсак, мелдеш кандай деңгээлде өттү, атаандаштарың тууралуу айтып берсең?

-Өзүңүздөр билгендей, быйыл Азия чемпионаты Кытай жергесинде болуп өттү. Чындыгында, турнир абдан жогорку деңгээлде уюштурулду. Бизден төртөөбүз гана бардык. Бирок, ошого карабастан байгелүү орундарды камсыз кыла алдык. Жеңишке жетүү оңой болгон жок, бардыгыбыз Кыргызстандын желегин Кытай жергесинде желбиретүү үчүн болгон аракеттерибизди жасадык. Жыйынтыгында үч алтын, бир коло медалга ээ болуп кайттык.

Менин биринчи атаандашым казак мушкери болду. Андан кийин Афганистандан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынаштым. Чындыгында 1-орунду багындыруу оор болду, биринчи таймашта эле бутумдан жаракат алып калып, кийинки беттешүүлөрүмдө дагы оорчулук жаратты. Финалда атаандашым менен беш мүнөттөн үч раунд таймаштык. Негизи беш мүнөттөн эки эле раунд берилет. Бирок, биз тең чыгып калып, кошумча беш мүнөт дагы беттештик. Бирок, мелдештин жыйынтыгы жакшы болду, бардыгын жеңип, чемпиондук курга эгедер болдум. 

Шакирмамат уулу Эдилбек: “Кытай Азия чемпионатын жогорку деңгээлде уюштуруп берди”

Чемпионаттын ачылыш аземинен бир көз ирмем.

-Кытай мушкерлерине кандай баа бердиң, ал жакта ММА кандай өнүгүп жатат?

-Чындыгында, Кытай тарап дагы мушкерлерин абдан жакшы даярдаптыр. Бардык салмак чени боюнча мушкерлер катышты, башкача айтканда толук бир команда катышты. Алар дагы катуу даярдык көргөнү билинип турат. Жылдан-жылга бул тармак дагы коңшу мамлекетте өнүгүп жатат. 

Мага кытай мушкери туш келген жок. Бирок, биздин команданын эки мүчөсү тең кытай атаандаштары менен күч сынашты. Таймаш учурунда, алардын дагы тажрыйбасы мол экендиги көрүнүп турду. Бирок, биздин мушкерлер күчтүүлүк кылып кетишти. Командалык эсеп боюнча Кытай командасы 2-орунду ээлей алышты. 

-Азия чемпионатына барып катышууга, силерге акча-каражат тарабынан ким колдоо көрсөттү?

-КРнын ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков бизди толугу менен колдоп, визадан баштап жол киребиз, тамак-ашыбыз жана жаткан жерибизге чейин өз чөнтөгүнөн акча чыгарып алып барып келди. Улукбек агай негизинен көп жылдан бери спорт чөйрөсүнө аралашып, ар качан мушкерлерди колдоп келет. 

Учурдан пайдаланып, ушундай деңгээлге чейин бизди тарбиялап, жеткирген машыктыруучуларыбызга, ар качан колдоо көрсөтүп келген Улукбек агайга дагы ыраазычылык билдирип кетмекчимин. 

-Сөз соңунда, Кытай тууралуу айта кетсең, Харбин шаары сага кандай таасир калтырды?

-Мен Кытай жергесине биринчи жолу бардым. Мурун коңшу мамлекет тууралуу угуп жүрсөм, азыр өз көзүм көрүп келдим. Чындыгында, Харбин шаарын кенен кыдыруу үчүн убакыт бираз тар болуп калды. Ошентсе дагы, Харбиндин ажайып жерлери менен тааныша алдык. Негизи, шаар кыш мезгилинде өзгөчө көркөм болот деп айтышты. Анткени, кышында Муз шаарчасы курулат экен. 

Кытай эли бизди жакшы тосуп алды. Мага жергиликтүү калк меймандос, жөнөкөй көрүндү. Чындыгын айтканда, ушул барган үч күнү тең тамак-аштан кыйналдык. Биз жей алчу тамактар абдан эле аз экен, кытай ашканасына көнбөгөн үчүн бизге оор болду. Өзүбүз жаныбызга нан алып алганбыз, ошол менен тамактанып жаттык. 

Жалпысынан алганда, Кытай мага жакшы таасир калтырды. Кыргыз-кытай кызматташтык алакасы спорт тармагында дагы бекем болуп өнүксө, Кытай жергесине болгон сапарларыбыз да көп болот деп ойлойм. Эң негизгиси, коңшу мамлекетке болгон алгачкы сапарыбыз ийгиликтүү болуп, алдыңкы орундарды багынта алдык. Бирок бул чек эмес, дагы да болсо Кыргызстандын намысын эл аралык аренада татыктуу коргоо үчүн тынымсыз эмгектене бермекчибиз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)