WeChat      Избранное

Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн “Бир алкак-бир жол” долбоору алкагында жаңы, төмөнкү пайыздык кредиттер сунушталат

20/08/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн “Бир алкак-бир жол” долбоору алкагында жаңы, төмөнкү пайыздык кредиттер сунушталат

2013 - жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан “Бир алкак-бир жол” долбоору негизделип, долбоордун алкагында бир катар өлкөлөр кирген. Алардын арасында Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан дагы бар. “Бир алкак-Бир жол” долбоору ар багытта иш алып барууда. Аны менен катар  экономиканы жана кичи долбоорлорлор үчүн дагы , жаңы, төмөнкү пайыздык кредиттер сунушталууда. Бул тууралуу бизге SICO эл аралык  коомдук уюмунун жетекчиси Масимов Кажимкан Касымович айтып берди.

Масимов Кажимкан Касымович: 

- “Бир алкак- бир жол” долбоору үчкө бөлүнөт.

1. Дүйнөлүк уюм- болуп бир топ өлкө катышууда.

2. Орто- Азия жана Россия. Мындайча айтканда мен Орто-Азия жана Россия боюнча “Бир алкак- бир жол” уюмунун президенти болом. Жакында эле Тибетте лидерлер чогулуп жыйынга барып келдим.

3. Ар бир өлкө өзүнүн картасы боюнча, бюджети боюнча, программасы боюнча иш алып барышат.

SICO тууралы айтып кетсем, SICO- бул коомдук уюм болуп саналат. Кыргызчага которгондо “Жибек жолу” дегенди билдирет. Негизги алып барган жумушубуз- бул мамлекеттик долбоорлорду инвестиция жактан каржылап турабыз. Коомдук уюмдар, кичи долбоорлор SICO тарабынан тандалып алынса, программа иштелип чыккан соң Кытай тарап менен макулдашылат. Жети өлкөдөн турган биздин иш алып барып жаткан жумушчу тобубуз бар. Арасында мен да бармын. Мен SICOнун иш алып баруусун биринчи кезекте Казакстанга, анан Кыргызстанга сунуштайт элем. Ошондуктан, мен силерде дагы долбоорлор бар экенине ишенем. Мисалы: Бир компания долбоору менен же болбосо сунушу менен SICOго киргизи келсе, биринчи катталышы зарыл. Биздин жумушчу топ долбоорду карап чыккан соң,  экспертиза жүргүзөбүз. Баардык макулдашуулар бүткөн соң Кытайдагы банкка долбоорду тапшырабыз. Кытай банк тарап кичине кечигиши мүмкүн. Себеби долбоор кайсы өлкөгө таандык? Ошол өлкөнүн абалын да карашат. Сырье бериши мүмкүнбу же жокпу, ушулардын баарын эске алып Шанхай банкында валюталарды ченей турган өзүнчө биржа түзүлдү. Цифралык валютаны азыр бүткүл дүйнө таанышат. Бирок SICOнун катышуучуларына сом, теңге, юань валюталары биржага кире албайт деп айтышты. Анткени биздин өзүбүздүн банкнотубуз болот. Өзүбүздүн белгибиз болот. Банкнот фабрикасы Казакстанга курулат. Бул тууралуу жакында Тибетте болуп өткөн жыйында айтышты. Фабрика ишке киришти десем да болот. Баардык каражатты Кытай өкмөтү каржылап жатат. А дегенде эле 100-150 млн. ортосундагы каражат бөлүнөт. Биринчи кезекте цифралык валюта Орто-Азияда иштеп баштаса эле, кийин Дүйнөлүк биржа уюмуна да киребиз. 

13-августа Кытайдан атайын делегация тобу келүүсү күтүлүүдө. Келери менен биз иш баштайбыз. Кайсы өлкөгө канча сумма каражат, кредит  бөлүнүп берилет ошондо баары чечилет. Ошон үчүн сиздер, Кыргызстандыктар дагы даяр болуп турушуңуздар керек. 

Азыркы учурда Кыргызстандан 8 компанияны карап жатабыз. Алар: 

1. Ламинат заводу

2. “Эркебек” компаниясы

3.  Джалал -Абаддагы көмүр кени 

4. Таш- Көмүр шаарындагы 7 завод

5. “Кербен глобал” компаниясы

6. Оптимум.kg  логистикалык компаниясы

8. Эхо Манас ТВ 

Аты аталган компаниялар SICOга катталды десем болот.

(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)