WeChat      Избранное

Улуттун баалуулугун дүйнөгө таанытып, кыргыз көчүн улаган “Көчмөндөр оюндары”

20/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Дүйнө жүзү, мурунтан Чыңгыз Айтматов, “Манас” эпосу аркылуу Кыргызстанды таанып келсе, акыркы жылдары “Көчмөндөр оюну” дагы бул сапты толуктап, кыргыздын атын алыска жеткирип жүрөт. 

Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары-Кыргызстан тарабынан сунушталып, этноспорт оюндары менен биргеликте көчмөн маданиятын, улуттун жүзүн, баалуулуктарын бир арада айкалыштырып, дүйнө көчмөн элдеринин ынтымагын бекемдөө максатын көздөйт. 

Муну менен катар көчмөн философиясына дагы өзгөчө маани берилип, салт-санаасын, жашоо образын, улуттук мурастарын бапестеп, дүйнө элине таанытуу дагы бул долбоордун изги тилеги. 

Мына ушундай, мыкты саамалыкты 2014-жылы баштап, бүгүнкү күнү дагы салт катары улай уюштурулуп жаткан III Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнунун” презентациясына күбө болдук. 

Улуттун баалуулугун дүйнөгө таанытып, кыргыз көчүн улаган “Көчмөндөр оюндары”

 “Көчмөндөр оюну” кыргыз көчүнүн жолун улай...

15-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында III Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнуна”даярдануу иштерине байланыштуу “Старт күнү” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын  максаты III Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнунун”концепциясын конокторго презентациялоо менен бирге ага даярдык көрүүнүн башталышын жарыялоо болду.

Бул саамалыкка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, КРнын Президенттик Аппаратынын жана КРнын Өкмөттүк Аппаратынын жетекчилери, жер-жерлердеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, КРнын министрликтеринин жетекчилери, элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Мындан сырткары, III Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнуна” демөөрчү жана өнөктөш бизнес чөйрөсүнүн, ассоциациялардын, компаниялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын дагы өкүлдөрү келишти.  

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын концерттик программа тартууланып, кыргыз элинин көөнөрбөс салттуу музыкасынан баштап, ак таңдай акындары менен биргеликте сахналаштырылган мыкты балбан күрөш оюну дагы көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады. 

Улуттун баалуулугун дүйнөгө таанытып, кыргыз көчүн улаган “Көчмөндөр оюндары”

Кыргыз- курөшүн сахналаштарыл конокторго тартуулашты. 

Сапар Исаков, КРнын Премьер-министри:“Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну бул-этномаданият менен этноспорттун бир-бирин толуктап, айкалышып турган аймагы”

- Биз III Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнунун” ачылышынын алдында турабыз. Кыргызстан үчүн бул абдан мыкты саамалык десек болот. Өзүңүздөр билгендей, 2012-жылы август айында биздин урматтуу экс-президент Алмазбек Атамбаев бул чоң долбоорду дүйнөгө тартуулаган. Ошондон бери беш жыл өттү. Бул жылдар аралыгы Кыргызстаныбыз дагы өзгөрүп, “Көчмөндөр оюндары” бүтүндөй дүйнөгө жайылып, Кыргызстанды татыктуу таанытып келе жатат. Мына, ушул саамалык менен бардыгыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм. 

Биз көчмөндөр оюнунун ээси жана уюштуруучулары  катары, бүткүл дүйнө жүзүнө көчмөндүн образын, көчмөн элинин маданиятын, көчмөн цивилизациясын жакындан тааныштырып, көрсөткүбүз келет. Көчмөндөрдү ар тараптуу дүйнөгө таанытуу менен бирге, алардын кулк-мүнөзүн, билимдүүлүгүн, даанышмандыгын, эр жүрөктүүлүгүн, адилеттүүлүгүн толук кандуу ачып берүү башкы максат. 

Көчмөндөр маданияты, көчмөндөр цивилизациясы-бирден-бир байыркы маданият болуу менен бирге, бүгүнкү күнү жаш спорт сүйүүчүлөр, окумуштуу-изилдөөчүлөр, искусство өкүлдөрү арасында анын актуалдуугу күн санап өсүп келүүдө. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну бул-этномаданият менен этноспорттун бир-бирин толуктап, айкалышып турган аймагы болуп эсептелет. 

Ал эми, III көчмөндөр оюнунда көчмөн цивилизациясынын толук изилдене элек тараптарын ичине камтыган илимий конференциялар дагы өткөрүлмөкчү. Бул дагы да болсо, дүйнө элдеринин оюндарга болгон кызыгуусун жаратып, сырттан келчү туристтердин биздин өлкөгө болгон ишенимин бекемдөө менен бирге  алардын санын көбөйтүүгө да өбөлгө болмокчу.

Мен, учурдан пайдаланып, дагы бир жолу, сыймыктануу менен баса белгилеп кетким келип турат, жакында эле материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында Улуттук көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине бир добуштан кабыл алынып, киргизилди. Бул саамалык биз үчүн абдан кубанычтуу жана дагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну үчүн дагы абдан символикалуу белги. Анткени, ушул оюндар биздин этноспорттун түрү болгон көк бөрү оюнун дүйнө элине таанытууга, белгилүү кылууга өбөлгө боло алды. 

Биз мындан сырткары, көчмөндөрдүн жашоо образын, көчмөн элинин баалуулуктарын, ишенимдерин, маданий мурастарын толук кандуу изилдеп, ачууга аракет кылмакчыбыз. Ошондуктан, көчмөндөр оюнун жүрүшүндө Кырчын жайлоосу толугу менен 7-8-кылымдардагы көчмөндөрдүн этникалык жашоо образды чагылдырган эң чоң аймакка айланмакчы. 

Бул оюндарды өткөрүү менен биз ата-бабабыздын баалуулуктарын,жашоо образын, этноспорт түрлөрүн, маданиятын  жоготпостон, сактап, өнүктүрүп калгыбыз келет. Татыктуу сактап, коргоп кийинки муунга өткөрүп берүү дагы биздин башкы максат. 

III Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюну” салтты улай, 2018-жылдын сентябрь айында өткөрүлмөкчү. 

Улуттун баалуулугун дүйнөгө таанытып, кыргыз көчүн улаган “Көчмөндөр оюндары”

Сапар Исаков сөз сүйлөө учурунда.

Эдуарт Кубатов, “Centerra Gold” компаниясынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү: “Кыргыз элинин маданий мурастарын коргоого салым кошуу биз үчүн сыймык”

- “Centerra Gold” компаниясынын жетекчилигинин атынан, “Кумтөр” компаниясы  III Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнунун” башкы демөөрчүсү болуп жатат. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан, биздин компания үчүн кыргыз элинин маданий мурастарын, этникалык оюндарын, маданиятын коргоого, өнүктүрүүгө салым кошуу биз үчүн сыймык. 

Ал эми, компания тарабынан колдоо үчүн көрсөтүлүп жаткан сумма “башкы демөөрчү” деп аталууга толук татыктуу десем болот. 

Улуттун баалуулугун дүйнөгө таанытып, кыргыз көчүн улаган “Көчмөндөр оюндары”

Иш-чарада кыргыз кол өнөрчүлөрүөз эмгектерин көрсөттү.

Жылдан-жылга кулачын кенен жайган “Көчмөндөр оюну”  

Алгачкы, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2014-жылы 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында  ачылган. Иш-чара 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин созулуп, 19 мамлекеттен 583 спортчу катышкан. 10 спорттун түрү боюнча мелдештер уюштурулуп, 30 комплекстүү медалдар тапшырылган. 

Ал эми, Бүткүл дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюну 2016-жылы 3-8-сентябрь аралыгында өткөрүлүп, өзүнүн масштабдуулугу, ачылыш аземи, уюштурулушу, көркөмдүүлүгү менен дүйнө элинин эсинде калды. Анда 62 мамлекет катышып, 17 өлкө өзүнүн маданий программаларын көрүүчүлөргө тартуулаган.

 62 мамлекеттен спорттук делегация келип, жалпысынан 1200 адам (спортчулар жана машыктыруучулары менен бирге) катышкан. Бул жылкы көчмөндөр оюнунда улуттук спорттук оюндардын саны көбөйтүлгөн. Ар башка мамлекеттердин жарышчылары 23 спорттук оюндун түрү менен ат салышышкан. 79 комплекстүү медалдар ойнотулган. 

III Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюну” 2018-жылдын сентябрь айында өткөрүлөөрү белгилүү болду. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)