WeChat      Избранное

Азамат Байышбеков: “Кыргызстан-Кытай алакасын бекемдеп, элиме ак кызмат кылуу изги тилегим”

13/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Элинин келечегине кам көрүп, Кыргызстандын атын чет жерде таанытып, окууга болгон ынтызарлыгы менен мугалимдеринин, тайпалаштарынын арасында мактоого татып жүргөн кыргызстандык уул-кыздарыбыз арабызда аз эмес.


Азамат Байышбеков: “Кыргызстан-Кытай алакасын бекемдеп, элиме ак кызмат кылуу изги тилегим”

Кытай жергесинде болуп өткөн Дүйнөлүк Тынчтык Форумуна катышуу учурунунан көз ирмем.  

Мына ушундай үлгүлүү жаш муундардын өкүлү болгон Азамат Байышбеков бүгүн биздин сыйлуу конок. Жаш да болсо, “элиме ак кызмат кылсам”-деген, улуу максатты астына коюп, Пекин шаарында окуу менен бирге бир нече кызматты аркалап жүргөн Азамат менен маек курдук. Сүйлөшүү учурунда, анын ишине болгон жоопкерчилигине, Кыргызстанга болгон сүйүүсүнө, аракетчилдигине күбө болдум. 

-Кытай тилин качан үйрөнө баштадыңыз эле, Кытай жергесиндеги студенттик күндөрүңүз тууралуу окурмандар менен бөлүшө кетсеңиз?

-Кытай тилин 2007-жылы, К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык  Университетинин Кыргыз-Кытай факультетине окууга өтүп, ошол жерде үйрөнүп, окуп баштаганмын. 2008-жылы HSK тестин тапшырып, алдыңкы студенттердин бири болуп, Кытай Эл Республикасына Пекин шаарына 1 жылга, университеттер ортосундагы болгон алмашуу программасынын алкагында окууга жолдомо алганмын.

2008-жылы Пекин Тил жана Маданият университетине экзамен тапшырып, бакалаврга гранттык негизде окууга өткөнмүн. 2013-жылы ал окуу жайдын эң мыкты студенти болуп, кызыл диплом менен бакалавр окуу программасын аяктадым.

Ошол эле жылы Цинхуа Университетине магистратурага өтүп, эки жылдан кийин аны аяктап PhD докторантура программасына тапшырып, азыркы учурга чейин Пекин шаарында окуумду улантып келем.

Ошондуктан, жашоомдун эң кызык маалы болгон студенттик күндөрүм Пекин шаарында өттү. Пекинге жаңыдан окууга барганда: “Жакшы окуп, келечекте кытай тилин мыкты өздөштүрөмүн”-деп, алдыма максат койгом. Андыктан, башынан аябай жакшы берилип окуганмын десем жанылышпаймын.

Окуп жүргөн кезде чогуу окуган студенттер, жашаган бөлмөмө келгенде: “Кечке эле окуй бересиңби, жашооңдун кызыктуу күндөрү, китеп менен бирге өтүп кетпесин”-деп шылдыңдаган күндөрү болгон. Сабакты эч калтырбаганга аракет кылат болчумун, ошондуктан, кээде сабакты жалгыз отуруп окуган учурлар көп эле кездешчү.

Окуу корпусунан сырткары чыгып, жатаканага кечигип калгандыктан, McDonald'sда сабак окуган күндөрүм аябай  көп болгон. Ал эми докторантура маалында конференция жана башка илимий жолугушууларга катышып, доклад жасаган маалымда көбү мени кытайлар менен алмаштырышчу.

Азамат Байышбеков: “Кыргызстан-Кытай алакасын бекемдеп, элиме ак кызмат кылуу изги тилегим”

Пекин Чет тилдер Университетинин жетекчилиги менен ОшМунун ректору, профессор Каныбек Исаковдун жолугушуусу.

-Көптөгөн кыргызстандык студенттер, Кытай жергесиндеги окуусун бакалавр же магистратура деңгээлин алуу менен гана токтотушат. Сиз докторантурага чейин окууңузду улантууга эмне себеп болду, кесибиңиз тууралуу дагы айта кетсеңиз?

-Кыргызстандык студенттер көбүнчө эле бакалавр же магистратураны аяктап эле токтолушат, бирок, менин маалыматым боюнча Кытайда докторантурада, ушул учурда окуп жаткан жана аны ийгиликтүү аяктап кеткендер да жок эмес.

Мен докторантураны улантып окуума үч себеп болду. Биринчиси, бул-биздин атабыз медицина илимдеринин доктору, профессор. Атам эч качан “илимдин доктору” болгула деп бизди кыстаган эмес, бирок ал ар дайым илимий тармакка келгенде, агам экөөбүзгө колдоо көрсөтүп келген. Биздин илим багытында ийгиликтерди жаратып, эмгек кылуубузду жүрөгүндө аябай кааласа керек деп ойлоймун. Ошондуктан,  “атамдын жолун уласам”-деген ой мени ушул багытты тандадым. Экинчи себеп бул, Кытайдагы менин илимий жетекчим профессор У болду. Бул киши КЭРсынын Борбордук Азия жана Чыгыш Европа боюнча эң мыкты эксперти болуп эстептелет. Мен докторантурага агайга тапшырып жатканымда 20га жакын студент аттанган, ошонун ичинен эки гана докторантты окууга алган эле. Ал эми, үчүнчү себеп бул Цинхуа Университети болду.

Бул университеттин проректору ОшМУнун ректору, профессор Исаков К. менен жолугушууда айткандай, орточо эсептегенде Кытай боюнча 10 миң студенттен экөө гана Цинхуа Университетина окууга өтө алат. Ошондуктан, Цинхуада докторантурада окуу-мен үчүн чоң сыймык.

Мына ушул себептерден улам, Цинхуа Университетинин Эл аралык мамилелер факультетине Саясаттаануу кесибине докторантурага тапшырып, билимимди улантып жатам.

Азамат Байышбеков: “Кыргызстан-Кытай алакасын бекемдеп, элиме ак кызмат кылуу изги тилегим”

Азамат Байышбеков.

“Цинхуа Университети дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин бири” 

-Азыркы тапта, окуудан сырткары эмне менен алектенесиз?

-Ош Мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси болуу менен бирге, ОшМУнун Пекиндеги өкүлү болуп эсептелем. Ошондуктан, учурда алып барып жаткан ишмердүүлүгүмдүн негизги багыты ушул ишиме байланыштуу.

Аткарган иштеримди айта турган болсом, ОшМУ менен өзүм окуган Цинхуа Университетинин ортосундагы билим берүү тармагындагы келишимди түзүүгө өз салымымды коштум. Ушул кызматташуунун негизинде, быйыл Цинхуа Университетинин кытай докторант студенти ОшМУга билим алууга келди.

Ал эми, 1-ноябрь күнү ОшМУнун ректору Исаков К. А. Цинхуа Университетинин проректору менен Пекин шаарында жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда Цинхуа Университетинин ОшМУ менен болуп жаткан кызматташтык алакасын дагы терендеп, бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Цинхуа университетинин проректорунун айтымында, Цинхуа Университети бул КЭРсындагы эң алдыңкы университет болуп эсептелет. Азыркы учурда, Цинхуада 47 миңден ашуун студент билим алат. Университет ар жылы тестирлөөнүн негизинде эң сапаттуу, жана эң жакшы окуган студенттерди гана кабыл алат.

Азыркы учурда Цинхуа Университети дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин бири болуп эсептелет (2016 жылы QS рейтинги боюнча 27 орунду алган). 

Эки тарап 2016-жылы ноябрь айында ОшМУ жана Цинхуа Университетинин ортосунда кол коюлган кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүп, ОшМУнун студенттерин Кытай тарап кабыл алууга даярдыгын билдирди.

Мындан сырткары, профессор Исаков Цинхуа Университетинин Эл Аралык Байланыштар Факультетинин деканы жана профессорлору менен жолугушуп, келечекте чогуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу дагы сүйлөшүштү.

Профессор Исаков К.А. Пекин Чет Тилдер Университетинин проректору менен дагы жолугушуу өткөрүп, Чет тилдер университетинин базасында “кыргыз тилин үйрөтүү” тайпаларын ачуу боюнча кандайдыр бир келишимге келишкенине дагы себепкер болдум десем жаңылышпайм.

Ал эми азыркы учурда Пекин Тил жана Маданият университети ОшМУ менен биргеликте, Пекин Тил жана Маданият университетинин базасында “Кыргызстан” изилдөө борборун ачуу багытында дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатамын.

Ушул ишмердүүлүгүмдүн эң башкы максаты бул-Кыргызстандын студенттерине Кытай Эл Республикасынын эң алдынкы, эң сапаттуу университеттеринде билим алуусуна шарт түзүү. Келечекте, ушул студенттерибиз Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошо турган жаштардан болсо экен деген тилек менен иштеп келем.

Азамат Байышбеков: “Кыргызстан-Кытай алакасын бекемдеп, элиме ак кызмат кылуу изги тилегим”

Цинхуа Университетинин проректору менен жолугушуу учурунда.

-Азыркы тапта, бир нече ишти аркалоо менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Мамадрасуловичтин дагы жардамчысы болуп иштеп жатыпсыз, Кытай Эл Республикасы менен биздин Өкмөттүн кызматташтык алакасы тууралуу дагы оюңузду билдире кетсеңиз?

-КР ЖК депутаты Абдывахап Мамадрасуловичтин жардамчысы болуп иштегениме бир жылдан өтүп калды.  Бул кишинин жардамы аркылуу Кыргызстандын көптөгөн мыкты эксперттери жана саясатчылары менен тааныштым.

Ал эми, Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын  Өкмөттүк деңгээлдеги кызматташтык алакасы тууралуу толук кандуу айтып берүүгө, баа берүүгө азыр мага эрте деп ойлойм. Баары алдыда. 

Бирок, азыркы таптагы Кытай экономикасынын деңгээли баарыбызга белгилүү. Учурда, КЭРсы дүйнөлүк аренада өзүнүн орду, сөзү, таасири бар күчтүү державага айланды. Өзгөчө анын, экономикасынын укмуштуудай тездик менен өнүгүшү аябай таң калтырат. 

Биз кошуна мамлекеттин экономикалык потенциалын Кыргызстандын өнүгүшү үчүн толугу менен колдоно албай жатабыз. Ал эми, Кытайсыз биз экономикалык өнүгүүнү күтүүбүз туура эмес деп ойлоймун.

Баарыбызга маалым болгондой, КРнын Өкмөтү да Президенти да жаңы келишти. Биздин мамлекеттин дагы жаңы лидерлери, Кытай мамлекети менен болгон алаканы бекемдеп, кошуна өлкө менен экономикалык кызматташуусун мындан ары да күчөтө беришет деп ишенем. Президентибиз маалымдагандай, Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Ошондуктан эки тараптуу кызматташуу, өнүгүү жолунда болмокчу.

Ал эми, КЭРнын лидери Си Цзиньпин мырза тарабынан сунушталган, “Бир алкак- Бир жол” долбоорунда Кыргызстандын ээлеген орду аябай маанилүү деп ойлоймун. Бул долбоордун алкагында бир нече иш-чаралар өткөрүлүп келди. Бирок, ошентсе да бул багытта тереңдеп иш жүргүзүү заман талабы.

-Алдыдагы пландарыңыз менен дагы бөлүшө кетсеңиз?

-Алдыда, абдан көптөгөн пландарым жана максаттарым бар. Азыркы тапта, эң негизгилеринин бири бул-докторантураны ийгиликтүү аяктоо.

Муну менен эле катар, Кытайдын жогорку окуу жайлары менен келишим түзүп, биздин жаштарга, Кыргызстандык студенттерге Кытай жергесинде окууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардамчы болуу. Кыргызстанда Кытай, Россия жана башка мамлекеттердин окумуштуулары жана эксперттери менен чогуу илимий конференцияларды, жолугушууларды өткөзүү. Эң башкы максатым бул-Кыргызстан-Кытай алакасын бекемдөөгө өбөлгө болуу менен, элиме ак кызмат кылуу.

Азамат Байышбеков: “Кыргызстан-Кытай алакасын бекемдеп, элиме ак кызмат кылуу изги тилегим”

Кытай Улуттук Унверситетинде болуп өткөн Жаштар Форумунда доклад окуу учурунда. 2016-ж.

-Кытай тилин үйрөнүп жаткан кыргызстандык жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

-Кытай тилин үйрөнүп, же аны үйрөнүүнү пландап жаткан, кыргызстандык жаштарга: “Убакыт абдан тез өтөт, анын баалуулугун түшүнүп, текке кетирбей, болгон күчүңөрдү кытай тилин жогорку деңгээлде үйрөнүүгө жумшап, мүмкүнчүлүк болсо Кытай жергесинде билим алууга аракет кылгыла”-демекчимин.

Мындан сырткары, Кытайга окууга барган биздин жаштар жалпысынан экономика, соода-сатык  багытындагы адистиктерди тандай беришет. Ошондуктан, азыркы учурда Кыргызстанга абдан керек болуп жаткан жана келечекте пайда алып келе турган кесиптерди тандашса жакшы болот эле  деп айткым келет.

Биз баарыбыз, болгон күчүбүздү жумшап мыкты окуучулардан болуп жакшы окусак, эртең эле анын үзүрүн кыргызстандыктар көрүшөт.

Идеалдуу адам болбогон сыяктуу эле, дүйнөдө кайсы мамлекет болбосун, баарынын кемчиликтери болот. Ошондуктан, чет жерде жүргөн биздин атуулдарыбыз үлгүлүү жүрүш-турушу, кылган ак кызматы менен Кыргызстандын жакшы жактарын дүйнөгө таанытып, анын кемчиликтерин жоюу үчүн болгон күч-аракетин жумшаса, келечекте мыкты көрсөткүчкө жетебиз деп ишенем.

-Пекин шаарында көп жылдан бери окуп, иштеп келесиз, Пекиндеги сиздин сүйүктүү жайыңыз кайсы? 

-Кытай жергесинин ар бир булуң-бурчу кытай тарыхына, маданиятына сугарылган. Шаарлары болсо, эски менен жаңыны айкалыштырган ажайып жайларга бай. Пекин шаары дагы алардын катарында.

Ал жеке гана Кытай Эл Республикасынын борбору болуусу менен туристтерди өзүнө тартпастан, Улуу Кытай сепили, тарыхый Тяньанмэнь аянты, Олимпиада шаарчасы ж.б. ажайып жайлары менен дагы дүйнө элдеринин көңүл чордонунда болуп келет.

Ал эми, мен үчүн Пекиндеги эң мыкты жер бул-Олимпиада шаарчасынын паркы. Бул парк мен жашаган жердин жанында жайгашкан. Ал жерде жазында, жайында жана күзүндө, аба ырайы жакшы мезгилде сейилдеп же болбосо китеп окуу мен үчүн өзүнчө ырахат.

Азамат Байышбеков: “Кыргызстан-Кытай алакасын бекемдеп, элиме ак кызмат кылуу изги тилегим”

ОшМунун ректору, профессор Каныбек Исаковдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынан көз ирмем.

-Алыста жүргөндө, Кыргызстан көздөн учкан учурлар көп эле болот. Сиз үчүн Ата Мекендин баалуулугу эмнеде?

-Чындыгында, сыртта окуп, иштеп жүргөндөр атуулдарыбызга Кыргызстан көздөн учуп, анын абасына, тамагына, чаң ызгыган көчөлөрүнө зар болгон учурлар көп эле болот. Алыста жүргөндө, туулган жериңдин баркын өзгөчө сезесиң.

Мен үчүн Ата мекендин баалуулугу болуп, “Кыргызстан” аттуу эгемен мамлекетибиздин, жерибиздин жана улутубуздун бардыгы саналат. 2010-жылкы окуяларда, Ата журттун канчалык кымбат экендигин бардыгыбыз сездик десем да болот.

Бул баалуулукту, урпактарыбызга көздүн карегиндей сактап, коргоп өткөрүп берүү биздин ыйык милдет.

-Сөз соңу...

-Ар бир адамга жакындарынын колдоосу, жакшы сөзү, ишеними абдан маанилүү. Кандайдыр бир ийгиликтерди багындырып, үзүрлүү эмгектенген инсандардын жеңишинин артында ар качан үй-бүлөсү, жакындары турат.

Мен үчүн дагы Кытай Эл Республикасында окуп, билим алуу оңойго турган жок. Бирок, ошол кыйынчылыктардын алдында ар дайым ата-энемдин, бир туугандарымдын, жубайымдын колдоосун жана жардамын сезип, бүгүнкү күнгө келдим.

Ошондуктан, сөз соңунда, алардын бардыгына терең ыраазычылык билдиремин. Силердин үмүтүңөрдү актоо үчүн болгон күч-аракетимди жумшаймын.

Эли-журтубузда ар дайым тынчтык болсун. Ынтымак жана ыйман жергебизди байырласын!  

Кытай маданиятын жакында тааный элек кезимде... (бокс врезка)

Эң негизги кызыктуу окуя, бул менин Пекин Тил жана Маданият университетинде бакалаврда 1-курста жаңы окуп баштаган кезимде болгон. Окуу корпусунда, аудиториянын тазалыгын сактаган эжелер бар болчу. Менин жашаган жерим, кампустан алыс болгондугу үчүн жатаканадан эрте чыгып, сабакка эң биринчилерден болуп келчүмүн.

Ошондуктан тазалыкты сактаган эже менен да тааныш болуп калдым. Ал эже, күнүгө эртең менен, биз жолукканда: “Тамак жедиңби?”- деп сурачу. Мен болсо, атайын токтоп эч зерикпей, эмне тамак жегенимди айтып берип жүрдүм.

Андан кийин гана, кытай маданиятында ушундай суроо калыпка салынып калган түшүнүк экендигин, бул нерсени жөн гана учурашуунун бир түрү катары кабыл алуу керектигин түшүнүп, өзүмдүн жоопторумду эстеп күлүп жүрдүм. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)