WeChat      Избранное

​Дастан Жапар уулу: ““Атанын керээзи” тасмасынын Кытай көрүүчүлөрүнө тартууланышы, анын багынткан ийгиликтеринин бири болуп калды”

20/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Сүрөттөр Д. Жапар уулуна жана WWW таандык

“Атанын керээзи”-бул тасма, кыргыз кино тармагы менен биргеликте Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып, белгилүү Эл аралык сынактарда байгелүү орундарды багынтып келет. Декабрь айынын башында кытай кино сүйүүчүлөрү дагы кыргыз киносуна күбө болуп, 60тан ашуун мамлекеттин чыгармачыл өкүлдөрү чогулган бир арада “Атанын керээзи” тасмасы көрсөтүлдү.

Мына ушул маалымат жана деги эле кинонун жаралуу тарыхы тууралуу биз менен тасманын режиссерлорунун бири Дастан Жапар уулу ой бөлүштү. 

​Дастан Жапар уулу: ““Атанын керээзи” тасмасынын Кытай көрүүчүлөрүнө тартууланышы, анын багынткан ийгиликтеринин бири болуп калды”

“Атанын керээзи” тасмасынын режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.

-Алгач алган билимиңиз тууралуу маалымат берип кетсеңиз, канча жылдан бери киноиндустрия тармагында иштеп келе жатасыз?

-Мен 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик Искусство институтунун “Кино жана театр” факультетин кино операторлук чеберчилиги багыты боюнча аяктагам. Бирок, кино тармагына 2007-жылдан бери аралашып келе жатам десем жаңылышпайм. Анткени, 2007-жылы 2-курсту бүтүрүп, практикага барган жеримден оператордун жардамчысы болуп эмгек жолумду баштагам. Ошол тапта, киностудияда документалдуу фильм тартылып жаткан мезгил экен. 

Мындан сырткары, Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” аттуу тасмасында дагы оператордун ассистенти болуп иштеп: “өз адистигимдин алгачкы даамын таткам”- десем да болот. Ошондон бери, жалпысынан алганда он жылдан бери кыргыз кино тармагына аралашып жүрөм. 

- “Атанын керээзи” тасмасынын жаралуу тарыхынан баштап кеп салып берсеңиз? 

-“Атанын керээзи” тасмасынын жаралуу тарыхын айтсам, негизи көп факторлорго байланыштуу болду. Бакыт байке (ред. Бакыт Мукул) менен 5-6 жылдан бери таанышпыз. Биздин кино тармагында, чыгармачылык тармагында ойлогон оюбуз, көздөгөн максатыбыз, чыгармачылык идеяларыбыз төп келип, бир-бирибизге абдан жакчу. 

Ушундай, бир багытты көздөгөндүгүбүз үчүн, “жакшы бир тасма жаратып, элибизге тартууласак”- деген идеянын үстүндө иштедик. Кино жаратууда дагы акча каражат жагы чоң маанини ойногондуктан, демөөрчүлөрдү, продюсерлерди издеп көрдүк. Ал арада, бир байке: “Акча каражатын көп талап кылбаган,  акчасы аз сарпталган идея ойлоп таап көрбөйсүңөрбү”-деп сунуш киргизип калды.  

Ошондо, мен Бакыт байкеге мурунтан эле оюмда жүргөн бир идеяны айтып бердим. Анда, жалгыз каралбай, талкаланып калган айылдагы ата-эненин үйү. Башкы каарман айылдагы үйүнө кайтып келсе деген ой-толгоону ичине камтыйт. Бул идея мага өзүмдүн башыман өткөн окуядан кийин пайда болгон. 

Анткени, шаарда жүрүп 3 жылдан кийин айылга барсам, биздин кошунанын үйү талкаланып, каралбай калыптыр. Ал киши өзү, айылдын кадыр-барктуу адамы эле. Туугандары, балдары шаарда жашашчу. Убагында, анын короосу толо алма, өрүк шактары болуп, көздүн жоосун алып турчу. Тегеректеги бала-чака ар дайым бул короо толгон жемишке кызыгаар эле.

Менин көзүмө дагы бул үй өзгөчө көрүнчү. Анан кийин, айылга барганда, баягы үй жок, короосу талкаланып, каралбай калган экен. Кунары кеткен. Ушундай кейиштүү абалын көрүп абдан боорум ооруган. Ошентип, каралбай калган эски үйдүн тегерегиндеги идея, “Атанын керээзи” аттуу чоң тасмага айланды. 

​Дастан Жапар уулу: ““Атанын керээзи” тасмасынын Кытай көрүүчүлөрүнө тартууланышы, анын багынткан ийгиликтеринин бири болуп калды”

 “Улуу Жибек жолу” кинофестивалынын ачылышынан көз ирмем.

- Тасманын башкы максаты, актердук курам тууралуу айтып берсеңиз?

-Негизги маселе-мигранттардын проблемасын көтөрүп чыктык. Тасманын башкы маңызы, “Дүйнөнүн кайсы жериңде болсоң да өзүңдүн келип чыккан тегиңди, ата журтуңду, айылыңды унутпа” деген маанини ичине камтыйт. Кинодо негизинен кыргыздын күчтүү актерлору мыкты роль жаратып беришти. Бирок, башкы каарманды табуу кыйын болду. Соңунда, Бакыт байкенин экинчи уулу Ыйманберди Мукул ойноду. 

Анын кулк-мүнөзү, жашоо болгон көз карашы биздин тасманын башкы каарманынын мүнөзүнө дагы дал келет эле. Ал өзү дагы Санкт-Петербургдан актердук чеберчилик жаатынан билим алып келген. Ошондуктан, Ыйманберди өз ролун эң жогорку чеберчилик менен аткарып, ата мекендик гана кино сынчылардын купулуна толбостон, эл аралык сынактарда дүйнөлүк сынчылардын дагы мактоосуна татып отурат. 

Тасманын башкы максаты, сценарийи, жалпы кинонун үстүнөн эмгектенген жамаат, актердук курам-бардыгы бир-бирин толуктап, айкалышып эмгек кылгандыгы үчүн ушундай тасма жаралып отурат деп айтаар элем. Ар биринин кошкон салымы, эмгеги баа жеткис. Учурдан пайдаланып, бардыгына ыраазычылык билдирип кетмекчимин.

- Тасманы жаратуу алдында, ушундай ийгиликтерди багынтат деген ишеним болду беле?

-Негизи, ичибизде ушундай туюм бар болчу. Сценарийде жазылган эмгекти, көздөгөн максатыбызды толук кандуу тасмада чагылдырып, элге жеткире алсак, анда эл аралык сынактарга дагы катышып, ийгиликтерди багынтабыз деп ойлогонбуз. Кино тартылып бүткөндөн кийин, биз күткөндөн дагы чоң ийгиликтерди жарата алдык. Бул, албетте, биз үчүн чоң кубаныч, сыймык. 

-Жакында эле, Кытай жергесинин Гуанчжоу шаарында “Улуу Жибек жолу” аттуу кинофестиваль болуп өттү. Ал жакта “Атанын керээзи” дагы көрүүчүлөргө тартууланды. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?

-“Улуу Жибек жолу” Эл аралык кинофестивалы, мен билгенден конкурстук фестиваль болуп эсептелет. Ар жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул жылы дагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 60тан ашуун мамлекеттин мыкты режиссерлорунун, актерлорунун, киносынчыларынын, деги эле киноиндустрияга тиешеси бар чыгармачыл адамдардын башын бириктирген фестиваль болду.

Бирок, биз бул конкурска тасманы жөнөткөн эмеспиз. Фестиваль өтөөрдүн алдында, анын программдык директору, Кытай жергесинен бизге атайын кат жолдоду. Катында, биздин тасманы фестивалга катыштырууга макулдугубузду сураган. Ушундай жол менен 60тан ашуун өлкөнүн “кинокаймактары” катышкан фестивалда “Атанын керээзи” дагы кытай көрүүчүлөрүнө тартууланды. Ал жакта, биздин тасма конкурстук негизде катышкан жок. 

Бирок, кытай көрүүчүлөрүнө тартууланып, Кыргызстандын атын Кытайда, фестивалда чыгаргандыгы “Атанын керээзи” тасмасынын багынткан дагы бир ийгилиги деп да койсок болот. 

​Дастан Жапар уулу: ““Атанын керээзи” тасмасынын Кытай көрүүчүлөрүнө тартууланышы, анын багынткан ийгиликтеринин бири болуп калды”

Тасма жаратуу учурунда. 

-Алдыда, кытай режиссерлору менен биргеликте иштөө пландарыңыздар барбы?

-Албетте, Кытай Эл Республикасынын киноиндустриясы менен жакындан таанышып, биргеликте иштөө пландарыбызда бар. Тилекке каршы, азыркы тапта, Кытай тарап менен келишим түзүп, же ушул багытта иштөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбой келет. 

Бирок, акыркы жылдары Кыргызстан-Кытай алакалары бекемделип, айрыкча, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде көптөгөн иштер аткарылып келет. Ушундай иш-чаралардын алкагында, эки элдин кино тармагы дагы өнүгүп, чогуу иштешүүгө шарт түзүлөт деп ойлойм.

Кытай жергесине эки жолу фестивалдарга тасманы жибергенибиз менен, белгилүү бир шарттарга байланыштуу бара албай калдык. Мүмкүн барып калсак, бул багытта дагы кенен маалыматыбыз болуп, кытай тарап менен иштешүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр болуп калат беле. Бирок, баары алдыда. 

Ак эмгектин артынан келген сый-урмат 

“Атанын керээзи” тасмасы дүйнөнүн 5 континентинде 30 ашык Эл аралык кинофестивалга катышып, 20сында жеңишке жетишти. Мунун арасынан 8 гран при сыйлыгын утуп келдик. Кыргызстандын тарыхында, биринчи жолу Монреаль Эл аралык кинофестивалында “Алтын Зенит”- Гран при сыйлыгын “Эң мыкты дебюттук  тасма” катары багынттык. 

Мындан тышкары, эки Киноакадемиянын сыйлыктарына номинант болдук. Биринчиси, Россиянын Киноакадемиясынын “Ника” киносыйлыгына жана Австралияда өтүүчү Азия Тынч Океан Киноакадемиясынын APSA Awards (Asia Pacific Screen Awards)киносыйлыгына “Эң мыкты сценарий” номинациясында номинант болдук. Бул сыйлык Азия Оскары катары бааланат.

Андан соң, Бакыт байке экөөбүз, Азия Тынч Океан Киноакадемиясынын киноакадемиги наамына татыктуу болуп кайттык. 

   

 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)