WeChat      Избранное

Улан РЫСКУЛОВ: “Биздин чөйрөдөгү инвесторлордун басымдуу бөлүгү кытай компанияларына таандык”

11/10/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Улан РЫСКУЛОВ: “Биздин чөйрөдөгү инвесторлордун басымдуу бөлүгү кытай компанияларына таандык”

Улан Рыскулов.

Акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чет өлкөлүк инвесторлордун саны өсүүдө. Биздин мамлекет ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү менен бирге, бардык тармактарда иш алып барууга жол ачып, инвесторлорду кыргыз жергесине кызыктыруу  үчүн ар багыттагы иш-чараларды уюштуруп келүүдө. 

Сырттан ишкерлерди Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тартып, алар менен жакындан иш алып барган мамлекеттик органдардын бири бул-Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети. Комитет кыргызстандык дагы, сырттан келген ишкерлерге дагы бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, биздин аймакта иштөө үчүн лицензия менен камсыз кылат. 

Мына, ушул комитеттин ишмердүүлүгү, анын ичинде кыргыз-кытай кызматташуу алакасы тууралуу биздин гезитке Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Төрагасы Улан Рыскулов маек куруп берди. 

-Сөз башында, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жүргүзгөн ишмердүүлүгү боюнча маалымат бере кетсеңиз?

-Биздин комитет былтыркы жылдан бери,  “Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети” аталышында иш жүргүзүп келет. Башкы максатыбыз Кыргыз Республикасынын өнөр жайында, отун-энергетикалык комплексинде жана жер казынасын пайдалануу багытында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу болуп саналат. 

Комитеттин аты эле айтып тургандай өнөр жай, энергетика, жер казыналары багытында иштерди алып барабыз. Мисалга алсак: өнөр-жай (тамак-аш өнөр жайы кошулбайт) жана отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү, жер казынасын пайдалануу боюнча маселелерди мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу, жер казынасын системалуу түрдө геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү ж.б. 

Комитет мыйзамга ылайык жер казынасын пайдаланууга лицензия берүүгө,  узартууга, токтотууга жана кайрып алууга укуктуу. Башкача айтканда, лицензиялык макулдашуулардын шарттарын аткаруунун мониторингин ишке ашырабыз. Лицензиялоонун шарттарын аткаруу боюнча пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүп, ал эми, даттануулар жер арыздар түшсө пландан тышкары текшерүү иштерин дагы аткарабыз. Чындыгын айтканда, комитеттин жүргүзгөн ишмердүүлүгү ар тараптуу. Аты аталган ар бир тармак  боюнча иш алып барабыз. Эл аралык кызматташуу алакаларын дагы түзүп келебиз. 

-Лицензия тууралуу дагы сөз кылып кеттиңиз. Жер казынасын пайдалануу иштери боюнча берилген лицензиянын түрлөрү, ал кандай болгон учурда кайтарылып алынат, ушул багытта айтып берсеңиз?

-Лицензия боюнча атайын түзүлүп чыккан жобо бар. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу укугун берүүчү лицензияны алуу үч форматта өткөрүлөт. Биринчи конкурс-жалпы мамлекеттик маанидеги жер байлыктары, экинчиси аукцион түрүндө, үчүнчүсү болсо бетме-бет сүйлөшүүлөр.  

Конкурс мамлекеттик комиссия тарабынан өткөрүлөт. Конкурска бардык каалоочулар катыша алат. Сырттан келген же болбосо ата мекендик ишкерлер деп бөлүнбөйт. Бардыгына талап бирдей коюлган. Андан жеңип чыккан соң, ар кайсы мамлекеттик структуралардан дагы текшерүүдөн өтөт. Мисалы, экология багытынан мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы бар, андан өтөт, айлана-чөйрөнү токой чарбасын караган агенствосу дагы өз корутундусун беришет. Ушундай бир катар текшерүүдөн өткөндөн кийин гана лицензия берилет. Бул багытта айлана-чөйрөнү коргоо маселеси дагы негизги талап болуп эсептелет. Экологияны сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин башкы милдет. 

Өзүңүз айткандай лицензиянын дагы бир нече түрү бар. Мисалы, изилдөө, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө алынган лицензия, андан соң жер казынасын пайдаланууда берилген лицензиялар. Геологиялык изилдөө иштерине берилген лицензия беш жылга чейин берилет, андан соң дагы узартууга болот. Геологиялык чалгындоого болсо он жылга чейин берилип, андан кийин узартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Ал эми, кен чыккан жерде ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө 20 жылга лицензия берилет. Бул учурда дагы лицензияны узартып алууга болот. 

Мамлекет берген лицензияны келишимде коюлган талаптар аткарылбаган учурда кайтарып алуу укугуна ээ. Мисалы, салыкты өз убагында төлөбөсө, жылдык планын толук аткарбаса, иштетилген жерди, жер кыртышын калыбына келтирбесе (рекультивация) ж.б. учурларда. 

Кыргызстандын жүргүзгөн саясатында жер казынасын пайдаланып, иштеткен ишкерлерде социалдык жоопкерчилик маселеси каралган. Келишим жергиликтүү калк менен ишкердин ортосунда түзүлөт. Бул келишимдин негизинде жер казынасын иштетип жаткан тарап, элге материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүүгө милдеттүү. 

Азыркы тапта, Кыргызстанда 1765 лицензия жер байлыктарын иштетүү тармагына берилген. 

-Эми комитеттин эл аралык кызматташтык мамилелерине токтолсок. Бул жаатта кандай иш-чаралар аткарылып жатат?

-Кыргыз Республикасы азыркы тапта, 20дан ашык өлкө менен бирге инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү багытындагы эки тараптуу макулдашуулардын катышуучусу болуп саналат. Ал мамлекеттерди атай кетсек, АКШ, Улуу Британия, Кытай Эл Республикасы, Казакстан, Германия ж.б. өлкөлөр. Бул келишим сырттан келген ишкерлерди эл аралык деңгээлде укуктарын коргоого жардамчы болуп берет. Бул дагы да болсо инвесторлор үчүн Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө түзүлгөн шарттардын бири. 

Акыркы жылдары, Өкмөт жер казыналарын пайдалануу тармагына терең көңүл буруу менен бирге, инвесторлорго Кыргызстанда иштөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуунун үстүндө иш жүргүзүп келет. Мисалга алсак, ишкердин кайсы мамлекеттен болгондугуна карабастан, бардыгына бирдей иштөө шарттары каралган, лицензия алуу үчүн берилген арыз бир айдын аралыганда каралып бүтөт, салынган инвестицияга толук гарантия берилет ж.б.у.с.

2012-жылдан бери Кыргызстандын тоо кен тармагында дагы бир топ реформалар жүргүзүлдү. Биз ар дайым эл аралык кызматташуу алакаларына даярбыз. Бул багытта эл аралык конференцияларга катышып, бир канча мамлекеттер менен кызматташуу үчүн келишимдерге кол коюп, биздин тармакты өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп келебиз. 

Улан РЫСКУЛОВ: “Биздин чөйрөдөгү инвесторлордун басымдуу бөлүгү кытай компанияларына таандык”

“Кыргызстандагы тоо кен байлыктарын иштетүүдө кытай ишкерлери басымдуулук кылат”. 

“Кытай Эл Республикасы менен мамекеттик мекемелер аралык байланышыбыз дагы чыңдалган” 

-Ушул тармакта Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык алакасы кандай?

-Акыркы жылдары Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы алака абдан тыгыз болуп, дээрлик бардык тармакта чогуу иш жүргүзүп келебиз. Ошондуктан биздин тармактагы байланыш дагы четте калбастан, өсүп-өнүгүүдө. 

Кытай биздин өнөктөшүбүз гана болбостон, жакынкы коңшубуз экендиги баарыбызга маалым. Ушул себептен улам дагы биздин чөйрөдөгү инвесторлордун басымдуу бөлүгү кытай компаниялары болуп саналат. Алар мамлекеттик компаниялар жана жеке ишкерлер. Булар кадыр-баркы, маанилүүлүгү жагынан дагы ар кандай деңгээлде. Дүйнөлүк рынокто белгилүү компаниялар жана дагы аймактык деңгээлдеги кеңселер кездешет. Мисалга алсак, Кыргызстандагы эки жер казынасын пайдалануу укугу Чайна Голд (China Gold) компаниясынын филиалына тиешелүү. Алар жакынкы убакта өз ишмердүүлүгүн баштоого даярданып турат. Өзүңүздөр билгендей, бул дүйнөлүк рынокто салмактуу орду бар кеңсе. 

Мамлекеттик компаниялардын тышкары, жеке ишкерлик менен алектенген дагы бир бараандуу компаниялардын бири ZIJIN булар дагы биздин Кыргыз Алтын менен биргеликте “Алтынкенди” иштетип жатышат. Алардын Кыргыз жергесиндеги жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө 2 жылдын жүзү болуп калды. 

Мындан сырткары, бир нече провинция деңгээлиндеги кызматташтык мамилесин түзгөн компаниялар бар. Себеби, бардык КЭРнын эле аймактарында өз геологиялык багытында иш жүргүзгөн органдар бар. Мына, ошолор менен дагы биргеликте иш жүргүзөбүз. Бул компаниялар бизде алтын, түстүү металдар, көмүр ж.б. пайдалуу кендер менен алектенишет. Башкача айтканда, кытай ишкерлери менен болгон биздин байланышыбыз ар тармактуу.

Бизде мекемелер аралык байланышыбыз дагы чыңдалган. Кыргызстан Борбордук Азия боюнча,  Кытай Эл Республикасынын Кытай геологиялык кызматынын тоо кен тармагындагы биринчи өнөктөшү болуп саналат.  Ушундай кызматташуунун натыйжасында 2006-жылы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чек ара аймагындагы Тянь-Шань аймагын изилдөө, геохимиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана геологиялык карталарды чийүү багыттарында биргеликте иш жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлган. 

Андан соң, 2012-жылы КЭРсынын Жер жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Геология жана минералдык ресурстар Мамлекеттик агенствосу ортосунда “Геология жана минералдык ресурстар тармагында кызматташуу жана ич ара түшүнүү” Меморандумуна кол коюлган. Ушундай бир катар меморандумдардын, макулдашуулардын негизинде Кытай геологиялык кызматынын Сиань борбору, Минералдык ресурстар жана геология боюнча иш жүргүзгөн Шэньси корпорациясы менен биргеликте Геологиялык чалгындоо иштери жана илимий-изилдөө багытындагы компанияны түздүк. 

Ал эми, 2014-жылы кытай геологиялык кызматынын Сиань борборунун алдында геология багытындагы “Кытай-ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму)” аттуу Илимий-изилдөө борборунун ачылышы, эки тараптуу кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн дагы ачып берди. 

Учурда, Синьцзян Уйгур автономдуу облусунун Геологиялык Башкаруу уюмунун делегациясы Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Буга чейин, Кытай жергесине барганда дагы кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Азыр болсо, кызматташуу багыттарын аныктоо үчүн биздин компаниялардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып жатышат. Аларга дагы биз өз сунуштарыбызды киргизүүдөбүз. Бул дагы болсо, эки элдин алакасын бекемдемекчи. 

Мындан сырткары, коңшу элдин геологдору менен биргеликте Кыргызстандын гидрогеологиялык жана геофизикалык картасын түзүүнү пландап жатабыз. 

-2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоору, учурда, бардык тармактарда ишке киргизилип жатат. Ушул долбоор боюнча оюңузду билдирип кетсеңиз?

-Кытай Өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан “Бир алкак-бир жол” концепциясы аймактагы өлкөлөрдү бириктирген жана алардын саясий жана экономикалык дараметин көтөрүүгө жол ачкан мүмкүнчүлүк болуп калды. “Жибек Жолундагы экономикалык алкак” долбоору дагы жылдан-жылга өнүгүп бир катар мамлекеттер үчүн, өзгөчө Шанхай кызматташтык уюмунуна кирген өлкөлөрдө зор мааниге ээ болууда. 

Азыр, Кыргыз Республикасынын башкы максаттарынын бири өнөр жайды өнүктүрүү, сырттан инвесторлорду тартуу болуп турат. Ошондуктан, тоо кен тармагын жана минералдык ресурстарды изилдөө иштери дагы биздин экономиканын өнүгүшүндө маанилүү орунда турат. Бул жааттан алганда, Кытай Эл Республикасы Кыргызстандагы кен байлыктарын өнүктүрүү жана иштетүү багытында негизги өнөктөш болуп калууда. 

Он жылдай аралыкты ичине камтыган, мекемелер аралык кызматташтык байланыштарыбыз, эки элдин достук мамилесин чыңдап, илимий-изилдөө иштеринин жемиштүү жыйынтыкталышына алып келди. Биргеликте иш алып барган иштер- геология жана кен байлыктар тууралуу маалымат берген 5 маалымат базасы, геологиялык жана геохимиялык карталардын сандан-санга чыгарылышы ж.б. болду. Бул жыйынтыктар жеке гана Кыргызстандын тоо кен тармагын экономикалык жактан өнүктүрүүгө жол ачпастан, кытай ишкерлерине биздин территориядагы геологиялык долбоорлорду ишке ашырууга жана аларды инвестициялоого мүмкүнчүлүк түзүп берди. 

Ал эми, “Бир алкак-бир жол” долбоору дагы кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруп, бардык тармактардагы мамилелердин бекемделишине өбөлгө болууда. 

Сөз соңунда айтып кетчү нерсе, биз геология жана тоо кен өндүрүшүндөгү кыргыз-кытай  байланышынын дагы бекем болушуна ишенебиз. Жеке гана кытай ишкерлерине эмес, бардык сырттан келген инвесторлорго Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө шарт түзүп берүүгө даярбыз. Эң негизгиси, ишкерлер мыйзам чегинде иш жүргүзүп, келишим боюнча иш алып баруулары зарыл. 

Кыргыз-кытай алакасы-111 компания

Кыргызстандын тоо кен тармагында кытай ишкерлеринин басымдуу бөлүгү иш алып бараары белгилүү. Кыргыз-кытай биргелешкен компанияларын кошкондо, жалпысынан 111 кытай кеңсеси учурда кыргыз жергесинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Алардын 26сы ири жана орто (алтын, түстүү металл, күйүүчү ж.б.кендерди  иштетүү менен алектенет) компанияларга таандык. Бул дагы болсо, кытай ишкерлер чөйрөсүнүн Кыргызстандагы жер казыналарын иштетүүгө болгон кызыкдарлыгын көрсөтөт. 

Алдыда, Кыргызстандын аймагында ушул багытта иш алып барган ири компаниялардын тизмеси менен тааныша аласыздар. 

ЖЧК “Алтынкен” (ZIJIN)

ЖЧК “Full Gold Mining”

ЖЧК “Кайди”

ЖАК “КИЧИ-ЧААРАТ” (CHINA GOLD)

ЖЧК "Oyasa Resources Company"

ЖЧК “Капитал Гео Трейд”

ЖЧК “Zhong Ji Mining Company” (CHINA GOLD)

ЖЧК “Горнодобывающая Компания Цзинь Лун”

ЖАК “Текстоник”

ЖЧК “Asia Gold Enterprise”

ЖЧК “Капитал Гео Трейд”

ЖЧК “Чжуннен” 

ЖЧК “Баткен Майнинг Компани” 

ЖЧК “Баткеннефтегаз” 

ЖЧК “Central Asian Tin Cоmpany”


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)