WeChat      Избранное

Майрамын кут болсун, Кытай Эл Республикасы!

06/10/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Майрамын кут болсун, Кытай Эл Республикасы!

Тяньаньмэнь аянты.

1949-жылдын 1-октябрь күнү Кытай тарыхындагы эң маанилүү даталардын бири. Себеби, дал ушул күнү Пекин шаарынын Тяньаньмэнь аянтында Кытай Эл Республикасынын негизделгендиги тууралуу жарлык салтанаттуу түрдө жарыяланган. Ал эми, ошол эле жылдын 2-декабрында Борбордук элдик бийлик тарабынан “1-октябрь элдик майрам” болуп кабыл алынган.

Азыркы тапта, Кытай Эл Республикасы дүйнө жүзүндө өзүнүн орду бийик, күчтүү экономикага ээ мамлекет. Анын тарыхы, маданияты бир нече кылымдарды карытып,  дүйнө элдери арасында өзгөчө кызыгууну жаратып келет. Ал эми, 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоору Кытайдын эл аралык кызматташуу алакаларын бекемдеп, байыркы Улуу Жибек жолун улай “заманбап экономика кербенине” айланып жаткан чагы.

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын достук мамилеси Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнөн бери чыңдалып, тыгыз кызматташтык алакада өнүгүп келет. Кошуна жайгашкан эки мамлекет бардык тармактарда байланышын күчөтүүдө. Буга, биздин кытай жергесинен билим алып келген жаштар, кытай ишкерлери менен иш алып барган жарандарыбыз, мамлекеттик деңгээлдеги кызматташууга кол коюлган келишимдер ж.б. толук далил болуп бере алат.

Ошондуктан, бүгүн кошуна элди мамлекеттик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Кыргызстан менен Кытай ар дайым достук байланышта болуп, кызматташуу өөрчүй берсин. Келечекке карай, бирге ташталган кадам ынтымак, тынчтык, ич ара сый-урмат менен коштолсун.

Биз менен бирге, бүгүн кыргызстандыктар дагы Кытай Эл Республикасын, кытай элин өздүк майрамы менен куттукташат.

Мавлюда Шакирова, Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун Кыргызстан тараптан директору: “Достук колун бардык элге бирдей сунган Кытай жергесин тынчтык байырласын” 

Майрамын кут болсун, Кытай Эл Республикасы!

Мавлюда Шакирова.

- Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик майрамы менен жалпы кытай элин, Ханьбан жамаатын, кытай кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз. Бул майрам кытай элинин каада-салт, үрп-адат, эне тил сыяктуу баалуулуктарын сактап, бүгүнкүдөй гүлдөп-өнүгүүсү үчүн абдан жакшы шарттарды жаратып берди. Достук колун бардык элге бирдей сунган Кытай жергесине тынчтык, элинин бакубат жашоосун чын дилден каалайбыз. 

Алтын күн астында ар бир өлкө өз эли менен аман турсун. Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы достук алакалар мындан ары да чыңдалсын. Билим берүү тармагындагы кызматташтык дагы да өөрчүп, биздин студенттер, жаштар эки элдин достугу үчүн кызмат кылышсын.  

Данияр Абдыкадыров, “Билим экпорт” кытай тили мектебинин негиздөөчүсү: “Кытай Эл Республикасы-күчтүү экономикага ээ, күчтүү мамлекет”

Майрамын кут болсун, Кытай Эл Республикасы!

Данияр Абдыкадыров.

- “Кылымдарды карыткан маданият, салт-санаасына жана өтмүшкө болгон сый-урматы аркылуу “Кытай” аттуу улуу өлкө, өз элине ата-мекенге болгон сүйүү сезимин бекемдөө менен бирге, укмуштуудай күчтүү прогресске ээ болду” – деп айтылган ой менен бүгүнкү күнү бүтүндөй дүйнө жүзү макул. 

Кытай Эл Республикасы учурда, күчтүү экономикага ээ болгон, күчтүү мамлекет. Майрам күнү Кытай Эл Республикасына дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан ээлеген ордун, кадыр-баркын дагы бекемдеп, өнүгүү жолунан тайбоосун каалап кетмекчимин. 

Учурдан пайдаланып, өзүмдүн досторумду, агай-эжелеримди жана бардык Кытай Эл Республикасынын жарандарын бүгүнкү маанилүү датасы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар дайым үй-бүлөңөрдө бакубат жашоо, жергеңерде тынчтык болсун. Иштериңиздерди ийгилик коштосун!

Айзирек Маликова, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун 4-курсунун студенти: “Эки элдин ынтымагы үчүн кызмат кылууга ар дайым даярбыз”

Майрамын кут болсун, Кытай Эл Республикасы!

Айзирек Маликова.

- Кытай-чечилбеген табышмак жана сырлардын өлкөсү. Эски менен жаңыны айкалыштырган, бир нече кылымдарды басып өткөн маданиятка жана өтө тездик менен өнүккөн экономикага ээ мамлекет. Кытай эли дүйнө жүзүн өзүнүн аракетчилдиги, мээнеткечтиги менен таң калтырып келет. 

Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү, биринчиден кытай тили багытындагы котормочулук жана кытай таануу адистигинде билим алып жаткан студенттерге ийгилик каалап кетмекчимин. Мындан ары дагы билимибизди тереңдетип, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда достук алакасын бекемдөөгө жардамчы бололу. 

Ош мамлекеттик университети алдындагы Конфуций институтунун мугалимдер жамаатын дагы куттуктап, бизди өнүктүрүп, окутуп, талыкбастан билимин берген агай-эжелерге ыраазычылык билдирүү менен бирге үй-бүлөлүк бакыт каалайм. 

Эң негизгиси, кыргыз-кытай кызматташтык байланышы жылдан-жылга өнүгө берсин, биз болсо, кытай тилин үйрөнгөн жаштар эки элдин ынтымагы үчүн кызмат кылууга ар дайым даярбыз. 

Малика Келдибек кызы, “Кытай тили-келечектин тили”

Майрамын кут болсун, Кытай Эл Республикасы!

Келдибек кызы Малика. 

- Мен Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын 11-А классында окуйм. Кытайдын тарыхы, маданияты мен үчүн абдан кызык. Кытай тилин 5-классымдан бери үйрөнүп келем. Азыркы учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кытай тилинен курстарына дагы барып жатам. Көптөгөн кесиптердин арасынан кытай тилин тандадым. Анткени, бул тил келечектин тили деп ойлойм. Ошондуктан, кытай тилин мыкты деңгээлде өздөштүрүүм керек. Кыргыз элибиздин үрп-адаттарын кандай билсем, кытайдын да салт-санааларын ошончолук жакындан таанып, үйрөнгүм келет. Мектепти аяктаган соң кытай жергесинен билим алуу башкы максатым. 

Бүгүнкү Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү менен өзүмдүн жана жалпы кыргыз элибиздин атынан чын жүрөктөн куттуктайм. Кытай азыркы күндө кыйла жетишкендиктерге ээ болгон, алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Экономикалык жактан ар дайым биринчи орунду ээлеп, бардык тармактан ийгиликтерди багынткан, эл аралык кадыр-баркка ээ болгон Кытай Эл Республикасы бүгүнкү күндө чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Кытайдын башка мамлекеттер менен мамилеси бекемдеп, ар бир мамлекеттин жаштарына Кытайга келип окуусуна шарт түзүлүүдө. Мындай шарттар, кытай тилине, маданиятына кызыккан жаштар үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк болууда. 

Кытай элин дагы бир жолу майрамы менен куттуктайм.  Өнүгүп-өсө берсин!


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)