WeChat      Избранное

“Нордмолл” кызматташууга чакырат

28/09/2017  Источник:оригинал   шрифта:

“Нордмолл” кызматташууга чакырат

“Нордмолл” дүң-чекене соода борбору.

Сүрөттөр редакцияга таандык

19-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы бизнес борборлордун биринде Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында жайгашкан “Нордмолл” эл аралык дүң жана чекене соода борборун таанытуу презентациясы болду. Иш-чарага ата мекендик ишкерлер менен бирге Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн кытай ишкерлери катышты. Презентациянын негизги максаты “Нордмолл” эл аралык соода-логистикалык комплекси менен тааныштыруу жана анын тейлөө кызматын ишкерлерге сунуштоо. 

Ляпунцев С.А., “Нордмолл” эл аралык соода комплексинин Директорлор Кеңешинин төрагасы:

 “Ишкерлер 6 ай бою ижара акысын төлөбөйт” 

- “Нордмолл” эл аралык соода түйүнү кардарлардын бардык суроо-талаптарына жооп берет. Стратегиялык жактан эң ыңгайлуу жерден орун алуу менен бирге, сырттан келген ишкерлер менен чогуу иш алып барууда аларга бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр. Азыркы тапта 2 корпус пайдаланууга берилген. 2018-жылдын март, апрель айларында соода түйүнүндө көлөмдүү Дисконт-борборунун ачылышы күтүлүүдө. Бул жерде ишкерлердин өтпөй калган товарлары арзандатылган баада сатыкка коюлат. Мындай дисконт-борборунун мүмкүнчүлүгү абдан күчтүү. Себеби, Новосибирск шаарындагы калктын саны 2 миллион болсо, анын тегерегинде жайгашкан аймактардагы адамдардын саны менен кошкондо 3 миллионго жетет. Бул цифра кардарлардын саны жетиштүү экендигин көрсөтүп турат. 

Биз менен ишкерлердин ортосундагы болгон кызматташтыкты эки түргө бөлсөк болот. Биринчиси, ар бир ишкер өз алдынча иш жүргүзүп, ижарачы катары биздин соода борбор менен өнөктөш болсо, экинчиси, биздин алдыбызда иш жүргүзөт.

Биз ар бир ишкер менен жекеме-жеке сүйлөшүп, иш алып барабыз. Сүйлөшүүлөрүбүз ийгиликтүү аяктап, кызматташуу чечими кабыл алынса, соода борборубузда көптөгөн жеңилдиктерди берүүгө даярбыз. Ал эми, ижара маселесине келгенде, соодагерлер алты айга чейин бекер орунда иштешет. Бул ишкер үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк. Ушул алты ай ичинде, ал толугу менен сооданын жүрүшү, анын келечеги тууралуу тастыктап биле алат. Алты айдан кийин иш илгерилеп кетсе, ижара акысы кирешенин он пайызын гана түзөт. Андан жогору болбойт. 

Өзгөчө басым жасап айта кетчү нерсе, бул абдан чоң долбоор. Атайын иш планы иштелип чыгып, белгилүү бир таянычтын, колдоонун алдында аткарылууда. Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасы дагы бул долбоорду колдогондордун арасында. Биздин негизги максатыбыз-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөр менен иш алып баруу. Андан сырткары, Турция, Вьетнам менен дагы тыгыз алака түзүүдөбүз. 

Бүгүнкү өткөрүп жаткан иш-чарабыздын башкы максаты, өз долбоорубузду кыргызстандык ишкерлерге, бул жакта иштеп жүргөн кытай ишкерлерине тааныштыруу. Албетте, дароо эле киреше түшүп, бардык пландарыбыз аткарыла калат дегенден алысмын. Иштин жыйынтыгын көрүү үчүн убакыт талап кылынат. Кандай иш баштабайлы аракет кылып, чоң күч жумшасак, эмгектин үзүрүн көрөбүз. Мен мындан да чоң долбоорлор менен иштешип келгем. Ошондуктан, эсебим боюнча 2018-жылдын жаз айларына чейин пландарыбыздын асты аткарылып калат деп ишенем. Бул долбоордун үстүндө, өз ишин мыкты билген адистер иш алып барууда. 

 Пономарев С. В., Кыргыз Республикасынын тейлөө тармагы жана соода-сатык ишканалар Ассоциациясынын президенти: 

Кыргызстандын ишкерлери жеңил өнөр жай продукциясын Россиянын рыногуна алып чыгууга мүмкүнчүлүк алышат” 

- Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоору дүйнө жүзүндөгү эң масштабдуу долбоор болуп саналат. Бул долбоордун жүргүзгөн саясаты Россия Федерациясынын, Кыргызстандын, Казакстандын ж.б. Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин саясатына да туура келет. Ошондуктан, мындай көлөмдүү экономикалык долбоорго биз дагы катышып, өз салымыбызды кошууну туура көрдүк.

Биз Кыргызстандагы Дордой, Мадина, Жунхай ж.б. соода тармактарында иштеп жаткан кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишкерлерге жаңы рынокторго чыгууга жардамчы болгубуз келет. “Нордмолл” соода түйүнү бул үчүн мыкты шарттарды түзүп берүүгө даяр. Биз эч качан бул жактын рыногун таштагыла дебейбиз, жөн гана кызматташтык алакабызды күчөтүп, ишмердүүлүктүн масштабын чоңойтууну ишкерлерге сунуштап жатабыз. Биз кытай ишкерлери, Кыргызстандагы Дордой базары менен дагы тыгыз кызматташтык алакадабыз. Ушул кызматташуу аралагында бир-бирибизге болгон ишенимди актадык десек болот. 

Кыргызстандын ишкерлери жеңил өнөр жай продукциялары менен Россиянын рыногун багынта алат. Мисалы, бул жактын ишканаларынын тиккен кийимдери, сапатынын мыктылыгы менен Россияда белгилүү. Ишкерлерге соода аянттарын сунуштоо менен бирге, мыкты шарттарды дагы түзүп берүүгө даярбыз. Азыркы, өнүккөн технологиянын заманында Бишкекте туруп эле Россиядагы соода аянтын көзөмөлдөп турууга мүмкүн. Ишкерлердин убактысын үнөмдөйт.Биздин бүгүнкү сунуш эки тарапка тең пайдалуу деп ойлойм. 

 “Нордмолл”-сунуштар жана жеңилдиктер 

1. “Нордмолл”-Россия Федерациясынын Сибирь аймагынын борборунда жайгашкан эң чоң дүң-чекене соода-логистикалык комплекси. 50 гектарды ээлеген 170.000 квадрат метр аянтында жайгашкан 3 көлөмдүү корпуска эгедер. 5000 машина токтотуучу орду бар жана дагы бир эл аралык автовокзал жайгашкан. 2016-жылы 11-майда соода борборунун 1-корпусу пайдаланууга берилген. 2-корпусу ошол эле жылдын 29-октябрь күнү ачылган. Ал эми, 3-корпусу атайын кытай ишкерлерине берүүгө даярдалып жаткандыгы белгилүү. 

2. “Нордмолл”-Сибирь аймагындагы дистрибьютердик тармактардын борбордук оператору. Бул соода борбору Россия Федерациясынын Сибирь жергесин толугу менен ичине камтып, Урал жана Ыраакы Чыгыш аймактарынын кээ бир бөлүктөрүн дагы тейлейт. Соода түйүнүнүн башкы максаты региондун чоң жана орто шаарларындагы соода өкүлдөрү аркылуу дистрибьютердик  тармактарды башкаруу болуп саналат. 

3. Новосибирск- Россиянын көлөмү боюнча 3-орунда турган чоң шаар. Сибирь аймагынын жана Россиянын географиялык борбору. Ал эми, Новосибирск облусу Россия Федерациясынын логистикалык аймагы болуу менен бирге, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандын рыногуна алып чыгуучу дарбаза болуп эсептелет (жалпы бажы аймагына ээ). 

4. Рынокту ээлөө. Дүң соода тармагы 25 миллион адамды тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми чекене соода тармагында болсо 3 миллион адам тейленет.

5. “Нордмолл” долбоорунун тейлөө программасы: Нордмоллдун соода өкүлдөрү аймактын бардык чоң шаарларынан орун алган. Андан башка, Омск, Томск, Кемеров, Новокузнецк жана Барнаул шаарларында дагы кездешет. Алардын башкы милдети: өз кардарларынын товарларын сатууга көмөкчү болуу менен бирге, башка россиялык агенттерди жана сатып алуучуларды табуу иштерин уюштуруу, аймактык суроо-талаптарды канааттандыруу, ар кандай иш-чараларды, форум, конференция, жаңы товарлардын көргөзмөсүн өткөрүп туруу. Жана дагы реклама, массалык маалымат каражаттары менен иштешүү, интернет тармактарында продукцияларды жарнамалоо ж.б. иштер менен алектенүү кирет. 

Мындан сырткары, ар бир чоң кардарга экиден менеджер бөлүнүп берилет. Алардын бири, жашоо-шартка байланыштуу бардык суроолорго жооп берсе, экинчиси бренд-маркетинг жана продукцияны алдыга жылдыруу боюнча кеңештерин берип, ишине жардамчы болот. Эгерде кардар Россия Федерациясында өз ишканасын ачууну кааласа, юридикалык жактан маселелерин чечип бере алат. Чет өлкөлүк жана россиялык жумушчуларды тандоодо, үйрөтүүдө дагы өз жардамын сунуштайт.

6.  Нордмолл сырттан келген ишкерлердин бардык маселелерин чечүүнү өз мойнуна алат. Аларга маркетинг жана аналитика жүргүзүү иштери боюнча кеңеш берүү, миграциондук колдоо ( жумушчу визасын жасап берүү), товарлардын жарманкесин уюштуруу. Юридикалык жана каржы маселеси жагынан жардам көрсөтүү, турак жай боюнча маселелерди чечип берүү, коопсуздугун камсыз кылуу-бул дагы Нордмолл долбоорунун кызматынын ичине кирет. Ишкерлерди соода түйүнүнө алып кетип жана алып келип туруу үчүн транспорт маселеси дагы каралган. Себеби, дүң соодасы түнкү бирде өз ишин баштайт.

 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)