WeChat      Избранное

Ху Юе: “Жолдошум менен бирге болуу, ага турмушка чыгуу мен үчүн чоң бакыт”

14/08/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Ху Юе: “Жолдошум менен бирге болуу, ага турмушка чыгуу мен үчүн чоң бакыт”

“Сүйүктүү жубайым менен бирге”

Ар бир адамдын жашоосунда эң баалуу, бактылуу көз ирмемдер болот. Алардын арасынан абдан маанилүүлөрү той, балалуу болуу, кыз узатып, келин алуу болсо керек. Биз бүгүн, ушул саптын башында турган үйлөнүү той тууралуу, тактап айтканда, кытай элинин маданиятындагы үлпөт той жөнүндө жазууну чечтик. 

Кытай маданияты өзүнүн тереңдиги, өзгөчөлүгү жана тарыхынын узундугу менен айырмаланып келет. Ошондуктан, бул элдин үйлөнүү той маданияты тууралуу бир жактуу айтууга болбойт. Анын көп түрдүүлүгүн эки кагаз бетинде толугу менен ачып берүү дагы мүмкүн эмес. Себеби, көп улуттуу кошуна мамлекеттин ар бир провинциясында, булуң-бурчунда бир-бирине такыр коошпогон, айырмаланган үйлөнүү маданияттары кездешет. Ал гана эмес, Кытай мамлекетинин негизги улуту катары эсептелген хань элдеринде дагы, жашаган аймактарына жараша өзгөчөлүктөрдү жолуктурууга болот. 

Биздин гезитке, Кытай Эл Республикасынын жараны, байыркы кытай тарыхынын цинь жана хань доорлору боюнча адис, тарых сабагынын мугалими Ху Уие өзүнүн үлпөт тою боюнча кенен маалымат берип, Кытай жергесиндеги Шаньси жана Хэбэй аймактарындагы үйлөнүү маданиятына токтолуп өттү. 

Батыш жана кытай маданиятын айкалыштырган-үлпөт тойлор

- Азыркы учурда Кытай жергесиндеги үйлөнүү тойлору эки доорду айкалыштырып майрамдалат десек болот. Батыштын үлпөт той маданияты жана Кытайдын байыртан келе жаткан, кылымдарды карыткан үйлөнүү маданияты биргеликте колдонулуп келет. Бирок, баары бир салттуу Кытай үйлөнүү каада-салттары эл арасында басымдуулук кылат. 

Мурунку мезгилде, баш кошкон эки жаштын жашаган аймагы бир болуп, каада-салттарында өзгөчө айырмачылык деле болгон эмес. Ал эми азыр болсо, көп себептерден улам ар башка жерлердин жаштары үйлөнүп, тойлордо аймактык өзгөчөлүктөр көп жолугат. Бул дагы болсо кытай элинин маданиятынын тереңдигинен жана анын көп түрдүүлүгүнөн кабар берет. Бир мамлекетте, Кытай Эл Республикасында жайгашса да, бир-биринен кескин түрдө айырмаланган каада-салттарды жолуктурууга болот. 

Мисалы, мен өзүм Шаньсиде төрөлүп өскөм. Ал эми жолдошум Хэбэй жергесинен болот. Ошондуктан биздин той Шаньсинин дагы, Хэбэйдин дагы каада-салттары жуурулушкан үлпөт тою болду. Мындай эки маданият айкалышкан тойлор, бүгүнкү күнү Кытай жергесинде кадыресе эле көрүнүш болуп эсептелет. 

“Жашоомдогу эң баалуу көз ирмем”

- Жолдошум экөөбүз жумуш үстүнөн тааныштык десек болот. Экөөбүз тең мугалимдик кесипти аркалайбыз. Бир мектепте иштейбиз. Алгачкы таанышканда жөн гана кесиптеш катары сүйлөшүп, өзгөчө деле мамилебиз жок болчу. Бирок, убакыттын өтүшү менен, менин эң жакын адамыма айланды. Оор басырыктуулугу, мага кылган мамилеси аркылуу ал мени багынтты десем болот. 

Аты Пэн Туо. Негизи мүнөзү кыялкеч эмес, азыркы убакта Кытайда өнүгүп жаткан өзгөчөлөнгөн, үйлөнүү сунушун деле кылган жок. Жөнөкөй эле кырдаалда шакек тагып, колумду сурады. Бирок, мен үчүн бул көз ирмем эң баалуу жана дагы абдан толкунданткан учур болду. 

Ху Юе: “Жолдошум менен бирге болуу, ага турмушка чыгуу мен үчүн чоң бакыт”

“Болочок жолдошумдун үйүнө кирип бараткан мезгил”

“Жаш курактын чүчбаралары”-үйдүн ээси ким? 

- Той негизинен үч күндүн аралыгында өткөрүлөт. Биздин майрам дагы калыптагыдай эле үч күндү ичине камтыды. Үйлөнүү тоюна карата менин жакындарым, ата-энем, туугандарым жана досторум бардыгы Хэбэйге келишти. Ал жактан бир үйдү арендага алып тойго даярдык көрө баштадык. 

Биринчи күнү, туугандар, достор келип айлана-чөйрөнү тазалап, жыйнап чыгышты. Экинчи күнү, майрамга даярдык көрүшүп, короо-жайды кооздоп, үйдү өзгөчө маанайга бөлөштү. Үчүнчү күнү болсо, бардыгыбыз күткөн той болду. 

Хэбэйде тойдон бир күн мурун аткарылчу, салтка айланган ырымдары жок экен. Ал эми, менин кичи мекенимде кызыктуу бир ритуал бар. Бул күнү эки үйдө тең атайын той чүчбаралары даярдалды. Бул даам “жаш курактын чүчбарасы” деп айтылып, жаш жубайлардын жаш курагына байланыштуу болот. Бул иш түнкү 12ден кийин жасалышы керек. Менин жашым 28де болгондуктан мен 28 чүчбара жана асман менен жерге арнап бирден чүчбараны кошкондо 30ду жедим. 

Пенг Туо дагы өз үйүндө ушул ырымды кылды. Ал 32де болгондуктан жалпысынан 34 чүчбара жеди. Негизи ишеним боюнча ким тамакты бат-баттан жесе, үйдүн акча каражатын ошол кармайт деп коюшат. Мен абдан тез жегенге аракет кылдым. Бирок экөөбүз эки жакта болгондуктан, кимибиз биринчи жеп түгөткөндүгүбүз белгисиз болуп калды.

Хонг бао, таттуу жашоонун символу жана жамандыктан арылткан оймоктор

- Биз той күнү таң атпай саат беште эле туруп, жакындарым келчү конокторду тосуп алуунун камында болушту. Мага болсо, курбу кыздарым жардам берип, сулуулантып, көйнөгүмдү кийгизип, шаан-шөкөт ичинде өз алдынча даярданып жаттык. Бул күнү мен, жакындарым  абдан толкундандык. Ал эми жолдошумдун достору, туугандары таңкы саат жетиде эле үйдүн алдына келишти. Биз тарап эшикти бекитип, аларды бир топ эле убаракерчиликке салышты. Мен тууралуу берилген суроолорго туура жооп берген жолдошум, ката кетирбесе дагы, баары бир ырымын кылып ар бирине “хонг бао” тартуулады (Хонг бао-Кытайда майрамдарда белекке берилчү акча салынган конверт). Андан соң аны үйгө киргизишти. 

Мен жигитим келгиче үлпөт көйнөгүмдү кийип даярданып бүткөм. Бирок салт боюнча бут кийимимди кийген жокмун. Себеби, бул күнү аяк кабымды жигитим өз колу менен кийгизүүсү керек болчу. Ал кийгизип болгондон кийин, мага бир момпосуй берди. Аны мен ырым боюнча жеп түгөттүм. Себеби, ал биздин “жашообуздун таттуу болушунун символу” катары тартууланган баалуу момпосуй эле. Бул дагы мен үчүн абдан кызык болду. 

Андан кийин жерге кичинекей шыпыргы коюп, анын үстүнө тыйындарды ташташты. Салт боюнча шыпыргынын үстүнөн тыйындарды басып, жерге бутумду тийгизбей аттап өттүм. Ошентип, ушундай эрежелерди аткарган соң,  бардыгыбыз чогуу эстеликке сүрөткө түштүк. Кызды алып кетүүдөгү ушундай бир жагынан кызыктуу, бир жагынан маанилүү ишенимдерди жасадык.

 Эң соңунда, үйдөн чыгып бара жатканымда апам мага бир канча оймок берди. Бул оймоктун дагы мааниси зор. Эгерде, биз жол үстүнөн дагы бир, биздей той өткөрүп келе жаткан жаш жубайларга жолугуп калсак анда, ошол оймокторду жолго ыргытуум керек болчу. Себеби, башка үлпөт тоюна жолугуу бизде жакшылыкка жорулбайт, жамандыктын жышааны болуп эсептелет. Ошондуктан, оймокторду ыргытуу менен бирге мен, жамандыкты дагы кошо жолго таштамакмын. Тилекке жараша андай учурга кабылган жокбуз. 

Ху Юе: “Жолдошум менен бирге болуу, ага турмушка чыгуу мен үчүн чоң бакыт”

“Бакыттын даамы”-“Zao sheng guizi”

“Zao sheng guizi”

- Хэбэй жергесинде үлпөт тоюна арналган кызыктуу салттары бар экен. Алардын бири той күнү кечинде жаш жубайлар үчүн төшөк салууга кадыр-барктуу жеңелер шайланып, алар төшөк салуу учурунда жаштарга эң жылуу сөздөрүн айтып, каалоо-тилектерин билдиришет экен. Бизге дагы куттуктоолорун айтып жаткан мезгилде, мен өзүмдү абдан бактылуу сездим. Досторуң, туугандарыңдан башка, улуу, сыйлуу жеңелерден жакшы сөз угуу мен үчүн абдан жагымдуу болду.

Кытай үйлөнүү тоюнда “Zao sheng guizi” аттуу салт дагы абдан баалуу. Бул сөздөрдүн мааниси “эрте балалуу болгула” дегенди билдирет. Бул жөн гана каалоо-тилек катары айтылбастан төрт түрдүү даамдардын түрү менен түшүндүрүлөт. Ар бир тамактын атында “zao”, “sheng”, “gui” жана “zi” деген сөздөр катышат. 

Менин кайын энем дагы тарелкага ушул даамдарды тизип, мага өз колу менен ар биринен жедирди. Берип жатканда бизди алкап дагы, бакыт каалап дагы жакшы сөздөрүн айтып жатты. Бул салт кандайдыр бир деңгээлде кайын эне менен келиндин ортосундагы эң алгачкы жакындыкты, эне-бала сезимин билдирет деп ойлойм. 

Мындан сырткары, төшөк үстүнө дагы бул даамдар жүрөкчө иретинде кооздолуп тизилет.  

“Ата-энемди, жалгыз бир тууган инимди таштап кетүү оор болду”

- Хэбэй менен Шаньсинин ортосундагы аралык 300 км. Биз Хэбэйден тойду өткөрүп бүткөн соң Шаньсиге барып дагы бир ирет той жасадык. Өзүмдүн балалыгым, бактылуу күндөрүм өткөн Шаньсиден кайра жолдошумдун жергесине кайтып келүү, мен үчүн эң оор мезгил болду. 

Ал жактан майрам бүткөндөн кийин мен өзүмдүн башка үйдүн бүлөсү болгонумду түшүндүм. Абдан ичим ачышты, ата-энемди, жалгыз бир тууган инимди таштап кетүү эмнегедир кыйын болду. Алардан алыстаганымды,кыз бала үчүн өз үйүнөн турмушка аттануу учуру эң оор көз ирмем экендигин ошол күнү сездим. Жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө бирөөнүн колуктусу болгонумду толук билип турдум. Бул учурду тойдон жакпаган нерсе деп айта албайм. Бирок, терең ойго салган мезгил деп атаар элем. 

Ху Юе: “Жолдошум менен бирге болуу, ага турмушка чыгуу мен үчүн чоң бакыт”

“Өз тоюнда ар бир кыз бала сулуу болуусу абзел”

Үйгө кирген кут

Кытай жергесиндеги үйлөнүү маданияты тууралуу кызыктуу фактылар...

Кытайда байыртадан бүгүнкү күнгө чейин сакталган салттардын бири бул-жаш жубайлардын бөлмөсүнөн баштап, эшигинин сыртына чейин илинген “Си” - “Бакыт” иероглифи. “Бакыт” тамгасы кыздын үйүндө жалгыз жазылса, жигиттин үйүндө кош тамга болуп берилет. Себеби, “үйгө келиндин кириши менен бакыт эки эсеге көбөйдү” дегенди түшүндүрөт. 

Салттуу Кытай үйлөнүү тоюнда үйдүн жасалгасынан баштап, колуктунун кийиминен бери кызыл түстө болушу зарыл. Анткени, кошуна элде кызыл түс “бакыттын өңү” катары белгилүү.

Мурунку убактарда жигит тарап кыздын үйүнө атайын жуучу жиберээрден мурда, кыздын аты-жөнүн, туулган датасын такташкан. Анан күчтүү жылдыз эсептегичтердин жардамы менен эки жаштын бир-бирине дал келээрин такташкан. Ушундай ыкманы той ээлери үлпөттүн датасын белгилегенде да колдонуп келишкен. Алардын эсептөөсү боюнча кайсы күн бактылуу деп табылса, ошол күнү майрам өткөрүлгөн. 

Тойдун өтчү күнү белгилүү болгондон кийин, жигит тарап кыздын үйүнө тойдун датасын айтуу менен бирге, көптөгөн белектерди тартуулашкан. Белектер менен кошо буудайдан жана күрүчтөн жасалган нандар кошо келген. Ал нандарды кыз тарап тууган-туушкандарына таратышкан. Бул тойго даярдык көрүүнүн белгиси катары кабыл алынган. 

Ху Юе: “Жолдошум менен бирге болуу, ага турмушка чыгуу мен үчүн чоң бакыт”

“Жигитимдин курбуларымдын сынагынан өтүп, үйгө кирген убагы”

Салттуу Кытай үйлөнүү тоюнда кыздын себине сөзсүз түрдө кайчы, гүл салынган ваза, ар түрдүү жемишке ичи толтурулган идиш жана акча-тыйынга толгон карапа берилген. Кайчы-жылуулук менен кубанычты билдирип, ажырагыс, бир бүтүндүн символу болсо, ваза-тынчтыктын, жемишке толгон идиш-береке-молчулуктун, ал эми карапа болсо жетишкен жашоонун белгисин билдирген. 

Жигит кыздын үйүнө барганда, ага кыздын колдонгон куайцзыларын (тамакка колдонуучу таякчалар) беришет. Бул ишарат “эркек балалуу болгула” дегендин белгиси болуп эсептелген. Ал эми, келин үйгө кирип жатканда астына буудайды жана күрүчтү береке-молчулуктун символу катары чачышкан. Кыздын үлпөт көйнөгүнүн артына күзгүлөрдү бекитип, жин-шайтандан коргойт деп ишенишкен. Жигиттин үйүнүн босогосуна ээр коюлуп, кыз бала аны аттап өтүүгө милдеттүү болгон. Себеби, ээр тынчтыктын белгиси болуп эсептелген.  

Убакыттын өтүшү менен, батыштын таасиринин астында кытай элинин үлпөт той өткөрүү маданияты дагы көптөгөн өзгөрүүлөргө туш болду. Бирок, кытайлар байыртан келе жаткан салт-санаасынын негизги бөлүгүн сактап кала алышты. Себеби, бул эл башкалардан өзүнүн маданиятын, тарыхын, салтын сактоо жана урматтоо жагынан ар дайым алдыда болуп, ата-бабадан калган мурасты коргоп, ага камкор мамиле кылуусу менен айырмаланып келет. 

Ху Юе: “Жолдошум менен бирге болуу, ага турмушка чыгуу мен үчүн чоң бакыт”

“Кытай маданиятындагы “Бакыттын тамгасы”

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)