WeChat      Избранное

Веер-көркөм кол өнөрчүлүк искусствосу

14/08/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Веер-көркөм кол өнөрчүлүк искусствосу

Чарчоону айдаган сыйкыры бар кытай веери.  

Август болуп калса да, күндүн табы кайтпай, канча жылдан бери боло элек ысык аптап баарыбызды кыйнап жаткан мезгил. Шаар тургундары көлөкө гана эмес, үлп эткен жел издеп турган кез. Ушундай мезгилде, аялзатынын эң жакын “жандоочулары” веер (желпингич) жана кол чатыр болууда. 

Мурунку учурда, Бишкекте веер мынчалык деңгээлде көп  колдонулган эмес.  Азыр болсо, улуу эжелерден баштап, жаш кыздарга чейин көтөрүп, кыргыз аялзатынын аксессуарларынын ажырагыс бир бөлүгүнө айланып жаткан кези. Мына, ушул себептерден улам кытай веерлери тууралуу окурмандарыбызга маалымат берүүнү чечтик.

Мен Кытай жергесинде окууга бара электен мурда веер тууралуу маалыматым деле жок болчу. Чындыгын айтканда, кызыгып көргөн эмесмин. Ал эми Кытайда билим алып, анын маданиятын жакындан тааный баштаганымда веер тарыхы мага өзгөчө кызык келди. Анын жасалышы, түсү, бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдүн түпкү мааниси, ар бири өзүнчө тарых, терең ой экендигин түшүндүм. 

Веер-көркөм кол өнөрчүлүк искусствосу

Сулуулук менен коркунучту айкалыштырган-согуштук курал веери.

Желпингичтен искусство түрүнө айланган Кытай веери

Кытай веердин мекени болуп эсептелет. Кытай веерлери өзүнүн 3000 жылдык тарыхына, терең философиясына ээ. Бул тууралуу абдан көп уламыштар эл арасында жашап келет. 

Алардын биринде, веерди жер үстүнө Шамалдын кудайы алып келген деп айтылат. Ал жерди кыдырып жүрүп адамзаттын тарткан азабын көрүп, боору ооруп адамдарга сыйкырдуу веерди тартуу кылган. Уламыш боюнча азапка баткан киши, веерди колдонуу менен бирге Шамалдын кудайын жардамга чакыра алат деп айтылат.

Эң алгач, күндүн ысына чыдабаган учурда, аба жетпеген мезгилде желпингич катары колдонулган буюм, убакыттын өтүшү менен искусствонун предметине айланган. Кытай жергесинде болсо искусство укмуштуудай тездик менен өнүгүп, жаңыланып турган. Веердин тарых барактары дагы көбөйүп, алгач жыгачтын сөңгөгүнөн кармагыч жасалып, баш жагына куш канаттарынын топтому тагылган көлөмдүү веер, убакыттын өтүшү менен колдонууга ыңгайлаштырылып жеке гана желпингич катары эмес, бүтүндөй бир искусствону ичине камтыган буюмга айланган. 

Кайсы бир мезгилдерде веер император сарайы, аристократтар гана колдонгон баалуу буюм болгон. Бирок, мезгилдин өтүшү менен карапайым калк арасына да кеңири тараган. 

Веер калктын бардык катмарына кенен сүңгүп кирген, бирок чыгармачыл чөйрөнүн (окумуштуу, философ, акын-жазуучу, сүрөтчү) адамдары үчүн эч нерсеге алмашкыс буюмдун ордун баскан. Себеби, бир гана аба желдеткичи болбостон, кагаз катары дагы колдонулуп, жакшы бир ойлорду бетине жазууга, сүрөттөрдү тартууга, төрт сап ырларды түшүрүүгө мүмкүн болгон. Ушундай мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн арты менен веер, бат эле көз жоосун алган көркөм кол өнөрчүлүгүнүн буюмуна айланган. 

Кытай веерлеринин жеке өзүнө гана тиешелүү улуттук өзгөчөлүктөрү бар. Веердин бетинен ыр тизмектери менен бирге көркөмдөлүп тартылган сүрөттөрдү көрүүгө болот. Жана дагы, ар бир провинция өзүнө гана таандык стили менен мактана алат. Бул багытта дагы да болсо өнүгүүлөр болуп, веер замандан-заманга өзгөрүүгө учурап, искусствонун заманбап түрүнө да айланып келет. 

Бүгүнкү күнү, Кытай жергесинде кары адамдар жай мезгилинде колунан веер түшүрүшбөйт. Парктарга бийге барганда, үйдүн алдында эс алууда отурганда да ар дайым желпингичтерди ала жүрүшөт.

 Алар негизинен бетине жаратылыш тартылган, белгилүү ойчулдардын сөздөрү жазылган, төрт сап ырлар түшүрүлгөн веерлерди колдонушат. Веер бул-салттуу кытай маданиятынын көркөм кол өнөрчүлүгү деп койсок болот. 

Кытай Эл Республикасы учурда, веерди экспорттоо боюнча бирден-бир алдыңкы мамлекет болуп саналат. Веер жасоо менен адистешкен Кытайдын чеберлеринин даңкы дүйнөгө тараган. Алардын бир Ханчжоудан чыккан адис. Ал дүйнөнү дүңгүрөткөн Кристиан Диордун “Диор” аттуу француз мода үйү менен келишим түзүп, аларды веер менен камсыз кылып турат. 

Веер түрлөрү жана анда камтылган философия

Убакыттын өтүшү менен веер дүйнө маданиятынын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Аны заманбап аксессуар же болбосо бөлмөнү кытай стилинде жасалгалоодо дагы колдонуп жүрүшөт. Веердин көп түрдүүлүгү аны каалагандай тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. 

Кытай веерлери формасы, түзүлүшү, көлөмү, тематикасы, бетине түшүрүлгөн сүрөттөрү аркылуу дагы бир-биринен айырмаланат. Анын бетиндеги сүрөттөлүштөрү философиялык маанини билдирип, ар качан жаратылыш, канаттуулар, чымчыктар аркылуу ийгиликтин, сүйүүнүн, бакыттын символун даңазалап келет. Алар ар түрдүү материалдардан: желим, жыгач, жибек, кагаз ж.б.кымбат баалуу кездемелерден дагы даярдалат. 

Өз колу менен веер жасоону каалагандар болсо, аны сандал жыгачынан жасоо сунушталат. Сандалдын жыты уйкусуздукту жоюп, маанайдын көтөрүлүшүн шарттайт. 

Мындан сырткары кытай маданиятында веер согуштук курал катары дагы колдонулгандыгы тууралуу көптөгөн маалыматтар бар. 

Веердин бетине түшүрүлгөн сүрөттөр өзүнө бакыт, ден соолук, ийгиликти тартып турат деген ишеним бар. Ошондуктан жакын адамдарга веерди белекке берүү эң мыкты тартуу катары кабыл алынат. Мисалы, кытай веерлеринде орун алган турнанын келбети, узак өмүрдүн белгиси болсо, ал эми ага тартылган кеме ишкерлик жаатында байлыкты жана ачык жолду өзүнө тартып турат, лотос, сакура, павлиндин сүрөттөрү-сүйүүнүн символун билгизет. Кытай веерлери өзүнүн өзгөчө кооздугу менен гана маанайды көтөрбөстөн, чарчоону унуттуруп, депрессияны дагы жоюуга жардам берет. 

Веер-көркөм кол өнөрчүлүк искусствосу

Веер бийи-кошумча сулуулук.

Веер бийи-сыйкырдуу дүйнө 

Веер бир жактуу жана эки жактуу дагы болушу мүмкүн. Эки жактуу веерлер негизинен веер бийи үчүн колдонулат. Кытай жергесиндеги веер бийи эстен кеткис көрүнүш. Кооз кийимдер, ачылып-жабылган веерлер, укмуштуудай кооздуктагы сүрөттөр бир-бири менен жуурулушуп адамды сыйкырдуу дүйнөгө тарткандай сезим калтырат. 

Бийде веерлер бийчилердин кийимдерине көрк кошуу менен бирге, аларга кандайдыр бир назиктикти дагы берип турат. Бул гана эмес алар аркылуу сахнада каалаган көрүнүштү жасоого болот. Бийге колдонулган веерлер кымбат баалуу таштар менен дагы кооздолуп, аткарылып жаткан номерге кошумча эффект берип турушат. 

Түс оюндары 

Веердин өңү дагы өзүнчө бир мааниге ээ: 

- алтын түс-узак жашоо, түбөлүктүү өмүр

- кызыл өң-ийгилик

- жашыл-тынчтык жана үмүт

- күлгүн кызыл-сүйүү жана ишеним

- ак түс-жөнөкөйлүк


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)