WeChat      Избранное

Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!

31/08/2017  Источник:оригинал   шрифта:

21-август күнү Нарын облусунун Нарын шаарында “Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!” аттуу 5-Эл аралык инвестициялык форум өткөрүлдү. 

Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!

Форумдун катышуучулары.

Форумга Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин регион аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Нарын облусунун бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү, кайра иштетүүчү ишканалардын ассоциациялары, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын өкүлдөрү катышты. Жалпысынан алганда иш-чарада 100дөн ашык киши болду. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулду. Инвестициялык форум Нарын облусунун 2013-2017-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына жана Нарын ЭЭАнын (эркин экономикалык аймак) эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана региондун экономикасына инвестицияларды тартуу пландарына ылайык өткөрүлдү. 

Форумдун эң негизги максаты болуп-ата-мекендик жана чет элдик инвесторлорду тартуу менен тоолуу аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду турмушка ашыруу, калкты иш менен камсыз кылуучу жаңы ишканалардын соода-экономикалык байланышын чыңдоо, ошондой эле бир катар социалдык проектилерди ишке киргизүү болуп эсептелет. 


Форумдун жыйынтыгында эки меморандум кабыл алынды 

Форумду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн биринчи орун басары Асизов Касен ачып, облустун мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Соңунда катышуучуларга ийгилик каалоо менен бирге сөзүн жыйынтыктады. 

Андан соң куттуктоо сөз Кытай Эл Республикасынын Кашкар округунун партком секретарынын орун басары Хэ Юйге берилди. Хэ мырза өз сөзүндө, эки элдин кызматташтыгына токтолуу менен бирге, Кашгар округу тууралуу кенен маалымат берип кетти.  

Мындан сырткары, куттуктоо сөздөрү Беларусь Республикасынын Могилев шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Александр Потемкинге, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Эркинбек Касыбековго, Кыргыз Республикасынын Ага Хан өнүктүрүү тармагынын башчысы Шамш Кассим-Лакхага жана “Хьюмен Эппиэл Интернейшнл” эл аралык уюмунун президенти Али Айоубго берилди. 

Иш-чаранын жүрушүндө келген конокторго бир катар презентациялар тартууланды. Аларды атай кетсек, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин кеңешчиси Бакыт Өмүрзаков тарабынан “Таза коом” долбоору, Экономика министрлигинин аймак аралык башкармалыгы тарабынан   Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар. 

Кийинки презентациялар Нарын облусундагы долбоорлорго багытталды. Ат-Башы районундагы индустриалдык-логистикалык борборунун курулушу боюнча “Нарын” ЭЭАнын директору Гүлзат Абдырасулова, “Кочкор районундагы картошка сактоочу логистикалык борбордун курулушу” тууралуу “Кочкор логистик” кооперативинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев, ошондой эле “Шалбар” ЖЧКсынын тигүү ишмердүүлүгүнүн кеңейтилиши боюнча, аталган ишкананын директору Ырысбек Таштанбеков презентация өткөрдү. 

Иш-чаранын соңунда эки меморандумга кол коюлду:

1.Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана КР “Шелковый путь” ЖЧКсынын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча меморандум

2.Нарын облусундагы ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана “Кипарис” ЖЧКсы менен кызматташтыгы боюнча меморандум 


Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!

Кытай Эл Республикасынын Кашкар округунун партком секретарынын орун басары Хэ Юй.

Хэ Юй, Кытай Эл Республикасынын Кашкар округунун партком секретарынын орун басары: 

“Эки мамлекеттин жетекчилиги тарабынан көтөрүлгөн, эки тараптуу кызматташуу мамилесин ар дайым колдойбуз жана өнүктүрөбүз” 

- Бүгүнкү күнү тоолуу Нарын шаарында өткөрүлүп жаткан, “Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!” аттуу 5-инвестициялык эл аралык форумунда сиздер менен жолугушуп жаткандыгыма абдан кубанычтамын. 

Кыргызстан менен Кытайдын достук алакасы узак тарыхты ичине камтыйт. 1992-жылы дипломатиялык  мамиленин түзүлүшү менен эки өлкө ар качан бир-биринин кызыкчылыгына колдоо көрсөтүп, ишеним алдындагы тыгыз кызматташтыкта болуп келет. Кыргызстан бир канча маанилүү Эл аралык уюмдардын мүчөсү болуу менен бирге, экономикалык Жибек жолу алкагында дагы бараандуу орунду ээлейт. 

Кытай Эл Республикасы Кыргызстан менен болгон кызматташтыктын активдүү өнүгүшүнө ар дайым кызыкдар. 2013-жылы сентябрь айында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон официалдуу иш сапары буга толук далил. Ошол жолугушууда, эки өлкөнүн мамлекет башчылары көптөгөн маселелерди талкууга алып,  эки тараптуу кызматташтыктын, соода-экономикалык тармагындагы инвестициялоо багыттарына токтолушкан. Эки өлкөнүн жетекчилеринин бул жолугушуусу, достук маанайда өтүп, азыркы болуп жаткан кызматташтыктын өзөгүн түзгөн десек да болот. 

Ал эми СУАРдын Кашгар округуна токтоло турган болсок,  Кашкар Кыргызстан менен чектеш чек ара тилкесине ээ болуу менен бирге, мурунтан бери маданий жана экономикалык тыгыз байланышта болгон салттуу алакага эгедер. Торугарт жана Эркечтам байыртадан бери Улуу Жибек жолунда жайгашкан маанилүү өтмөктөрдөн болуп эсептелет. 

Акыркы жылдары, эки өлкө ортосундагы жана жарандар арасындагы тыгыз байланыштын арты менен ар тараптуу кызматташтыктар  бекемделип, саясат, экономика, соода-сатык  жана маданият тармактарында жогорку деңгээлде өнүгүү болуп жатат. Кашгар аймагы Ош жана Баткен облустары менен кызматташтык мамилесин өнүктүрүп келет. 

2015-жылдын август айында Кашкар Эркин экономикалык аймагы менен Нарын Эркин экономикалык аймагы ортосунда маалымат алмашуу, эки тараптуу логистикалык борбордун курулушу, инвестициялоо жана дагы башка кызматташтык аспекттерин өнүктүрүү максатында “Достук меморандуму” кабыл алынып, кол коюлган. 

Кашгар аймагында бир шаар жана он бир уезд жайгашкан. Калкынын саны  4,5 миллионду түзөт. Региондо 13 улуттун өкүлдөрү достук жана тынчтык ичинде жашашат. Бул жерден ар түрдүү маданияттын көркөмдүгүн, бир канча маданияттын бир арага топтолгондугун көрүүгө болот.

Айыл чарбасы тууралуу айта кетсем, биздин аймак берекелүү келип түшүмдүү жерге жана сууга бай. Пахта, өрүк, жаңгак, кытай курмасы, жүзүм ж.б. түшүмү мол болуп, Кашгардын экономикасына өз салымын кошуп келет. 

Туризм тармагы үчүн дагы Кашгар жергеси эң ыңгайлуу аймак болуп эсептелет. Бекеринен “СУАРда болуп, бирок Кашгарды көрбөсөң, анда СУАРда болдум деп эсептебей эле кой” деп айтылбаса керек. Биздин жергенин тарыхы узун, маданияты терең. Орто Азия боюнча эң чоң базар Кашгарда жайгашкан. 

Азыркы тапта, Эркин экономикалык аймак болгон Кашгар жергесинде 900дөн ашуун компания каттоодон өтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Инвесторлор үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. 

Биз бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жыйынтыгында бардык маанилүү маселелер боюнча макулдашууга жетишебиз деген үмүттөбүз. Эки мамлекеттин жетекчилиги тарабынан көтөрүлгөн эки тараптуу кызматташуу мамилесин ар дайым колдойбуз жана өнүктүрөбүз. 

Мындан сырткары, биз “ак ниеттик, боорукердик жана ачык-таза” концепциясын дайыма колдоп келебиз. Алдыда, Кашгар жергесинде өткөрүлө турган жарманкеге бардыгыңыздарды чакырабыз. Ал жакта экономика жана соода-сатык багытындагы  сүйлөшүүлөр, туризм, академиялык алмашуулар жана дагы башка тармактардагы кызматташуу маселелери талкууланмакчы. Сөз соңунда, бүгүнкү болуп жаткан иш-чаранын ийгиликтүү жыйынтыкталышына тилектештигимди билдирип кетким келет. 


Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!

Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин регион аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев.

Зайнидин ЖУМАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин регион аралык башкармалыгынын башчысы:

 “Ат-Башы жергесинде курулчу логистикалык борбордун келечеги кең” 

- Бүгүнкү өтүп жаткан форумдун негизги максаты Нарын облусуна инвестицияны тартуу болуп эсептелет. Бардыгыбыз билгендей Нарын облусу негизинен айыл чарбасына багытталып, мал чарбачылыгы менен алектенет. Ошондуктан, мал чарбачылыгынын продукциясын биз жеке гана Кыргызстандын ичине чыгарбастан, сыртка, чет мамлекеттерге чыгарууда дагы бул форум чоң бир өбөлгө болууда. 

Мындан сырткары, Нарын облусу Кытай Эл Республикасы менен чектеш жайгашкан. Өзүңөр билгендей, Кыргызстан Кытай менен 1100 км узундукта чектешип, анан анын бир коридору Торугарт өтмөгү аркылуу өтөт. Азыр Ат-Башы аймагынан эки жүз гектар жер бөлүнүп, ошол жерге чоң соода түйүндөрүн, логистикалык борборлорду жана өндүрүш ишканаларын куруу иштери каралып жатат. Ал жерде чек арачылар жайгашып, кампалар курулат, транспорт системасы да болот. Анан албетте, лаборатория да болушу абзел. Сапаты жагынан эл аралык деңгээлге жооп берген продукцияны сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Биз азыркы тапта, бажы биримдигине мүчөбүз. Мурун биздин рынок бир эле Кыргызстандын ичинде болсо, ал эми, учурда беш өлкөнү камтып турат. Булар Россия, Казакстан, Армения, Белорусия жана Кыргызстан. Ошондо, 180 миллион калктын рыногуна Кытайдан келген продукция, же болбосо өндүрүш иштерин биздин аймакта жайгаштыра турган болсо, анда “Кыргызстандан өндүрүлгөн” (made in KG) деген ат менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге, бажы төлөмү жок киргизгенге мүмкүнчүлүк алышат. 

Мындан сырткары, биздин продукция болобу, Бажы биримдигинин курамындагы өлкөлөрдүн товары болобу, эгерде биз Кытайга экспортко чыгара турган болсок, ошондо ушул логистикалык борбордон Кытайга чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк пайда болот. 

Ушулардын негизинде, форумдун дагы башкы темасы инвестицияны тартуу болуп жатат. Бул долбоордун келечеги кең. Жеке гана Нарын облусу үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ.  


Касен АСИЗОВ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн биринчи орун басары: 

“Биз ар дайым ишкерлерди колдоого даярбыз” 

- Мына, Нарын шаарында 5-инвестициялык форум өткөрүлүп жатат. Иш-чарага чакырылган конокторубуз, инвесторлорубуз негизинен келип беришти. Кечээ күнү, 20-августта дагы ар бир келген делегация менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкууладык. Күн тартибинде, алдыдагы аткарылчу пландар жана кандай багытта кызматташуу керектиги тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Айрыкча, Кытай Эл Республикасынан келген  делегациянын курамында  дагы авторитеттүү, маселе чече турган адамдар кириптир. Алар биздин облустагы айрыкча, мал чарба продукциясын кайра иштетүү, баалуу таштар менен иштөө сунуштарына абдан кызыгышты. Жакынкы арада, ушул багыт боюнча атайын ишкерлер тобу келип, ушул тармактарда иш жүргүзүүнү макулдаштык. 

Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан инвестициялык форум өз максатына жетти деп ойлойм. Анткени, форумдун катышуучулары Нарын жергеси менен, биз менен тыгыз кызматташтыкта болууга кызыкдар экендигин билдиришти. Анан өзүңүздөр күбө болгондой, иш-чаранын жыйынтыгында эки меморандумга кол коюлду. 

Биз ар дайым ишкерлерди колдоого даярбыз. Нарын жергесинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган ар бир ишкер менен тыгыз байланышта болуп, аларга ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү биздин башкы максат. Себеби, канча жаңы ишкана ачылса, ошончо жергиликтүү калк, жаштарыбыз иш менен камсыз болот. Ал гана эмес облустун бюджетине дагы кошумча пайда болмокчу. 

Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!

Кабыл алынган меморандумга кол коюу учуру.


Гүлзат Абдырасулова, Ат-Башы районундагы индустриалдык-логистикалык борборунун курулушу боюнча “Нарын” ЭЭАнын директору:

 “Чек ара соодасын өнүктүрүү заман талабы” 

- Биздин борбор негизинен Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда салына турган индустриалдык-логистикалык борбор.

Азыркы тапта, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Ошондуктан, өзүбүздүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, экспорттук байланыштарыбызды көтөрүү менен бирге, бизге кирген Евразия мамлекеттеринин товарын Кытайга жана Борбордук Азия мамлекеттерине экспорттоо үчүн Кыргызстан ыңгайлуу коридор болуп эсептелет. 

Ошол эле мезгилде кытай ишкерлери биздин жергебизге жайгашып, өндүрүштөрүн ачуу менен, Евразия аймактарына бажылык салыктардан бошотулган түрдө, сатыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат. Ушундай себептерден улам, чек ара соодасын өнүктүрүү заман талабы. Биз аркылуу Евразия өлкөлөрү Борбордук Азия мамлекеттерине чыга алат, соода байланыштарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул ишмердүүлүгүбүз толугу менен “Бир алкак-бир жол” долбооруна шайкеш келет. Бул башталып жаткан ишмердүүлүктүн, чектеш жайгашкан Кытай Эл Республикасынын Кашгар округу менен байланышты бекемдөөгө, андан сырткары Нарын облусун өнүктүрүүдө дагы таасири абдан зор болмокчу.   


Инвестициялык форумду өткөрүүнүн максаттары... 

1.Нарын облусунун жана Нарын ЭЭАнын имиджин эл аралык деңгээлде калыптандыруу;

2.Нарын облусунда экономикалык реформалардын стратегиясын ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдарды презентациялоо;

3.Нарын ЭЭАнын жетекчилигинин жана Нарын облусунун ишкер чөйрөлөрүнүн Кытайдын жана Казакстан, Россия, Беларусь Республикасынын ишкер чөйрөлөрү, инвестициялык фонддор, чет мамлекеттердин элчиликтери жана эл аралык уюмдар менен эл аралык байланыштарды активдештирүү жана региондун экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн түз байланыштарын уюштуруу. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)