WeChat      Избранное

​Аманбай КАЙЫПОВ: “Нарын аймагынын эт азыктарына жана балына Кытай рыногунда суроо-талап көп”

08/09/2017  Источник:оригинал   шрифта:

​Аманбай КАЙЫПОВ: “Нарын аймагынын эт азыктарына жана балына Кытай рыногунда суроо-талап көп”

Аманбай Кайыпов.

Сүрөттөр Интернеттен алынды

Акыркы жылдары Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык күндөн күнгө күч алып, чыңдалууда. Бардык тармакта эки тараптуу кызматташтык алакасын көрүүгө болот. Ушундай мамиле, жеке гана эки коңшу мамлекет ортосунда өнүкпөстөн, аймактар аралык дагы байланыштарды өөрчүтүүдө. 

Мына, ушундай  аймактык алаканы чыңдап келген атуулдарыбыздын бири Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов биздин гезитке Нарын облусу жана анын Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтыгы тууралуу маек куруп берди. 

- Кайсы мезгилден бери Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келе жатасыз?

- Мен Дордой компаниясында 18 жыл эмгектенгем. Андан соң Бишкекте шаардык Кеңешинде үч жолу депутат болуп шайлангам. Муну менен эле катар Бишкек шаарындагы шаардык Кеңешинин төрагалык кызматын дагы аркалап келгем.  Өкмөт тарабынан 2013-жылы Нарын облусуна ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып,  ошол мезгилден бери тоолуу Нарын жергесинде иштеп келүүдөмүн. 

​Аманбай КАЙЫПОВ: “Нарын аймагынын эт азыктарына жана балына Кытай рыногунда суроо-талап көп”

Таш-Рабат кербен сарайы, учурда дагы туристтердин сүйүктүү жери.

- Нарын облусу тууралуу жана Нарын аймагынын Кытай Эл Республикасы менен болгон байланышы, экономикалык тармактагы кызматташтыгы жөнүндө айтып берсеңиз?

- Нарын облусу Кыргызстандын бийик тоолуу жеринде жайгашуу менен бирге, территориясы жагынан дагы мамлекет боюнча эң чоң аймак болуп эсептелет. Жергиликтүү калктын 99 %ын кыргыздар түзөт деп айтсак да болот. Мындан сырткары Нарын облусу Кытай Эл Республикасы менен түштүк тарабынан чектеш жайгашкан. Байыркы Улуу Жибек жолунун боюнан орун алган. 

Буга чейин дагы Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен ар дайым достук мамиледе болуп, ар тармактарда кызматташтык алакасын түзүп, өнүктүрүп келген. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүктү алганына быйыл мына 26 жыл толду. Мына, ушул көз карандысыздык жылдары биздин ишкерлер Кытай менен тыгыз мамиледе болуп, көптөгөн ийгиликтерди жарата алды. Азыркы мезгилде дагы Нарын аймагынан чыккан ишкерлерибиз Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу району, анын ичинен өзгөчө Артыш, Кашгар аймактары менен кызматташтык мамиледе болуп, соода-сатык тармагын өнүктүрүп келишет.

Биз дагы, Нарын облусу өзүбүздүн кошуна болгон Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, Кашгар жергеси менен аймактар аралык кызматташтык мамилебизди өнүктүрүп келе жатабыз. Ушул үч аймак алакабызды бекемдөө максатында, убагында бир канча меморандумдарга кол койгонбуз. Эми, азырынча, бул кабыл алынган меморандумдардын кээ бири орундалып, тилекке каршы, кээ бири өз максатына жете албай турат. Иштердин мындай орундалбай турушуна экономикалык көз карандылык себепкер болууда. 

Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө болуп кириши менен Кытай мамлекети менен иштешүүгө дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Азыр биздин облустун Кочкор районунда “Ренессанс” аттуу бут кийим чыгаруучу фабрика иштеп жатат. Бул фабрика кытай ишкерлери тарабынан инвестиция кылынып, ишке киргизилген.  Эки-үч жылдан бери ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Жылдан жылга өнүгүп, кеңейип, өндүрүш өсүүдө. Буюрса, бул фабрика менен жакшы кызматташтык, жакшы иштер болуп жатат.

​Аманбай КАЙЫПОВ: “Нарын аймагынын эт азыктарына жана балына Кытай рыногунда суроо-талап көп”

Нарын шаарынын кире беришинен бир көрүнүш.

Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан ар жыл сайын сырттан жана Кыргызстандын ичинен тоолуу аймакка инвестиция тартуу боюнча эл аралык форум өткөрүлүп келет. Бул форумга Кытай Эл Республикасынан дагы көптөгөн инвесторлор келип катышып жүрүшөт. Алар менен тыгыз байланышта болуп, кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. 

Быйыл дагы, 2017-жылдын 21-августунда, Нарын облусунун Нарын шаарында “Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!” аттуу 5-Эл аралык инвестициялык форум өткөрүлдү. Бул иш-чарага сырттан Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Тажикстандын, Казакстандын өкүлдөрү келип катышып, Нарын жергеси менен жакындан таанышып кетишти. 

Кытай Эл Республикасынан келген делегациясынын башында КЭРдин Кашкар округунун партком секретарынын орун басары Хэ Юй мырза келди. Алар биздин облустагы, айрыкча, мал чарба продукциясын кайра иштетүү, баалуу таштар менен иштөө боюнча иштерге кызыкдардыгын көрсөтүштү. Чукул арада Кытайдан атайын ушул багыт боюнча ишкерлер тобу келип, иш жүргүзүү тууралуу макулдашылды. 

​Аманбай КАЙЫПОВ: “Нарын аймагынын эт азыктарына жана балына Кытай рыногунда суроо-талап көп”

Соң-Көлдүн атагы алыска, даңкы далайга жеткен. 

- Ат-Башы районуна курууга даярдалып жаткан индустриалдык-логистикалык борбору тууралуу айтып берсеңиз?

- Ат-Башы району Кытай Эл Республикасы менен Торугарт өтмөгү аркылуу чектеш жайгашкан. Ошол жакта, индустриалдык-логистикалык борборун курууну пландаштырып жатабыз. Эгерде бул планыбыз ишке ашып калса, Кытай Эл Республикасы менен байланышыбыз дагы да бекемделип, эки тараптуу кызматташтык өнүкмөкчү.                                                                              

Мен жакында эле Кашгар аймагына барып, ал жактын ишкерлери менен дал ушул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдим. Эгерде, биз ошол жерге логистикалык борборду курсак, кытай ишкерлерине бизде өз ишканаларын ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Борбор Нарын Эркин экономикалык аймагынын ичинде жайгашкандыгы үчүн сырттан келген ишкерлер бул жакка жасалып чыккан товарды эмес, ага колдонулуучу чийки заттарды гана алып келип, өз продукциясын өндүрүп чыгарууга жол ачылат. Ал эми, чийки заттын бажы салыгы товарга караганда бир кыйла арзанга түшөт.

22-май 2015-жылы Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдигине толук мүчө болуп кирген. Бул, демек,  Кыргызстан 180 миллиондук рынокко кирүүгө мүмкүнчүлүк алды дегенди түшүндүрөт. Муну менен катар Кыргызстанга ЕАЭСке бажы төлөмүсүз продукцияларын чыгарууга жол ачылды. Ошондо, кытай ишкерлеринин продукциясы Кыргызстан аркылуу Европа өлкөлөрүнө, Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге бажы төлөмүсүз чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Ошол эле мезгилде, бул борбор аркылуу биздин ишкерлердин продукциясы дагы Кытай рыногуна эркин чыга алат. 

- Кытай рыногуна Нарын облусу кандай продукцияларын экспорттой алат?

- Кытай рыногунда биздин продукцияларыбызга суроо-талап көп. Себеби, алар экологиялык жактан таза болуп эсептелинет. Нарын облусун алсак, биз мал чарбачылыгы менен алектенген аймак болуп эсептелебиз. Ошондуктан, эттин эң мыктысы бизде өндүрүлөт. Мындан сырткары, жогорку сапаттагы, эл аралык деңгээлге жооп берген балды дагы чыгарып келебиз. Бул продукциялардын бардыгын Кытайга чыгарууга толук мүмкүнчүлүгүбүз болот. Ал гана эмес, таза, дарылык касиетке ээ минералдык сууларыбызды дагы экспорттоого  мүмкүн. Ушул багытта дагы кызыккан кытай ишкерлери бар.

Ошондой эле,  тоо-кен байлыктарыбыз дагы кошуна элдин ишкерлерин кызыктырып келет. Жакынкы арада, Жогорку Нарын ГЭСи курулуу алдында турат. Ошондой эле бул жерге мини-ГЭСтерди курууга дагы мүмкүн.

- Алдыда пландалып жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралы тууралуу оюңузду айтып берсеңиз? 

- Биздин Президент Алмазбек Атамбаев менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин биргелешип жүргүзүп жаткан саясаты, достук мамилеси эки мамлекеттин кызматташтыгын чыңдоодо. Ошондой эле эки өлкө ортосунда экономикалык жактан дагы бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Буга, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору дагы толук далил болуп бере алат. Бул долбоор биздин адистер тарабынан каралып, изилденүүдө. Чындыгында, бул долбоор абдан масштабдуу болуп эсептелет. Буюрса, жакынкы аралыкта проект ишке ашып, темир жолдун курулушу башталат деген үмүтүбүз бар. 

Бул долбоордун ишке ашуусуна, Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоорунун дагы салымы зор болот деп ишенем. Эки өлкө ортосундагы ар бир долбоор, ар бир кол коюлган келишим эки мамлекетке тең бирдей деңгээлде пайдалуу болуп эсептелет. Темир жолдун курулушу Кыргызстан үчүн дагы маанилүү. Жогоруда сөз кылган, Ат-Башы аймагында курууга даярдалып жаткан логистикалык борборду ошол пландалып жаткан темир жолдун кесип өтчү тилкесине салып жатабыз. Келечекте ал аймактагы товарлардын бардыгы Европа өлкөлөрүнө, ЕАЭСке кирген мамлекеттердин рыногуна тарамакчы. 

​Аманбай КАЙЫПОВ: “Нарын аймагынын эт азыктарына жана балына Кытай рыногунда суроо-талап көп”

Нарын аймагы жаратылышынын сулуулугу менен белгилүү.

- Нарын жергесинде туризм тармагы канчалык деңгээлде өнүккөн?

- Туризм тармагы Нарын облусунда акыркы жылдары абдан өнүгүүдө. Негизинен эле биздин аймак таза абасы, кооз жаратылышы, табиятынын сулуулугу менен белгилүү. Тарыхый жерлерге дагы бай келет. Бир эле мисал, Ат-Башы аймагында Таш-Рабат тарыхый комплекси жайгашкан. Бул кербен сарай байыркы Улуу Жибек жолунун боюнан орун алып, соода-сатык менен алектенген ишкерлердин түнөк жайы болгон. Тарыхый жерлерден сырткары, Ак-Сай жайлоосу, Соң-Көлү ж.б. ажайып жайлары менен туристтердин көңүлүн өзүнө буруп келет. Акыркы жылдары, Нарынга каттаган туристтердин саны көбөйүүдө. Бул дагы болсо биздин аймактын коопсуздугунан кабар берет. 

- Бардыгыбыз билгендей, сырттан келген ишкерлер үчүн башкы маселе бул коопсуздук болуп саналат. Нарын аймагында бул маселе кандай каралган?

- Азыркы мезгилде, Кыргызстанда туруктуулук, коопсуздук маселелери чечилди десек болот. Сырттан келген ишкерлердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Кыргыз Республикасы, анын ичинен Нарын облусу дагы биздин аймакта ишкерлердин ийгиликтүү иш жүргүзүүсү үчүн  ар дайым колдоо көрсөтүүгө, бардык шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, жардам берүүгө даяр. Анан, албетте, сырттан келген инвесторлор дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамын сыйлап, ага ылайык иштерди жүргүзүүсү зарыл. Жергиликтүү эл менен дагы сый мамиледе болуп, туура иш алып барса, элибиз дагы ишкерлерди колдоп, алардын ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүнө жардамчы болуп беришмекчи. Эл дагы андай ишкерлерди ар дайым колдойт.  

Сөз соңунда, жалпы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы жана буга катарлаш белгиленген Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эгемендүүлүктүн жылдарында эл аралык мамилелерибиз бир топ өнүктү. Кытай Эл Республикасы менен дагы ар тармакта кызматташтык байланыштар чыңдалууда. Нарын облусу дагы коңшу эл менен эки тараптуу кызматташтыктын артында алакасын бекемдөөдө. Алдыда дагы көптөгөн пландар бар, алардын ишке ашуусу үчүн учурда, кызмат кылып келебиз. 

Эң негизгиси, өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак, береке-токчулук болсун. Тынчтык, ынтымак болуп турса, мамлекетибиз өнүгүп, элибиз бакыт ичинде жашайт деп ишенем. 

Ат-Башы аймагы стратегиялык жактан өтө ыңгайлуу өрөөн 

Ат-Башы аймагы байыртадан бери маанилүү стратегиялык орунду ээлеп келген. Анын  Кыргызстандын тарыхында мааниси зор. Анткени, биринчиден, бул аймак стратегиялык жактан өтө ыңгайлуу өрөөн болгон. Азыркы учурда деле Ат – Башы району, анын ичинде Ат – Башы  өрөөнү Ак – Сай жана Арпа жайлоолору Кыргызстандын түштүк - чыгыш тараптагы Кытай Эл Республикасы менен жанаша жаткан чек ара аймагы болуп эсептелет. Анан калса кыргыздардын Кытай жергесиндеги Кызыл – Суу автономдуу облусу негизинен Ат – Башы, Алай, Жети – Өгүз аймактары менен дагы жанаша жатат. 

Экинчиден бул аймак, Орто кылымдарда, байыркы доордо дагы эл аралык, кербен жолдорунун таманында жаткан жер болгон. Б.з.ч. 2 – кылымдын аяк ченинде кытайлык саякатчы, элчи Чжан Цяндын күндөлүктөрүндө дагы жазылган маалымат бар. Ошол мезгилден баштап Улуу Жибек жолу түптөлө баштаган. Ал эми, Орто кылымдарда Ат – Башы өрөөнү жибек жолунун бир бутагы жайгашкан аймак болуп, Таш-Рабат кербен сарайы орун алган. 

Таш - Рабат кербен сарайы эл аралык карым – катнашты, соода – сатыкты бекемдөөдө зор болгон. Себеби Улуу Жибек жолу жеке гана Кытайга алып барбастан Индия, Пакистан ж.б. аймактарга чейин созулган. Саясий кызматташтыкта стратегиялык мааниси чоң. 

Кийинки кылымдарда дагы бул аймак аркылуу кербенчилер Кашкарга, Чыгыш Түркстандын башка калааларына дагы кербенчилер өтүп турган. Демек, Улуу Жибек соода жолу түптөлгөндөн тартып, дээрлик 20 – кылымдын башына, Октябрь революциясына чейин Ат – Башы аймагы эл аралык мамилелердин, соода – катнаштардын, кызматташтыктын өсүп – өнүккөн жергесине айланып, анын мааниси абдан зор болгон. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)