WeChat      Избранное

Мамбеттурду Мамбетакун: “Биздин “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” Кыргызстан менен тыгыз байланышта

27/07/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Мамбеттурду Мамбетакун: “Биздин “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” Кыргызстан менен тыгыз байланышта

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун.

Бардыгыбыз билгендей кыргыз - кытай алакасы байыртадан эле болуп келген. Эки эл коңшу туруп, бир - бири менен ар дайым кызматташтыкта болуп, өз ара алакасын өнүктүрүп келген. Бул алаканын өнүгүшүнө, албетте, эки элге кызмат кылган инсандардын салымы абдан зор. 

Ушундай чоң жоопкерчиликти аркалап, кыргыз - кытай ынтымагын бекемдеп, кызмат кылып келген уулдарынан кыргыз элинин уучу куру эмес. Алардын бири, Кытай жергесинде төрөлүп, билим алып, жүрөгү “кыргыз” деп соккон кытайлык кыргыз, коңшу элибиздеги кыргыз фольклордук мурасынын, анын ичинен “Манас” эпосунун изилдөөчүсү, профессор Мамбеттурду Мамбетакун. 

Мамбеттурду Мамбетакун: “Биздин “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” Кыргызстан менен тыгыз байланышта

“Бир максатты, бир багытты көздөгөн кесиптештерим”.

“Кытай өкмөтү “Манас” эпосун изилдөөгө өзгөчө көңүл бурат”

Мамбеттурду агай биздин гезитке учурда, өзү жетектеп турган “Синьцзян “Манас” изилдөө борборунун” ишмердүүлүгү тууралуу маек куруп берди.

- Мамбеттурду агай, алгач  “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” тууралуу айтып берсеңиз?

- “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” СУАР (Синьцзян уйгур автономдуу району) өкмөтүнө карай турган бир орган. 

2012 – жылы Кытай өкмөтү тарабынан Синьцзян Педагогикалык университетинде эпосту изилдөө үчүн атайын каражат бөлүнүп, кызматкерлер штабы түзүлүп, “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” ачылган. 

 - Кайсы мезгилден бери борборду жетектеп келе жатасыз, анын ишмердүүлүгү жөнүндө кеп салып берсеңиз?

- Мен 2013 – жылдан бери ушул борборду жетектеп, ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келем. Бул борбордун даражасы тууралуу айта турган болсок, институт же район деңгээлиндеги маанилүү орунда турат. Борбор ачылгандан бери бир канча иш - чараларды аткардык, Кыргызстан менен бир канча келишимдерди түзүүгө жетиштик. 

Азыркы тапта болсо, “Манас” эпосун англис, немис, уйгур жана казак тилдерине, төрт тилге которуу иштеринин үстүндө иш алып баруудабыз. Эпосту англис жана немис тилдерине которуу кызматын германиялык профессор Карл Рейхелге сунуштаганбыз. Ал отуз жылдан ашуун түрк элдеринин эпосторун изилдеп келет. Ошондуктан бул тема профессорго абдан жакын десем жаңылышпайм. Уйгур тилине которууну болсо СУАРдакы кыргыз жана уйгур акын - жазуучулары биргелешип жоопкерчилигин алышкан. Казак тилине дагы ушундай жол менен которулуп жатат.

 - “Синьцзян “Манас” изилдөө борборунун” иштөө принциби кандай?

- Биздин борбордо, мейли, “Манас” эпосун которуу иштери болсун, илимий жыйындарды өткөрүү маселелери же болбосо “Манасты” изилдөө иштерине карата эмгектерди жаратып, китептерди чыгаруу жумуштары болсун, бардыгы университет сыртындагы манаскөйлөр менен бирге талкууланат, чечим чыгарылат. Жалпы азыр биздин борбор менен иштешип жаткан мамлекет сыртындагы адистердин саны отузга жетет. Ишмердүүлүгүбүз ар дайым бирге болуп, тыгыз байланышта болуп келебиз. Башкача айтканда “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” кандайдыр бир деңгээлде жалпы эле манастаануучулардын, мыкты адистердин борбору десек да болот.  

- Илимий - изилдөө борборунун Кыргызстан менен алакасы кандай?

- Кыргызстан менен мамилебиз тыгыз деп айтып кетсем болот. Ар дайым эриш - аркак кызматташып келебиз. Мисалы,  2012 - жылы Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясы менен биргеликте Кыргызстандагы атактуу манастаануучулардын илимий китептерин, эмгектерин Кытай жергесинде чыгаруу боюнча келишимге кол койгонбуз. Биринчи этапта он изилдөөчүнүн, аларды атай кетсем: Раиса Кадырбаеванын, Эсеналы Абдылдаевдин, Кеңеш Кырбашевдин, Сулайман Кайыповдун, Гүлбара Орозованын, Батма Кебекованын, Саул Матвеевич Абрамзондун эмгектери болду. Ушундай залкар инсандардын кыргыз этнографиясы, салт - санаасы, “Манас” эпосу жана адабияты боюнча, жазып, изилдеп чыккан эмгектерин “Синьцзян “Манас” изилдөө борборунда” басып чыгардык. 

Экинчиси болсо, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен дагы ортодо келишимдер түзүлдү. Бизде, Синьцзян педагогикалык университетинде Филология бөлүмү ачылган. Магистратурасы дагы бар. Ушул бөлүмдөгү студенттер үчүн окуу китептерин, түзүү боюнча Кыргыз Улуттук университети менен 2013 - 2014 - жж. окуу  аралыгында келишимге кол койгонбуз. Ошондо “Азыркы кыргыз тили”, “Манастаануу” жана “Айтматов таануу” деген үч окуу иштерин биргелешип түздүк. Жана дагы Үрүмчүдө кыргыз тилинде басып чыгардык. Бул окуу иштерин Кыргыз Улуттук университетинин адистери, профессорлор, мугалимдердин катышуусу менен түздүк. 

Мамбеттурду Мамбетакун: “Биздин “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” Кыргызстан менен тыгыз байланышта

“Кыргыз эли ар качан таланттарга бай келген”. 

 - Эки мамлекеттин Филология факультеттеринин студенттери ортосунда тажрыйба алмашуу долбоору ишке ашып жаткандыгын билебиз. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба, бул арада дагы жараткан эң чоң ийгиликтерибиздин бири дагы, ушул Кыргыз Улуттук университети менен түзүлгөн келишим болду. Ушул келишимдин негизинде кыргыз филологиясынын студенттерин эки мамлекетке практикага жиберүү боюнча беш жылдык долбоор кабыл алынган. Бул келишим 2013 - жылдан бери ишке аша баштады. Азыркы мезгилге чейин үч жолу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз филология бөлүмүнүн студенттерин Кытайга, Синьцзянга, Кызыл - Суу Кыргыз автоном облусунун айылдарына алып келип, кыргыздардын этнографиясы, салт - санаасы менен тааныштырдык. Анан биздин Синьцзян педагогикалык университетинин Филология бөлүмүн студенттерин үч жолу Кыргызстанга, Нарын, Ысык - Көл, Талас, Ош жана Жалал - Абад аймактарына чейин жетектеп барып, он эки күндүк тажрыйба алмашуу иш - чарасын уюштурдук. 

Мындай алака кыргыз - кытай тарыхында болгон эмес. Жана СУАРда эч кандай университетте, эч кандай кесиптик жайларда студенттерин, толук курстун балдарын эки мамлекетке өз ара каттатып, тажрыйба алмаштыруу практикасы кездешпейт. Тактап айтканда, мындай ишмердүүлүк колго алына элек. Алгачкы жолу биз, “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” каражат жагынан колдоо көрсөтүп ушундай иш - аракеттерди аткарып келебиз. 

 - Дагы кандай багытта иш алып барасыздар?

 - Борбордун ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты бул - Синьцзян педагогикалык университетинин Адабият институту жана “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” биргелешип Кыргызстандан атактуу профессорлорду биздин университетке узак мөөнөткө чакыруу берип, Кыргыз филология бөлүмүнүн балдарына сабак берүү жана илимий изилдөөлөрдү биргелешип алып баруу боюнча иш - чарасы жүрүп жатат. Азыркы тапта Искендер Исамүдүнов, Сулайман Кайыпов аттуу Кыргызстандын белгилүү инсандары бизге келип, эки жыл бул жакта туруп сабак берүү менен бирге, илимий долбоорлорго катышты. 

Мунун ичинде Сулайман Кайыповдун “Памир кыргыздарынын тамак - аш маданияты” деген үч томдук китебин “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” жакында басмадан чыгарды. Мына эми быйыл ошол Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз Филология факультетинин мурунку деканы атактуу тилчи, профессор  Турусбек Маразыков сентябрь айынан баштап узак мөөнөткө Кытай Эл Республикасына, биздин Синьцзян педагогикалык университетине келип өз ишмердүүлүгүн баштайт. Студенттерге лекция окуу менен бирге илимий - изилдөө иштери менен алектенет.

Жалпысынан айтканда “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” ушундай ишмердүүлүктүн үстүндө иштеп келет. Кыргызстан менен ар дайым тыгыз байланышта болуп келебиз. Эки кошуна мамлекеттин маданий, илимий алакасын бекемдеп, “Манасты” изилдеп - иликтөөдө, кыргыз филологиясын окутууда ж.б. илимий иш - чараларды уюштурууда биздин борбор башкы күч болуп бере алат. 

Мамбеттурду Мамбетакун: “Биздин “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” Кыргызстан менен тыгыз байланышта

“Синьцзян “Манас” изилдөө борборунан” бир көрүнүш.

Сөз арасында Мамбеттурду агай тууралуу...

Кыргыз адабиятына сугарылган өмүр таржымал 

Мамбеттурду Мамбетакун уулу 1965 - жылдын 20 - сентябрында Артыш шаарына караштуу Тегирмети айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти жалаң беш менен аяктаган соң, 1983 - жылы Кызыл - Суу Кыргыз автономдуу облусунун Жогорку окуу жайлар сынагына катышып, Синьцзян университетинин Тарых факультетине кабыл алынат. Ал жакта даярдоо курсун аяктагандан кийин, өзүнүн каалоосунун негизинде Тил - адабият факультетине которулуп окуусун уланткан. Негизинен эле Мамбеттурду агайдын жан дүйнөсү ар качан адабият дүйнөсү менен айкалышып келген. 

Мамбеттурду агай дипломдук ишин кыргыздын чыгаан жазуучусу, эл сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча жактап, 1988 - жылы Жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктайт. Ошол эле жылы өз ишин мыкты билген адис катары Синьцзян коомдук илимдер академиясынын Улуттар адабиятын изилдөө институтуна илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштайт. Ал жакта 16 жыл бою, 2004 - жылга чейин кыргыз адабиятына ак кызматын кылып, жан дүйнөнүн руханий байлыгы болгон улуттук баалуулукка зор салымын кошуп келген. 

2005 - жылдан бери Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогика университетинин Филология институтунда окутуучу, профессор жана аспирант жетекчиси болуп эмгектенип келет.

Ал мамлекеттик жазуучулар коомунун мүчөсү, мамлекеттик жаштар бирлешмеси сегизинчи, тогузунчу кезектүү комитетинин мүчөсү, Шинжаң жазуучулар коомунун орунбасар төрагасы сыяктуу милдеттерди дагы аркалайт. 

Ал эми “Синьцзян “Манас” изилдөө борборунун”ачылышы менен, бул илимий - изилдөө борборунун жетекчилик милдетин дагы аткарып келет. “Манас” эпосун изилдөө, которуу, бир калыпка салуу иштери менен алектенип, бараандуу иш - чараларды өткөрүп келүүдө.  

Учурда профессор Мамбеттурду Мамбетакун жубайы Гүлсайра Жасын менен бирге бир кыз, бир уулун тарбиялаган сүйүктүү ата - эне. Үлгүлүү үй - бүлө ээси.    

“Тынымсыз эмгек - тарыхта өчпөс ысым”

Мамбеттурду агайдын адабият жана илим  дүйнөсүндөгү ишмердүүлүгүнөн кыскача маалымат...

Мамбеттурду Мамбетакундун калеминин алгачкы саамалыгы -  “Жүрөгүм” аттуу ырлар жыйнагы 1992-жылы жарык көргөн.

Ага улап 1994-жылы адабий сын макалалар жыйнагы “Өзүбүздү унутпайлы”, 1996-жылы "Кыргыз адабият тарыхынын" 2-бөлүгү Синьцзян эл басмасынан жарык көргөн (бул китеп 1991-жылы мамлекеттин 8-беш жылдык орчундуу изилдөө темасына киргизилген эле).

Өзү жеке жана башкалар менен бирлешип "Манас эпосунун варианттары жана манасчылык" (1997), "Карт дастан" (1998), "Кыргыздын жөрөлгөлүү илим-техника маданияты" (2001), “Сайрап өткөн сандыгач” (1995) катарлуу китептерди түзгөн.

Германиялык түрколог Гундула Салк менен биргелешип жазган "Хэйлуңжаң кыргыздары" аттуу китеби 1998-жылы Польшада англис тилинде жарык көргөн.

Өзү жазган "Кыргыз адабият тарыхы" аттуу китеби 2005-жылы кытай тилинде жарык көргөн.

2000-жылы жана 2004-жылдары коомдук илимдер фонду боюнча мамлекеттик тема “Эпикалык жөрөлгө жана кыргыз эл дастандары”, "Кыргыз эл ооз адабиятында Памир мектеби" аттуу эмгектерди жараткан.

“Жуңго кыргыздары” энциклопедиясын жазууга катышкан жана “Жуңго тарыхый жазмаларында кыргыздар” аттуу китепти которуп түзүүгө жооптуу болгон.

Азыркы мезгилге чейин 70тен ашуун илимий макаласы кыргызча, уйгурча, кытайча, казакча, англис жана французча илимий журналдарда жарык көргөн. Кээ бир аңгемелери жана ырлары кытай тилине которулган.

Мамбеттурду Мамбетакун Кыргызстанда чыккан "Кытайдагы кыргыз назы" аттуу үч кишилик ыр жыйнактын авторлорунун бири.

Ал "Манас" эпосу, кыргыз таануу жана чакан этностордун азыркы доордогу адабиятын изилдөө жаатында белсемдүү эмгектенип келет.

Мамбеттурду Мамбетакун: “Биздин “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” Кыргызстан менен тыгыз байланышта

“Ош жергесине болгон сапардан көз ирмем”.

Сөз соңу... 

Мамбеттурду агайдын кыргыз элине, адабиятына кылган кызматы тууралуу айтып берүүгө, албетте, бул маалымат жетишсиз. Агайдын ар бир эмгеги өзүнчө бир талкуу, өзүнчө бир дүйнө.

Биз бул макалабызда Кыргызстандын окурмандарына аз да болсо, алыста “кыргыз” деп жан үрөгөн, улуттук көрөңгөбүздү байытууга, башка элге таанытууга баш көтөрбөй эмгек кылган чыныгы кыргыз уулу тууралуу маалымат бере алдык деп ойлойм. Буюрса, алдыда дагы Мамбеттурду агайдын эмгектери жөнүндө сөз кылабыз. 

Сыйлыктары. Наамдары...

Мамбеттурду Мамбетакун илимий макалалары жана адабий чыгармалары үчүн Кытайдагы мамлекеттик жана автоном райондук сыйлыктарга татыктуу болгон.

1994-жылы кесиби боюнча адис изилдөөчү илимий атагын алган. 

1996-жылы мамлекеттик 3-жолку аз сандуу улут адабиятын изилдөө боюнча чыгаан жаш сыйлыгына татыган.

2000-жылы Жуңго кыргыздары арасынан туңгуч болуп автоном район боюнча илимге эмгек сиңирген адис (маман) деген ардактуу наамды алган.

2004-жылы автоном райондук «Тяншан адабият-көркөм өнөр» сыйлыгына татыктуу болгон.

Кыргызстандагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ардактуу профессору (2015-ж).


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)