WeChat      Избранное

Тынчтыкбек Бекташтегин: “Кытай элинин ийгилик ачкычы бул-тартип жана өтмүшкө болгон сый-урмат”

14/09/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Сүрөттөр Т. Бекташтегинге тиешелүү

Дүйнө кезүү, түрдүү маданият менен таанышуудагы таасирленүүлөр ой өрүшүн жогорулатам деген ар кандай эле кишини кайдыгер калтырбаса керек. Кытай жергесинде окуп, анда көргөн билгендерин интернет айдыңында байма-бай жарыялап келген блоггер жигит, учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгында иштеп жаткан Тынчтыкбек Бекташтегин менен болгон маегибизди сиздерге сунуштамакчыбыз.

Тынчтыкбек Бекташтегин: “Кытай элинин ийгилик ачкычы бул-тартип жана өтмүшкө болгон сый-урмат”

Тынчтыкбек Бекташтегин.

- Тынчтык, сөз башында Кытай жергесине болгон алгачкы сапарың тууралуу айтып берсең?

- Карт тарыхы менен өзгөчөлөнгөн маданияты бар Кытай жергесине сапарга чыгуу ниетим тээ бала кезде эле пайда болгон. Экономикасы боюнча дүйнөдө алдыңкы катарга чыгып калган Кытай бүгүнкү күндө чынында эле ар тараптуу дүркүрөп өсүп баратканын сезип, бул өлкөгө болгон кызыгуум ансайын күчөп, сапарга чыгуу ниетим планга айланган. Кийин насип буйруп, университеттеги устат агайларымдын жардамы менен 2012-жылы Кытайдын Ички Монголия университетине, кытай тили курсуна өтүп кеттим.

Алгачкы сапарым окууга баратканымда Кытайдын батышындагы Үрүмчү шаарынан башталды. Бул шаар Кытайдын эң чоң провинциясы, Кыргызстан менен чектеш болгон Шинжаң-Уйгур автономия районунун (Кытайда район деген түшүнүк облустан чоң, край деген түшүнүктү берет) административдик жана маданий борбору эсептелет.  Кыскасы, бир сөз менен айтканда бул шаар Кытайды Орто Азия менен байланыштырып турган, соодасы кызыган батышындагы капкалуу калаа экени көрүнүп турат. Кээ бир көчөлөрүнө кирип калсаң өзүңдү кадимки Ошто жүргөндөй эле сезесиң, көчө жээгинде самсасын, шашлыгын, мантысын кыйкырып сатып аткан уйгур туугандар. Анан да келген коноктордун көңүлүн өзүнө тарткан Үрүмчүдөгү белгилүү чыгыш стилинде курулган “Чоң-Базар”. Чынын айтканда, бул базарда чыгыш стилинде салынган архитектуралык жайлар, ичиндеги уйгур элинин жашоо образын чагылдырган көрүнүштөр өзүнө тартканы таасир калтырат. 

Мына ушул алгачкы сапарымда Казакстан аркылуу Кытай чегине аттаганымда эле Жуңго өкмөтү борбор шаарлары менен гана чектелбестен, четки аймактарына шаарларды куруу планын биринчи орунга коюп, ал максатты ишке ашырып жаткандыгын байкадым. Анан Үрүмчүнү, Ланчжоуну, Хух-Хотту көргөндө бул өлкө чындап эле катуу өнүгүп баратканын байкап, асман тиреген имараттарын, күзгү сымал жол жээктерин фотого, видеого тартып, интернет баракчама жайгаштырып бараттым.  

Тынчтыкбек Бекташтегин: “Кытай элинин ийгилик ачкычы бул-тартип жана өтмүшкө болгон сый-урмат”

Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу районунан бир көз ирмем.

- Кошуна эл жөнүндө мурунтан угуп-билип жүргөн маалыматтарыңыздын тастыкталганы же болбосо жокко чыкканы болдубу, биздин элде Кытай тууралуу түзүлгөн ой-пикирлер тууралуу айтып берсең?

- Кыргызда “Миң уккандан, бир көргөн” артык деген кеп бар го. Өзүңүз жакшы билгендей, биз 70 жыл бою социалисттик түзүмдөгү коомдо жашап, ал эскирип, эгемендүүлүктү аларыбыз менен демократиянын чыйыр жолуна түшпөдүкпү. Кытай дегенде алгач мына ушул биз жашап өткөн советтик доордогудай жашоо картинасы көз алдыма келчү. Ушул жерден айта кетчү жагдай, убагында жашоо урааныбыз болуп, кийин дайын-дареги жоголуп кеткен коммунизм чынында эле Кытайда кандайдыр бир деңгээлде ишке ашкандай. Кытай өкмөтү рынок экономикасынын пайдалуу жактары менен бизнести айкалыштырганы байкалат. 

Кытайга болгон 2015-жылкы экинчи жумуш сапарым Сиань шаарына насип этти. Бул ири шаарды көргөндө Жуңгочо социализдин өнүгүүсүндө, албетте кытай элинин өз үрп-адаттарына, каада-салтына өтө маани бергендигинде жана Конфуцийдин осуяттарына терең ишенип,  ошондой эле жумурай-журт компартиянын чечимдерин, токтомдорун өтө жоопкерчилик менен аткаргандыгы да себепчи болсо керек деген пикирге келдим. 

- Кытай тилин үйрөнүү оорчулукка турдубу?

- Жок десем, жалган айткан болом. Кытай тили дүйнөдөгү тилдердин ичинен араб тилинен эле кийинки турган оор тил деп айтып калышат. Ал кезде группада жалгыз мен кыргыз, калган сабакташтарымдын баары монголиялык студенттер болгон. Биз окуган Ички Монголия университетинде жергиликтүү кытайлык монгол  мугалимдер кытай тили сабагында котормолорду монгол тилинде түшүндүрүп беришчү. А мен болсо алгач курс башталганда курс материалдарын түшүнүүм бир аз кыйынга турду.

Негизи эле кытай тилин үйрөнүүдө өзүмдөгү өтө чоң каалоо сезими, анан тилдердин табияты, өзгөчөлүгү тууралуу ага чейинки алган билимим жардам берди. Андан сырткары түзүлгөн айрым ыңгайлуу шарттарды эске алып, бул тилди үйрөнө албайм деген пикирди мээден таптакыр алып салуума туура келди. 

Кытай тилин абстрактуу үйрөнүү өтө оор болорун байкап, ага караганда кызыктуу материалдарды колдонуу менен үйрөнүүгө өтүп, кытайча кинолорду көрүүгө басым жасадым. Мына ошентип бир жыл ичинде кайсы бир деңгээлде кытай тилин өздөштүрүп алгансыдым окшойт.

Тынчтыкбек Бекташтегин: “Кытай элинин ийгилик ачкычы бул-тартип жана өтмүшкө болгон сый-урмат”

Улуу Кытай сепилин кезүү мезгилинде. 

“Кытай – коңшу өлкө, кайсы гана тармакта болбосун Кыргызстан менен алакада болору бышык”

- Чет жерден келген студенттерге түзүлгөн окуу, жашоо шарттары Кытайда кандай каралган?

- Чет жерден келген студенттерге түзүлгөн окуу шарттарынан мурда кытайлыктардын чет өлкөлүктөргө жасаган мамилесине токтолуп өткүм келет. Мисалы, Кытайдын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тууралуу кеп баштасам өзүнчө эле бир тайчалык. Көчөдөгү эле турган полициясына барып көйгөйүңдү түшүндүрсөң, колдон келген жардамын аябайт. Сиздерге калп мага чын, эгерде жолуңдан адашып кетип кайрылсаң, өз унаасы менен барчу жериңе деле жеткирип коёт. Айрыкча чет өлкөлүк экениңди билсе ансайын жакшы мамиле кылат.

 Ал эми чет өлкөдөн келген студенттерди акысыз окуу, стипендия, окуу куралдары, жатакана жана башка шарт менен камсыздоо - Кытай өкмөтү тарабынан атайын программанын алкагында ишке ашып жатыптыр. Узак стратегияны ичине камтыган бул программада чет өлкөлүк студенттерге жаратылган шарт улам мурункусунан дагы да жакшырып баратканын байкаса болот. 

- Сиздин пикириңизде чет жерден, тактап айтканда Кытайдан билим алуунун кыргызстандыктар үчүн артыкчылыгы  эмнеде?

- Эң ириде чет жерде окуп калган киши окшобогон жашоо образын көрүү менен ой өрүшү жогорулап, мунун негизинде стереотиптер менен чектелбей, жашоого болгон көз карашы сөзсүз түрдө өзгөрөт, кеңейет. Мейли сыртта болсун, мейли мекенде болгон ар кайсы көрүнүш салыштыруу менен коштолуп, калыс пикир, туура чечим чыгарууга түрткү берет. 

Ал эми, Кытайда билим алган мекендештерде да жогоруда айтылган артыкчылыктар пайда болуп, алардын жеке жана коомдук турмушунда сөзсүз түрдө өрүш алуулар болот деген ойдомун. Анын үстүнө, Кытай биринчиден – коңшу өлкө, кайсы гана тармакта болбосун Кыргызстан менен алакада болору бышык. Экинчиден, Батыш менен соода-экономикалык байланышы Кыргызстанга өз таасирин тийгизбей койбойт экендиги баарыбызга маалым. Бул жааттан алып караганда Кытайда окуй турган жаштарыбыздын келечеги кең десек туура болот.  

Тынчтыкбек Бекташтегин: “Кытай элинин ийгилик ачкычы бул-тартип жана өтмүшкө болгон сый-урмат”

Дүйнөгө белгилүү “Жер астындагы армия”. Сиань шаары.

- Кытай жергесинен билим алып келгенден кийин жашооңдо эмне өзгөрүү болду?

- Өзүм байкагандан Кытайда окуу – мүнөзүмдөгү кээ бир негативдерден арылуунун негизги себеби болду десем аша чапкандык болбос. Ал жакта окуп жүргөндө кытайлыктардын кичи пейилдигин, мамиледеги тактыгы менен жупунулугун, эмгекчилдигин өзүмө сиңирүүгө аракеттенип, кайсы бир деңгээлде кабыл алгансыдым.

Албетте, бул менин кийинки жашоомдогу ийгиликтериме себепчи болду десем жаңылышпайм. Муну менен өзүмдүн тар чөйрөмдө Кыргыз-Кытай алакаларына кайсы бир деңгээлде салымымды кошуп келем. Кошумчалай кетсем, чет өлкөлөргө оңой чыгуу жолдору ачылды.

Тынчтыкбек Бекташтегин: “Кытай элинин ийгилик ачкычы бул-тартип жана өтмүшкө болгон сый-урмат”

Кытай жергесиндеги тайпалаштарым менен бирге. 

- Өзүңүз окуган Ички Монголия, Хух-Хото шаары тууралуу окурмандарга маалымат бере кетсеңиз?

- Алгачкы сапарымда сөз кылганымдай Үрүмчүнү артка калтырып, андан ары жолду катар Турпан, Кумул, Ланчжоу, Инчуань, Баоты шаарларын кесип өтүп, Ички Монголия кайдасың деп жүрүп отурдум. Акыры мен окуган ошол Ички Монголия автономия районунун борбору – Хух-Хото шаарына келип түштүм. 

Тегирмени тез айланган Кытайдын Хух-Хото шаарында өздөрү айткандай “Жаңыны кура элек туруп, эскини бузба” деген принциптеги көрүнүштөрдүн күбөсү болосуң. Бул принцип Кытайдын жупуну жашоосунан тарта бийлигинде, айтор бардык чөйрөсүндө орун алган. Шаарда тээ байыркы доордо курулган Будда храмдарын, андан мурда-кийин салынган кытай үйлөрүн, заманбап стилдеги асман тиреген курулуштарды учуратууга болот. Монголдор бир чети будда динине сыйынганы менен, негизинде Көккө сыйынышып, көк түстү ыйык деп билишет. Хух-Хото аталышын кыргызча которгондо да Көк-Шаар дегенди туюнтат.

- Мына жогоруда Кытайдагы этникалык азчылыкты түзгөн монголдор тууралуу айтып кеттиңиз. Андан сырткары ал жакты мекендеген кытайлык кыргыздар менен абдан тыгыз байланышта экендигиңизди билебиз. Келиңиз, кеп оролун жалпы эле кытайлык кыргыздардын жашоо шарттары, маданияты, тили, жашаган аймактары, эл алдына белгилүү инсандарына бурсак? 

- Туура, кытайлык кыргыздардын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, илим жана маданият тармагындагылары, ошондой эле жаштары менен байланышым жакшы. Кытай журтунда жашаган биздин ажырагыс бир бөлүгүбүз болгон этникалык кыргыздарды ар тараптан изилдеп, алардын тили менен маданиятына көп байкоо салам.

Кытайлык кыргыздарды көпчүлүгү өткөн кылымдагы каргашалуу Үркүн окуясынан кийин барып калышкан деп ойлошот. Кытайлык  кыргыздар  Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык областынын аймагында тээ байыртан бери эле жашап келишет.

Кытайлык кыргыздар байыркы замандардан бери эле ата-бабалары мекендеп келишкен  аймактарды байырлап келишет. Ошону менен бирге өзгө жерде  өздөрүнүн улуттук  тилин,  маданиятын, каада-салтын жоготпой сактап, атүгүл, өнүктүрүп келишкен. Алардын эң эле маанилүү өзгөчөлүктөрү да мына ошол көп улуттуу аймакта өздөрүнүн улуттук маданиятын, тилин сактап калышкандыгында.

Эми жалпылай айтканда, Кытайда 200 миңдин тегеринде жашаган бир ууч кыргыз улуу Кытай мамлекетиндеги өсүп-өөрчүп бараткан аз сандуу улут катары, өз элинин нукура маданиятын сактап калуу багытында  көп аракеттерди  жасап келишүүдө. Бул жаатта Кытай өкмөтү тарабынан да толук шарттар түзүлгөн. Кытайлык кыргыздарда Кыргызстандык кыргыздарга салыштырмалуу элибиздин байыркы салттары, анын ичинде тилдик өзгөчөлүктөрү көбүрөөк сакталгандыктан алардан али изилдей турган, ала турган жактарыбыз арбын экендигин айткым келет.

Тынчтыкбек Бекташтегин: “Кытай элинин ийгилик ачкычы бул-тартип жана өтмүшкө болгон сый-урмат”

Сиань шаарынан эстелик. 

- Кытай маданияты, сени таң калтырган салт-санаасы, көнүмүш адаттары тууралуу да оюңузду билсек?

- Беш кошкон Кытай мамлекетинин бийлиги өзүндөгү ар бир улут тилин өнүктүрүүгө, маданиятын сактап калуусуна, өз динин тутунуусуна кам көрөрүн айтпадыкпы. Ал эми алардын баалуулуктарына келсек, кытайлар өздөрү кайсы бир динди тутунбаса да, майда элдердин динине сыйлоо менен мамиле жасайт экен. Анын бир далили катары Хух-Хоттун жергиликтүү монголдонунан башка дунган менен уйгурлар аймагына атайын салынган ислам стилинде салынган кварталдардын бар экендиги, мечиттерге бай болгондугунда. 

Кытайдын Кытай экенин көрсөтүп турган бир нерсе бул – албетте анын ашканасы. Кытайда жүрдүм десең эле адегенде сенден “эмне тамак жеп жүрдүң?” деп суроо салышат. Бул суроо да жөн жеринен чыкпайт да. Кытай ашканасынын ары кызыктуу, ары таң калыштуу жактары толтура эмеспи. Алгач барганда кытайлардын эмне жеп, эмне коёрун билүүгө кызыгып көргөнүмдү жашырбайм. Баарынан да кызыгы, Үрүмчүдөн Ланчжоуго баратканымда маңдайымда отуруп бараткан татынакай эле кытай кызынын сумкасынан тооктун шыйрагын алып чыгып катырата жеп баштаганы бир чети таң калтырса, бир чети аркы өңүттөн караганда бизде койдун шыйрагын жегендей кадыресе көрүнүш экенин билдим.

Кытай деген менен биз жашаган шаарда мусулман ашкана деп аталган уйгур менен дунгандардын ашканалары, кафелери бар. Ал жерде тегерек үстөлдүн үстүндөгү айланма айнекчеге улам ачуу тамагын да, таттуусун да алып келе беришип толтурушат. Ал эми этти сагынганда монгол ашканасына бармай, ал жерде койдун, жылкынын, уйдун, керек болсо төөнүн да этин табууга болот. Кычыраган кыштын чилдесинде да Кыргызстанда ичпеген кымыздын гүлүн ошол жердин маркеттеринен сатып алып ичип жүрдүк. 

- Кытай элиндеги баалаган сапатыңыз?

- Кытайлардагы мен баалаган сапат - алардын өздөрү үчүн кадыресе деп эле эсептелген, бирок айрым башка элдер үчүн өтө таң калыштуу нерсе бул катуу тартип. Ошол темирдей катуу тартип - Кытайдагы ийгиликтин ачкычы болуп эсептелет. Бүгүнкүдөй баары компьютерлешип, роботтошуп кетип баратса дагы кытайлар тарыхта ким болгонун, тамыры каяктан башталганын түшүнүү – эң негизги мааниге ээ деп билишет. Мына ушул сапат Кытай элининин элдүүлүгүн кылымдар бою сактай берет. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)