WeChat      Избранное

Улуттук баалуулуктарды бапестеп баккан фестиваль

13/09/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Улуттук баалуулуктарды бапестеп баккан фестиваль

“Кыргыз көчү” айылынан бир көз ирмем.

Сүрөттөр редакцияга жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинине тиешелүү

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык, 4-6-сентябрь аралыгы улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата IV Бүткүл дүйнөлүк дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы болуп өттү. Бул иш-чара КРсынын Президентинин, КРсынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн колдоосунун алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулду. 

Дүйнөнүн тогуздан ашуун мамлекетинен ар түрдүү улуттарды бир арага чогулткан бул фестиваль, жогорку деңгээлде даярдалып, катышуучулардын купулуна толду десек болот.

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында “Кыргыз көчү” этнографиялык кыштагы орун алды. Кыргызстандын 20 районунун өкүлдөрү Кыргыз көчү кыштагынын көркүн ачуу менен бирге,  “Мыкты кыргыз боз үйү” сынагына катышышты. Сынакка катышкан ар бир боз үй кыргыз элинин көчмөн жашоо-турмушун мыкты чагылдырып, жогорку деңгээлдеги даярдык менен келгендиги билинип турду. Кыргыз боз үйүнүн ичинде бүтүндөй кыргыз элинин көчмөн жашоосу, тарыхы, кол өнөрчүлүгү, даанышмандыгы, салт-санаасы жана маданияты жатат. Мына ушундай дүйнөнү ичине камтыган боз үйлөр фестивалга келген конокторду бир жагынан суктандырып, бир жагынан таң калтырып да жатты. Мындан тышкары, улуттук кийимдердин, кооздук буюмдардын көргөзмө жармаңкеси дагы болуп өттү. 

Иш-чаранын ачылган күнү кечинде, 4-сентябрда Филармониянын чоң залында Кыргызстандын, Башкортостандын, Казакстандын, Монголиянын, Өзбекстандын, Калмыкиянын жана Саха Республикасынын (Якутиянын) эпос айтуучуларынын катышуусу менен концерт болуп өттү. Мындан сырткары, бул концертке атайын чакырылган сыйлуу конок, Геманиянын этникалык музыканты Лео Рохаса дагы катышты.

Улуттук баалуулуктарды бапестеп баккан фестиваль

Иш-чарада кыргыз артисттери дагы жогорку чеберчилик менен өз ролдорун аткарып жатышты.  

Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри: “Улуттун улуттук өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын сактоо азыркы муундун асыл милдеттеринин бири” 

- Урматтуу, эпос фестивалынын катышуучулары жана меймандары, бүгүн “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында өтүп жаткан IV Бүткүл дүйнөлүк дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалын 19-кылымдын залкар манасчысы, тубаса таланттын бири Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине арнап өткөрүп жаткандыгыбыз бекеринен эмес. Бир жагынан “Манастай” үчилтиктин, кырктан ашуун кенже эпосторду жараткан таланттуу ата-бабаларыбыздын артка калтырган мурасына таазим этип, уюткулуу энчибизди сактап, кийинки муунга чайпалтпай жеткирип берүүнүн жолун изденсек, экинчиден ошол улуу дөөлөттү аркалап келген уникалдуу манасчыларыбыздын өнөрүнө өзгөчө маани берүү болуп саналат. Ааламдашуунун күргүштөгөн агымы канчалаган баалуулуктарды алдына тепсеп, канчалаган улуттар жок болуп кетүү коркунучунда турганда, улуттун улуттук өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын сактоо, көтөрүү азыркы муундун асыл милдеттеринин бири.

Дүйнө элдеринин эпос фестивалы 2006-жылы сапарын баштап, ошол кезден эле Улуу көчмөндөр цивилизациясынын ордун издеп, ошол кезде эле архитектуранын уникалдуу формасына кирген кыргыз боз үйүнүн сынагын, манасчылар менен дастанчылардын конкурсун уюштуруп, улуттук каада-салттын улуттук заманбап түйүнүндө ордун издеп, аракеттенип келишкен. Бул фестиваль ар бир үч жылда өткөрүлүп дүйнөгө белгилүү илимпоздордун башын кошуп, эпосту сактоонун көйгөйлөрүн талкууга коюп, канткенде эпостун мыкты түрлөрүн сактай алабыз, канткенде жаңыча формаларын тапканга болот деген маселени талкуулап келишет. Жана да жаңыча милдеттерди аныктап келишет. 

Бүгүн да салтты бузбай алдыңыздарга “Кыргыз көчү” деген аталыш менен боз үй айылын тигип, мыкты уздардын башын кошуп майрам баштап отурабыз. Он жети өлкөдөн келген илимпоздор бүгүн эпос таануу илиминдеги көйгөйлөрдү талкуулашат. Эки күн бул жерде кыргыз жашоосу кайнап, ыр-күү ойноп, байыркы замандын күндөрүнө түнөп кайтабыз, сапарыңыздар байсалдуу болсун. 

Алышбаева Дамира, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы искусствону өнүктүрүү жана профессионалдык окуу жайлар боюнча башкармалыгынын башчысы: “Бул эл аралык фестиваль 2006-жылдан бери улантылып келе жаткан салттуу иш-чара” 

- Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалын төртүнчү жолу өткөрүп жатабыз. Бул ар бир үч жылда бир өткөрүлүп турчу иш-чара. 2006-жылы биринчи жолу өткөргөнбүз. Ал кезде деле ушундай “Кыргыз көчү” деп чоң айыл куруп, Ала-Тоо аянтында боз үйлөрдү тигип иш баштаганбыз. Ошондо дастанчылардын, манасчылардын дагы конкурсу болуп, “Мыкты кыргыз боз үйү” сынагы дагы болгон. 

Ал эми бул жолу биз, “Мыкты кыргыз боз үйү” конкурсун гана өткөрүүдөбүз. Конкурска Кыргызстандын бардык аймактарынан катышуучулар, өз эмгектери менен келди. Мындан сырткары, бул сынакка Жогорку Кеңеш дагы өзүнүн салымын кошуп, жардамын көрсөтүп жатат. Бул иш-чаранын жүрүшүндө фестивалдын катышуучулары дагы өз өнөрлөрүн Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда эл алдына тартуулашат. Ал жерде сырттан келген катышуучуларыбыздын чыгармачылыгына дагы элибиз күбө боло алат. 

Маданияттар парады 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин берген маалыматына ылайык, 5-сентябрь күнү фестивалдын алкагында Улуттук филармониянын алдында ачык асман алдындагы чоң театрлаштырылган иш-чара өткөрүлдү. 

Маданияттар парадын КРнын Жогорку Кеңешинин аппарат башчысы Саматбек Ибраев жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов ачышты. Эл алдына сырттан келген катышуучулар дагы өз өнөрлөрүн тартуулап, Улуттук филармониянын, Кыргыз драма театрынын артисттери менен бирге Б. Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин студенттери тарабынан даярдалган ата-мекендик пьесалардын эпизоддору коюлду. Иш-чаранын жүрүшүндө, “Мыкты кыргыз боз үйү” сынагынын жеңүүчүлөрүнө, жана дагы  мыкты кол өнөрчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Кече соңунда, коноктор кыргыз дизайнерлеринин эмгекетерине күбө боло алышты.

Улуттук баалуулуктарды бапестеп баккан фестиваль

Кеченин соңунда келген коноктор кыргыз дизайнерлеринин эмгегине күбө боло алышты.  

Ак эмгектин үзүрү

“КЫЗЫКТЫРУУЧУ СЫЙЛЫКТАР”

(Диплом жана 10 миӊ сом акчалай сыйлык) 

- Нарын облусунун Ат-Башы районунан - Аалиева Таалайкул; 

- Талас облусунан - Исаева Арзан;

- Чүй облусунун Кемин районунан-Жанышбаева Алтын;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунан - Бердибеков Замирбек;

- Чүй облусунун Сокулук районунан – Сооронбаев Совет;

- Ош шаарынан – Каримов Нурлан;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан – Саматова Гулжамал;

- Нарын облусунун Ак-Талаа районунан – Муканова Марипа; 

- Ош облусунун Араван районунан – Адырбаева Гулмира;

- Талас облусунун Манас районунан – Исабекова Жумакан;

- Чүй облусунун Жайыл районунан – Бадалов Назим;

- Ош шаарынан - Каримов Нурлан;

- Ош шаарынан  - Ташибаев Курбанбай;

- Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунан – Кошубаев Адилет;

- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан – Нурбеков Бек;


АТАЙЫН СЫЙЛЫК

(Диплом жана 35 миӊ сом акчалай сыйлык) – Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин колдоосу

- Талас облусунун Талас районунан – Рысалиев Сагынбай;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан – Матанова Жаӊыл;


3-ОРУН

(Диплом жана 50 миӊ сом акчалай сыйлык)

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан – Чолпонкулова Сүйүн;

2-ОРУН

(Диплом жана 70 миӊ сом акчалай сыйлык)

- Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан – Абдыбекова Дамира;

1- ОРУН

(Диплом жана 100 миӊ сом акчалай сыйлык)

- Нарын облусунун Нарын шаарынан – Төлөгөнөва Бурулкан.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)