WeChat      Избранное

Сагын Ниязалиева, продюсер: “Кытай маданиятында жибектин орду өзгөчө”

21/09/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Сагын Ниязалиева, продюсер: “Кытай маданиятында жибектин орду өзгөчө”

Сагын Ниязалиева.

Сүрөттөр С. Ниязалиевадан жана Интернеттен алынды

Кыргыз көрүүчүлөрүнүн сүйүктүү теледолбооруна айланган «Сармерден» көрсөтүүсү көгүлтүр экранга чыккандан кийин тез эле жаштар арасында кеңири таанылды. “Сармерденден” тышкары “Бейне”, “21-кылымдын жылдыздары”, “Алтынчы күнү кечинде” аттуу эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бир катар долбоорлордун автору, продюсер Сагын Ниязалиева өзүнүн чыгармачылыгы жана Кытай жергесине болгон сапары тууралуу биздин гезитке маек куруп берди. 

 

Сагын Ниязалиева, продюсер: “Кытай маданиятында жибектин орду өзгөчө”

Салттуу кытай архитектуралык курулуштары ажайып.

- 2017-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыяланганы баарыбызга белгилүү. Ушул нукта Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында, анын ичинде Маданият каналында кандай долбоорлор ишке ашты?

- Сиздер билгендей, 2016-жыл дагы Тарых жана маданият жылы катары белгиленген. Ушул эки жыл аралыгында Кыргызстандын маданият тармагында бир топ эле өнүгүү болду десем жаңылышпайм. Эл аралык, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулуп жатат. Негизи, маданиятка дайыма көңүл бура жүрүш керек. Маданиятыбызды өнүктүрүү, чет мамлекеттерге таанытуу заман  талабы деп эсептейм. Себеби, кыргыздын маданияты абдан терең жана бай. Мамлекеттик деңгээлде маданиятка көңүл буруу, бул жалпы кыргыз элинин руханий байлыгы үчүн абдан керек.

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата бизде бир канча иш-чаралар аткарылып, долбоорлор ишке ашты. Алардын бири - “Эсимде” телеконкурсу. Бул иш-чаранын башкы максаты эл арасындагы таланттарды алып чыгып, алардын чыгармачылыгын жалпы кыргыз элине тааныштыруу болду. Телеконкурсту Кыргыз Республикасынын Маалымат, туризм жана маданият министрлиги менен биздин «Маданият» каналыбыз биргеликте уюштуруп өткөрдүк. Байге да жакшы коюлуп, сынакка бардык чыгармачыл адамдар катыша алды. 

Калыстар тобунун курамындагы кадыр-барктуу инсандар – эл артисттери, белгилүү композиторлор талапкерлердин өнөрүн абдан кылдат баалашты. Менимче, бул долбоор өз максатына толук жетти. Мындан сырткары биздин каналда «Айтыш», «Сармерден» ж.б. долбоорлор да жакшы көрсөтүлүп келет.  

Сагын Ниязалиева, продюсер: “Кытай маданиятында жибектин орду өзгөчө”

Гуанчжоунун көчөлөрүнөн ар башка тилдерде сүйлөгөн адамдарды кездештирүүгө болот. 

- “Сармерден” тууралуу кененирээк сөз кылалы…

- Жакында эле «Сармерден» долбоорунун беш жылдык мааракесин белгиледик. Бул оюнду көрүүчүлөрдүн купулуна толгудай деңгээлде уюштурууга аракет кылып келебиз. Элибиздин нукура салт-санаасын, үрп-адатын, баа жеткис сөз байлыгын сактап, өркүндөтүп, бул аркылуу жаш муунду татыктуу тарбиялоого биздин долбоор абдан жакшы өбөлгө түзөт. Программабызда фонограмма колдонулбай, ырлардын баары жандуу үн менен аткарыларын да айта кетейин.

Негизинен эле, кыргыз элинде Сармерден оюну байыртадан болуп келген, каныбызда бар, ошондуктан эл дагы жактырып, колдоого алды. Эң алгачкы концерт филармониянын артисттери менен бирге уюштурулуп, ошол кезде эле жакшы ийгиликке жетише алдык. Ошентип, тез эле көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толду. Жыл өткөн сайын өсүш болуп жатат. Өсүш чыгармачылык аткаруучулуктан, сырткы келбеттен, кийим-кечеден ж.б. тармактардан да байкалат. Таанымдык мазмуну, тил байлыгы, көркөмдүгү – булардын баары аз-аздан болсо дагы өсүп жатат. 

Нукура кыргыздын ыры-бийлери кайра жаралып, бардык жагынан өркүндөтүлүп, жаңыланып жатат. Ушул улуттук баалуулуктарыбызды келечек муунубузга татыктуу өткөрүп берсек, зор максатыбызга жеткен болобуз. Эң башкысы, азыр айыл жерлеринде да маданий иш-чаралар уюштурулуп калса эле, сармерден ойнолуп жатат. Биз үчүн бул чоң жетишкендик.  Эл аралык деңгээлге да чыгып калды бул оюн – кытайлык кыргыздар менен биргеликте өткөргөн оюнубуз жаңы баскыч болду.

Сагын Ниязалиева, продюсер: “Кытай маданиятында жибектин орду өзгөчө”

Шаарды кыдырган бир учур.

- Кытайлык кыргыздар менен биздин айырмачылыктар бар бекен?

- Кытайдан толугу менен кытайлык кыргыз жигиттери катышышты. Алардын тобун Чүй, Токмоктун кыздары толуктады. Сармерден өзгөчө шаң, өзгөчө толкундануу менен өттү. Биздин кыргыздар укпаган ырлар, биз көрбөгөн бийлер бийленди. Айтылуу манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы унутта калган укмуштууудай бийлерди бийлеп, көрүүчүлөрдүн черин жазды. Баштарында байыркы ата-бабаларыбыз кийген калпактар! Абдан жатык жана таза, бир дагы орусча аралаштырбай сүйлөшөт экен. Жуңго кыргыздарынын дагы белгилүү композиторлорунун, обончуларынын ырлары менен катар биздин Жумамүдүн Шералиев, Калыйбек Тагаев сыяктуу обончу, композиторлорубуздун дагы ырларын аткарып жатышты.

Мындай жолугушуу биз үчүн чоң ачылыш болду. Ушунчалык жөнөкөй, кичипейил, таза, чындыгында эң мыкты мүнөздөгү жигиттер келди. Бизди дагы Кытайга чакырып жатышат. Эми буюрса биздин команда Жуңгого барып, аердеги туугандарыбыз менен сармерден ойноп келебиз. Сармерден дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун кыргыздардын ынтымагын бекемдеп, руханий көрөңгөсүнүн байышына жол ачып келет. 

 

Сагын Ниязалиева, продюсер: “Кытай маданиятында жибектин орду өзгөчө”

Семинар эң мыкты адамдар менен тааныштырды.

“Жибек сыры кытай маданиятына жакындатты” 

- Кытай жергесине барган сапарыңыз тууралуу кенен айтып берсеңиз?

-  Мен “Улуу жибек жолу” аттуу долбоордун алкагында уюштурулган “Жибекти өндүрүү” семинарына катышып келдим. Абдан кызыктуу жана ийгиликтүү сапар болду. Кыргызстан Аялдар Конгрессинин эсебинен баргам.  Дүйнөнүн чар тарабынан чеберлер келишти. Кыргызстандан бул иш-чарага эки киши жолдомо алып, барып катыштык. Жибектин жасалышы, тарыхы, өндүрүлүшү боюнча абдан кызыктуу маалыматтарды алып келдим. 

Семинар Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында өттү. 20 күнгө созулду. Бул убакыт аралыгында Кытайдын башка бир нече шаарларына барып, жакындан таанышып келүүгө мүмкүнчүлүк болду. Жол киреден баштап жаткан мейманкаларыбыз, тамак-ашыбызга чейин Кытай өкмөтү камсыз кылып берди. Бул иш-чарада жибек куртун өстүрүү, жибектин иштетилиши, өндүрүлүшү боюнча маалымат алып, фабрикаларына чейин барып көрдүк. Сапар программасы ушунчалык мазмундуу, кызыктуу болгондуктан, 20 күн өтө тез өтүп кеткендей болду. 

Бардыгыбыз билгендей, жибектин мекени – Кытай. Кылымдар бою жалгыз өндүрүүчү болуп келген бул өлкөнүн маданиятында жибектин орду өзгөчө. Жибекти алар кийим-кече тигүүдө эле эмес, башка тармактарда дагы (мисалы, жазууда) колдонулуп келген экен. Жибектен кийим кийүүсүнөн эле адамдардын кайсы социалдык катмарда тураарын аныктоого мүмкүн болгон экен. Кыскасы, жибек аркылуу жалпы кытай маданияты, тарыхы менен дагы кенен таанышып келдим десем жаңылышпайм.  

- Азыркы мезгилде Кыргызстанда дагы жибекти өндүрүү боюнча ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгү барбы?

- Советтер Союзунун тушунда Ош аймагында жибекти чыгаруучу фабрика бар эле. Жибек курттарды багыш үчүн атайын тыт өстүрүлчү. Бирок, тилекке каршы, ал жоюлуп кетти. Азыр деле бул тармакты жандантууга болот деп ойлойм. Балким, эки тарапка тең пайдалуу иш жүргүзүү үчүн кытайлыктар менен биргеликте бул багытта дагы кызматташарбыз.

Сагын Ниязалиева, продюсер: “Кытай маданиятында жибектин орду өзгөчө”

Гуанчжоу телемунарасы – туристтердин сүйүктүү жайы.

Байыркы жана заманбап Кытай

- Кытай мамлекети өзүңүз мурунтан угуп-билип жүргөндөй бекен?

- Кытай жергесине болгон бул алгачкы сапарым эмес. Бирок ар бир жолку сапарымда жаңы кызыктарды көрүп, башкача таасирленип алып келем. Ал эми бул семинар мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Себеби, кытай чеберлери менен эле эмес, дүйнөнүн ар башка улуттары менен да жакындан таанышып, баарлашканга мүмкүнчүлүк болду. Мурунку Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдөн Грузия жана биз эле катыштык. Негизинен Европа жана Африка өлкөлөрүнөн өкүлдөр келишти. Буга чейин үстүртөн билип жүргөн маданияттар менен таанышып келдим. Өзүм да чыгармачыл адам болгондуктан мен үчүн бардык нерсе өзгөчө кызыгууну жаратып жатты. 

Ал эми Кытай Эл Республикасы тууралуу сөз кыла турган болсок, биринчи кезекте мамлекеттин экономикасынын күчтүүлүгү дароо эле көзгө көрүнөт. Заңгыраган көчөлөр, көз мелжиткен бийик имараттар. Шаарлары жыл сайын эмес, ай сайын өзгөрүп, өнүгүп жаткандай. Кытай элинин гүлдөп өнүгүүсүнүн сыры өз тарыхын, маданиятын барктагандыгында деп ойлойм. Бул сый-урматты Кытай Эл Республикасынын ар бир аймагынан байкаса болот. Мисалы, чоң-чоң шаарлары укмуштуудай тездик менен өнүгүп, заманбап шаарларга айланса дагы, ал жерден байыркы кытай курулуштарына, тарыхый комплекстерине өзгөчө кам көрүлүп, кароого алынганын байкоого болот. Мен барган  Кытайдын ар бир шаарынан анын тарыхын, маданиятын тааныткан жайларды көрдүм. 

Биз Хайнань аралына, Шанхай, Пекин ж.б. шаарларына дагы барып келдик. Ал аймактар бардык жагынан мыкты өнүккөнүн көрдүк. Мисалы, Шанхай шаары “Эски Шанхай” жана “Жаңы Шанхай” деп экиге бөлүнөт экен. Жаңы Шанхай толугу менен, укмуштуудай архитектуралык стилде салынган бизнес борборлорго бай болсо, Эски Шанхай Кытайдын өтмүшүн, маданиятын ичине камтыган тарыхый курулуштарга толгон. Чындыгында, кошуна мамлекет азыркы тапта абдан тез өнүгүүдө. Дүйнөдөгү экономикасы эң күчтүү мамлекет десек болот. 

- Сапарыңыздын негизги бөлүгү Гуанчжоу шаарында болуп өттү дедиңиз. Ушул шаар тууралуу дагы айтып бербейсизби?

- Кытайдын башка шаарларындай эле, Гуанчжоунун да калкы абдан көп.  Бирок бул жактан жергиликтүү элдин көптүгүнөн мурун чет өлкөлүктөрдүн дагы саны арбын экендигин байкадым. Буга шаардагы дүйнөлүк маанидеги соода-сатык жана өндүрүш борборлорунун жайгашуусу өбөлгө болсо керек. Чындыгында көчөлөрүнөн англисче сүйлөгөн адамдарды көп эле жолуктурдук. Орус тилдүүлөр дагы кездешип жатты. Башка бардык туристтердей эле мен да Гуанчжоу телемунарасына көңүл бурбай коё албадым. Күндүзү да, түнкүсүн да шаарга өзгөчө көрк берип турган бул ажайып мунара мен үчүн аймактын эң мыкты жери болуп калды. Кытайдагы шаарлардын кечки көрүнүшү абдан кооз. Салттуу кытай архитектуралык стилинде салынган курулуштар көп кездешет. Тамак-ашында болсо деңиз азыктары кеңири пайдаланылат экен.    

- Кытай Эл Республикасынын кандайдыр бир теле долбоорлорун көрүп жүрөсүзбү? Кайсынысы сиз үчүн эң кызыктуу?

- Албетте, мурун КТРК менен “Кытай терезеси” уктуруусунун ортосунда кызматташуу болгон. Ошондуктан, “Кытай терезеси”, “Жуңгого сапар” аттуу программаларын угуп, көрүп жүрөм. Бул программалар биз үчүн, кыргызстандыктар үчүн абдан маанилүү деп эсептейм. Алар толугу менен Кытай Эл Республикасын бизге тааныштыруу менен бирге, ал жакта жашаган азычылык улуттардын дагы жашоо турмушу тууралуу кенен маалымат берип келген. Ушулардын арасынан, кытайлык кыргыздардын жашоо-шарты менен дагы жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул программалар Кытайды таанып-билүүдө, айыл-чарбасы, техникалык өнүгүүсү ж.б. жааттардагы жаңылыктарды жакшы баяндайт.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)