WeChat      Избранное

Аскат Азарбеков: «Кытай базар механизмдерин социалдык экономика менен айкалыштыра алган»

19/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Аскат Азарбеков: «Кытай базар механизмдерин социалдык экономика менен айкалыштыра алган»

Сүрөттөр маек ээсине таандык

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда бардык тармактарда кызматташтык алакалар бекемделип, өнүгүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Ушундай кызматташуунун алкагында билим алуу, тажрыйба алмашуу багытында дагы мыкты иштер аткарылууда. 

Мына, ушундай тажрыйба алмашып, семинарга катышуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкери Азарбеков Аскат Кытай жергесинде сапарда болуп кайтты. Аскат Нарынбекович бизге Кытай жергесине болгон сапары тууралуу айтып,  кызыктуу маек куруп берди. 

-Аскат Нарынбекович, алгач өзүң тууралуу маалымат берип кетсең, көп жылдан бери бул жаатта иштейсиңби? 

-Учурда КР Өкмөтүнө караштуу  Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде иштеп жатамын. Жети жылдан ашуун мамлекеттик кызматтарды аркалап, бул жаатты жакшы изилдеп билип калдым десем да жаңылышпайм. Албетте, мамлекеттик кызматтардын дагы өзүнүн оош-кыйышы, оорчулуктары болот. Бирок, ага карабастан өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсү үчүн, аз да болсо өз салымыбызды кошууга аракет кылып жүрөбүз. 

-Кытай Эл Республикасына болгон сапарың тууралуу айтып берсең, коңшу мамлекетке алгачкы жолу бардыңбы?

-Ооба, бул биринчи жолу Кытайга болгон сапарым болду. Өз көзүбүз менен коңшу мамлекеттин жетишкендиктерин, ийгиликтерин көрүп келдик. Чындыгында, анын ар тараптуу өнүгүп жаткандыгына күбө болдум. Албетте, бул бизди дагы кубандырат. Анткени, КЭР жакынкы коңшубуз, стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат. 

Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Чындыгында, алар бүгүнкү күнү биздин мамлекет менен өтө тыгыз кызматташтык алакасын куруп келүүдө. Мына, ушул кызматташуунун арты менен көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп, эки мамлекет ортосунда карым-катнаштар бекемделип, ар тармактарда тажрыйба алмашуу багытында дагы мыкты иштер аткарылып келүүдө. 

Мен өзүм Улуттук мамлекеттик кадрлар резервинде жогорку административдик мамлекеттик кызмат орду тизмесинде турам.  Кытай Эл Республикасына дагы дал ушул квота аркылуу барып келдим. Ал жакта эки жумадан ашык жүрдүк. Алгач, коңшу мамлекеттин борбору болгон Пекин шаарында болдук. Пекинде семинарды өткөрүү үчүн мыкты жай болгон Айбо академиясы бар экен. Дал ошол жерде окууларыбыз өтүп жатты. 

Семинарлар ортосунда Кытайдын бизнес чөйрөсүнүн чордону болгон Шанхай шаарында дагы сапарда болуп кайттык. Шанхайдагы ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, абдан кызыктуу жана маңыздуу экскурсияларда болдук. 

Аскат Азарбеков: «Кытай базар механизмдерин социалдык экономика менен айкалыштыра алган»

Кытайдан бир көз ирмем. 

Семинар «Соода иштеринин механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү» темасынын алдында болуп өттү. Чындыгында, бул семинар бардыгыбыз үчүн абдан пайдалуу болду. Өзгөчө, биздин группа үчүн жакшы бир маңыздуу иш-чара болду десем жаңылышпайм. Анткени, бизде Белоруссиянын, Түркменстандын, Армениянын жана Кыргызстандын өкүлдөрү болдук. Мына, ушул бардык республикалар үчүн Кытайдын соода иштеринин механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү жаатында алып барып жаткан иштери менен жеринде таанышуу абдан пайдалуу болду. Себеби, ири ишканалардын бул багытта алып барган ишмердүүлүгү чындыгында, өзгөчө сөзгө татырлык экен. Мамлекеттер аралык товар айлануу системасын көзөмөлдөө, автоматташтыруу, системалаштыруу иштери дагы мыкты өнүгүптүр. 

Мен бул семинардан чыгарган жыйынтыгым боюнча, Кытай экономикалык процесстерде интеграцияны айкалыштыруу менен атаандаштыкты, тактап айтканда базар мамилелерин дагы эриш-аркак жайгаштырып, калыпка салынган кытай спецификасын туура нукка жөндөгөн. Мисалы, Советтер Союзунда пландуу экономика болсо, бул жерде Кытай базар механизмдерин социалдык экономика менен айкалыштыра алган. Менин пикиримде, коңшу мамлекет ушундай жол менен мыкты ийгиликтерди жарата алды. 

-Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Кытай тарап менен кызматташтык алакалары барбы?

-Мурун, кандайдыр бир себептерден улам бул жааттагы иштер бир аз аксап келген. Учурдан пайдаланып, ушул Кытайга болгон сапарымда КЭРдин Коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуштум. Аларды биздин агенттиктин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, алдыда эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кытай тарап биз менен байланыш курууга өздөрүнүн дагы кызыкчылыктарын билдиришти. Алдыда, Кыргызстанга келүүлөрү күтүлүүдө. Албетте, бул эки тараптуу карым-катнаштын алгачкы гана кадамдары. Дагы да болсо бул жаатта жигердүү иш-аракеттерди аткара бермекчибиз. 

-Акыркы учурда, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу күндүн темасы болууда. Бул багытта өз оюңду билдире кетсең? 

-Чындыгында, мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсү үчүн инвестиция абдан маанилүү. КЭРден бизге инвесторлорду тартып жаткандыгыбыз дагы абдан жакшы. Бирок, биз негизинен Кытайдын ири компанияларын Кыргызстанга тартууга аракет кылуубуз зарыл. Анткени, менин оюм боюнча ири компаниялардан келген инвестициялар биринчиден имидж, экинчиден чоң киреше жана жогорку деңгээлдеги эл аралык кызматташтык байланыш. Орто жана кичи инвестициялар дагы жакшы. Бирок, майда-барат түшүнбөөчүлүктөн, маалыматтын жетишсиздигинен улам кетирилген кандайдыр бир кемчиликтер эки өлкөнүн карым-катнашына дагы өз кедергисин тийгизүүсү мүмкүн. 

Албетте, биздин мамлекет кичинекей. Кичинекей мамлекеттин чоң өлкөлөр менен кызматташып, атаандаштык жаратуусу оңойго турбайт. Бирок, биз экономикадагы кытай спецификасынын кандайдыр бир багыттарын  өзүбүзгө ылайыктап, колдоно алабыз. Бул биз үчүн жакшы бир тажрыйба болмок. 

Чоң компанияларды тартууда алгачкы кадам бул ачык маалымат булактары болуусу абзел. Ири инвестиция талап кылган долбоорлор бардык инвесторлор үчүн ачык болуусу зарыл. Мен көптөн бери эле Кыргыз Республикасынын ири инвестициондук долбоорлорунун жалпы бир маалыматтар базасын түзүүнү сунуштап келем. Учурда, инвестицияларды тартуу  жаатында бир катар иштер аткарылууда. Бирок, дагы да болсо жетишсиз деп ойлойм. Чындыгында, бизге жогоруда айтылгандай маалымат базасы абдан керек, себеби ал жакта тараптар тууралуу толук кандуу маалымат берилип, коопсуздук, ишенимдүүлүк жаатында дагы кандайдыр бир көйгөйлөр жаралмак эмес. Маалыматтын ачык болуусу ийгиликтүү кызматташуунун алгачкы кадамы десем жаңылышпайм. 

-«Бир алкак-бир жол» долбоору тууралуу өз оюң менен бөлүшө кетсең?

-«Бир алкак-бир жол» демилгеси 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталып, учурда 160тан ашуун мамлекеттин башын бириктирип, кызматташуу алакаларын бекемдеп келүүдө. Биз КЭРдин жакынкы коңшусу болгондон кийин албетте, бул долбоордун Кыргызстан үчүн дагы мааниси бар. Менин жеке пикиримде, ар бирибиз долбоор тууралуу кенен маалымат алып, анын бизге тийгизген таасирлерин изилдеп, тактап билип алуубуз абзел. Кыргызстан бул демилгени колдогон алгачкы мамлекеттерден болгондугу бардыгыбызга маалым. Жибек жолун бойлой жайгашкан мамлекеттердин катарында болгондон кийин, албетте демилгенин биз үчүн дагы ачылган мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги шексиз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)