WeChat      Избранное

Эзелки менен азыркыны айкалыштырган Кытай

21/09/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Эзелки менен азыркыны айкалыштырган Кытай

 “Кызыл конверт-акчалай тартуу” - кытай маданиятынын ажырагыс бөлүгү.

Сүрөттөр Ы. Асанказиевадан жана Интернеттен алынды

Кытай эли эң байыркы цивилизициялардын бирин түптөп, миңдеген жылдар аралыгында өзүнүн кайталангыс өнүгүү багытынан тайбай келаткандыгы, буга чыгыштын акылман философиясы өбөлгө түзгөндүгү баарыбызга белгилүү. Азыркы Кытай да өтмүш менен жаңычылдыкты айкалыштырып, адамзатка өрнөк болгудай маданиятын өнүктүрүп келет. 

Биз бүгүн заманбап көчтүн алдында бараткан Кытай элинин “кызыл конверт” салты менен окурмандарыбызды тааныштырууну туура көрдүк. 

Кызыл түс - “чын дилден бакыт жана ийгилик каалоо” белгиси

Кытай  эли кызыл өңгө өзгөчө маани берээри баарыбызга маалым. Бул түс энергиянын, бакыттын жана ийгиликтин белгиси болуп саналат. Чын дилден чыккан каалоо-тилектерди билдирүү үчүн да “кызыл конверт” тартууланат.

Кытай жаңы жылында мыкты белек катары берилүүчү бул конвертке акча салып коюшат. Мындай тартуу туулган күн менен куттуктаганда, жаңы үйлөнгөн жубайлардын тоюнда жана башка үй-бүлөлүк майрамдарда да белек катары берилип келет. 

Бүгүнкү күнү “Кызыл конверт тартуулоо” салты кытай маданиятынын ажырагыс бөлүгүнө айланган.  

Кирешеге жараша “кызыл конверт”  

 Салтка ылайык, кызыл конвертти кытайлар биринчи алган айлыгынан тартуулай башташат. Маани-маңызы жагынан бул салт биздеги бата берүү жөрөлгөсүнө окшошуп кетет. Ал эми ичине салынган акчанын суммасы тартуулаган адамдын кирешесине жараша болот. 5-10 юандан баштап бир канча миң юанга чейин берилет. Бирок сөзсүз түрдө акчанын суммасы так сан болушу зарыл. 

Кытай жаңы жылында кичинекей балдардан тартып бардык курактагылар – чоң-ата, чоң-энелер дагы кызыл конверт алышат.  Компания жетекчилери да майрам күндөрү өздөрүнүн кызматкерлерине сыйлык акчаларын дал ушундай кызыл түстүү каттышка салып беришет. 

Эзелки менен азыркыны айкалыштырган Кытай

 Вичат жана эзелки жөрөлгө эриш-аркак жашайт.

WeChat аркылуу учкан “кызыл конверт” 

WeChat биз колдонуп жүргөн WhatsAppка окшош. Кытай жергесинде кенен колдонулган бул система жөн гана сүйлөшүү, маалымат алмашуу үчүн эле эмес, акча жиберүү, соода-сатык жүргүзүү үчүн да кеңири колдонулат. Вичат (WeChat) бүгүнкү күнү социалдык тармактардагы эң ыңгайлуу төлөм системасы болуп калды. Кытайдын бардык аймактарында таксиге же метрого жол кире төлөө, самолетко же поездге билет сатып алуу, дүкөндөрдө соодалашуу үчүн Вичатты колдонууга болот.

“Кызыл конверт” салтын социалдык тармактагы вичат системасынын бир функциясы катары кошушкан. Аны колдонуп, сен өзүңдүн жакындарыңа “кызыл конверт” жибере аласың. Акча которууда бир адамга эле эмес, бүтүндөй бир тайпанын катышуучуларына тегиз акча жиберүү мүмкүнчүлүгү каралган. 

Лотереядан ким жолдуу? 

Вичаттын колдонуучулары майрамдарда кызыл конверт эле жибербестен, атайын айлампа оюндарын дагы уюштурушат. Бул оюнда кызыл конвертти жиберүүдөн мурун бир нече адам тандалат. Анан кызыл конверт лотерея түрүндө жөнөтүлөт. Кимиси жолдуу болсо, айлампа кимге келип токтосо, ошол адам кызыл конверттин ээси болуп калат. 

Бул лотерея кандайча ойнолот? Мисалы, колдонуучунун тизмесинде 50 киши болсо, бирок ал 10 гана кызыл конверт жолдосо, ошол 50 кишинин ичинен кокусунан тандалган 10 киши жеңүүчү болуп калат. 

Көбүнчө адамдар ушул оюн үчүн атайын уюшулган тайпаларга кошулушат. Мында акча эмес, оюн кумары көбүрөөк мааниге ээ. Бул оюн аркылуу таанышып, дос тапканга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башкача айтканда, бул функция адамдар ортосундагы байланышты түзгөнгө жардамчы болот.  

“Кызыл конверттин”акчасы эле кызыктырбайт 

Азыркы мезгилде кытай жергесинде вичат колдонуучулары кандай гана майрам болбосун кызыл конверт жиберип турушат. Мында акча маанилүү эмес, эң башкысы – баарлашууга шылтоо, себеп болгондугу.

Мисалы, Кытай жергесинде Сүйүү күнүн майрамдоо учурунда,  вичаттан 5.20 юань менен которулган кызыл конверттердин эң көп болгондугу байкалган. Кытай интернет колдонуучулары 5-2-0 сандарын “Мен сени сүйөм” деп билишет. Ошондуктан бул жерде кызыл конверт аркылуу өз сезимдерин дагы билдире алышкан. 

Кытайдан кыпкызыл салам кат

Мен Кытай жергесинен магистратураны аяктап келгениме бир жылдын жүзү болуп калды. Ушул убакыт ичинде ар дайым тайпалаштарым, мугалимдерим жана сүйүктүү агайым, диплом жетекчим Ванг агай менен ар дайым байланышта болуп келем. Мен аяктаган Ички Монголия университетинин 60 жылдык мааракеси жакында белгиленет. Ушул иш-чарага Ванг агай вичат аркылуу чакыруу кагазын жиберип, бардыгыбызга кызыл конверт тартуулады. Бул мен үчүн абдан жагымдуу белек болду. 

Кыргызстанда туруп кызыл конверт алганыма кубандым. Бул үчүн, албетте, вичатты иштеп чыгып, өнүктүрүп жаткандарга ыраазычылык билдирүү керек. 

Өзүңүздөр байкагандай, эзелки салттарын барктаган кытай элинин «Кызыл конверт» жөрөлгөсү бүгүнкү күнү дагы өз баалуулугун жоготпостон, заман менен бирге өнүгүп келет. 

Эзелки менен азыркыны айкалыштырган Кытай

Ырыскүл Асанказиева 

Ырыскүл Асанказиева, Кытайда окуп жаткан магистрант: “Вичаты жок Кытайды элестетүүгө мүмкүн эмес”  

Мен Кыргызстандан кытай тили жана адабият факультетин аяктаганмын, вичатты өз жеримде окуп жүргөндө эле билип, анча-мынча колдонуп көргөнмүн. Бизде кытай тили же кытайлар менен байланышы бар адамдар бул байланыш системасын колдонот. Ырас, Кыргызстанда азырынча вичаттын колдонуучулары аз.

Чындыгында вичаттын кызматтары абдан ыңгайлуу. Кытайда вичаты жок жашоону элестетүү кыйын. Мында пикир алмашуу, электрондук акча капчыгы жана котормочулук сыяктуу адамдарга керектүү фукциялар иштейт. Мен азыр Кытайда жумуштарымдын баарын ушул вичат аркылуу бүтүрөм. Дүкөндөн кийим алсам дагы, жол киремди төлөсөм дагы вичатты пайдаланам. Мындан сырткары текст жана аудио түрүндө пикир алмашууга, видео, сүрөт  тартууга, өзүңдүн кайсы жакта жүргөнүңдү көрсөтүүгө, акча жиберүүгө аны толук колдонсо болот. 

Мен үйдөгүлөр менен бат-баттан вичаттын видеобайланышы аркылуу сүйлөшүп турам. Себеби, скайп же башка ушул сыяктуу кызматтар Кытайда жай иштейт. Ал эми вичат менен эң мыкты сапаттагы видеобайланышын түзүүгө болот. 

Вичаттын дагы бир функциясы - “кызыл конверт”, муну кытайлар өтө кеңири пайдаланат. Айрыкча Кытай жаңы жылында вичат «кызарып» эле жатып калат. Бул чет жерде же алыста иштеп жүргөндөр үчүн абдан ыңгайлуу.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)