WeChat      Избранное

Элди убайга салган коронавирус

14/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коронавирус илдети дүйнө жүзүнө жайыла баштагандан тарта бүтүндөй жер жүзүндө жашоо токтоп калгандай сезим болду. Себеби, ар бир мамлекет чек араларын жаап, колунан келишинче өлкө аймагына бул дартты киргизбегенге аракет кылды. Бирок, учурда көпчүлүк өлкөлөрдө ковид-19 оорусу жайылып, аны менен күрөшүү иштери дагы да болсо кызуу жүрүп жаткан кез.

2020-жылдын 18-март күнү Кыргызстанда алгачкы жолу коронавирус дартын жуктуруп алган үч адам катталган. Ошол күндөн баштап өлкө ичинде ооруну жайылтоо, аны алдын-алуу иштери жигердүү жүрүп, республика боюнча Өзгөчө кырдаал, айрым аймактарда Өзгөчө абал режимдери киргизилди.

Эки айдан ашуун карантинде отурган Бишкек шаарында жашоо 1-июндан тарта толук башталды десек болот. Бирок, ошондо дагы карантиндин айрым эрежелери сакталып, катуу көзөмөлгө алынууда. Буга Бишкек шаарында күндөн-күнгө коронавирус дартын жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгы дагы башкы себеп болууда. Анткени, эл арасынан оору чыгып, аны жуктуруп алуу булагы тастыкталбаган учурлар да арбын кездешүүдө.

Биз карантинден кийинки Бишкек шаарынын тургундарынын ал-абалы менен таанышып, ӨА учурун кандай өткөргөндүктөрү тууралуу сурап-билдик.

Алтынай Кудайбердиева, сатуучу: “Карапайым калк бирдей оор абалда калды” 

-Мен өзүм Орто-Сай базарында кийим-кече сатып иштейм. Жумушка чыкканыбызда аз эле болгондугуна карабастан, 10-13-июнь күндөрү базар дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылды.

Чындыгын айтканда, коронавирус илдети бардыгыбызды кыйын абалга калтырды. Мисалы, үйдө 3 балам бар. Жолдошум мага жардам берип, базарга келип-кетип, балдарды карайт. Ошондо, карантин учурунда эч кандай киреше булагы жок отуруп калдык. Албетте, ден соолук биринчи орунда эмеспи. Бирок, бираз топтогон акчабыз түгөнүп бара жатканда, кадимкидей

чочуладым. Ушундай учурда, бизге ким жардам бермек эле. Карапайым калк бирдей эле оор абалда калды да.

Мындан тышкары, жумушка деп алган насыябыз дагы бар. Өкмөт тарабынан насыяны узартуу чечими кабыл алынганы менен, ага учурда үстөк пулун дагы кошуп төлөп берүү керек.

Эми, мына аз-аздан жашоо өз нугуна түшүп келе жатат. Бирок, дагы да болсо Бишкекте коронавирусту жуктуруп алгандардын саны күн санап көбөйүп жаткандыгы жакшы иш эмес. Айрыкча, биз үчүн коркунучтуу. Базарга ар түрдүү адамдар келет. Киши дагы көп. Беткап тагынып, аралыкты сактагандар деле аз. Учурда, үй-бүлөмдү оорутуп албасам деп эле сарсанаамын. Бирок, айла жок. Акча таап балдарымды багыш керек. Өзүм Турцияга барып товар алып келчү элем. Азыр ал жакка дагы бара албай, былтыркы товар менен отурам. Эми, жакынкы аралыкта бул илдеттен кутулабыз деп үмүттөнөм.

Максат Чыңгыз уулу, инженер-программист: “Кайдыгер болбой, бардыгыбыз бир-бирибиздин коопсуздугубуз үчүн кам көрсөк жакшы болмок” 

- Мен кесибиме байланыштуу карантин учурунда деле үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк болду. Карантиндин эрежелерин үй-бүлөбүз менен толук сактадык. Кары адамдар, иммунитети начарларга оору абдан коркунучтуу экендигин билгенден кийин, ого бетер үйдөн чыкпай жаттык. Себеби, чоң апам, атам-апам дагы биз менен бирге турушат.

Карантинде балдарым өзгөчө кыйналып кетти. Өзүбүз 9 кабат үйдүн 6-катында турабыз. Эки бөлмөлүү үйдө эшикке чыга албай абдан кыйналышты. Өзүм болсо азык-түлүк алганга эле сыртка чыгып жаттым.

1-июндан баштап бардыгыбыз жумушка чыга баштадык. Эл арасында кыймыл башталды. Бирок, дагы да болсо кырдаал Бишкекте курч болуп жаткандыгын Өкмөт айтып жатат. Ошондуктан, беткап тагынып, санитардык эрежелерди сактоого аракет кылып жатабыз. Анткен менен Бишкек шаарынын тургундары эч кандай деле коопсуздук маселесин ойлобогондой ой калтырып жатат. Автобустарга түшсөң деле беткап тагынган киши жок. Жалгыз киши аралыкты деле сактай албайт экен. Мен сактайын десем деле, башка бирөө келип жаныңда туруп калат. Кээ бирине айтсаң түшүнөт, кээ бири урушуп кетет.

Бирок, ири соода жайларында текшерүү иштери жакшы жүрүп жатат. Киргенде температураны текшерип, колду дезинфекциялап жатышат. Чындыгын айтканда, Өкмөт тарабынан бул жаатта иштер жакшы эле жүргүзүлүп жатат. Менин оюмча эл дагы өзү ооруну жуктурбаганга аракет

кылуусу керек. Эң башкысы кайдыгер болбой, бардыгыбыз бир-бирибиздин коопсуздугубуз үчүн кам көрсөк жакшы болот эле.

Салтанат Абдувалиева, официант: “Жумуштун жанданышын абдан күттүк”

-Биздин кафе иштей баштаганына аз эле күн болду. Кафенин жетекчилиги бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого бизди милдеттендирди. Чындыгында, бул иш-чаралар бардыгыбыздын коопсуздугубуз үчүн абдан маанилүү.

Биз ачылгандан бери келген кишилердин саны көп эле болуп жатат. Эртең мененки ондон баштап, кечки саат 22ге чейин иштеп жатабыз. Жабылаар алдында дагы келген клиенттерибиз бар. Көбүнчөсү жаштар. Ошондуктан, менин оюм боюнча элдер коронавирусту унутуп калгандай. Кичинекей балдары менен кафеге келген үй-бүлөлөр дагы бар.

Мен кыздар менен бирге квартирада турам. Чындыгында, карантин учурунда үйдүн акчасын бере албай абдан кыйналдык. Эч кимибизде жумуш жок. Болгон акчаларыбыз тамак-ашка кетип жатты. Өзүм Таластан болом. Бирок аймактар аралык кыймыл жабылгандыгына байланыштуу ата-энемдин жанына кете албай дагы оор учурга кабылдым. Мындай кырдаал абдан коркунучтуу экен. Жумуштун жанданышын абдан күттүк. Азыр деле коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу чоң. Айрыкча, биздин жумушта. Бирок, иштөө керек.

Салкын Айдаркулова, пенсионер: “Менин тилегим эле ушул апааттан тез арада кутулсак экен”

-Учурда, жалпы элге абдан эле убал болду. Мына, мен өзүм 80ге таяп калдым. Башыбыздан көп эле кыйынчылыкты өткөрдүк. Бирок, балдар үчүн сарсанаа болот экенсиң. Биз го жашаарыбызды жашадык. Ушул силер, бала-чака аман болгула.

Карантин учурунда, Россиядан уулум үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келе албай абдан кыйналышты. Ал жакта жумуштары жок, же квартирага берчү акчалары жок, өзүнчө эле бир оор абалга туш келип калышты. Же бул жактан биз дагы жардам бере албайбыз. Дагы жакшы, азыр Кыргызстанга кайтып келишти. Эми, азыр кандай жашоо шарттары болот, билбейм. Эң негизгиси өз жеринде, эл арасында. Менин тилегим эле ушул апааттан тез арада кутулсак экен. Азыр Бишкекте жашоо башталды. Бирок, дагы да ооругандар көп.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)