WeChat      Избранное

Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор: “Медицина институтуна өз каалоом менен, медицинаны сүйүп калып келгем”

22/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор: “Медицина институтуна өз каалоом менен, медицинаны сүйүп калып келгем”

Сабырбек Жумабеков.

Кыргыздын атын дүйнөгө даңазалап, патриоттуулугун сөз менен эмес, элине кылган ак кызматы менен далилдеп келген кыргыз уулдарынын бири бул-Сабырбек Жумабеков. Ал Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчилик кызматын аркалоо менен бирге,ортопедия тармагында бир катар өзгөчө оор операцияларды жасап, сөөгү өспөй калган буттарды узартуу менен дүйнөлүк медицина илиминде новаторлук жасаган.

Мына, ушул улукман, кыргыздын чыгаан уулу Сабырбек Жумабеков бүгүн биздин гезитке өз ишмердүүлүгү, Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтык алакасы тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

-Сабырбек Артисбекович, бардыгыбыз билгендей, дарыгерлик кесип ары татаал, ары жоопкерчиликтүү жумуш. Бул кесипти тандап алууңузга эмне себеп болду, ушул жаатта сөз баштап берсеңиз?

- Жашоодо ар бир адамдын алдына койгон максаты болот эмеспи. Союз учурунда бизнесмен деген сөз аз колдонулуп, бизнес тууралуу түшүнүк деле тайкы болгон. Анан бирибиз экономист же бухгалтер болсом, облусту башкарсам, финансы министрлигинде иштесем десе, экинчиси милицияга барсам, кылмышкерди издеп, кылмыш иштеринин бетин ачсам дейт. Айрымдары башкарма болууну тилек кылышаар эле. Бул эми биздин бала кезибиздеги менталитетибиз, Союздун убагындагы максатыбыз, тарбиябыз десек болот. Анын сыңарындай мен да бала кезде медик болсом деп максат кылаар элем. Медик болгондо да ушул сөөк оорулары жагына басымдуулук кылууну ойлочумун.

Эми мен бул кесипти кичинекей, бала кезимде тандагам. Менин 10  жашымда атамдын буту катуу ооруп, 3 жыл катары менен Фрунзеге келип дарыланып жүрдү. Абдан кыйналды. Ал убакта, айылда Анарбек  аттуу согушка катышкан аксакал хирург бар эле. Ошол, жөнөкөй эле айылдык хирург сөөктү чукуп, ичинен көп ириң чыгарып, атамдын бутуна операция жасады. Атам бир айдын ичинде айыгып кетти. Ошондо, “сөөктүн дарыгери болом” деген чечимди кабыл алдым. Анан сөөк врачы болом деп калдым. Ал мезгилде, ортопед-травматолог дегенди билбейбиз да.

Ошентип сөөккө кызыга баштадым. Сөөк көрсөм эле баса калып, ичинин баарын карап, анатомияларды окучумун. Чөптүн арасынан бака кармап, чалгы менен ичин тилип, текшерип чыкчумун. Ботаниканы, зоология, киши деген   сабактарга абдан кызыкчумун. Ошентип медицина институтуна өз каалоом менен, медицинаны сүйүп калып келгем.

Мына, азыркы тапта “жаштын тилегин берет” дегендей,бала кездеги максатым орундалып, бүгүнкү күндө өзүмдүн кыргыз элиме аздыр-көптүр колуман келген жардамымды берип, элим үчүн кызмат кылып келатам.

Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор: “Медицина институтуна өз каалоом менен, медицинаны сүйүп калып келгем”

“Мен үчүн чуркоо-тамак-аш, аба-суу сыяктуу эле керектүү нерсе”

-Эмгек жолуңузга дагы токтоло кетсеңиз?

Института окуп жүргөндө ар кандай наамдагы мугалимдер, илимдин кандидаттары, илимдин докторлору, профессор агайлар, академик агайлар бар эле. Аларды көргөндө, алардан билим алганда кыялдана баштайсың. Биринчи ушулардай илимдин кандидаты болсом дейсиң. Академик болуу ал убакта акылга сыйчу нерсе эмес эле. Бирок "илимдин кандидаты болуп, чоң доктур болуп, элиме жардам берсем экен" деп алдыма чоң максат койчумун. Орусча айтканда "карьера" жасоону тилек кылгам. Министр, депутат же бизнесмен болсом дегендер бар. Меники ушул илимий карьера болуш керек.

Студент кезимен эле илимге умтулгам десем жаңылыш болбос. Анткени институту аяктагандан кийин Украинада ординатурада жүргөндө эле "Советтер Союзунунун изобретениясы" деп коет, ойлоп табуу боюнча авторлук укук алгам. Андан сырткары эки жыл ординатурада жүргөндө 12 рационалдык көрсөтмө киргизип, 12 илимий статья жазгам. Үчүнчү жылы илимий кандидаттыгымды жактап, 26 жашымда илимдин кандидаты болгом.

Ал эми 30 жашымда илимдин доктору болуптурмун. Экөөнү тең Москвадан жактагам. Бул илимий чөйрөдөгү такталып айтылган маалыматтар боюнча, азыр мени КМШда ортопедия-травматология боюнча эң жаш илимдин доктору деп айтышат. Илимий карьера дегенди сатып ала албайсың. Бул күнү-түнү тер чачып, талыкпай иштеген ак эмгек да. Ушул себептен ошол илимий жолду мен тандап алгам. Ошентип, 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштеп келе жатам.

-Жалпы медицина тармагында эмгектенип жүргөнүңүзгө канча жылдын жүзү болду, шакирттериңиз барбы?

- Жалпысынан алганда быйыл 32 жыл болуп отурат. Саламаттыкты сактоо тармагында 1985-жылдан бери иштеп келе жатам. Мына, ушул жылдар аралыгы элиме кызмат өтөө менен бирге, окуучуларымды дагы тарбиялап өстүрүүдөмүн.

Азыркы тапта, 40 ка жакын илимдин кандидатын, алтыдан ашык илимдин докторун тарбияладым. Алар жеке гана менин кол алдымда эмес, чет жерлерде чоң-чоң клиникаларда үзүрлүү эмгектенип жүрүшөт. Бул дагы да болсо, биздин берген билимибиздин, окуткан ыкмабыздын, үйрөткөнүбүздүн дүйнөлүк стандартка жооп бергендигинин толук далили болуп бере алат. Башкача айтканда, биздин дарыгерлерге чет мамлекеттерде суроо-талап бар.

-Сиз улам жаңы ачылыштарды чыгарып, сөөк ооруларына ортопедиялык операцияларды жасап келесиз. Ушул багытта сөз кылып берсеңиз?

-Илимий тармакта жүргөндөн кийин биз дайыма изденүүдөбүз да. Биздин борбордо жылына онго жакын илимий ачылышты ачабыз. Ойлоп тапкан нерсебиз Кыргызстанда патент түрүндө бекитилет. Ал дүйнөлүк тил менен айтканда ноу -хау деп коет. Бул дүйнөлүк медицинага жаңылык киргизилди деп эсептелет. Аны бергенде алар изилдеп туруп, дүйнөлүк медицинада биз киргизип жаткан жаңылык жок экенине ынанган соң, "аналогу жок" деп туруп, бизге берет.

Биз ошондуктан изденип, өзүбүздүн салымыбызды дүйнөлүк ортопедияга кошуп жатабыз. Дүйнөлүк ортопедиянын деңгээлине көтөрүүнүн аракетин көрүп келебиз. Мындай талыкпаган изденүүнүн негизинде Кыргызстан ортопедия-травмотология борборун көтөрүп жатабыз деген ойдомун. Жалпы жолунан айтканда ар бир Кыргызстандын жараны , европанын же американын жаранындай эле, жогорку деңгээлдеги технологиянын негизинде дарыланса деген ниетте эле иштеп, ушул нерсени максат кылуудабыз. Мындай жогорку деңгээлде дарыланганга биздин ар бир жарандын укугу да бар. Ушул укугун канаатандырып, керектүү нерсени биз алып келип беришибиз керек. Жасап берүүбүз зарыл.

Азыркы учурда, ортопедия тармагына жүзгө жакын жаңы ойлоп табууларды киргиздик. 400дөн ашык илимий эмгектерди жарыяладык. Илим өсүп-өнүгүшү керек, мезгил өзгөрүүдө, ушуга жараша дагы биз дагы изденип, маалымат, тажрыйба алмашып, чет мамлекеттердеги кесиптештерибиз менен биргеликте кызматташтык алакабызды өнүктүрүп келебиз.

Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор: “Медицина институтуна өз каалоом менен, медицинаны сүйүп калып келгем”

Жумуш үстүнөн бир көз ирмем.

“Кытай дарыгерлери менен көптөн бери кызматташып келебиз”

-Өзүңүз айтып, кеткендей, чет мамлекеттер менен дагы көп иштешип келесиз. Кытай Эл Республикасы дагы алардын катарындабы?

-Негизинен эле, биздин көп мамлекеттер менен келишимдерибиз бар. Мисалы,  Россиянын 7 илимий институту менен, Украинанын 2 институту, Беларуссиянын, Казахстандын, Өзбекстандын, Европа өлкөлөрүнүн, Түркия, Кытай мамлекеттеринин көп мекемелери менен иштешип келебиз.

Биз алар менен илимий жактан карым-катнашта, бири-бирибизге алыш-бериш болуп, бири-бирибиз менен бөлүшүп, бири-бирибизге ойлоп тапкан нерсебизди көрсөтүп, ушундай биримдикте иштеп жатабыз.

Ал эми, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы алака тууралуу айтсак, биздин мамиле жылдан-жылга өнүгүп, бекемдөөнүн үстүндө. Саламаттыкты сактоо тармагы дагы бул агымдан четте калган жок. Муну менен катар, биз дагы кытай дарыгерлери менен көптөн бери кызматташып келебиз.

Өзгөчө, Кытай Эл Республикасынын  Хэбэй провинциясы менен тыгыз алакадабыз. Хэбэй медициналык университети менен тажрыйба алмашуу багытында ал жакка барып лекция окуп жүрөм. Кытай профессорлору дагы Кыргызстанга, бизге келип лекция окуп, “көргөзмө операцияларга” катышып, өзүлөрүнүн тажрыйбасы, иштөө ыкмасы, медицина багытында жетишкен ийгиликтери менен бөлүшүп келет. Башкача айтканда, бир-бирибизге үлгү болчу жерден үлгү болуп, үйрөнчү жерден үйрөнүп кызматташтык мамилебизди бекемдеп келебиз.

Мындан сырткары, бул жерден Синьцзян Уйгур автономдуу району, Үрүмчү шаары менен болгон кызматташтыгыбызды дагы айта кетүү керек.  Мен учурда, Кытай Эл Республикасынын ортопеддер бирикмесинин мүчөсүмүн. Бул дагы коңшу элде болуп жаткан, саламаттыкты сактоо, менин иш багытым жаатындагы жаңылыктар, өзгөрүүлөр, ийгиликтер тууралуу толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул бирикменин жыйыны жылына бир жолу Пекин шаарында өткөрүлүп турат.

Мени бир жолку чогулушуна сыйлуу конок катары чакырышкан. Ошондо, Кытайдын медицина тармагында укмуштуудай өнүккөнүнө күбө болуп келдим. Ал жакта, атайын уюшулган көргөзмөнү үч күндө араң толук кандуу көрүп бүтсөң болот. Бул иш-чаранын масштабдуулугунан кабар берет. Ал көргөзмөгө, ортопедия адистигине керектелүүчү техникалык жабдыктардын,конструкциялардын жаңылатылган, өнүктүрүлгөн версияларын көрүүгө болот. Же болбосо, кандайдыр бир жаңы ойлонуп табылган продукциялар көрүүчүлөргө сунушталат. Бул көргөзмөгө жеке гана Кытайга эмес, бүтүндөй дүйнөгө белгилүү компаниялар сырттан келип катышышат.

Алдыда, Кытай Эл Республикасы тарабынан жүргүзүлө турган ири долбоорго катышуунун алдында турам. Ал жөнүндө кийин дагы сөз кылсак болот.

-Кытай Эл Республикасы бардык тармактарда ыкчам түрдө өнүгүү менен бирге, саламаттыкты сактоо тармагындагы техникалык жабдыктарынын күчтүүлүгү менен айырмаланат болсо керек...?

-Албетте, кайсы мамлекеттин экономикасы күчтүү болсо, ал бардык тараптан өнүгүп-өсөт. Мунун мисалы катары Кытай Эл Республикасын айтууга болот. Коңшу мамлекеттин экономикалык потенциалы абдан зор. Дүйнөлүк аренада өзүнүн орду, сөзү бар мамлекет. Жеке гана саламаттыкты сактоо тармагында эмес, негизинен эле бардык сферада алдыңкы орунду бербей келет. Ошондуктан, саламаттыкты сактоо тармагы дагы салттуу кытай медицинасы менен батыш медицинасын айкалыштырып иштөө менен бирге, заманбап технология менен дагы толук жабдылган. 

-Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилени бекемдөөө салым кошуп келаткан гезитибиз тууралуу кандай пикирдесиз?

-Учурда, Кытай Эл Республикасы дүйнөдөгү күчтүү державалардын бири. Мындан сырткары, биздин чектеш жайгашкан коңшу мамлекетибиз болгондугу үчүн, стратегиялык өнөктөшүбүз дагы болуп саналат. Эки эл байыртадан бери байланышта болуп келген, бирок алаканын, кызматташтык мамиленин жаңы доору Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн алгандан кийин ачылды десек да болот. Биз ар дайым кытай эли, мамлекети менен кызматташууга даярбыз. Айрыкча, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоору дагы кыргыз-кытай алакасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди.

Мына, ушундай эки элдин достук мамилесин чыңдоону максат кылып, аларды бир-бирине  маданият, тарых, экономика, салт-санаа, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы болуп жаткан кызматташтыкты жеткирүүнү көздөп, эмгек кылып жатканыңыздар абдан кубанычтуу саамалык деп эсептейм. Жакшы иш кылып жатасыздар. Иштериңер ийгиликтүү болсун. Сапарыңыздар байыбасын. Гезиттин эмгек жамаатына ден соолук, ийгилик каалайм.

Узак жашоонун жана бекем ден соолуктун формуласы-кыймыл-аракет

-“Спорт - ден соолуктун булагы” деп коет эмесби, сиз өзүңүз спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?

- Мен дарыгер болгондон кийин, албетте, спорт менен машыгууну, көп кыймылдоону, чуркоону, эч болбоду дегенде бир канча аралыкка басып турууну окурмандарга сунуштайт элем.

Кыймыл-аракет ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Жашоону узартып, ден соолугуна кам көргөн адам сөзсүз түрдө чуркоосу же басуусу керек. Ден соолукка кам көрүүнүн эң негизги жана жөнөкөй формуласы ушундай.

Өзүм спортту абдан жакшы көрөм. “Спортту менин жашоомдун ажырагыс бир бөлүгү” деп айтсам да жаңылышпайм. Сууда сүзгөндү, чуркаганды, фитнес залына барып ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап турууну адатка айланткам. Ортопед-травмотологдордун жумушу слесарь-токарьлардын жумушуна эле окшош, алар темир-тезек менен иштесе, биз сөөк менен иштейбиз да. Ошол эле балка, араа, кычкач, отвертка  ж.б. буюмдардын бардыгы бизде бар. Анан, албетте, балка бар жерде күч дагы керек экен. Мисалы, сөөктү ордуна коюу, муундарды, омуртканы чыгаруу ж.б. Биздин кесип, жеке гана адистик жогорку чеберчиликти талап кылбастан, кара күчтү дагы талап кылат.

Мен жумасына үч-төрт жолу 10 км жүгүрүп турам. Бул чуркоодон чарчап-чаалыкпайм. Ал мага тескерисинче кошумча күч, энергия берет. Эртеси күнү этаждан-этажга, опрециядан-операцияга жүгүрүп, канча пациентти кабыл алсам да, чарчабай жүрө берем. А кокусунан кандайдыр бир себептерден улам, бир жума жүгүрбөй калсам, анда абдан кыйналып, өзүмдү начар сезип, төрт-беш операциядан кийин эле чарчоонун белгилери башталат. Ошондуктан, чуркоо мага тамак-аш, аба-суу сыяктуу эле керектүү нерсе.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)