WeChat      Избранное

Жүсүп Мамай: “Жөнөкөй жашасаң мейли, бирок маанисиз жашаба, уулум!”

22/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Жүсүп Мамай: “Жөнөкөй жашасаң мейли, бирок маанисиз жашаба, уулум!”

Залкар манасчыны жаңы өңүттөн таанууга мүмкүнчүлүк берген чыгармачылык.

16-ноябрь күнү Бишкек шаарында кыргыз элинин маданиятын, руханий көрөңгөсүн байытуу иштеринин алкагында, манас таануучулар үчүн мыкты саамалык болуп өттү. Чыгаан манасчы Жүсүп Мамайдын чөбүрөсү Турганаалы Турсунаалы уулу Жүсүп Мамайтегиндин “Бабамдан баян” аттуу китебинин бет ачаар аземи болду.

Анда, залкардын басып өткөн өмүр таржымалы, биз билбеген, укпаган насаат сөздөрү камтылып, публицистикалык жанрда элге тартууланды. Бул иш-чарага кыргыздын аттуу-баштуу инсандары, бир катар маданият ишмерлери катышып, авторго өз куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Турганаалы китепте атасынын айткан акыл кептери, улуу сөздөрү менен эл менен бөлүшүп, бабасынын баалуу мурасын бапестеп окурмандарга тартуулады.

Нуржигит Кадырбеков, Ыйман фондунун төрагасы:

“Жүсүп Мамай кыргыз руханий ааламынын балбылдаган жылдызы, сөз өнөрүнүн көөнөрбөс кенчи” (подзаголовок)

- Жүсүп Мамай атабыздын көзү өтүп кетти, бирок аны жашоодон өтүп кетти дегенге ооз барбайт. Анткени, анын сөзү, маданий-руханий мурасы жашап жатат. Биз Жүсүп Мамайды толук кандуу билебиз деп ойлойбуз. Чындыгында, анын таржымалын, жан дүйнөсүн, жашоосун, кылган мээнетин жакындан таанып биле бербейбиз.

Ал эми, бүгүн бет ачаары болуп жаткан китеп, улуу инсандын манасчылыгын айтпайт, себеби, бул багытта бардыгыбыздын маалыматыбыз бар. Китеп бизге, Жүсүп Мамайдын өмүр таржымалын, жан дүйнөсүн, дүйнө баамын окурмандарга ачып берет. Анткени, бул эмгекти бөлөк-бөтөн адам эмес, өзү руханий мурасын тапшырган, насаатын, кеп-кеңешин айткан, тарбиялаган чөбүрөсү жазып отурат. Бул жактан залкар манасчынын кийинки муунга калтырган осуяттарын дагы окууга болот.

2013-жылдын 30-апрелинде Президентибиз Алмазбек Шаршенович “Жүсүп Мамайдын эмгегин даңазалоо, таанытуу” жарлыгын чыгарып, жаңы өңүттө, багытта изилдөө үчүн бир топ тапшырмаларды берген. Кайсы бир деңгээлде бүгүнкү иш-чара ошол жарлыктын аткарылышы болду десем жаңылышпайм.

Мындан сырткары, бул жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылы, ушул жылга дагы бул эмгектин тиешеси бар. Анткени, Жүсүп Мамай бир гана чыгаан манасчы болбостон, кыргыз руханий ааламынын балбылдаган жылдызы, сөз өнөрүнүн көөнөрбөс кенчи, кыргыз маданиятынын кыйыры жок мухити, океаны. Бул сөздөрүмө китептин ар бир бети, ар бир сабы далил болуп бере алат.

Жүсүп Мамай: “Жөнөкөй жашасаң мейли, бирок маанисиз жашаба, уулум!”

Турганаалы Турсунаалы уулу Жүсүп Мамайтегин.

Роза Отунбаева, КРнын экс-президенти, мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат:

“Эки элдин ортосунда достукту, ынтымакты бекемдеп жүргөндүгү үчүн алкыш айткым келет”

- Бүгүнкү китептин бет ачаары, Турганаалынын эмгегинин бет ачаары. Турганаалы жаш болгондугуна карабастан, Жалын бийи аркылуу дагы Кыргызстандын булуң-бурчуна таанылып келген.

Мына эми бүгүн болсо, калемгерчилик талантын дагы тастыктап, жазган китебин бизге сунуп отурат. Өзү Кыргызстанда билим алып жаткандыгына карабастан, бардыгын бирдей алып кетип, китеп жазганга дагы убакыт бөлгөндүгүнө мен баа берем. Жүсүп Мамайдын, өзүнүн бабасынын өмүр баяны, жашоосу тууралуу “Бабамдан баян” деп китеп жазгандыгы үчүн мен алкыш айтып кетмекчимин.

Ошондой, эле “Ыйман” фондуна ушул чыгармачылыкты колдоп, китеп кылып чыгарып бергениңиздер үчүн дагы ыраазычылык билдирем. Турганаалы Кытай Эл Республикасынын жаштарынын өкүлү болуп саналат. Бизде болсо, Кытай тууралуу маалыматыбыз дагы аз. Азыркы тапта, Кытай дүйнөлүк державалардын бири айланды. Негизинен, Кытай жөнүндө кыргыз тилинде чыккан китептер дагы жокко эсе.

Биз убагында Кытай рефарматору Дэн Сяопиндин кызы тарабынан жазылган “Менин атам Дэн Сяопин” аттуу китебин кыргыз тилине которгонбуз. Ал жерде “Дэн Сяопин деген ким болгон? Маданият революциясы кандай өткөн? Кытайдын бүгүнкү мамлекеттик машинасы кандай иштейт?” деген суроолорго жоопторду таба алабыз. Бул китептен азыркы мезгилдин күчтүү державасы болгон Кытай тууралуу маалыматтарды алууга болот.

Мен Жүсүп Мамайга 2012-жылы Кытай жергесине болгон сапарымда жолугуштум. Залкар манасчынын жеке гана Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунда эң атактуу инсан болбостон, бүтүндөй кытай элине кыргыз маданиятын, көөнөргүс руханий дүйнөсүн тааныткан белгилүү адам экендигине күбө болдум. Ошол тапта, “Манас” майрамы болуп өттү. Биз үчүн бардыгы таң калыштуу болду. Кытайлык кыргыздардын жашоосу жогорку деңгээлде өнүгүп, Кытай өкмөтү тарабынан мыкты колдоо болуп жаткандыгын көрүп кайттык.

Турганаалы Жүсүп Мамай аксакалдын татыктуу чөбүрөсү. Биз бардыгыбыз сыймыктанабыз. Ал эки элдин ортосунда достукту, ынтымакты бекемдеп жүргөндүгү үчүн алкыш айткым келет.

Жүсүп Мамай: “Жөнөкөй жашасаң мейли, бирок маанисиз жашаба, уулум!”

Роза Төрөкуловна дагы иш-чаранын сыйлуу коногу болду.

Курманбек Абакиров, Филология илимдеринин кандидаты, КУУнун филология факультетинин Адабият бөлүмү башчысы:

“Бул эмгек, жалпы эле “Манаска”, Жүсүп Мамайдын өмүр-чыгармачылыгына кызыккан адамдар, студенттер үчүн өтө маанилүү”

- Биз залкар адамдардын турмушу, чыгармачылык портрети дейбизби, өз убагында өз көзү менен көрүп, аралашып жүрүп, өз кулагы менен угуп, болгонун болгондой жазып берген адамдардын маалыматына абдан муктажбыз. Бул китептин баалуу жагы эмнеде? Бул эмгектин баалуу жагы автор Жүсүп Мамайдын чөбүрөсү болгондугунда эмес, Жүсүп Мамай тууралуу жазылган чындыкта.

Менин баамымда астейдил, объективдүү түрдө жазылган китеп. Бул эмгек, жалпы эле Манаска, Жүсүп Мамайдын өмүр-чыгармачылыгына кызыккан адамдар, студенттер үчүн өтө маанилүү деп ойлойм.

Тагдырдын буйругу менен 2013-жылы Жүсүп Мамай аксакал менен жолугушуу болуп калды. Ошондо өзүнүн журту болгон Ак-Чийде үйүндө жолугуштук. Ал киши жүзгө жакындап калса да кадимкидей акыл-эси тунук, салабаттуу адам экенин көрдүк. Жүсүп Мамай аксакалдын башка манасчылардан өзгөчөлүгү болуп, “Манасты” сегизинчи урпагына чейин улантып айтканы саналат.  

Турганаалынын китебинде, ушул бабасынан уккан түркүн санжыралар, философиялык, дегеле адамдын турмушу, кыргыздын тиричилиги, өткөндөгүсү, учурдагысы жөнүндө ар кандай ой-толгоолордун баары орун алган.

Бул жагынан ушул нерселер унутулуп кала элегинде, башкача айтканда, кийин жомокко, мифке айланып кете элегинде, кагазга түшүрүп изге тартуулаган Турганаалыга мындан ары чыгармачылык ийгилик, келечеги кең болушун каалайм.

Жүсүп Мамай: “Жөнөкөй жашасаң мейли, бирок маанисиз жашаба, уулум!”

Турганаалыга Роза Отунбаева өз алкышын билдирди.

Турганаалы Турсунаалы уулу Жүсүп Мамайтегин:

“Бабамдан калган улуу сөз, жан дүйнөмдө байырлап келген”

- Бүгүн менин жашоомдогу абдан маанилүү күн. Себеби, бабам Жүсүп Мамайдын өрнөктүү өмүрү чагылдырылып жазылган “Бабамдан баян” аттуу китебимди кыргыз элиме сунуп жатам. Элибизде айтылгандай “Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн” деп, бул жыйынга атам менен кол кармашып, табакташ болуп, ошол атамдын айткан насаат сөздөрүн угуп калган агай-эжелеримди чакырып отурам.

Бул китеп атам Жүсүп Мамайдын 2018-жылы болуучу 100 жылдыгына арналат. Кытай Эл Республикасында Жүсүп Мамайдын мааракесин жогорку деңгээлде даярдап, өткөрүү пландары бар. Мына ушул долбоордун алкагында, кичине болсо да салым болуп калсын деп ушул китепти жазып чыктым. Азыркы тапта, Кытай жергесинде Жүсүп Мамайга арналган тарых музейи салынып жатат. Ал дагы буюрса, атамдын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын жүрүшүндө ачылат.

Бул китепти жазуумдун дагы бир себеби, Кыргызстанда негизинен Жүсүп Мамайды манасчы катары гана таанышат. Мен бул нерсеге окууга келгенде көп күбө болуп жүрдүм. Тайпалаштарым болобу, журналисттер болобу, тек гана атамдын манасчылык өнөрү тууралуу суроо салышчу.

Чындыгында менин балалык күндөрүм залкардын жанында, бир бөлмөдө өттү. Ал киши менен бирге болуп, энкейсе таягы болуп, өйдө болсо колтугунан сүйөй тургузуп жүргөн бактылуу бир көз ирмемдер үчүн бактылуумун деп айткым келет. Мына ошондой түндөрү, атамдын уйкусу келбеген учурлар болоор эле. Ошол кездери, атам экөөбүз маңдай-тескей отуруп алып, узун сөзгө кирээр элек. Дал ошол түндөр, атамдын жанында жүрүп угуп, жаттап калган улуу сөздөр менин жан дүйнөмдө сакталып,  аларды бапестеп багып келгем. Анан, Кыргызстанга окууга келгенден кийин, анын баары кагазга түшүп отурат.

Ушул эмгектин жарык көрүшүнө себепкер болгон Роза Отунбаева, Бакыт Мырзатаева эжелерибизге, Курманбек Абакиров агайыма, китепти быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында басмадан чыгарып берген Ыйман фондунун Төрагасы Нуржигит агайга жана аталган фонддун жалпы мүчөлөрүнө, “Турар” басмаканасына жана ушул жакта алып баруучулук кызматын аткарып жаткан Дүйшөк агайга терең ыраазычылыгымды билдирмекчимин.

Жүсүп Мамай: “Жөнөкөй жашасаң мейли, бирок маанисиз жашаба, уулум!”

Иш-чаранын катышуучулары автордон кол тамга алып жаткан учурунан бир көз ирмем.

Кытайдан келген куттуктоо каттар...

Ху Чжэньхуа, түрколог, манас таануучу, профессор:

“Кыргыз жана кытай элдеринин өз ара мамилесин чыңдоо, маданий карым-каттоону күчөтүүгө мына ушундай эмгектердин таасири зор” (подзаголовок)

- Жалпы кыргыз элине менден салам. Урматтуу Турганаалы Жүсүп Мамайтегин “Бабамдан баян” аталышындагы тушоо кыяр китебиңдин бет ачаары куттуу болсун. Аталган китеп тууралуу биздин кабарыбыз бар. Бул эмгектин Жүсүп Мамай таанууда өзгөчө орду бар экендигин баса белгилеп кетким келет. Кыргыз жана кытай элдеринин өз ара мамилесин чыңдоо, маданий карым-каттоону күчөтүүгө мына ушундай эмгектердин таасири зор. Залкар манасчы Жүсүп Мамайдын түбөлүктүү өмүрүнө кирпич болуп төшөлө турган мына ушундай эмгектердин байма-бай жарык көрүп туруусун каалаймын. Бекем ден соолук, окууңа ийгилик, илимдеги сапарыңа байсалдуулук каалайм!

Адыл Жуматурду, Кытай мамлекеттик коомдук илимдер академиясынан, филология илимдеринин доктору, профессор, манас таануучу:

“Жүсүп аксакалдын кыргыз маданияты, көөнөргүс руханий дүйнөсү үчүн өтөгөн кызматы ат көтөргүс” (подзаголовок)

- Жалпы Кыргызстандагы туугандарга саламымды билдирүү менен “Бабамдан баян” китебинин автору Турганаалы Жүсүп Мамайтегинди үй-бүлөбүз менен чын ыкластан куттуктайбыз.

Жүсүп Мамай 20-кылымдын экинчи жарымында, 21-кылымдын башында ааламды дүңгүрөткөн, дүйнөгө теңдеши жок бийик эпос айтуучулардын эң залкар өкүлү, кыргыз маданиятын жалгыз көтөрүп, бир кылымга жакын “Кыргыз, Манас” деп ураан чакырып өткөн улуу манасчы экендигине баа беришибиз керек. Жүсүп аксакал манасчы гана эмес, бүтүн кыргыз элинин ооз-эки маданиятын мээсине катырып, келечек муундарга калтырганы чон эрдик. Жүсүп аксакал бизге, эки жүз минден ашуун кытайлык кыргыз үчүн жаркыраган күн болуп тийип берди.

Ошондой эле, аз сандуу улуттардын маданият, адабият асманын көтөрүү менен Кытай Эл Республикасынын башкы сыйлыктары болгон “Тоо гүлүн” эки жолу, ооз-эки адабияттын “Эң улуу мураскери”, “Түбөлүктүү бийик сыйлык” сыйлыктарына татыктуу болгон. Айта берсек, аксакалдын кыргыз маданияты, көөнөргүс руханий дүйнөсү үчүн өтөгөн кызматы ат көтөргүс.

Кыргызстанда да, өз доорунун сыймыктуу инсандары Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, Б. Жакиев, Ө. Даникеевдер менен бирге сырдашып, дос болуп, мыкты адамгерчилик сапатын дагы көрсөттү. Аксакалга эң башкы сыйлык “Кыргыз Эл баатырын” ыйгаргандыгы жана ага чейинки сыйлыктарын да берип, улуу жомокчунун эбегейсиз эмгегин жогору баалаган кыргыз элине дагы ыраазычылык билдирмекчибиз.
Ушундай улуу атабыздын чөбүрөсү Турганаалы атасы жөнүндө жүрөгү менен сезип, изденип, тырышып, ата-бабасынын улуу жумушун улап, азыркы жаштардын ичинен чыккан көрүнүктүү манас-таануучу болуп жүргөнүнө абдан кубанабыз жана сыймыктанабыз. Келечекте, манас таануу жаатында дагы илгерилеп, ушуга окшош көптөгөн эмгектерди жаратуусун күтөбүз.

Жүсүп Мамай: “Жөнөкөй жашасаң мейли, бирок маанисиз жашаба, уулум!”

Китептин бет ачаар аземин, манасчы Дөөлөт Сыдыков ачып берди.

Дабыт Абдылбары, Пекин Азчылык улуттар университетинин докторанты:

“Эмгегиңди окурмандар эстесин”

- Урматтуу иним Турганаалы, китебиңдин бет ачаары кут болсун. Тырмак алды эмгектериң эл оозуна алынып, өз окурмандарын табат деп ишенем. Китебиңдин бет ачаары болгон күндүн эртеси эмгегиңди унуткун, аны окурмандар эстесин. А сен болсо, кийинки эмгектериңдин бет ачаарына даярдангын. Бекем ден соолук, чыгармачылыгыңа ийгилик каалайм!

Залкар манасчынын бата сөздөрүнөн үзүндүлөр

“Бабамдан баян” китебинен алынды

Эр элден туулат, эл үчүн кызмат кылат, уулум!

Атанын жолун жолдобогон-атага тукум болбойт!

Кыргыз эли улуу эл, улуу журт, ал анын саны менен эмес көкүрөгү менен бааланат.

Кишинин ишин сындагандан, эки кишини достоштурган элчи болгонуң барктуу болот, уулум!

Кыздын уяты элдин уяты дейт, кыздарды урматта, аларга сый көрсөт, камкордук кыл, уулум!

Тамак-ашты ысырап кылбай таза ичкенди адат кыл, ал сенин ачка калганыңдан эмес, урпактарың ачка калбастыгы үчүн, уулум!

Карыган кишилер сүйлөшкөнгө муктаж болот, алардын сөзүн ук, алкыш аласың, бир күнү турмушуңда ошол сөздөр сени ийгиликке жеткирүүчү тирек болуп бергенге жарайт, уулум!


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)