WeChat      Избранное

Нурсултан ЖУМАБАЕВ: “Саммиттин башкы максаты эл аралык мамилелерди чыңдоо”

11/10/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Нурсултан ЖУМАБАЕВ: “Саммиттин башкы максаты эл аралык мамилелерди чыңдоо”

Нурсултан Жумабаев.

13-16-сентябрь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин студенттик лидерлеринин II  Саммити болуп өттү. Бул иш-чара Россиянын Алтай аймагындагы Барнаул шаарында алдыңкы студенттердин башын бириктирип, эл аралык кызматташтык мамилелери жана билим берүү, долбоорлор менен иштешүү багыттарында иш алып барды. 

Саммитке Кыргызстандын атынан Ош мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Нурсултан Жумабаев катышып келди. Ал биздин гезитке Саммит тууралуу маек куруп жана келечектеги пландары жөнүндө айтып берди. 

- Алгач өзүңүздү тааныштырып, кандай адистикте билим алып жатканыңызды айта кетсеңиз...

- Мен Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде 2-курста окуйм. Алдыда, Кыргызстандын эл аралык мамилелерин чыңдаган, элимдин өсүп-өнүгүүсүнө өз салымымды кошкон адис болуу башкы максатым. Ошондуктан, университеттин жашоосуна активдүү катышып, өз алдынча иш-чараларды өткөрүүгө көмөкчү болуп келем. ОшМУнун Жаштар комитетинде биринчи орун басарлык кызматын аркалап, студенттер арасында дагы иш жүргүзүп келебиз. Мындан сырткары, өзүм адистигиме жараша англис жана кытай тилдерин терең үйрөнүүгө басым жасайм.  

- Кытай тилин үйрөнүп жатыпсыз, эмне себептен кытай тилин тандадыңыз?

- Бала кезимден бери чет тилдерин үйрөнүүгө кызыгып келем. “Канча тил билсең, ошончо адамсың”-деп коюшат эмеспи. Ошондуктан башка тилди үйрөнүү, бул ошол элдин маданиятын, тарыхын жана салт-санаасын үйрөнүү дегенди түшүндүрөт. 

Ал эми, кесибимдин экинчи тили катары кытай тилин тандап алганымдын себеби дагы эң эле жөнөкөй. Азыркы учурда, Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык мамилебиз жылдан-жылга өөрчүүдө. Биздин университеттен эле көптөгөн студенттер Кытай жергесинде билимин улантып жатышат. Келечекте мен дагы эки элдин кызматташтык алакасына өз салымымды кошкум келет. 

Чындыгын айтканда, кытай элинин бай маданияты, кылымдарды карыткан тарыхы жеке мага эле эмес, көптөгөн жаштарга кызыктуу деп билем. Салттуу кытай маданиятын жакындан таанып, үйрөнгүм келет. 

- ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) мамлекеттеринин студенттик лидерлеринин II  Саммитине кандайча барып калдыңыз, Кыргызстандын өкүлү болуп баруу үчүн кандайдыр бир сынактардан өттүңүзбү, тандоо кандай жол менен болду?

- Бул Саммитти Бүткүл Россиялык студенттик Кеңеши уюштурду. Ал Россия Федерациясынын Алтай аймагындагы Барнаул шаарында болуп өттү. Саммитке катышуу үчүн алгач, атайын сайттан каттоодон өттүк. Ал жактан конкурс түрүндө тандоо жүрдү. Ошонун негизинде Кыргызстандын атынан барууга мүмкүнчүлүк алдым.

Учурдан пайдаланып, Саммитке катышууга колдоо көрсөткөн, жардамчы болгон ОшМунун жетекчилигине, мугалимдериме ыраазычылык билдирмекчимин.

Нурсултан ЖУМАБАЕВ: “Саммиттин башкы максаты эл аралык мамилелерди чыңдоо”

“Алтай аймагы маданияты менен дагы жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду”.

- Болуп өткөн ШКУнун Саммити тууралуу айтып берсеңиз?

- Иш-чара абдан жогорку деңгээлде болуп өттү.  Саммитке 5 мамлекеттен жана Россия Федерациясынын 12 аймагынан 100дөй студент катышты. Төрт күнгө созулган иш-чарада ар бир күнгө өзүнчө программа түзүлүп, Алтай аймагын дагы жакындан таанып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Бул Саммиттин студенттер арасында мааниси абдан зор деп эсептейм. Саммиттин башкы максаты, эл аралык байланыштарды студенттер аркылуу чыңдоо, улуттар аралык мамилелерди бекемдөө, тажрыйба алмашуу, мамлекеттер аралык кызматташтык алакаларын бекемдөө болду. Иш-чаранын күндеминде ар түрдүү темалар талкууланды. Негизинен, студенттик долбоорлорду түзүү, аларга каражат маселесин табуу жолдору жана дагы командалар менен иштешүү багытындагы кеңештерди ала алдык. 

Мен иш-чарадан бир топ тажрыйба топтодум. Долбоорлорду ишке ашырууда жаңы идеялар пайда болуп, мүмкүнчүлүктөрүм кеңейди десем да болот. Мындай иш-чаралар жаштар үчүн абдан маанилүү, Саммит өз атын актап, максатына жетти.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин достук алакасын бекемдөөдөгү дагы бир бараандуу иш-чара болду десем жаңылышпайм. 

- Кытай Эл Республикасы тарабынан келген студенттер менен маектеше алдыңызбы?

- Тилекке каршы, Кытай Эл Республикасынан жаштар келе алышкан жок. Бирок, Россия Федерациясында билим алып жаткан Кытай жараны, студент биз менен бирге болду.

Негизинен кайсы мамлекет, кандай аймак болбосун, Саммитке катышкан бардык жаштар эл аралык ынтымак маселелерине басым жасап, иш-чара достук ичинде өттү.

Нурсултан ЖУМАБАЕВ: “Саммиттин башкы максаты эл аралык мамилелерди чыңдоо”

Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышуучуларга сертификат тапшырылды.

- Кытайга барып көрдүңүз беле, же азырынча бара элек болсоңуз Кытайдын кайсы аймагын көргүңүз келет, эмне себептен?

- Кытайга азырынча бара элекмин. Учурда 2-курста окуп жатам, биздин университетте 3-курстан баштап Кытай Эл Республикасына окуу курстарына барууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Мен дагы, буюрса ал жакка барууга аракет кылмакчымын. 

Мен үчүн Кытайдын бардык аймактары өз-өзүнчө кызыктуу. Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарын, дагы Улуу Кытай сепилин көрүү алдыдагы максаттарымдын бири. Мындан сырткары, Сиань шаары өзүнүн жер астындагы армиясы менен дагы мени кызыктырып келет.  

Нурсултан ЖУМАБАЕВ: “Саммиттин башкы максаты эл аралык мамилелерди чыңдоо”

“Саммиттин катышуучулары менен бирге кезектеги презентацияга даярданып жаткан учур”.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)