WeChat      Избранное

“Британ штаммы” – күтүүсүз, кыйраткыч соккулар уланууда

11/02/2021  Источник:оригинал   шрифта:

“Британ штаммы” – күтүүсүз, кыйраткыч соккулар уланууда

Сүрөттөр интернеттен алынды

2020-жыл адамзат ден соолугуна чоң сокку урган, кыйраткыч жыл болгондугу бардыгыбызга маалым. Белгисиз вирус жашообузга укмуштуудай тездик менен кирип, бүтүндөй дүйнө жүзүн бүлүккө салды. Анын арты менен биздеги медицина тармагы канчалык деңгээлде алсыз экендигин көрө алдык. Кайсы гана мамлекет болбосун, ковид-19 менен күрөшүүдө адамдардын өмүрүн сактап кала алчу медициналык жардамдарды алууда чоң көйгөйлөргө туш болду. 

Пандемия бул соккусу менен медицина жаатындагы акыркы жыйырма жыл ичинде жетишилген ийгиликтерди дагы жокко чыгаргандай болду. Себеби, пандемияга татыктуу туруштук бере алган жокпуз. “Кандай гана өнүктүк, технология өстү” дегенибиз менен мындай, “күтүүсүз соккуларга” эч кандай даярдыгыбыз жок экендиги тастыкталды. 

Ошондуктан, 2021-жылдын кирип келиши менен, дагы да болсо ковид-19 дартына каршы күрөштү улантып келе жатабыз. Бул жугуштуу оорунун вакциналары ойлонулуп табылып, бир катары эл арасына жайылууда. Бирок, дагы да болсо алардын организмге кандай терс таасирлери бар экендиги так изилденип бүтө элек. 

Жаңы гана бираз кенен дем алып, ковид-19 менен күрөшүүдө бир катар ийгиликтер жаралган учурда, дүйнөнү кайрадан сестентип “Британ штаммы” аттуу коронавирустун мутацияланган жаңы түрү пайда болду. 

Вирустун жаңы түрүндө 17 маанилүү өзгөрүү байкалган 

Учурда, дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен табылып, Улуу Британиянын баш калаасы Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгышындагы аймактарда дал ушул жаңы козгогучтан улам кайрадан катуу чектөөлөр киргизилген. Бул вирустун жаңы түрү сентябрь айында аныкталгандыгы маалым. Ал эми, ноябрда Лондон шаарында коронавируска кабылгандардын төрттөн бири анын жаңы түрүн жуктурса, декабрдын ортосунда бул көрсөткүч жогорулап, Улуу Британиянын борборундагы бейтаптардын үчтөн экиси жаңы вируска кабылганы белгилүү болгон. Ошондуктан, бул коронавирус түрү дүйнөгө “Британ штаммы” аты менен белгилүү болууда. 

Азыркы тапта, дүйнө окумуштуулары коронавирустун жаңы түрүнө байкоо салып, изилдеп жаткан кези. Биринчиден, изилдөөчүлөр вирустун жаңы түрү жайылган аймакта Covid-19га кабылгандардын саны өскөнүнө көңүл бурууда. Экинчиден болсо, окумуштуулар вирус кандай шартта мутацияга кабылып, өзгөрүлгөндүгүн изилдешүүдө.

Алдын-ала анализге ылайык, вирустун жаңы түрүндө 17 маанилүү өзгөрүү байкалган. Биринчиден, вирустун айланасындагы найзадай (тажыдай) болгон протеиндер өзгөрдү. Коронавирус дал ушул протеиндердин жардамы менен адамдын клеткаларына жугат.

N501Y аттуу мутация вирустун найзаларын өзгөрттү. Бул аркылуу коронавирус адамдын клеткаларына тезирек жабышып, жайылышы ыктымал. Мына, ушул себеп бул вирустун өтө тездик менен жайылышына өбөлгө болуп жаткандыгы айтылууда. Окумуштуулар бул өзгөрүүдөн улам организмдеги антитулкулар вирус менен натыйжалуу күрөшө албай каларын айтууда. 

Вирус дагы адамдын организминде жашап кетүү үчүн өзгөрүлүп, өнүгүп жаткандыгы маалым. Бирок элди жапырт эмдөө аркылуу бул вирустун дагы өзгөрүп, мутация болуусуна чоң тоскоол боло тургандыгын окумуштуулар белгилешүүдө. Ал иммундук системасы күчтүү болгон клеткаларга жайылып кетүү жолун табышы керек болот. Эгерде вирус мутация аркылуу эмдөөдөн өткөн бейтапка жугуу жолуп тапса, вакцинаны дагы улам өзгөртүп туруу зарылчылыгы келип чыкмакчы. 

Азыркы тапта, коронавирустун Британдык штаммы Өзбекстанда дагы табылгандыгы айтылууда. Бул мутация БАЭден ата-энеси менен учуп келген он жашар кыздан табылган.

Ошондуктан, азыркы тапта иммунитетти чыңдоо менен катар эле коронавирустан коргонуунун эрежелерин так сактасак ден соолугубуз үчүн мыкты кам көргөн болобуз. Эсиңизде болсун, жөнөкөй сактык чараларын сактоо менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу же анын жайылуу коркунучун азайта алабыз. Беткап кийүү менен өзүбүздү жана айланабыздагы адамдарды инфекциядан коргойбуз. Беткапты коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде, жабык бөлмөлөрдө (дарыкана, дүкөн, кеңсе, медициналык уюм) коомдук транспортто милдеттүү түрдө кийүүбүз абзел. Колду тез-тез самындап жууп же спирт кошулган антисептикалык каражат менен сүртүп туруу керек. Муну менен катар эле, аралыкты сактоо эрежесин так аткаруу башкы шарт. Мына,  ушундай жолдор аркылуу өзүбүздү жана жакындарыбызды бул коркунучтуу дарттан сактай алабыз.

Айгерим Мурат кызы, шаар тургуну: “Жалпы жарандарыбызды кайдыгер болбой, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткарууга чакырат элем” 

“Британ штаммы” – күтүүсүз, кыйраткыч соккулар уланууда

-Азыр кыргызстандыктардын 90%ы коронавирус менен ооруп айыгышты окшойт. Эмнегедир эл арасында мурдагыдай санаркоо деле болбой калды. Бирок дагы да болсо бул дарттан айыга албай, кайтыш болгондордун аягы үзүлө элек. Менин жеке пикиримде бул коркунучтуу. Себеби, жаштар, иммунитети күчтүүлөр, ден соолугу жакшы адамдар ковид-19ду жеңип кетишти. Ал эми, жүрөк-кан тамыр системасында, кант диабети бар жарандарыбыз, карыган ата-апаларыбыз дагы да болсо бул ооруну запкысын көрүп, андан кутула албай келишет. Ошондуктан,  жарандарыбызды, шаар тургундарын кайдыгер болбой, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткарууга чакырат элем. Өзүбүз ооруп айыксак эле болдубу? Айлана-тегерегибиздеги адамдарды дагы ойлойлу. 

Ал эми, азыр дүйнөдө жаңы чыгып жаткан Британ штаммы дагы мен үчүн коркунучтуу эле болуп жатат. Эми гана баш көтөрүп, күнүмдүк жашообузга кайтып келе жатканда мындай жугуштуу дарттын кайрадан пайда болуусу жакшы эмес. Өлкөбүздөгү экономикалык абал абдан эле начар. Элдин абалы дагы көңүл жылытаарлык эмес. Күнүмдүк айлык таап иштегендер, былтыр карантин учурунда жегенге нан тапбай калышкан. Бул бери гана чети. 

Канчалаган мыкты инсандарыбызды, жакындарыбызды жоготтук. Медицинабыз мындай оор кырдаалда эч деле жардам бере албай калат экен да. Ошондуктан, ковидден кутулуп, Британ штаммы менен кездешпей эле койсок деп тилейм. Аманчылык болсун. Ар бирибиз ден соолугубуз үчүн кам көргөндү үйрөнөлү. 

Назира Мамбет кызы, шаар тургуну: “Элибиз карантинге, эрежелерге баш ийбейт экендигин көрдүк”

-Чындыгын айтканда, 2020-жылдын кандай тез өтүп кеткендигин деле байкабай калдым. Өткөн жыл пандемиянын айынан абдан оор жылдардан болду. Биз үй-бүлөбүз менен оорудук. Жакын адамыбызды жоготтук. Абдан кыйын кезең болду. Азыр ковиддин басаңдап калган кези. Бирок, ошентсе дагы эл арасынан ар дайым беткап тагынам. Балдарымды дагы көчөгө чыкканда сөзсүз беткапчан жүрүүсүн эскертем. “Сактансаң сактаармын” деп айтылат го. Андыктан ар бирибиз өзүбүздү сакташыбыз керек.

Жакында эле, борбор калаабызда мектептерди ачып бергиле деп, ата-энелер митингге чыгышбадыбы? Мен буга каршымын. Өзүмдүн мектеп жашындагы 2 балам бар. Бирок, алардын ооруп калуусун каалабайм. Үйдө канчалык кыйналып, сабак окуй албай жатсак деле, мага балдарымдын ден соолукта болуп, маңдайымда отурганы жакшы. 

Ал эми, Британ штаммы боюнча көп маалыматым жок. Бирок, ал ковид-19дан дагы өтө тездик менен жайылат дегенин угуп алып, ага дагы сарсанаамын. Кыргызстанга келбесе экен. Элибиз карантинге, эрежелерге баш ийбейт экендигин көрдүк. Эми, ал дарты келсе дагы көпчүлүк ооруп, канча адамдарыбыздан айрылышыбыз мүмкүн. 

Ошондуктан, жеке гана бийликти карап жата бербей, өзүбүз дагы ооруну жугузбаганга, жайылтпаганга аракет кылалы. Ден соолугубуз болсун. 2021-жыл тынч жылдардан болсун деп тилеп кетмекчимин. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)