WeChat      Избранное

II КЫТАЙ ЭЛ АРАЛЫК ИМПОРТТУК КОРГОЗМОСУН 181 МАМЛЕКЕТТИН ИШКЕРЛЕРИН БИР АРАГА ЧОГУЛТТУ

04/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

II КЫТАЙ ЭЛ АРАЛЫК ИМПОРТТУК КОРГОЗМОСУН 181 МАМЛЕКЕТТИН ИШКЕРЛЕРИН БИР АРАГА ЧОГУЛТТУ

Сїрєт интернеттен алынды

Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында 5-ноябрдан 10-ноябрга чейин II Кытай Эл аралык импорттук кєргєзмєсї, Шанхай ЭКСПО болуп єттї. Бул иш-чарага дїйнєнїн 181 мамлекетинен 3000ден ашуун компаниянын єкїлдєрї келип катышышты. Ага Кыргызстандан дагы 4 компания барып, єз продукцияларын татыктуу тааныштырып келишти.

Биз бул тууралуу, ЭКСПОнун катышуучусу жеке ишкер Айжан Кулманбетова менен баарлашып, кыргызстандык компанияларды уюштуруп, II Кытай Эл аралык импорттук кєргєзмєсїнє жиберїїгє єбєлгє болгон  КРдин Инвестицияларды илгерилетїї жана коргоо боюнча агенттигинен дагы маалымат алдык.

Айжан Кулманбетова, «Бал аары» холдинг-компаниясынын жетекчиси, жеке ишкер:

«ИЗ ДЇЙНЄЛЇК МААНИДЕГИ ИШ-ЧАРАГА КАТЫШКАНЫБЫЗГА АБДАН СЫЙМЫКТАНДЫК»

-Биздин компания алгачкы жолу 2010-жылы бал-азыктарын экспорттоо иштерин баштаган. 2011-жылдын январь айынан баштап жакынкы чыгыш єлкєлєрїнє (Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Россия) бал-азыктарын чыгарып, ишмердїїлїгїн кеўейткен. Ал эми,  2014-жылдан бери эл аралык кєргєзмєлєргє, ар кандай бизнес иш-чараларга катышып, кызматташуу алакаларыбызды бекемдеп келїїдєбїз. Бїгїнкї кїнгє чейин экспорттоо иштери ийгиликтїї жїзєгє ашырылууда. 2018-жылдын жыйынтыгы менен 2019-жылдын май айында Кыргыз єкмєтїнїн «Мыкты экспортер» рейтингинде кїмїш дипломго ээ болдук.

Жылдан-жылга экспорттун кєлємї кєбєйгєндїктєн, ошондой эле, балдын сапаты бал єндїрїїчїлєрдєн кєз каранды болуп калгандыктан, 2019-жылдын август айында «Бал аары» холдинг-компанияны негиздегенбиз. Биздин холдинг бал єндїрїї, бал-азыктарын кайра иштеп чыгаруу, таўгактоо, бал-аары челектерин даярдоо, экспорттоо иштери менен алектенет. Учурда, компания Жакынкы Чыгыш єлкєлєрїнє: Катар мамлекети, Бириккен Араб Эмираттарына, Сауд Арабиясына, Кувейт мамлекетине, Казакстан жана Россия єлкєлєрїндєгї єнєктєштєрїнє туруктуу, ишенимдїї шерик боло алды.

Жакында эле, Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында 5-10-ноябрь кїндєрї Кытай Эл аралык импорттук кєргєзмєсї болуп єттї. Бул дїйнєлїк масштабдагы иш-чарага биздин компания дагы катышып, чет мамлекеттерден келген башка мыкты компаниялар менен катар эле єзїнїн бал-азыктарын кєргєзмєгє коюп, Кыргызстанды татыктуу тааныта алды. Биздин продукция єзїнїн табигыйлыгы, даамдуулугу, сапаты жагынан дагы бааланып, Кытай Эл Республикасынын бажы текшерїїсїнєн єтїп, жакшы баага татыды.

Чындыгында, биз бул дїйнєлїк маанидеги иш-чарага катышканыбызга абдан сыймыктандык. Анткени, ал жерде дїйнє жїзїнє белгилїї болгон компаниялар, рынок лидерлери катышышты. Учурдан пайдаланып, кєргєзмєгє катышууга жардам берип, уюштуруп, маалымат жагынан камсыз кылган КРдин Инвестицияларды илгерилетїї жана коргоо боюнча агенттигине тереў ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Чындыгында, Шанхай ЭКСПО бардык компаниялар їчїн тїзїлгєн мыкты мїмкїнчїлїк болду. Анткени, єз ара кызматташуу алакаларын чыўдап, байланыштарды бекемдєєгє, кызыктырган компаниялар тууралуу толук кандуу маалымат алууга бардык ыўгайлуу шарттар тїзїлдї.

Биз їчїн дагы бул кєргєзмє жемиштїї болду. Анын жыйынтыгында 3 компания менен сїйлєшїїлєрдї жїргїзїп, алардын бири болгон Ниан Ди групп менен бїгїнкї кїндє 1 жылда 50 тонна бал жєнєтїї келишимин жїзєгє ашыруунун алдында турабыз. Калган 2 компания менен учурда сїйлєшїїлєр жїрїп жатат. Ал эми, Кытай рыногуна кирїїдє логистика жаатында маселелер болуп жаткандыктан, арзан жана тез жеткирїї жолдорун карап жатабыз.

Айпери Джайлообаева, КРдин Инвестицияларды илгерилетїї жана коргоо боюнча агенттигинин Экспортту єнїктїрїї жана илгерилетїї бєлїмїнїн серепчиси:

«ЖЫЛ САЙЫН ЄТКЄРЇЛЄ ТУРГАН БУЛ КЄРГЄЗМЄГЄ БАРДЫК КОМПАНИЯЛАРДЫ ЧАКЫРЫП КЕТМЕКЧИМИН»

-Жалпы эле, бардыгыўыздарга белгилїї болгондой, биздин агенттиктин башкы максаты Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу, илгерилетїї, товарларды єнїктїрїїдє жана тышкы рынокторго чыгарууда ата мекендик потенциалдуу жана иштеп жаткан экспорттоочуларга дагы кємєктєшїї болуп саналат. Ошондуктан, биздин агенттик бул Кытай Эл аралык импорттук кєргєзмєсїнє Кыргызстан тараптан катышуучуларга кємєк кєрсєтїп, уюштуруу иштери менен алектенди. Кытай тараптан КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Соода-экономикалык маселелер боюнча Канцелярия кеўешмеси менен иш алып бардык.

Биз ЭКСПО тууралуу компанияларга жеке телефон чалуу менен катар эле, сайтка, интернет баракчаларына дагы жарыялап, жалпы ишкерлер чєйрєсїнє маалыматты толук кандуу жеткирїї їчїн бир катар иштерди аткардык.  Алгач, кєргєзмєгє катышуу їчїн 8 компания документтерин тапшырышты. Бирок, Кытай тараптан жалгыз гана «Экопродукт Азия» ЖЧКсы тандалып алынды. Аларды компаниянын таанымал болуусу, продукциясынын курамы, сапаттуулугу, республиканын кайсы облусунда жайгашкандыгы жана качантан бери єз ишмердїїлїгїн жїргїзїп келген мєєнєтї дагы кызыктырды. Муну менен катар эле, мындай кадам кєргєзмєдєгї орундардын аз болуусу менен дагы тїшїндїрїлдї.

Андан соў, июнь айындагы КЭРдин Тєрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында, Кытай тарап КРге дагы бир катар стенддерди бєлїп берїїнї сунушташты. Ушунун жыйынтыгында, «АБАДА Трейд», «Бал аары» холдинг-компаниясы жана «Чес» компаниялары дагы ЭКСПОго катышуу мїмкїнчїлїгїнє ээ болушту. Ошентип жалпысынан, 4 компания Кыргызстанды Шанхайда болуп єткєн 2-Кытай Эл аралык импорттук кєргєзмєсїндє татыктуу таанытып келишти.

ЭКСПОнун ар бир катышуучусу бардык каржы маселесин єздєрї кєтєрїштї. Алар иш-чараны уюштуруу иши жогорку деўгээлде болгондугун баса белгилешип, бул ЭКСПО бїтїндєй ишкерлер чєйрєсї їчїн абдан маанилїї жана маўыздуу кызматташуу аянтчасы болгондугун айтып беришти. Ар тараптуу кызматташууга мыкты мїмкїнчїлїктєр тїзїлгєндїгїнє дагы токтолуп єтїштї. Бул сапардын жыйынтыктарын биз дагы учурда кїтїп жатабыз. Белгилїї болоору менен сайтка, интернет баракчаларына дагы жарыяламакчыбыз.

Чындыгында, былтыр, быйыл дагы кєргєзмєгє катышкан компанияларга кардарлардын ишеними жогору болоору байкалды. Ошондуктан, жыл сайын єткєрїлє турган иш-чарага катышууга биздин бардык компанияларыбызды чакырат элек. Кытай рыногу эбегейсиз, бирок ага кирїї оўой иш эмес. Аз-аздан болсо дагы, ушундай кадамдар менен коўшу мамлекеттин рыногуна ата мекендик компаниялардын продукциясын жакындан таанытып, киргизїї заман талабы.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)