WeChat      Избранное

Муктар Атаналиев, кинорежиссер: Биз кытай эли менен жакшы мамиледе болушубуз керек

06/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Муктар Атаналиев, кинорежиссер: Биз кытай эли менен жакшы мамиледе болушубуз керек

Муктар Атаналиев Кытайда кесиптештер менен

Ырчы, режиссер Муктар Атаналиев бизде мейманда. Муктар мырза акыркы учурда коңшу Кытай өлкөсүнө байма-бай каттап, кино тартуу менен алек. Режиссер Кытай жергесинен алган таасирлери жана келечектеги пландары тууралуу биз менен ой бөлүштү. 

- Муктар мырза, Кытайга болгон сапарыңыздын максаты тууралуу маегибизди баштасак, сапарыңыз байсалдуу болдубу?

- Ооба, сапарыбыз ийгиликтүү болду.  Сапардын алкагында калкынын саны жана гүлдөгөн экономикасы менен дүйнөнү дүңгүрөткөн алдыңкы мамлекеттин тасма тартуудагы иштери менен тааныштык. Кытайлык кинорежиссерлор менен таанышып, алар менен бирге иштешүүнү максат кылган элек. Ошонун негизинде кытай тарап менен кандай өңүттө иштешсек болот, кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин да баамдадык. Экинчиден, ошол убакта биз “Үркүн” тасмасын тартып жатканбыз, ал эми үркүндөгү болгон окуя Кытай менен түздөн-түз байланыштуу эмеспи. Ошол үркүндөн качып барган кыргыздар азыр да Кытайда жашайт экен. Алардын турмушу менен таанышып, Үрүмчүдө 3 күн болдум. 

- Сиздин көз карашыңызда кытай элин кандай тасмалар кызыктырат?  

- Негизинен комедияларды жакшы көрүшөт экен. Экинчи орунга Голливуд тасмаларын коюшат жана бул тасмаларда Жеки Чанга окшогон өздөрүнүн каармандары бар. Кытайлык туугандар бизге заманбап жабдыктар менен жабдылган кинотеатрларын сыймыктануу менен көргөзүштү. 

Муктар Атаналиев, кинорежиссер: Биз кытай эли менен жакшы мамиледе болушубуз керек

Муктар Атаналиев Кытайда кесиптештер менен

- Кинотеатрлары көп болсо керек? Алардын ички жасалгасы кандай экен? 

- Жалпысынан Кытай боюнча 7000 кинотеатр иштеп, алардын ар биринде 11ден зал бар экен. Эми ички жасалгалары бир укмуш, керемет. Эгер ошол залдардагы көргөзүлгөн тасмалар мамлекеттин идеологиясына туура келсе, ал тасмалардын тапкан каражаты да жакшы экен. Бирок мамлекеттин идеологиясына туура келет турган тасманын сценарийин же идеясын алып чыгыш өтө оор жана тасма максатына жетпесе, мындай учурда мамлекет акчаны кайра артка кайрып аларына ынандык.  Дегеним, киноиндустриясына мамлекет аябай олуттуу мамиле кылат экен. Чынын айтсам, биздегидей башаламандык – тасманы каалагандай тартып, каалагандай сүйлөмөй жок экенин баамдадык. Бул жерде мыйзам катуу, тартиби бекем экен. Эгер чындап ишке киришсек, мыкты тасма жаралса жыйынтыгы да жакшы болчудай. 

- Сиздин оюңузча, биздин кинорежиссерлор Кытай кино индустриясынан эмнелерди үйрөнсө болчудай?

- Кытайлык кинорежиссерлор тарткан тасмаларынын шарапаты менен өз мамлекетине пайда келтиргенге аракет кылышат экен. Башкача айтканда, тасманын маңызы Кытай өлкөсүнүн идеологиясына карама-каршы келип, зыян тарта турган болсо, бул тасма коомчулукка көрсөтүлбөйт. Көрдүңөрбү, тартип деген кандай, бир жарым миллиард элди ошондой бир күчтүү идеология менен кармап турушат. Ал эми бизде ушул нерсе жоктугуна мен капа болуп кетем. Жөнү жок тополоң, ызы-чуу чыгара бербей кытайлардын ушул тартибине үйрөнсөк, абдан жакшы болмок. “Өсөөр – өзүн мактайт” деген кеп бар го, анын сыңары өз элибизди жамандай бербей, тескерисинче, өзүбүздү көтөрмөлөп, Кыргызстанды мактап, золобосун бийиктете турган кинолорду тартышыбыз керек.

- “Үркүн” тасмасын Кытайда койгонго мүмкүнчүлүк болдубу?

- Биз дал ушул жана башка маселелерди сүйлөшөлу деп барганбыз. Бирок, тилекке каршы, “Үркүн” тасмасы даяр боло элек болчу. Келечекте дагы сүйлөшөбүз го. Бирок спорт, комедия жаатында кызматташалы деп келишим түзүп келдик. 

- Жакында эле кытайлык режиссерлор да Кыргызстанга келип кетишти, алар эмне максат менен келгени сизге белгилүүбү?

- Биздин жерден Жибек Жолу өтөт эмеспи, ошол жөнүндө өтө көп сандагы тасма тартылышы керек экен. Бул дагы өзүнчө бир чоң долбоор да, Жибек Жолун тургузуп, ошол убактагы элдин соода байланышын түптөш керек экен. Анан мына ошол Жибек Жолунун тарыхын чагылдырган көптөгөн тасма тартылышы пландалыптыр. Эми биз “Үркүн” тасмасын тарткан компания катары, алар студияга – бизге жеке кайрылышты. Биз өзүбүз тартуу иштери менен алек болуп, бош болбой калдык, ошондуктан режиссер Медин Үчүкеев жана Талант Рысалиев деген аракетчил жигиттер бир чакан долбоорду иштетүү алдында турушат.

Муктар Атаналиев, кинорежиссер: Биз кытай эли менен жакшы мамиледе болушубуз керек


Муктар Атаналиев Кытайда кесиптештер менен

- Демек, келечекте биргелешип кино тартабыз деген планыңар бар экен да?

- Буюрса, алдыда эки жактан тең түшкөн сунуш боюнча: Кытайдан да, Кыргызстандан да тасма тартуу пландары бар.

“Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык,” деген кыргыздын жакшы сөзү бар эмеспи. Анын сыңары, биз кытай эли менен жакшы мамиледе болушубуз керек. Кытай менен илгертеден соода-сатык жана башка тармакта байланышып келгенбиз. Мисалы, мен бала кезде адабий чыгармадан көп укканым бар. Чыгармадагы Курманбек баатырдын Аккан досу кытайлык жигит, ошол досу оорулууларга Кытайдын кырма дарысын апкелип турган. Азыркы күнү деле Кытай эли менен алакабыз түзүк. Эки өлкөнүн ынтымагын бекемдеш үчүн кино тармагында да кызматташууну жандандырып, ийгиликтерге жетишүү абзел.  Кытай эли менен дос экенибизди чагылдырып  турган тасма тартсак дурус болоор эле... 


(Автор:Эленора Дүйшөналиева / Редактор:GL)