WeChat      Избранное

Чолпонай ТОЙЧУБЕКОВА, студент: “Кытай эли, маданияты мага зор ачылыш болду”

06/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

 

Чолпонай ТОЙЧУБЕКОВА, студент: “Кытай эли, маданияты мага зор ачылыш болду”

Чолпонай Тойчубекова.

“Билим алуу – ийне менен кудук казганга барабар” демекчи, дүйнөдөгү оор тилдердин көч башында турган кытай тилин жаштайынан үйрөнүүгө бел байлаган  Конфуций Институнун окуучусу Чолпонай Тойчубекова менен баарлаштык.

- Чолпонай, учурда эмне менен алектенесиң?

- Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук Университетинин алдындагы Конфуций институтунда билим алуудамын. 

- Бош убактыңды эмнеге жумшайсың? 

- Окуудан сырткары убакытты текке кетирбестен, ар кандай коомдук иш-чараларга катышам. Досторум менен чоң-чоң долбоорлордун үстүндө аракеттенип, мектеп окуучулары жана студенттерге байланыштуу   тренингдерди  өткөзүп келебиз. 

- Учурда сага эмне баалуу?

- Убакытка абдан басым жасайм, убакыт азыркы учурда абдан кымбат. Ошондуктан аны туура колдонуп, пайдалуу иштерге жана окууга жумшоону туура көрөм.  Адам чындап эмнени кааласа, ошол нерсеге убакыт табат.  Конфуций мектебинде окуганыма эки жылдын жүзү болду. 

- Жан дүйнөңдөгү өзгөрүүнү кандай сүрөттөөр элең?

- Бул аралык мен үчүн кытай тилинин ачылышы, жаңы таанышуулар, дегеле Кытай эли, маданиятынын өзү эле мага зор ачылыш болду.  

- Кытай тилин  үйрөнүү  абдан кыйын деп айтышат, сен үчүн кандай болду?

- Жеке менин баамымда кытай тили - бир караганда оор, ары түйшүктүү, ары кызыктуу жана эң керектүү, маңыздуу тил дээр элем.  Артында 5000 жылдык тарых жана сыр жатат. Бул иероглифтер, тыбыштык  үндөрү жалгыз мен үчүн эле эмес, баардык студенттер үчүн  кыйынга турат. “Эгер күн желесин көргүң келсе, жаанга чыда” демекчи, чоң ийгиликтертин жаралышы  чоң түйшүксүз болбосо керек. Билим- акылдын жүзү. Кытай тили дүйнөлүк тилдердин бири экени баарына маалым. Билим алуу, анын ысык-суугуна чыдоо гана адамды эркин жана бийик кылат эмеспи.

Чолпонай ТОЙЧУБЕКОВА, студент: “Кытай эли, маданияты мага зор ачылыш болду”

Мугалимим Чжан Со. 

- Кытай тилин үйрөнүүңө кимдир бирөөлөрдүн таасири болсо керек?

- Чындыгында, мен мектепте 6-7 класста окуп жүргөндө эле Кытай тилин баштамакмын. Бирок, кандайдыр бир себептер менен, англис тилин окуп бүтүрдүм. Мындан эки жыл мурун апам мени Конфуций мектебине алып келген. Бул үчүн апама зор ыраазычылык билдирем, ошонун шарапаты менен көптөгөн ийгиликтерге, эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишип отурам. Кытай тилин окуу мен үчүн абдан маанилүү. Келечек үчүн да эң керек. 

- Жаңы достор пайда болсо керек?

- Ооба. Кытай жергесинен келген досторум абдан көп. Алар Кыргызстанда да, Кытайда да бар. Кытайлык досторубуз менен биз дайыма  байланышып турабыз.  Негизи чет тилди үйрөнүүдө эң негизгиси - пикир алышып баарлашуу, тилди жатыктыруу абдан маанилүү. Аларда биздин тилди үйрөнүүгө аябай кызыгышат.

Чолпонай ТОЙЧУБЕКОВА, студент: “Кытай эли, маданияты мага зор ачылыш болду”

Кытай ашканасында.

- Кытай ашканасы сага жактыбы?

- (Күлүп) – Билесизби, Кытай элинин тамак-ашы абдан ар түрдүү, кызыктуу  жана көркөмдүүлүгү менен адамды өзүнө тартат. Биз эки элдин тең ашканасына дайыма  кызыгуу менен баш багып турабыз.

- Келечекке болгон максаттарың тууралуу айтсаң жана сен үчүн мыкты адам кандай болуш керек? 

- Элге пайдасы көп тийген адам – мыкты адам деп ойлойм. Келечекте Кытай эли мен үчүн абдан маанилүү.  Ошондуктан Кытай жергесиндеги алдыңкы Универиситеттердин бирине тапшырсам деген оюм бар. Кытай элинин каада-салт, үрп-адаты, менталитети жана маданиятын окуп үйрөнөм деген кыялдарымды, буюрса, ишке ашырам. 

- Чолпонай, сага эркин микрофон. Өзүн сындуу жаштарга каалоо-тилегиң?

- Эки элдин достугу эзелтеден келатат,  кыргыз, кытай мамлекети байыркы эл. “Ийгиликтин эрте-кечи жок” демекчи, кеч болсо да окуп, тил үйрөнүү уят эмес. Окуу, илим-билим менен алдыны көздөй  умтулалы. Окугула, саякаттагыла!  Баардык улуттун элин сүйгүлө.  Биз ынтымакта жана биримдикте жашашыбыз керек. Биз, жаштар, эки мамлекеттин жаркын келечеги жана кыргыз эли үчүн   пайдалуу иш менен алек бололу. Бул баарынан кымбат !


(Автор:Эленора Дүйшөналиева / Редактор:GL)