WeChat      Избранное

Кытай тараптан кызматташуу сунушу

23/10/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай тараптан кызматташуу сунушу

Жолугушуу учурунда.

Сүрөттөр редакцияга таандык

Акыркы мезгилде, кыргыз-кытай алакасы мамлекеттик деңгээлде гана эмес, аймактык, мекемелер ортосундагы байланыштар менен дагы чыңдалууда. Билим берүү тармагында, жогорку окуу жайлар, мектептер арасындагы кызматташуу мамилелерин көрүүгө болот. 

Мына ушул салтты улай, Кытай Эл Республикасынын Кытай Мунайзат университети менен Россиянын биринчи Президенти Б. Н. Ельцин атындагы  Кыргыз-Орус Славян университетинин ортосундагы кызматташтык алакасы башталуунун алдында турат. Ушул кызматташуунун алгачкы жолугушуусу 10-октябрда Кыргыз-Орус Славян университетинде болуп өттү. 

Кытай тараптан келген делегацияны Кытай Мунайзат университетинин Карамай филиалынын Башкаруу Кеңешинин төрагасынын орун басары Сяо Лэй жетектеп, алар Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору, академик В.И. Нифадьев менен жолугушту. Күндеминде жакында кабыл алынган, эки тараптуу келишимди ишке ашыруу жана аны өнүктүрүү маселелери каралды. Жыйындын соңунда эки тарап бир-бирине белек тартуулап, кытайдан келген конокторго кыргыздын калпактары кийгизилди. 

Кытай тараптан кызматташуу сунушу

Кытай тараптан келген делегация курамы. 

Владимир Нифадьев, КРсынын Улуттук илимдер Академиясынын академиги, Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору: 

“Кытай Эл Республикасы өтө тездик менен өнүгүүдө”

- Алгач, кытай кесиптештерибизди биздин университетке “кош келиңиздер” демекчимин. Кыргызстанга биринчи жолу келип жатышыптыр. Кыргызстан кичинекей болгону менен абдан кооз, жаратылышы суктанарлык өлкө. Ошондуктан, аларга эң жакшы таасир калтыраарына ишенем. 

Биздин окуу жай тууралуу кыскача айта кетсем, университет башкаларга салыштырмалуу жаңы, жаш десек болот. Кийинки жылы, 2018-жылы 25 жашка толот. Кыргызстан менен Россияга тиешелүү, эки мамлекеттин билим берүү тармагындагы кызматташтык алакасынын негизинде курулган жогорку окуу жай. Биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү эки өлкөнүн дипломун, Россиянын жана Кыргызстандын дипломдорун алышат. Азыркы тапта 10 миң студент билим алып жатат. Университетте бир нече факультет бар, алар табийгый-техникалык, архитектура, дизайн жана курулуш, экономикалык, медициналык, гуманитардык , эл аралык мамилелелер факультеттери ж.б. Мындан сырткары, университетте 4 илимий-изилдөө борборлору жайгашкан. Өзүбүздүн мектеп, колледж, ден соолукту чыңдоо база жана дарылоо мекемебиз бар.  

Ал эми мугалимдер жамаатында болсо, жогорку классификациалуу, өз ишин мыкты билген адистер эмгектенишет.  Ушул жылы, сентябрь айында биздин университетте абдан жакшы саамалык болду. Кыргыз Республикасынын Президенти окуу жайды “Достук” ордени менен сыйлады. Бул дагы биз үчүн чоң сыймык. 

Ал эми, Кытай тууралуу айтсак, Кытай Эл Республикасы акыркы жылдары абдан күчтүү экономикага ээ болуу менен бирге, ыкчамдык менен өнүгүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Албетте, Кытай Эл Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы тыгыз кызматташтык алаканын болушу биз үчүн абдан жагымдуу. Биз эки мамлекеттин ортосундагы жогорку окуу жай болгондугубуз үчүн Кыргызстандын дагы, Россиянын дагы Кытай менен түзүлгөн достук мамилеси бизди кубандырат. 

Кытай мамлекетинин азыркы тапта, илим-изилдөө, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрү абдан кең. Биздин окуу жай дагы Кытай тарап менен биргеликте иш алып барууга, кызматташууга абдан кызыкдар. Мунайзат өндүрүү, техникалык жактан күчтүү адистерди даярдап чыгууда алардын тажрыйбасы көп деп билем. Кытай кесиптештерибизден үйрөнчү жактарыбыз дагы жетиштүү. Ошондуктан, эки университет ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюлгандыгы, аны ишке ашыруу биз үчүн абдан маанилүү. Бул алаканын алгачкы гана кадамы, убакыттын өтүшү менен тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер, студенттер барып-келип, биргеликте илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү менен мамилебизди дагы бекемдейбиз деп ойлойм. 

Кытай Эл Республикасынын жарандары, жаштары биздин университетте билим алып жатышат. Жалпысынан алганда жүздөй кытай студенти бар. Алар азыр орус тилин үйрөнүү курстарында окуп жатышат. Кийинки жылдан баштап, өз адистиги боюнча билимин улантышат. Кытай Эл Республикасынын дээрлик бардык аймактарынан келишкен. 

Университет Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги менен дагы тыгыз байланышта. Мындан сырткары, окуу жайдын алдында Стратегиялык анализдөө жана прогноздоо институту орун алган. Ушул багытта дагы Кытай менен байланышыбыз бекем. Ошондуктан, азыр талкууланып жаткан билим берүү тармагындагы алакабыз да үзүрлүү жыйынтыгын берет деп ишенем. 

Кытай тараптан кызматташуу сунушу

Белек тартуулоо учурунан бир көз ирмем.

Кытай Мунайзат университетинин Карамай филиалынын Башкаруу Кеңешинин төрагасынын орун басары Сяо Лэй: 

“Эл аралык кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү заман талабы” 

- Биринчиден биз Кыргыз-орус Славян университетинин жетекчилигине, Ректор Владимир Ивановичке университетти көрүп, жакындан таанышууга берген мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип кеткибиз келет. 

Ал эми, биздин университет тууралуу маалымат бере турган болсок, биздин окуу жайдын ишмердүүлүгүнө бир топ жыл болуп калды. Тактап айтканда, 1953-жылы ачылып, студенттерди кабыл ала баштаган. Кытай мунайзат университети, негизинен техникалык жааттагы адистерди тарбиялап чыгарат. Университеттин башкы корпусу Пекинде жайгашкан. Анда сегиз институт өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 

Былтыр, 2016-жылы биздин университет Синьцзян-Уйгур автономдуу облусундагы Карамай аймагында филиалын ачкан. Карамай шаары Пекинден абдан алыс жайгашкандыгын билсеңиздер керек. Биздин Карамайдагы корпусубузда үч факультет бар. Алар: механика, табийгый-гуманитардык илимдер жана мунайзат факультети. Корпустун территориясы абдан кенен, бүтүндөй заманбап жабдуулар менен жабдылган. Техникалык базабыз дагы күчтүү. Сырттан келген студенттерди кабыл алууга, тажрыйба алмашууга, татыктуу билим берүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр каралган. 

Окуу процесси азырынча кытай тилинде жүргүзүлөт. Бирок, алдыда англис тилинде сабактардын өтүлүшү күтүлүүдө. Мындан сырткары, бир жана эки жылдык кытай тилин үйрөнүү курстары өтүлөт. Чет өлкөлүк студентерге бюджеттик орундар дагы каралган. 

Кызматташууну баштоо үчүн жалпы бир программаны иштеп чыгып, ошонун негизинде иштөөнү сунуш кылмакчыбыз. Биз Кыргызстандан башка Америка Кошмо штатынын жогорку окуу жайлары менен байланышыбыз бар. Ошондуктан, бул биринчи эл аралык мамилебиз эмес, сырт жак менен мамиле түзүү жаатында дагы тажрыйбабыз бар. 

Кыргыз-Орус Славян университети менен дагы окуу тармагында, тажрыйба алмашууда тыгыз байланышты түзүү эки тарапка тең пайдалуу деп ойлойм. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)