WeChat      Избранное

Мөңгү Суу айылы: кытай журналистинин казак үй-бүлөсүнө берген жардамы

15/01/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Мөңгү Суу айылы: кытай журналистинин казак үй-бүлөсүнө  берген жардамы

Сүрөттөр редакцияга таандык 

Тоо этегинде жайгашкан Шуйсигоу (казакча аты Мөңгү Суу) айылына кирип бара жатып, заманбап үйлөрдү көрүп элиталык шаарчабы деген ой кетет. А чынында кадимки эле элет экен. Бул жерде казак үй-бүлөсүнүн кытай журналисти менен кантип таанышып, кыйын кезде катардагы репортер бул үй-бүлөгө кантип кол сунганы тууралуу айтып берүүнү эп көрдүк. 

Тартып койгон сүрөттөй... 

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун административдик борбору болгон Үрүмчү шаарынан бир нече чакырым жерде, карагайлуу тоонун  этегинде Мөңгү Суу айылы орун алган. Айыл тоого жакын жайгашып, Нарындын суугунан кем калбаган, бирок  Үрүмчүгө караганда бир топ эле жылуу экен. Жергиликтүүлөрдүн айтымы боюнча, айылда 2 миңдей казак боордоштор бар. 

Эми кыштактын өзү тууралуу кеп салсак, архитектуралык долбоордо тартылган сүрөттөй эле элес калтырат. 

Мөңгү Суу айылы: кытай журналистинин казак үй-бүлөсүнө  берген жардамы

Монгу Суу айылынын кочосу

Көчө боюнда жайгашкан тамдар бири-бирине коендой окшош болуп, шурудай тизилген. Сырт дубалдары сары түскө боелуп, чатыры кызыл темирлер менен жабылган. Ар бир көчө асфальтталып, кадам сайын жарык карагайлары турат. Машине жүрүүчү жолдор менен катарлаш жөө жүрүүрүчүлөр үчүн жолдор да салынып, бойлото тегиз көчөттөр отургузулган. Айылдын чет жагында бышкан кыш менен салынган, чатыр мунаралары алтын түскө боелгон мечит айылга өзүнчө көрк берип турат. 

Мөңгү Суу айылы: кытай журналистинин казак үй-бүлөсүнө  берген жардамы

Монгу Суу айылына заманбап жолдор салынган

Көрсө, мындан 12 жыл мурун Мөңгү Суу кадимки эле топурактан эптеп там тургузуп, малга короо салып, жазда ылай, жайында чаңы асманга сапырылган жол менен басып, мал багуудан башка өнөр билбей күн кечирип келген эле карапайым айыл экен. 

Кытай мамлекети байыган сайын элетке да өзгөчө көңүл бөлүп, 2008 жылы Мөңгү Сууну түп тамыры менен өзгөртүп, заманга жараша жаңы айыл салып бериптир. Алтургай борбордук жылуулук станциясын салып, жалпы айылга жылуулук түтүктөрүн өткөзүп берген. Азыр болсо газдын келишин күтүп жатабыз дейт айыл тургундары. 

Кыйын кезде кол сунган кытай журналисти 

Бул айылда Парийман аттуу аял, күйөөсү, 3 баласы менен эл катары күн көрүп келишкен. Бирок, 20 жыл мурун, кырсык басып, жүрөк оорусунан Парийман апанын жолдошу оо дүйнөгө сапар салып кете берет. Үч кичинекей баласы менен жалгыз калган аял оор турмушка дуушар болуп, айласын таппай отуруп калат. 

Башка айыл тургундары деле ал кезде кыйналган турмуш сүрүп турган кези экен. Кокустан, үй-бүлөнүн абалы тууралуу Үрүмчүдө иштеп жүргөн, катардагы журналист Ли Дэхуа аттуу жигит угуп калып, 3 баласы менен калган аялга жардам берүүнү чечет. 

-1999 жыл эле. Чогуу иштеп жүргөн досум, тоо этегинде жайгашкан бир казак айылда үй-бүлө башчысы каза болуп, артында аялы, үч баласы жалгыз калып, багар-көрөрү жок, оор акыбалга туш келгенин айтып калды, - деп эскерет Ли Дэхуа.

Ал окуя журналистке катуу тассир этет. Өзү деле ашкан бай болбосо да, ошол үй-бүлөгө жардам берүүнү чечет. Алгач айылга барып, аялды издеп таап, алардын ал-акыбалы менен таанышат. 

-Айыл тоо этегинде, кооз жерде жайгашканын көрүп, ал жакка туристтер барып турарын эске алып, 3 жаңы, кооз боз үйлөрдү сатып бердим. Ушул боз үйлөрдө туристерди кабыл алып, казактын улуттук тамактарын даярдап, алгачкы ишмердигиңерди баштасаңар болот дедим, - дейт Ли Дэхуа. 

Албетте, иш дароо жүрүп кетпегендиктен, алгачкы убакта журналист аларга эт, тамак-аш, кээде кийим-кечек  жагынан да жардам берип жүрдү. Бара-бара тиккен боз үйлөргө туристтер келип, алгачкы пайда да келе баштады. 

-Мен аларга акча топтогула деп,  жыл сайын 20 миң юандан берип турдум, кийин банктан насыя алып отурбай, өз бизнесиңерди ачасыңар деп кеңеш бердим, - деп экскерет биздин каарман. 

Туристерден түшкөн пайда күнүмдүк турмушка жетсе да, дароо ашыкча акча алып келген эмес. Ошол себептен Парийман апанын улуу кызы мектепти аяктап, жогорку окуу жайына тапшырганда да, билим акысын толук бойдон Ли Дэхуа өз кесиптештери менен чогуу көтөрдү. 

-Мен бул үй-бүлө менен жаңы таанышканда, улуу кызы Магзира 8-класстын окуучусу эле. Бүгүн болсо Магзиранын чоң кызы 8-класста окуп жатат,- дейт каарманыбыз. 

Бутка турган кез 

Ошентип, журналист Ли Дэхуанын жардамы менен үй-бүлө акырындап өз жолун таап, бутуна турушту. Парийман апанын учурдагы турмушуна көз чаптырсак, улуу кызы Магзира, күйөө баласы Женисбек жана үч небереси менен тың турмушта өмүр сүрүүдө. Башка балдары өз жолу менен кетишкен. 

Туристик бизнеси өз мөмөсүн берип, бара-бара боз үйлөрдүн санын көбөйтүн, жайкысын турист багып, кышкысын соода менен алек. 

Өзүлөрү турган тамдын жанына кичинекей кафе ачышып, казактын улуттук даамдары менен кошо кытай ашканасынын тамактарын кошо жасап, меймандар үчүн эшиги ачык. Андан сырткары тийиштүү аспаптарды сатып алып, кадимки навай нан бышырып, аны Үрүмчүдө өтүп туруучу жарманкеге алып барып сатып, анан калса айыл тургундарына да сатып турушат. 

-Үрүмчүдө даяр продукция фестивалы өтүп турат. Ал 23 күнгө созулат. Ошого барып, нан, боорсок, сүрсүгөн эт сатып келем, - дейт күйөө баласы Женисбек. 

Кышкысын согум союп, сүрсүгөн жылкынын, уйдун этин сатышат. Кыш суук келгендиктен, жыгачка илинген эт сүрсүп эшикте эле тура берет. 

Малы да көбөйүп, аны кайтарганга киши жалдашат. 200дөй кой, 10 ашуун ири мүйүздүү жандыктарыбыз бар дешет үй ээлери. 

-Жайкысын туристерге кымыз сатабыз, кышында бозо салабыз, эки жылдан бери нан бышырып сатканды өздөштүрүп алдык, - дейт Парийман апа. 

Мөңгү Суу айылы: кытай журналистинин казак үй-бүлөсүнө  берген жардамы

Парийман апа кытай элинин кылган жакшылыгын айтуудан тажабайт.

-Биз ушул даражага ушул адамдардын жардамы менен жеттик. Өтө кичипейил, булар менен аралашып көп нерсени үйрөндүк, бир нерсени билбесең айтып берет, үйрөтөт,- деп эскерет Парийман апа.

Апанын айтуусу боюнча үч небересинин экөөсүн кытай тилдүү мектепке бергенин айтып, эмне себептен бергенин мындайча түшүндүрдү:

-Көрсө биз тил билбей, сокурдай эле жүрүппүз. Жөн гана алысыраак жерге дүкөнгө барсаң, эчтекени билбейсиң, тил кенен жол ачат экен, ошол себептен эки неберемди кытай мектебине бердим.

Улуу небереси Элина мектепти аяктаса, журналистика факультетине тапшырууну кыялданып келет. Эс тарткандан баштап Ли Дэхуаны өз чоң атасындай эле көрөт, анын кесибин ардактуу деп эсептейт. 

“Чоң атасы” Ли Дэхуаны үй-бүлөнүн ар бир жакшылыгына, айылда өтүп турчу майрамдарга  дайым чакырып турушат. Ал киши да белек бекчегин көтөрүп алып “неберелерин, бала-чакасын” көргөнгө шашып жөнөп калат... 

(Автор:​Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)