WeChat      Избранное

Кытайлык кыргыздардын жашоосу терең өзгөргөн

22/07/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кытайлык кыргыздардын жашоосу терең өзгөргөн

Сүрөт авторго таандык

Кытай Эл Республикасынын батыш тарабында Синьзян-Уйгур автономиялык районунун курамында Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областы жайгашкан. Анын ээлеген аймагы 71 миң чарчы км, жалпы калкынын саны 650 миңди түзүп, область негизинен Казакстандын чыгыш аймагы, Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын жана Ош областтары жана Таджикистандын Бадахшан автономдук областы менен чектешет. Автономдук область төрт оодандан турат. Борбору Артыш шаары жана ага чектеш аймак өзүнчө оодан деп эсептелет. Анда баардыгы болуп 250 миңге чукул калк жашайт. Андан тышкары областта Актоо ооданы, калкы 200 миң адам, Акчий ооданы, калкынын саны 38.9 миңден ашат, жана Улуучат ооданы.

Учурда Улуучат ооданында 47.3 миң адам жашайт. Кыргызстанда андай аймак район деп аталат. Оодандын акими болуп Сыяр Кален уулу иштейт. Үч жылдан бери ушу ооданга келип, жетекчилик кылат.

Акыркы 5-6 алты жылда Кытайдагы экономикалык илгерилөө ал жердеги 56 улуттагы калктын баарына тегиз тарап, арасында жашаган кыргыздарга да олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келди. Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпиндин баштаган жаңы саясаты жалпы элге кам көрүүнү алдыга коюп, арасындагы кедейликте жашагандардын санын кыска мөөнөттө жоюуга багытталган. Сыяр Кален уулунун “Кабар” агенттигине айтуусу боюнча, Кытай жетекчилиги 2020-жылга чейин эл арасында кедейчиликте жашаган бир да адам калбай тургандай иш жүргүзүп, баардык провинциялар, алардын курамындагы областтар менен оодандагы жергиликтүү жетекчиликке коюлган максатка жетишүү үчүн катуу тапшырмалар берилген. Бул тапшырма материалдык жана каржы жагынан да борбордук бийлик тарабынан коштолуп, анын үзүрүн карапайым эл сезе баштаган.

“Борбордук бийлик 2020-жылга чейин элди кедейликтен чыгаруу боюнча койгон тапшырмасы биздин областта өлкө боюнча биринчи болуп аткарылды. Ал тапшырмада эл үчүн беш көрсөткүч боюнча маселелер чечилиши керек. Биринчиден –областтын ар-бир адамы турак-жай менен камсыз кылынып, бир тургунга кеминде 25 чарчы метр дал келеерлик үйлөр курулушу керек. Ал үйлөр 8,5 баллдык жер титирөөгө туруштук бере тургандай кылып салынышы шарт. Экинчиден – ар-бир үйдүн ичи таза суу менен камсыз болуп турушу керек. Үчүнчүдөн - ар-бир үйдө 24 саат боюу электр жарыгы болуп турушу керек. Төртүнчүдөн – ар-бир үй эч тоскоолдугу же үзгүлтүгү жок газ менен камсыз болуусу абзел. Бешинчиден – тургундардын жашаган жеринен алыстыгы унаа менен 20 мүнөттөн ашпаган аралыкта мектеп курулушу шарт. Бул талаптар эң алгачкы коюлган шарттар. Мунун баары бизде 2018-жылы аткарылган. Эми чоң комиссияны күтүп атабыз. Алар текшерип көрүп, чынында эле эл кедейликтен чыкканын көргөн соң, кийинки жаңы талаптарды койот”, деп айтып берди областтын акими.

Баса белгилеп айта турган бир жагдай – областта жаратылыш байлыктар кенен – газ, алтын, минералдык байлыктар ж.б. арбын жана алар иштетилип жатат. Анын баары аймакка каражат топтоого жол ачкан. Андан тышкары Кытай менен Кыргызстан ортосундагы чек арада эки бажы өткөрмөгү – Иркештам менен Торугарт - болсо, экөө тең ушул областта жайгашкан. Областтын ири аймагы болгон Улуучат ооданы Иркештамдан 130 км аралыкта турат, ал эми Торугарттан 150 км. аралыкта жайгашкан. Эки тарапка тең жүрүп аткан жүк ташуучу унаалар айыл-кыштактарды аралап өткөн сайын соода-сатык кылышып, жергиликтүү калкты баардык нерселер менен камсыз кылып турушат.

Андыктан бажы көзөмөлүнүн иштешинен пайданы жергиликтүү тургундар да көрүшүп, бир тобу тыңып алганы да аз эмес.

Аким Сыяр мырзанын айтышына караганда, тоодо мал багып жашаган ар-бир тургун Улуучатта үй менен гана камсыз болбостон, ошо ээлеген үйүнүн биринчи кабатында аянты 40 чарчы метр болгон соода кылуучу кеңсеге да ээ болушкан. Аны иштетип, соода-сатыкка көнүп бараткан жаш муундун өкүлдөрү арбын, ал эми иштете албагандар ижарага беришип, каражат табуунун дагы бир ыкмасын колдонуша. Акимдин айтуусунда ар-бир үйдө учурда бирден унаа бар. Мамлекеттик кызматта иштегендер, мисалы мугалим менен врачтар, бюджеттик акчадан 6-7 миң юандан алышат, бул азыркы курс менен 1 миң АКШ долларына тете. Андай жубайлар мамлекеттик кызматта иштешсе, ар-бирөөндө өзүнүн автоунаасы бар. Демек жашоо турмушу жогорулап, сапаты бир кыйла көтөрүлгөн.

Кедейчиликтен чыгуу деңгеели айтылган 5 талапты аткаруу менен чектелип калбайт. Андан кийинки тепкичтерде элди толугу менен билим алууга, маданият жагын өнүктүрүүгө, эл жашаган аймакты зарыл инфраструктуралык объектилер менен камсыз кылуу маселелери чечиле турган мезгил келди. Областтын атка минерлери Артыш шаарындагы ийгиликтүү делген объектилерди көрсөтүп, алардын жетишкендиктери тууралуу сөз кылышты. Кыргызстанда учурда элдик эмканалар, көптүн арасынан чыккан эмчилер деерлик жок болуп баратат.

Салттуу медицина деп аталган Кыргызстандагы оорукана менен дарыканалар илгерки кыргыз эмдөө ыкмаларын унутта калтырмак тургай, өз алдынча эл арасынан чыккан эмчилерди жээрип келишет. Артыштагы областтык элдик эмдөөчү кананын имараты 9 кабаттан туруп, ага дарылануу же эмдөө үчүн келгендер область эле эмес, башка өлкөлөрдөн да келгендер көбөйүптүр. Бул эмкананын иштей баштаганына болгону 4 жыл болуптур. Бул арада анда иштегендер кыргыз элинин мурунку каада-салтына, эмдик тажрыйбасына таянып, илгеркиден бери колдонуп, пайдалуу жана элге жеңилдик алып келген ыкмалар аркылуу оорукчандарды айыктыруу иштерин жүргүзүшөт.

Алар кыргыз жайлаган тоолордө өсүүчү 2 миңден ашык чөптүн түрлөрүн таап, аларды ооруп аткандарга беришип, көзөмөлдөп турушат. Тарыхтан калган өнөр унутулбасын деп, эмкананын ичине атайылап илгертен кыргызда калган эмдөөчү аспаптар, айбанат-куштардан, башка жаныбарлардан алынуучу дарылык касиети бар бөлүктөрү, кургатылган чөптөрдүн үлгүлөрү коюлган көрсөтмөсү уюштурулган. Эмкананын элге кылган кызматы мамлекет тарабынан колдоого алынып, оорулуулар толугу менен бекер дарыланууга шарт түзүлгөн. Кее бир оор дарттарды айыктыруу үчүн бул эмканага сырткы өлкөлөрдөн келгендердин саны өсүп баратат. Андыктан элдик, илгеркиден калган эмдөө ыкмалары азыркы учурда пайда алып келгени Артыштагы эмкананын мисалында даана байкалууда.

Кызыл-Суу областынын сыймыктана турган жаш мууну замандын талабына жараша тарбия-таалим алышып, билимин турмушка ылайыктуу багытка бурушканы да байкалат. Артыш шаарындагы атайын кесиптик окуу жайынын курулуп иштеп жатканына быйыл 6 жыл болуптур. Андагы окуган студенттердин саны 5 миңден ашык. Окуу мезгили 3 жыл. Аны окуп аяктагандар бир нече кесипке ээ болуп, ошол эле аймакта зарыл болгон ишканаларда иштей алышат. Кол өнөрчүлүк абдан өнүккөндүктөн, бул окуу жайында окуган улан-кыздар кол саймадан, кийиз бышыруудан, түрлүү кийим тигүүдөн баштап, комуз, боз үйдүн бөлүктөрүн, түрлүү сувенирлик буюмдарга чейин жасаганды үйрөнүшүп, ал тургай буюртма алышып, окуу жайдын керектигине жарай турган каражат да табууга жетишкен.

Окуу жайдын бир нече өз алдынча имараттары бар. Окуган балдардын 3 миңи жатаканаларда жашап, окушат. Алардын көбү ата-энеси малчы болуп, алыста иштегендердин балдары. Арасынан суурулуп, таланттуулар үчүн жогорку окуу жайларына барууга эшик ачык, дагы бир таланттуу бөлүгү үчүн областтын көркөм чыгармачылык топтору жаш адистерге иштөөгө шарт түзүп беришет.

Андай таланттар областтык маданий борборунун чыгармачыл тобуна мүчө болушуп, ар-кыл маданий иш-чараларга аралашып, сырттан келген конокторго уюштурулган концерттерге катышып, кызмат кылышат. Маданий борбору чоң боз үй катары жасалып, анын кире беришинде кыргыздын турмушу чагылдырылган көрсөтмө уюштурулган. Сырттан келген коноктор үчүн Кытайлык кыргыздардын турмушу көрсөтүлгөн чакан көргөзмө кызыгууну туудурбай койбойт. Анда боз үйдүн ички жасалгасы, кыргыздын буюмдары, кийим-кечеси, оокаты менен аспаптары коюлган.

Концерт коюлуучу жайы кенен болуп, артисттер үчүн баардык шарт түзүлгөн. Залдын акустикасы угармандар үчүн ыңгайлуу жасалып, көрүүчүлөрдүн купулуна толо турган программа тартуулунат. Арасында бир эле Синьцзянда эмес, бүтүндөй Кытайга таанымал артисттер, ырчылар, бийчилер бар.

Артыш калаасынын башка шаарлардан айырмасы – анда тургузулган “Манас менен анын 40 чоросу” аттуу мемориалдык комплекси. Анын өзгөчөлүгү бир гана скульптордун чеберчилигинде же эстеликтин масштабдуулугунда эмес. Анын өзгөчөлүгү Манас баатырдын эки жагында Бакай ата менен Алманбетке кыркалаш болуп, 40 чоронун турганы жана алардын ар-биринин аты астындагы постаментте катар тизилген китептин кырында жазылып турушунда. Аким Сыяр мырзанын айтуусунда чоролордун аттары терең изилденип, такталган соң жазылган.

Комплекстин дагы бир өзгөчөлүгү, аны 2016-жылы ачып атканда Манас баатыр тууралуу Кытай жетекчиси Си Цзиньпиндин кыргыздардын эл баатыры катары Манаска берген баасы жазылган эстелик-китепке түшүрүлгөн жазууда. Анда Манас, анын 40 чоросу тууралуу сөздөр айтылган.

Жалпылап айтканда, Кытайлык кыргыздардын турмушу мындан 5-6 жылдагыга караганда абдан өзгөрүп, башкаларга үлгү боло тургандай деңгеелге чыгыптыр. Ал эми жалпы калайык-калк бийликтин түзүп берген шартына каниет кылып, ыраазылыгын жашырбастан, өкмөткө рахматын тартынбастан айтышат экен. Саясатка тиешелүү сөз элде деерлик жок. Алыскы бийик тоолордон ылдыйга түшүп, өз оокаты менен тынч жашап аткан кыргыздар үчүн мурунку турмуш тарыхта калганы даана көрүнөт. Буга өмүр боюу тоого көнгөн кыргыз аксакалдарынын тартынбастан, тоого кайрадан чыгууга эч кызыгуусу калбаганын айтканы далил болду.

(Автор:Кубанычбек Таабалдиев / Редактор:GL)