WeChat      Избранное

Үй-бүлөлүк ынтымак, биримдикти даңазалаган – Кытай Жаңы жылы

11/02/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Үй-бүлөлүк ынтымак, биримдикти даңазалаган – Кытай Жаңы жылы

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кытай Жаңы жылы жеке гана коңшу мамлекетте эмес, Чыгыш Азиянын башка өлкөлөрүндө дагы эң узак жана маанилүү майрам болуп келген. Батыштык кесиптешинен айырмаланып, Кытай Жаңы жылынын башталышынын так датасы жок жана ал жыл сайын башка убакта белгиленет. Бул майрам, канчалаган кылым карытканына карабастан, бүгүнкү күн дагы, өзүнүн баштапкы маанисин жоготпостон, бардык каада-салт, ырым-жырымдарын сактап калган үй-бүлөлүк майрам катары белгиленип келет. 

Кытайда майрамдын биринчи күнү кышкы күндүн экинчи айына туура келет (башкача айтканда, 21-декабрдан кийин). Григориан календарында бул адатта 21-январдан 21-февралга чейинки күндөрдүн биринде белгиленет. Маараке адатта 15 күнгө созулат. 

Кытай жаңы жылы 1911-жылдан бери “Чуньцзе” деп аталып келет. Эгерде, кыргызча сөзмө-сөз которсок “Жаз майрамы” дегенди түшүндүрөт. Ал Кытайдагы эң башкы жана узакка созулган майрам болуп эсептелет. Кээ бир учурларда, “ай жаңы жылы” деп да коюшат. Анткени, кытай жаңы жылы ай жылнаамасы боюнча майрамдалат. Негизинен бул майрам февраль айында белгиленип жүрөт.

Ошентип, Кытай календары боюнча Жаңы жыл быйыл 12-февралга туура келет. Аны 12-февралдан 27-февралга чейин майрамдоо пландаштырылууда. Бирок, кытай эли расмий түрдө жети күн гана - 12-18-февраль аралыгында эс алышат.

Кытайда 34 провинция бар. Ар биринин өзүнө ылайыктуу болгон жаңы жыл тосуу салттары кездешет. Мисалы, түндүктө биз, жаңы жылдык башкы даам катары, камырдан жасалган тамактарга басым жасасак, түштүктө болсо, күрүчтөн даярдалган тамактар көптүк кылат. Бул гана эмес, Кытайда 56 улуттун өкүлдөрү жашайт. Албетте, аларды ичинен мусулман калктары кытай жаңы жылын тосушпайт. Ал эми, башка азчылык улуттар жаз майрамын майрамдашат. Бирок, алардын дагы, өздөрүнүн салт-санаасына ылайык өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, Юньнань провинциясындагы И улуту кытай жаңы жылында толугу менен күмүш менен кооздолгон кийимдерди кийип, жасалгаларынын бардыгы күмүштөн тагылып, жаңы күндү тосуп алышат.

Кызыл өң ийгилик алып келип, жаманчылыктан коргойт 

Үй-бүлөлүк ынтымак, биримдикти даңазалаган – Кытай Жаңы жылы

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, кытай элинде кызыл өң байыртан бери, ийгиликтин, жаманчылыктан коргонунуунун түсү болуп келген. Байыркы кытай мифологиясы боюнча, ар бир жаңы жылдын башында, тактап айтканда майрамдын биринчи күнүндө “Ниен” (кытай тилинен которгондо “жыл” деген маанини берет) аттуу коркунучтуу жаныбардан жашырынууга аргасыз болушат. Ал жолунан кездешкен бардык конуштарды жок кылып, жайылган малдарды жана жыйналган эгиндерди жеп, эл арасына дүрбөлөң түшүрөт деген түшүнүк калган. 

Андан сактануу үчүн, адамдар үйдүн алдын көп тамак-аш менен толтуруп, аны тойгузууга аракет кылышчу. Эгерде, ал кокусунан, ыраазы болбой калса, адамдарга, өзгөчө балдарды тартып жеп кетчү экен. Ошондой күндөрдүн биринде Ниен көчөдөн кызыл кийимчен баланы көрүп, коркуп качып кеткен дешет. 

Ошондон бери, кытай элинде “кызыл өң ийгилик алып келип, жаманчылыктан коргойт” деген ишеним жашап келет. Азыркы күнү дагы, жаңы жыл күндөрү кызыл шам чырактарды көчөгө жагып, эшик, дарбаза бетине кызыл кагаздын кооз оймолору, бакыт, ден-соолук жана узак өмүр каалаган, жупташтырылган жазууларды жана сүрөттөрдү илишет.

Мындан тышкары, майрамдын алдында ар бир үй-бүлө ушул жол менен ар кандай кемчиликтерден арылып, бактылуулукка жол ачат деп ишенип, үйлөрүн кылдаттык менен тазалашат. 

Салт боюнча канчалык катуу үндөр чыгып, ызы-чуу көп болсо, ошончо “жамандык жолобойт” деген ишеним бар 

Үй-бүлөлүк ынтымак, биримдикти даңазалаган – Кытай Жаңы жылы

Жаңы жыл алдында кытайлык үй-бүлөлөр көбүнчө дасторкон тегерегинде чогулушат. Баса, коңшу мамлекетте майрамдык дасторконун мол коюу салтка айланган. Үй кожойкелери, эреже катары, үй-бүлөдө эң жакшы көргөн тамактарды даярдашат. Адатта, дасторкондо эт жана балык дагы болуусу шарт. Сөзсүз түрдө, дасторкондун үстүндө чүчбара турушу керек. Анткени, чүчбара байыркы Цинь династиясынын учурундагы акчанын келбетине окшош болуп саналат. Ошондуктан, жаңы жылда акчалуу болуу үчүн чүчбараны жеп туруу адаты, учурда, салтка айланып калган.

Түнкү он экиде бардык үйлөр фейерверктерди аттырып, жаңы жылды тосуп алышат. Айлана-тегерек жапжарык болуп, абдан ызы-чуу болот. Салт боюнча канчалык катуу үндөр чыгып, ызы-чуу көп болсо, ошончо “жамандык жолобойт” деген ишеним бар. Бирок, акыркы жылдары бийлик тарабынан кээ бир жерлерде фейерверктерди атууга тыюу салынып келет. Анткени, андан чыккан түтүн абаны абдан булгайт. Ошентсе да, салттарды өзгөртүү оңойго турбайт эмеспи, азырынча бул мыйзам толук күчүнө кире элек.

Түнкү он экиден кийин таттуу чучбараларды жегенге кезек жетет. Чүчбаралардын ичине атайын кумшекер салып бышырышат. Бул болсо, “жаңы жылда жашоо кумшекердей таттуу болсун” дегенди түшүндүрөт. Мына, ушундай таттуу чүчбаралардын ичинен, бирөөсүнө гана тыйын менен 1 юань катылган болот. Эгерде, кимде-ким ошону таап алса, демек аны жаңы жылда ийгиликтер күтүп турат деп ырымдап коюшат.

Ошентип майрамдык түн фейерверктер менен аяктайт, алар каардуу духтарды коркутуп, үй-бүлөгө тынчтык жана бактылуулук рухун тартып келет деп ишенишет.

Чындыгын айтканда, кытай жаңы жылы жакындаганда поездге дагы, деги эле көпчүлүк жол каттамдарына билеттер калбайт. Айрыкча, чоң шаарлардан кичинекей аймактарга билет табуу абдан оор болуп калат. Себеби, жалгыз ушул майрамда гана өзүңдүн жакын адамдарың менен жолугушуп, көрүшүүгө мүмкүн. Бардык кытай эли Жаңы жылды ата-энелери менен тосууга аракет кылышат, ошол себептен майрамдын алдында өлкөдөгү бардык транспорттор тыгынга толуп, билеттерди сатып алуу мүмкүн эмес.

Кытай Жаңы жылынын алгачкы күндөрү

Үй-бүлөлүк ынтымак, биримдикти даңазалаган – Кытай Жаңы жылы

Жаңы жылдын биринчи күнү абдан маанилүү күн болуп саналат. Бул күнү таштандыны сыртка чыгарууга болбойт, эгерде үйдөн таштандыны алып чыкса, анда байлыктан “кол жууйт” деген түшүнүк бар. Элдер, кошуналардыкына, тааныштарыныкына конокко бара башташат. Балдар, ата-энесине, чоң ата-чоң энесине ийилип, жаңы жылы менен куттукташат. Көчөдөн жолуккан адамдар сөзсүз түрдө: “Бүгүн эрте турдуңбу” деп сурашат. Бул салтка айланып калган суроо, анын мааниси “канча эрте турсаң, ошончо көп акча табасың” дегенди түшүндүрөт.

Ал эми, экинчи күнү болсо, кайын-журтуңду куттуктап, белек берип, алар менен учурашып келүүгө арналат. Ал эми, 3-4-күндөрү ар бир аймактарда ар башкача өткөрүлөт. Жаңы жылдын 5-күнү гана дүкөндөр ачылып, соода-сатык иштери жандана баштайт. Ага чейин Кытайда бир да иштеген тамактануучу жайларды, соода борборлорун көрө албайсың. Баары жабык болот.

Мисалы, балдар үчүн “Кытай жаңы жылы”-“кызыл конверт” (ред.: кызыл конверт-майрам күндөрү ичине акча салынып берилүүчү кагаз капчык) дегенди түшүндүрөт. Бул күндөрү, үй-бүлөнүн кичинекей мүчөлөрү ата-энесинен, туугандарынан, улуулардан акчалай белек алып, аны каалаганындай коротушат. Ошондуктан, бул биринчиден балдардын эң сүйүктүү майрамы деп койсок да болот. 

Кытай элинде белек берүү бул өзүнчө чоң маданият 

Үй-бүлөлүк ынтымак, биримдикти даңазалаган – Кытай Жаңы жылы

Албетте, жаңы жыл майрамы белексиз өтпөйт. Кытай элинде белек берүү бул өзүнчө чоң маданият. Ал жакта биримдикти жана үй-бүлөлүк ынтымакты чагылдырган жупташкан буюмдардан белек берүү салтка айланган (төрт саны сунушталбайт, анткени кытайлар аны өлүм менен байланыштырышат). Ошондуктан, көп учурда белекти жалгыз эмес, түгөйү менен кошо беришет. Мисалы, эки ваза, эки бөтөлкө вино ж.б.у.с. Ал эми, кичинекей балдарга кызыл конверт дагы тартууланат.

Мындан сырткары, үй-бүлөлөргө жаңы жылдык таттуулар, бир себет толгон жер-жемиштер белекке келет. Учурда, жаштар арасында кол телефондорду сүйүктүүлөрүнө тартуулоо көп кездешет. Кытай элинде чай маданияты дагы абдан өнүккөндүгү бардыгыбызга маалым. Ошондуктан, чайдын түрлөрүн белекке берсе болот. 

Улуу адамдарга болсо, ден соолукка пайдалуу, кам көрүүчү белектерди берүү ыңгайлуу. Белек гана эмес, анын сыртынан орогон кагаздын, же байлаган жиптин өңү дагы абдан маанилүү. Кара, ак же көк болбоосу зарыл. Бул түстөр жаманчылык учурунда колдонулат. Негизинен, кызыл түс сүйүктүү түс болуп эсептелет.

Мындан тышкары, конокко барганда кээде үй ээлерине экиден мандарин белек кылышат.  Кетээрде алардан дагы эки мандарин алышат. Ошентип, ушундай ыкма аркылуу үй ээлери жана коноктор каржылык жыргалчылыктын белгилерин алмашышат. Мандарин кытай элинде каржы ийгилигинин белгиси катары бааланат. 

Жаңы жылдык оюн-зоок программалары дагы өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленет. Бардык туугандарына жана коңшуларына баргандан кийин, кытайлар салттуу бийлер менен майрамдык салтанаттарга чыгышат. Эреже боюнча, салттуу бийлерге арстан жана ажыдаар бийи кирет. Бул бийлер бир нече адамдын аткаруусунда элге сунулат. 

Жаңы жылдык белектер жана Хунгбао салттуу кызыл акча конверттери 

Үй-бүлөлүк ынтымак, биримдикти даңазалаган – Кытай Жаңы жылы

Кытайдагы Жаз майрамына белектерди алмашуу салтка айланган. Ошондуктан, эң кеңири тараган белек - бул кызыл конверт. Ал үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга тартууланат, ошондой эле салттуу түрдө компаниялардын жетекчилиги кол алдындагыларды ушундай жол менен куттуктайт. 

Ал эми анын ичине салынган акчанын суммасы тартуулаган адамдын кирешесине жараша болот. 5-10 юаньдан баштап, бир канча миң юаньга чейин берилет. Бирок, сөзсүз түрдө акчанын суммасы так сан болушу зарыл.

WeChat-бул биз колдонуп жаткан WhatsAppтын аналогу десек болот. Кытай жергесинде кенен колдонулган бул система, жөн гана сүйлөшүү куралы болбостон, акча алмаштыруу, соода-сатык жүргүзүү аянты дагы болуп эсептелет. Вичат (WeChat) бүгүнкү күнү социалдык тармактардагы эң ыңгайлуу акча төлөм системасы болуп эсептелет. Кытайдын бардык булуң-бурчунда таксиге же метрого жол кире төлөөдө, самолетко же поездге билет сатып алууда, соода-сатык кылып жатканда акчасын Вичатты колдонуу менен төлөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Биз жогоруда айтып кеткен “хунгбао-кызыл конверт” салтын социалдык тармактагы вичат системасынын бир функциясы катары кошушкан. Бул функцияда сен өзүңдүн жакындарыңа, бардыгына вичаттын жардамы менен “кызыл конверт” жибере аласың. Акча которууда бир адамга же болбосо бир тайпанын ичиндеги бардыгына акча жиберүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Гулжигит Аскаров, студент: “Алыста жүргөн кытай жарандары бул майрам күндөрү бардыгы өз үйлөрүнө шашышат” (бокс-врезка)

-Мен ай жылнаамасы боюнча кирип келе жаткан Кытай Жаңы жылы менен коңшу мамлекетти чын журөктөн куттуктамакчымын. 2020-жыл пандемия менен күрөшүүгө багытталып, болгон ой-тилектерибиз коронавирус дартын жеңип чыгуу болду. 2021-жыл мына, ушул жугуштуу ооруну толугу менен жеңип, мурдагы тынч жашообузга келсек деп тилейт элем. 

Мен өзүм Кытайда билим албасам дагы, бул жерде тил үйрөнүү курстарына барып кытай тилин дагы өздөштүрүп келгем. Пандемиянын айынан бардыгы жабылып, тил үйрөнүүнү уланта алган жокмун. Бирок, коңшу элдин жаңы жылы тууралуу толук маалыматым бар. Бул дагы биздин жаңы жылдай эле үй-бүлөлүк баалуулуктарга басым жасаган, ынтымакты, биримдикти даңазалаган майрам экендигин билем. Алыста жүргөн кытай жарандары бул майрам күндөрү бардыгы өз үйлөрүнө шашышат. Мамлекеттик деңгээлде оюн-зооктор өткөрүлөт. 

Учурдан пайдаланып, коңшу элди үй-булөлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Тынчтык болсун, 2021-жыл менен кошо чың ден соолук, ынтымак, ырыскы-кешик мол келсин. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын кызматташтык алакалары өнүгүп-өсө берсин. Алдыда, мен дагы ушул жаатка салым кошкон күчтүү адис болгум келет. 

Ырыс Бегим кызы, менеджер: “Кытай Жаңы жылында мага өзгөчө эсимде калганы бул - “мандарин бактары” болду” (бокс-врезка)

-Мен Кытай Жаңы жылын абдан жакшы билем деп айта албайм. Бирок, Кытайдын Гуанчжоу шаарында окуп жүргөн кезимде бул майрамды тайпалаштарым менен бирге тоском. Чындыгын айтканда, бул майрам кытай элиндеги эң маанилүү, эң башкы майрам болуп саналат. Ага даярдануу бир ай мурун эле башталат. Дүкөндөрдө, соода борборлорунда тамак-аш продукциялары аз эле калат. Биз майрамга бир жума калганда соода кылганга барып көптөгөн азыктарды тапбай келгендигибиз эсимде. 

Жаңы жылды тосуп жатканда 6-7 күндөй эч жак ачылбайт. Ар дайым жыкжыйма элге толгон көчөлөр бош болуп, унаа тыгындары дагы жокко эсе болот. Кытай Жаңы жылында мага өзгөчө эсимде калганы бул - “мандарин бактары” болду. Ар бир мекеменин, турак үйлөрдүн алдында толуп-бышып жетилип турган мандариндери менен бактарды көрүүгө болот. Бийиктиги 1-1,5 метрдей болгон бактардын ар бир шагы мандариндерден ийилип турат. Бирок, бул көз жоосун алган жемиштерди жегенге болбойт дешти, ал ар кандай химикаттар менен өстүрүлүп жөн гана кооздук үчүн коюлат экен. 

Азыр болсо, кытайлар менен чогуу иштешип жаткандыктан бул майрам мен үчүн дагы кандайдыр бир мааниге ээ. Кесиптештеримди куттуктайбыз. Кичинекей майрам кылабыз деп турам. 

Кытай элин 12-февралда кирип келчү жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эки мамлекеттин достук мамилеси чыңдала берсин. Кыргыз-кытай мамилеси ар дайым достук ичинде болуп келген. Алдыда дагы ушундай жол менен өнүгөөрүнө ишенем. 2021-жыл жакшылыктын, ынытмактын, тынчтыктын, өнүгүүнүн жылы болсун!


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)