WeChat      Избранное

Дуань-у цзе - биримдик, ынтымак жана акыйкат майрамы

03/07/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Дуань-у цзе  - биримдик, ынтымак жана акыйкат майрамы

Дуань-у цзе  - биримдик, ынтымак жана акыйкат майрамы

Дуань-у цзе  - биримдик, ынтымак жана акыйкат майрамы

Дуань-у цзе  - биримдик, ынтымак жана акыйкат майрамы

Фото WWW

25-июнь күнү кытай эли салтка айланган майрамдарынын бири болгон – Дуань-у цзе кош майрамын белгиледи. Чындыгында, учурдагы кырдаалга байланыштуу бул майрам да толук кандуу өткөрүлгөн жок. Коронавирус илдети жеке гана майрамдык иш-чараларды токтотпостон, жалпы эле элдин кыймылын, мамлекеттик жана эл аралык карым-катнаштарды токтотуп койгондугу бардыгыбызга маалым. 

Бирок, ошондой болгон күнү дагы, биз аталган майрам тууралуу маалымат берип, анын маани-маңызы жөнүндө баяндап берүүнү туура көрдүк. Муну менен эле катар, Кыргызстанда иштеп жаткан кытай жарандары менен дагы байланышып, Дуань-у цзе майрамын быйыл кандай белгилеп, өткөргөндүктөрү тууралуу маалымат алдык. 

Бул майрам күнү кытай эли үчүн эс алуу күндөрү болуп, алыста жүргөндөр үй – бүлөсүнө барып, чогулуп майрамдашат. Элди Ата Мекенди сүйүүгө чакырып, адилеттик менен акыйкаттыктын белгиси болгон бул күн, азыркы мезгилде дагы өзүнүн баалуулугун жоготпой, муундан –муунга өтүп сакталып, белгиленип келет.

Цюй Юань – коомдун жана жан дүйнөнүн тазалыгы үчүн күрөшкөн улуу акын 

Дуань-у цзе майрамын кытай элинде “Ажыдаар кайыктары” деп да атап келишет. Бул майрам кытай элинин байыркы майрамдарынын бири болуп эсептелет. Болжол менен майрамдын тарыхы 2000 жылды ичине камтыйт. Аны ай жылнаамасы боюнча бешинчи айдын, бешинчи күнүндө майрамдашат. Ошол себептен “Эки бештик” майрамы деген ысымды дагы ташыйт. Салтка айланган ажыдаар кайыктарынын жарышы менен, бул майрам батыш өлкөлөрүнө дагы белгилүү. Ар жыл сайын ар башка күндөргө туура келет. Быйыл бул күн 25-июнга туура келди.

Эл арасында бул майрамдын келип чыгышы тууралуу бир канча уламыш кептер бар. Алардын арасынан эң белгилүүсү бул – байыркы кытай патриот акыны Цюй Юаньга байланыштуу. Цюй Юань өз доорунун белгилүү акыны болуу менен бирге жашаган аймагында жогорку даражалуу төрө болуп келген. Элинин чыныгы уулу болуп, аймакта министрдин ордун аткарган Цюй Юань ар дайым Чу аймагындагы адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, карапайым элдин акысын жеп байыган аткаминерлерге каршы чыгып, коррупционерлерди жоюуга болгон күчүн жумшаган. Ал бийлик башындагыларды реформа жүргүзүүгө үгүттөп, аларга күчтүү аймакты куруу үчүн кеңештерин берип, акыл – насаатын айтып келген.

Бирок, ортодогу чагымчылардын айынан бийлик жетекчилери акынга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны алыска сүргүнгө айдап жиберишет. Цюй Юань биринчи жолу өзүнүн эмгектеринде Ата Мекенге болгон сүйүүсүн ушунчалык терең билдирүү менен, кайдыгерликке, адилетсиздикке курчалган адамдын жан дүйнөсун таасын сүрөттөп, элге жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган.

Сүргүндө жүргөндө ал көпчүлүккө белгилүү “Лисао”, “Цзюге”, “Тяньвэнь”, “Хуайша” ж.б. чыгармаларын жараткан. Б.з.ч. 278 – жылы Цинь башкаруу аймагынын аскерлери Чу жергесинин борборун басып алышкан. Алыста жүрсө да өз мекенинин мындай абалда калышын көтөрө албаган акын, ай жылнаамасы боюнча бешинчи айдын бешинчи күнүндө Милоцзян суусуна (азыркы Хубей провинциясын кесип өткөн суу) боюн таштаган. Ошентип кайтыш болгон.

Мындай кайгылуу кабарды уккан Чу эли Цюй Юаньдын кайыктар менен суудан сөөгүн издөөгө чыгышат. Чыныгы патриот уулун жоготуу эли үчүн чоң кайгыны алып келет.

Цюй Юаньдын сөөгүн балыктар жеп кетпесин деп, элдер дарыяга камышка оролгон, сууга бышкан күрүчтү салышкан. Ошол мезгилден бери бул майрамдын башкы белгиси, башкы даамы тоголок формасындагы камышка орологон күрүч (тамактын кытайча аталышы – цзунцзы).

Элдердин айтуусу боюнча акындын арбагы досторунун түшүнө кирип, суу ажыдаарын коркутуу, кубалоо үчүн үч бурчтук формасындагы жибек баштыкчасына салынган күрүчтү берүүлөрүн өтүнгөн. Ушул окуядан кийин бул ырым – жырым, майрам күнү жин – шайтандарды кубалоо күнү катары дагы белгилүү.

Майрамдын башкы белгилери: “ажыдаарлар жарышы” жана “камышка оролгон күрүч”

Кытай эли ар жыл сайын бешинчи айдын бешинчи күнүндө Цюй Юаньды эскерүү күнү катары майрамдап келишет. Башында бул күн, жөн гана кайыктарга түшүп эс алуу менен коштолсо, убакыттын өтүшү менен майрам “Ажыдаарлар жарышы” аталышына ээ болгон. Себеби, кайыктардын башына же болбосо тулку боюна ажыдаардын келбетин түшүрүү менен бирге, суу үстүндө жарыштарды уюштуруша башташкан.

“Ажыдаарлар жарышы” майрамдын башкы салтына айланган. Баш аягына чейин ажыдаардын элеси берилген кайыктардын ичине бир канча адам отуруп, калактарды бир учурда шилтеп жарыш башталат. Адамдардын саны ар канча болушу мүмкүн. Орто эсеп менен 20 кишиге чейин жарышка катышуу укугуна ээ. Бул жөн гана жарыш эмес, өзүнчө бир масштабдуу иш - чара десек да болот. Алыстан көз салган адамга кайыктан чыккан добулбастардын үндөрү, суу үстүндө учуп бара жаткан ажыдаардын кыймылына дал келип, өзгөчө сезим калтырат.

Жин – шайтандан коргогон билерик 

Жалпысынан бул майрам жай мезгили менен бирге ысыган абанын, үп аптаптын кирип келишин билдирет. Ошол себептен көптөгөн кытай үй – бүлөлөрү бул күнү дарбаза – эшикке ар кандай курт – кумурскаларды кубалаган чөп – өсүмдүктөрдү илишет. Улуу адамдар кичинекей балдарга жыттуу чөптөр толтурулган жибек баштыкчаларды тартуулашат. 

Мындан сырткары бул күнү колго беш ар түрдүү жипти өрүп, билерик кылып колго тагуу салтка айланган. Себеби, ушундай жол менен адам өзүн жин – шайтандардан коргоп, ийгиликти чакыра алат деген ишеним бар. Бул билерикти майрамдан кийин биринчи жааган жаанда сыртка ыргытып жиберүү керек.

Чжао Вэй, Гоин соода түйүнүнүн директору: “Алыста жүргөн кытай жарандары “ата-журттун даамын” татып, сезүүсү үчүн өзүбүз цзунцзы жасаттык” 

-Гоин соода түйүнү Бишкекте 18 жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Бул жылдар аралыгы анда товарлардын түрлөрү көбөйүп, элдин суроо-талабына ылайык Кытайдан продукциялар алынып келинүүдө. Бул жактагы кытай жарандары дагы бизден каалаган даамдарын сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Муну менен катар эле, кыргызстандыктар арасында дагы кытай ашканасына кызыккандар көп. Өзгөчө салттуу кытай чай маданияты менен алектенип, чайды түрлөрү менен сатып алган жергиликтүү тургундар да көп кездешет. 

Мурун Дуань-у цзе майрамынын алдында биз Кытайдан бир ай мурун эле цзунцзы даамын сатып алуу үчүн буйрутма берчүбүз. Быйыл мындай мүмкүнчүлүк болгон жок. Пандемия болгондугу үчүн чек аралар жабылып, көптөгөн пландарыбыз ишке ашпай калды. 

Бирок, мекенинен алыста жүргөн кытай жарандары “ата-журттун даамын” татып, сезүүсү үчүн өзүбүз цзунцзы жасаттык. Анын үч түрү даярдалды. Каалоочулар үйлөрүнө буйрутма кылып алып кетип жатышты. Албетте, бул даам жылдагыдай көп жана түрдүү болбосо дагы мекендештибизге аз да болсо майрамдык маанай тартуулай алды деп ойлойм. 

Лян Цзюань, кытай жараны: “Цзунцзы даамын уулум менен биргеликте даярдадым"

-Мен Кыргызстанда он жылдан ашуун жашап келе жатам. Ушул жылдары аралыгы Дуань-у цзе майрамын бул жактагы мекендештерим менен бирге белгилеп келдик. Майрамдын башкы символу болгон цзунцзы даамын сатып алып, ар дайым бир-бирибизге белекке берчүбүз. Бардыгыбыз чогулуп кытай тамак-аштарын жасап же болбосо кытай ресторандарында шаңдуу белгилечү элек. Мекенибизден алыс жүрсөк дагы, бул майрам дагы бир жолу бардыгыбыздын башыбызды бириктирип, жакшы маанайда, даамдуу тамак үстүндө чогулуп, жай отуруп, ал-абал сурашканга жакшы өбөлгө болуп берээр эле. 

Тилекке каршы, быйыл мындай мүмкүнчүлүк болбоду. Буга коронавирус илдети башкы себеп болуп, айла жоктон бардыгыбыз үйдө болдук. Ошондой болсо дагы, мен быйыл цзунцзы даамын уулум менен биргеликте даярдап көрүүнү чечтим. Аны даярдоо жолдорун интернет булактарынан үйрөнүп жасап көрдүк. Цзунцзыны даярдап жаткан учурда уулум менен дагы жакшы баарлашканга мүмкүнчүлүк болду. Ага майрамдын келип чыгыш тарыхын дагы айтып бердим. Биз даярдаган даам үйдөгүлөрдүн жогорку баасына татыды. Мен цзунцзыдан дагы көптү жасап, бул жактагы досторума тартууладым. Алар дагы майрамдын шаңын, маанайын сезүүсүн кааладым. 

Чжэн Юетин, кытай тили мугалими: “Жүрөктө сүйүү болсо анда аралыктын алыстыгы маселе эмес” 

-Мен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Конфуций институтуна былтыр сентябрь айында кытай тили мугалими болуп келгем. Коронавирустун Кыргызстанда дагы жайылышы менен акыркы 3 айдан ашуун үйдө болуп жатам. Бирок, сабактар аралыктан өтүлүп жатат. Жай мезгилинде дагы студенттерибизге билим берип, аларды кытай тили сынагына даярдап жатабыз. 

Быйыл мен алгачкы жолу Дуань-у цзе майрамын чет жерде белгиледим. Бул дагы ушундай кыйын кырдаалга туш келип калды. Ошондой болсо дагы, бул майрамды мен интернет аркылуу жакындарым менен бирге белгиледим. Тактап айтканда, видео менен Кытайдагы ата-энем менен байланышып, досторум менен бирге болдум. Менин оюмча, эгерде жүрөктө сүйүү болсо анда аралыктын алыстыгы маселе эмес. Ошондуктан, мен өзүмдү жалгыз сезген жокмун. 

Муну менен катар эле, кыргызстандык студенттерим дагы куттукташты. Бул мен үчүн жагымдуу белек болду. Алдыда дагы, кытай маданиятын таанытып, кыргыз-кытай достук алакасына өз салымымды кошо бермекчимин. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)