WeChat      Избранное

Цзыбо жана Циндао - «футболдун туулган жери» жана «бейиштин бир үзүмү»

15/01/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Цзыбо жана Циндао - «футболдун туулган жери» жана «бейиштин бир үзүмү»

Чжоуцунь шаарчанын ичинде 180ден ашуун дүкөн жайгашкан.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кытайга сапар рубрикабызда мен сиздерге бүгүн Шаньдун провинциясынын дагы бир маанилүү шаарлары болгон Цзыбо жана Циндао шаарлары тууралуу айтып бермекчимин. Биз Цзинань шаарында эки күн туруп, анын ажайып жайлары менен таанышкандан кийин жолубузду Цзыбо шаарын көздөй уладык. 

Бул аймак «кытай тилин тез жана мыкты деңгээлде үйрөнөм» деген чет элдик студенттер үчүн мыкты жай катары белгилүү. Себеби, жергиликтүү калк арасында чет тилдерде сүйлөгөндөр жокко эсе. Бардык тейлөөчү жайларда кытай тили гана колдонулат. Бирок, жылдан-жылга сырттан келген туристтердин саны көбөйүүдө. Анткени, Цзыбо бүгүнкү күнү тарыхтын жана искусствонун борбору катары дагы белгилүү болууда. Ошондуктан, Кытайдын башка шаарлары сыяктуу эле, бул жерде дагы дүйнө туристтерин кызыктырып, өзүнө тарткан ажайып жайлары көп.

Мага Цзыбо жашоосу бир калыпта өткөн, чоң шаарлардай кымбат эмес, арзан, жашоого ыңгайлуу шаар катары таасир калтырды. Чындыгында, ал абдан өзгөчө шаар экен. Тарыхы тээ байыркы доорлорго кеткен бул аймактын басып өткөн жолу кызыктуу окуяларга бай болуп, ар түрдүү маданияттарды айкалыштырып жашаган шаар экендигин билдик. 

Ал байыркы Кытайдын борбору катары дагы белгилүү. Дал ушул жерде байыркы Кытай мамлекетинин тарыхы башталгандыгын көп киши биле бербесе керек. Учурда дагы, шаардын райондорунун бири мурдагы кытай борбору аталгандай «Линьцзы» деген аталышка ээ. Дүйнөгө белгилүү Кытайдагы футбол музейи дагы дал ушул шаарда орун алган. Ал гана эмес, бул музей ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кирген. 

Себеби, Цзыбо футболдун туулган жери катары ФИФАнын жетекчилиги тарабынан таанылган. Ошондуктан, жергиликтүү калк футбол оюнун сүйүп ойношот экен. Бул көрүнүш мага бираз таң калыштуу болду. Анткени, кытайлыктар футбол эмес, баскетболду сүйүп ойноорун билчүмүн. Биринчи жолу, футболго ушунчалык маани берип, ойногон кытайлыктарды көрдүм десем да болот. Кытайлыктар бул оюндун тарыхы так Цзыбодо башталат деп эсептешет. 

Мындан тышкары Цзыбо – фарфор жана керамика өндүрүшүнүн борбору катары дагы белгилүү. Дал ушул искусство түрлөрүнө арналган атайын музей дагы бар. Ал эми, шаардын анчалык алыс эмес жагында бүтүндөй дүйнөнү өзүнүн ой гүлдөрү менен багынткан Конфуцийдин туулган жери орун алган. 

Цзыбо жана Циндао - «футболдун туулган жери» жана «бейиштин бир үзүмү»

Пу Сунлиндин үй-музейи мамлекет тарабынан колдоого алынып, үй жазуучунун көзү тирүү кезиндегидей абалда сакталган экен.

Луцай жана бошаньцай – Цзыбо ашканасы

Жергиликтүү ашканада луцай ашканасы басымдуулук кылат. Аны ар түрдүү ыкмалар менен даярдоого болот. Эң башкысы бул ашканада деңиз азыктары менен катар эле эт, жүгөрү, буудай түрлөрү колдонулат. Жашылча-жемиштер Кытайдын башка аймактарына салыштырмалуу аз пайдаланылат. Бирок, шаардын эң башкы сыймыгы бул өзгөчө ыкма менен даярдалган уксусу. Ага көптөгөн татымалдар кошулуп, башкача бир даамга эгедер. 

Мындан сырткары, бошаньцай деп аталган ашкан дагы жергиликтүү калк арасында белгилүү. Ал негизинен тоуфу, эт, балык, колбаса жана куурулган жер-жемиштер менен даярдалат. Чындыгында, Цзыбо шаарынын ашканасы Шаньдун провинциясынын ашканасынан бир топ эле айырмаланат экен. Эт азыктарына басым жасап, буудай унун дагы тамак-ашында кенен колдонушаарына күбө болдук. Күрүчкө караганда кесменин түрлөрүн жасап  жешет экен. Бирок, бул ашкана даамдарына көнбөгөн чет элдиктер шаарда өздөрү каалаган ашканаларды таба алышат. Шаарда ар түрдүү улуттардын тамактануучу жайлары көп экендигине күбө болдук.

Цзыбо жана Циндао - «футболдун туулган жери» жана «бейиштин бир үзүмү»

Циндао шаарындагы туристтердин сүйүп кыдырган жайы бул эң кооз табиятка жана курулуштарга ээ Бадагуань району.

Байыркы Чжоуцунь шаарчасы жана Пу Сунлиндин сыйкырдуу уламыштары

Ци мамлекетинин дубалы-бул Улуу Кытай сепилинин эң байыркы бөлүгү катары белгилүү. Мына, ушул дубал Цзыбо шаарынын ажайып жайларынын бирине кирет. Бул дубалды көрүүгө дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер келээри айтылды. Тарыхты жакшы билип, аны изилдеп-үйрөнгөндөр үчүн Ци мамлекетинин дубалын көрүүдагы өзүнчө бир баалуу көз ирмемдер боло тургандыгын байкадым. 

Мындан сырткары, Цзыбо дүйнөгө белгилүү жазуучу-фантаст Пу Сунлиндин туулган жери катары белгилүү. Шаарда жазуучунун үйү ажайып жайга, музейге айланган. Пу Сунлин өмүр бою кызыктуу, сыйкырга толгон уламыш, окуяларды чогултуп, изилдеп келген. Анын эң белгилүү чыгармасы «Ляо кабинетиндеги сыйкырдуу окуялар» повести.

Пу Сунлиндин үй-музейи мамлекет тарабынан колдоого алынып, үй жазуучунун көзү тирүү кезиндегидей абалда сакталган экен. Ал 1640-1715-жж. чейин өмүр сүргөн. Учурда дагы, Пу Сунлиндин чыгармалары көптөгөн чет тилдерге которулуп, дүйнө окурмандарын «сыйкырдуу дүйнө» менен тааныштырып келет. 

Ал эми, Цзыбо шаарынын эң башкы сыймыгы, ажайып жайы бул-Байыркы Чжоуцунь  шаарчасы. Ал байыркы жана ошол эле учурда заманбап соода шаарчасы болуп саналат. Бул шаарча Мин династиясы доорунда эле бүтүндөй аймакка маанилүү соода өнөр жайы катары таанымал болгон. 

Чжоуцунь шаарчасынын аянты 17 гектарга жакын. Анын ичинде жеке гана соода жайлары жайгашпастан, өз мезгилинде абдан маанилүү болуп саналган аскердик мекемелер дагы орун алган. Бирок, бүгүнкү күнү ал мекемелер тарыхый архитектуралык курулуш катары сакталып калган. Шаарчанын ичинде 180ден ашуун дүкөн жайгашкан. Антиквардык буюм-тайымдардан баштап, кытай элинин улуттук кийим-кечелерине чейин сатып алууга мүмкүн. 

Биздин делегациянын курамын сырттан келген кытайлар түзгөндүгү үчүн, көпчүлүгү үй-бүлөсү, балдар-кыздары үчүн дал ушул шаарчадан кытайдын улуттук кийимдерин сатып алып жатышты. Мындан сырткары, кооздук жасалгалары дагы туристтер үчүн абдан кызыктуу болуп, өтүмдүү товарлардын катарын толуктайт экен. 

Бул шаарчада тарыхый тасмалар дагы көп тартылаарын айтышты. Ошондуктан, кинодон көрүп жүргөн байыркы кытай көчөлөрүн аралап, маданиятына күбө болуу абдан жакшы таасир калтырды. 

Цзыбо жана Циндао - «футболдун туулган жери» жана «бейиштин бир үзүмү»

Сары деңиздин жээгиндеги искусство. 

Циндао - эки дүйнөнү айкалыштырган жомоктор дүйнөсү

Цзыбодон кийин Циндао шаарын карай сапар уладык. Сары деңиздин жээгинен орун алып, «бейиштин бир үзүмү» катары дүйнөгө белгилүү Циндао шаарын кыдырып, деңиз абасынан дем алып, жээгинен сейилдеп басуу менин кыялдарымдын бири эле. Ошондуктан, бул шаарга мен өзгөчө кызыгуу менен бара жаттым. Циндао бизди ачык асман алдында, деңиз тараптан желе жортуп согуп турган муздак абасы менен кучак жая тосуп алды. 

Бул шаар Кытайдын башка шаарларындай байыркы тарыхы менен мактана албайт. Ал кийин гана, 1891-жылы негизделген. Бирок, археологиялык табылагалардын негизинде ушул аймактарда 6000 жыл мурун адамдардын жашагандыгы белгилүү болгон. 

1897-жылы Циндао Германияга өткөрүлүп берилген. Немис оккупанттарынын бул аймактагы бийлиги аз гана убакытка созулгандыгы менен, абдан жемиштүү болгон. Анткени, дал ошол убакыт аралыгында шаарда бир катар өндүрүш жайлары курулуп, учурда бүтүндөй дүйнөгө белгилүү Циндао пивосунун заводу дагы ишке киргизилген. Ошондуктан, Циндао эли азыркы мезгилде дагы немис оккупанттарын кандайдыр бир деңгээлде ыраазычылык менен эскеришет. Анткени, алардын аракети менен шаар бүгүнкү күндө уникалдуу архитектуралык курулуштарга ээ болуп, Кытайдын «Европа бөлүкчөсү» деп дагы аталып келет. 

Циндао шаарындагы туристтердин сүйүп кыдырган жайы бул эң кооз табиятка ээ Бадагуань району. Бул жерде батыш стилиндеги мейманканалар жайгашып, аймак өзгөчө гүлдөй турган бак-шактарга бай. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Бадагуань жаз мезгилинде көркүнө чыгып, келгендерге мыкты маанай тартуулайт. 

Ал жакта бети гүлдөргө толгон таш имарат дагы жайгашкан. Аны көргөндө сөзсүз түрдө Ромео менен Джульеттаны эстейсиң. Анткени, гүлдөрдүн арасында жайгашкан балкондор бир-бирине сүйүүсүн билдирген Шекспирдин каармандарын көз алдыңа тартат. Бул курулуш 1932-жылы тургузулган экен. Ошол мезгилден бери жаштар арасында, өзгөчө жаңы үйлөнүп жаткан жаш жубайлардын сөзсүз түрдө келип, сүрөткө түшө турган ажайып жайына айланган. Бул жай ар бир адамга өзгөчө бир романтикалуу маанай тартуулай тургандыгы шексиз. 

Циндаонун өзгөчө ажайып жайы бул «байыркы шаар». Ал жактын атмосферасы чындыгында, өзгөчө. Анткени, немистердин курган чиркөөлөрү, обсерваториясы, почта имараты, музейлери менен катар эле, Кытайдын дагы салттуу маданий курулуштары кездешет. Бул эки маданиятты айкалыштырып, эриш-аркак ичине камтыган жомок шаары, бүгүнкү күндө сырттан келген туристтердин сүйүктүү жайына айланган. Ал жакта улуттук буюм-тайымдарды сатып алууга, жергиликтүү ашкананын даамын татууга дагы бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. 

Цзыбо жана Циндао - «футболдун туулган жери» жана «бейиштин бир үзүмү»

Музейдин алдында тургузулган өзгөчө формадагы эстеликтер дагы көңүлдү өзүнө бурду.

Сыра музейи-Tsingtao

Tsingtao сырасын бүтүндөй Кытай боюнча 18 шаарда 55 завод чыгарат. Бирок, анын «туулган жери» Циндао шаары болуп саналат. Ошондуктан, бул аймакка келген ар бир турист сөзсүз түрдө Tsingtao сырасынын музейине барып, жаңы гана даяр болгон сыранын даамын татышат.

Биздин бул музейге болгон сапарыбыз дагы абдан кызыктуу болду. Эң алгач эле, заводдун алдында тургузулган өзгөчө формадагы эстеликтер көңүлдү өзүнө бурду. Чындыгында, бул жайда туристтердин сыранын тарыхы, даярдалышы менен кенен таанышууга, анын даамын татууга, андан соң музейдин дүкөнүнөн бардык кызыккан сувенирлерди сатып алууга толук ыңгайлуу шарттар түзүлгөн экен. 

Музейдин тарыхый бөлүмүндө архивдик документтер, фотосүрөттөр, заводдун сыйлыктары жайгашыптыр. Андан кийинки бөлүмүндө болсо, мурда пиво кандай чыгарылса, ошону чагылдырган сүрөттөр менен катар эле видеолор дагы орун алыптыр. Муну менен бирге сыраны чыгаруунун технологиясынын өнүгүү жолу заманбап техникалык жабдыктардын жардамы менен көрсөтүлүп турат экен. Лабораторияда иштеген жумушчулардын дагы элестери таасын чагылдырылыптыр. Ал эми, заводдун биринчи кабатында сувенир дүкөнү жайгашып, кызыктуу, уникалдуу сувенирлерге бай экендигин көрдүк. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)