WeChat      Избранное

Цзинань – Будда дүйнөсүнө саякат

19/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Цзинань – Будда дүйнөсүнө саякат

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кытайга сапар рубрикабызда бүгүн мен сиздерге Шаньдун провинциясынын административдик борбору болгон Цзинань шаары тууралуу айтып бермекчимин. Биз Цзинань шаарында эки күн туруп, шаардын ажайып жайлары, улуттук музейи жана эң алдыңкы өндүрүш компанияларынын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштык. Бирок, эки күн дагы бул аймактын кооздугун толугу менен көрүүгө аздык кылды.  

Кытайдын чыгышында орун алып, 8 миллионго жакын калкы бар шаар бул – Цзинань. Ал Сары деңиздин түштүгүндө жайгашып, дүйнөгө белгилүү Дамин көлүнө дагы эгедер. Андыктан, бул шаар жасалмасы жок, табийгый жаратылышынын сулуулугу менен дагы бизди өзүнө арбай алды. 

Цзинаньдын тарыхы абдан узун. Анын тегерегинде жүргүзүлгөн археологиялык казуулардын жыйынтыгында б.з.ч. 8-кылымда эле бул аймактарда адамдардын жашаганы тастыкталган. Ошондуктан шаар тарыхый курулуштар менен биргеликте заманбап имараттар эриш-аркак жайгашкан, бир нече маданияттын чордону катары дагы белгилүү. 

Бирок, жергиликтүү калктын айтымында Цзинань чыныгы атактуулукту шаардын чет чакасында жайгашкан үңкүрлөргө курулган будда сыйынуу жайларынан кийин алган. Кытай Эл Республикасынын өкмөтү тарабынан ал «Байыркы маданият жана тарых шаары» даражасына ээ болгон. Муну менен бирге эле, шаарда өнүккөн өндүрүш, тамак-аш жайлары, химия заводдору орун алган. Металл өндүрүүчү өнөр жайы менен бүткүл Кытайга белгилүү. Ал эми акыркы жылдары маалымат технологияларын чыгаруу жаатында дагы жигердүү иш-аракеттерди аткарып келүүдө.

Мага Цзинань ашканасы абдан жакты. Аны биз «деңиз ашканасы» деп койсок дагы болчудай. Себеби, деңиз чаяндарынан баштап, балыктын түрлөрүнөн күчтүү отко куурулуп, өзгөчө татымалдары менен аралаш берилген даамдар эч кимибизди кайдыгер калтырган жок. 

Цзинань – коңшу мамлекеттин башка шаарларына салыштырмалуу анчалык көлөмдүү болбогондугу менен, анда табияттын кооздугуна суктанып, айланасын курчап турган тоо-таштарга чыгып, жаратылыштын койнунда эс алууга мыкты мүмкүнчүлүктөр бар.  Бул жакта буддизмдин баалуулуктарына дагы толук күбө болууга болот. Анткени, тоо боорун толугу менен ээлеген Будданын  айкелдери алыстан эле көрүнүп, өзүнүн көлөмдүүлүгү менен адамды таң калтырат. 

Цзинань шаарын байыркы Кытай маданиятынын ата журту деп да аташат экен. Анткени дал ушул аймакта Улуу Кытай сепилинин алгачкы курулушу башталган дешет. 

Цзинань – Будда дүйнөсүнө саякат

Миң Будда үңкүрү - «сыйкырдуу күчтүн» башаты

Миң Будда үңкүрү-бул Цзинань шаарынын башкы ажайып жайы десек да болот. Ал ичине бүтүндөй будда искусствосун камтып, Кытайдын маданий мурасы катары белгилүү. Ал шаардан 33 километр алыстыкта жайгашкан. Аянты 63 метр, үңкүрдө  Будданын  210 айкели орун алган. Мындан сырткары, аска бетиндеги жазуулар дагы бул курулушка өзгөчө бир көрк берип тургансыйт. Бул жерден анча алыс эмес аймакта качандыр бир убакта Шентонг сыйынуу жайы болгон экен. Ал эл арасында «сыйкырдуу күч» деп аталып, эбегейсиз кадыр-баркка ээ болгондугу айтылат. Бүгүнкү күнү ал урандыга айланса дагы Цзинань эли тарабынан өзгөчө сый-урматка ээ экендигине күбө болдук. Ушул Миң Будда үңкүрүнүн алгачкы айкелин Шентонг жайынан чыккан Ша Дунь аттуу 70 жаштагы монах б.з.ч. 619-жылы жасаган экен. Андан 25 жыл өткөндөн кийин Минг Ди деген монах дагы 2 айкел тургузуптур. Ажалынын жакын экендигин сезген Минг Ди бүтүндөй акчасын жаңы эстеликтерди жасоого арнаган экен. 

Бул даосизмди өнүктүрүүгө каршы болгон Тан династиянын башкаруу учурунда болгон. Ошондуктан, монархтар Будданын  эстелигин тургузууда тобокелчиликке барышкан. Алардын ишеними жана сыйынуусу аркылуу бул үңкүргө жылдан-жылга Будданын  келбети түшүрүлүп көбөйө берген. Бүгүнкү күндө бул жай Кытайда Будданын  айкели эң көп жайгашкан жайы катары дүйнөгө белгилүү. 

Цзинань – Будда дүйнөсүнө саякат

Баоту – кылымдарды карыткан булак суусу

Баоту булагы Цзинань шаарынын дал ортосунан орун алып, айлана-тегереги гүл бакчага оролгон. Мурда анын аянты 2670 кв. метр болсо, 1949-жылдан кийин 3330 кв. метрге чейин чоңойтулган. Бардыгы жаңыртылып, элдердин эс алуусу үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Бул булак байыркы шаардын аймагында орун алганы үчүн ал жактагы эски археологиялык курулуштарга дагы оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлгөн. 1956-жылы бул жерде заманбап паркы ачылып, Цзинань шаарынын башкы ажайып жайларынын бирине айланган. Баоту булагы Цинь династиясы мезгилинен бери белгилүү. Ошол кезде эле анын кайталангыс сулуулугуна нечендеген ырлар жазылып, чыгармалар арналган. Бүгүнкү күнү дагы бул жайда сүрөтчүлөрдү көрүүгө болот. Чындыгында, парк чыгармачыл адамдарга өзгөчө бир эргүү тартуулай ала тургандыгы байкалды. Ошондуктан, бул жайда көбүнчө китеп окуп, чыгарма жазып же жөн гана айлананын сулуулугуна суктанып отурган адамдар көп болот экен. 

Булактын температурасы жыл бою 18 градуста гана болуп турат. Ысыкта да муздакта да ушундай абалды сактайт деп айтышты. Анын суусу жумшак жана даамдуу болуп, суусундук же чай даярдоо үчүн эң сонун  болуп саналаарына күбө болдук. Бул жайда Кытайда эң белгилүү болгон элдик майрамдар оюн-зооктун коштоосунда өтүп тураарын айтышты. Мисалы, Асма шамдар фестивалы, Хризантема көргөзмөсү, Кытай жаңы жылы ж.б.  

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)