WeChat      Избранное

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

16/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Сүрөт интернеттен алынды

16-ноябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы кабарлады. 

«Ушул жылдын июнь айында мен Кыргызстанга мамлекеттик визит менен бардым жана Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катыштым. Сиз менен жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, „Бир алкак, бир жолду“ биргелешип куруу жана бардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жаңы келишимдерге жетиштик, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы планын белгиледик. Мен Сиз менен кытай-кыргыз мамилесин, стратегиялык өнөктөштүгүбүздү, биздин өлкөлөрдүн бакубатчылыгы үчүн бардык тараптан жаңы деңгээлде үзгүлтүксүз алдыга жылдырууга биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук жана бардык ишинде ийгиликтерди каалады.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)