WeChat      Избранное

Шицзячжуан-Кытайдын бүгүнкү жетишкендиги

11/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Шицзячжуан-Кытайдын бүгүнкү жетишкендиги

Аньцзы-таш көпүрө.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кытай жергесине болгон сапарыбыз Юньнаньдан кийин Хэбэй провинциясынын Шицзячжуан шаарына карай уланды. Өткөн сандарда дал ушул шаарда дүйнөнүн 61 мамлекетинен 600дөн ашуун массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чогулуп, кезектеги эл аралык форум болуп өткөндүгүн баяндаган элек. Бул иш-чара 12-октябрдан 15-октябрга чейин болуп, КЭРдин “Кытай жаңылыктары” (China News Service), Хэбэй провинциясынын Элдик өкмөтү тарабынан уюштурулуп, КЭРдин чет өлкөдөгү кытайлыктар менен иш алып баруу Канцеляриясынын колдоосунун алдында өткөн. 

Бул жолу болсо, мен форум тууралуу эмес, Шицзячжуан шаары тууралуу айтып, анын ажайып жайлары менен окурмандарды тааныштырууну чечтим. 

Ысык аптаптуу Юньнань провинциясынан кийин күркүрөгөн күздүн аба-ырайы өкүм сүрүп турган Шицзячжуан шаары бизди кучак жайып тосуп алды. Төрт миллиондуу мегаполис, асман мелжиген имараттар, заңгыраган көчөлөр, ар тараптуу өнүккөн шаарды көрүп, мындан бир канча жыл мурун эң эле жөнөкөй, катардагы айыл болгондугун эч элестете алган жокмун. Бул дагы болсо, Кытай Эл Республикасынын аймактарды өнүктүрүүдө жүргүзгөн туура саясатынын далили катары эсте калды. 

20 кылымдын башында 6 көчө, 150 үй жана 500 жашоочудан турган кичинекей айыл, бүгүнкү күнү экономикасы дүркүрөп өскөн ири шаарга айланган. Анын өнүгүүсүнүн башкы себеби катары, 1905-жылы Пекин-Ухань темир жолунун курулуп, ушул аймак аркылуу өтүшү менен байланыштырышат. Жол каттамдарын жөнгө салуунун арты менен соода-сатык иштери дагы башталып, өндүрүш жана айыл чарба тармактары дагы өнүгө баштаган. Ошондуктан, учурда Шицзячжуан шаарында өндүрүш ишканалары абдан көп жайгашкан. Бирок, ошого карабастан шаардын чет жактарында дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтерди өзүнө тарткан ажайып жайлары дагы аз эмес. 

Шицзячжуан-Кытайдын бүгүнкү жетишкендиги

                                                                                            Лунсин-сыйынуу жайы.

Акыркы жылдары, бардыгыбызга белгилүү болгондой Кытайда туристтерди тартуу боюнча атайын программалар иштелип чыгып, өндүрүш ишканаларынан мурун дагы туризм тармагын өнүктүрүү жаатында жигердүү иш-аракеттер көрүлүүдө. Шицзячжуан шаары дагы алардын катарында. Ошондуктан, учурда туризм тармагына басым жасап, шаардын чет жактарында жайгашкан тарыхый-архитектуралык курлуштарга, ажайып жайларга көңүл бурулуп, аларды калыбына келтирип, өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилип жаткандыгын байкоого болот. 

Аньцзы-дүйнөдөгү эң байыркы таш көпүрө

Аньцзы көпүрөсү Шицзячжуан шаарынын түштүк-чыгышында 45 км алыстыкта жайгашкан. Ал “коопсуз кечип өтүү көпүрөсү” дегенди түшүндүрөт. Дүйнөдөгү эң байыркы таш көпүрө болуп саналат. 

Аньцзы 595-жылдан 605-жылдар аралыгында курулуп, Суй династиясынын дооруна туура келет. Көпүрөнүн узундугу 50 метр, туурасы 9 метр болсо, курулуштун бийиктиги 7 метрге барабар. Чындыгында, ал өзгөчө архитектуралык курулушка эгедер. Учурда дагы, көпчүлүктү таң калтырган нерсе бул таштардын абдан дыкаттык менен тизилип, колго куйгандай формада жайгашуусу. Анткени, Суй доорунда мындай курулуштарды куруу үчүн эч кандай техникалар болгон эмес. 

Бул эмгек ошол доордун мыкты адиси Ли Чун аттуу адамга тапышырылган. Анын жаңычыл көз карашы, ой жүгүртүүсү, өз ишин мыкты билгендиги, бардыгы биригип, ушундай кылымдарды карыткан эмгекти жаратканына өбөлгө болгондугун эч ким тана албаса керек. Ушул көпүрө аркылуу Ли Чундун аты түбөлүккө сакталып калды. Аньцзы ушунчалык тактык менен курулган. Андагы ар бир деталь өз ордунда жайгашып, канча кылым өтсө дагы өз кызматын татыктуу аткарып келгенине күбө болдук. 

Таш көпүрө курулгандан бери 8 согушту, канчалаган жүрөк титиреткен табият кырсыктарын башынан өткөргөн. Бирок, бузулуп же урап калган эмес. Бүгүнкү күнү байыркы көпүрөнүн жанында жакынкы айылдардагы уз-чеберлердин колунан чыккан эмгектердин коллекциясын койгон музей ачылган. Ошондуктан, туристтер ушул жайдан дагы ар улуттардын кол өнөрчүлүгү менен жакындан тааныша алышат. 

Лунсин-адам менен табият кубулуштарынын ынтымагын даңазалаган жай

Бул жай Шицзячжуан шаарынан 15 км алыстыкта жайгашкан. Бул дагы дүйнө жүзү боюнча бирден-бир байыркы курулуштарга кирет. Анын курулушу 586-жылы башталган. Алгач, Лунцан аттуу кудайга арналып салынган жай, кийин көптөгөн курулуштарды ичине камтып, комплекстүү жайга айланган. 

Шицзячжуан-Кытайдын бүгүнкү жетишкендиги

                                                                                                       Хэбэй провинциясы музейинен бир көрүнүш.

Анын ичинде “Асман падышалары” залы, Башкы зал, китепкана жана турмуш-тиричиликте колдонууга керек болгон жайлар кирет. Бул курулуш толугу менен буддизм дининин эрежелерине ылайык жасалып, адам менен табият кубулуштарынын ынтымактуулугун даңазалаган таризде салынган. Алардын арасынан колодон чегилип жасалган Гуаньинь кудайынын статуясын, Будданын көптөгөн айкелдерин көрүүгө болот. Муну менен катар эле, туристтердин көңүлүн өзгөчө өзүнө бурган жай бул-жыгачтан жасалган айланма китепкана. Ага өз мезгилинде ыйык тексттер сакталып турган. 

Чындыгында, тарыхты жакшы билген адамдар үчүн бул абдан кызыктуу жана баалуу жай болуп саналат. Анткени, ичинде байыркы тарых боюнча көптөгөн маалыматтарды үйрөнүп чыгууга болот. Байыркы архитектуралык курулуштардан баштап, эски жазуулардын дагы сакталып калган жерлери бар. 

Бүгүнкү күнү ал бардык каалоочулар үчүн ачык. Эң башкысы, сыйынуу жайдын ичинде өзүн алып жүрүү боюнча эрежелерге баш ийүү зарыл. 

Хэбэй провинциясынын музейи-өтмүш, бүгүн жана келечек 

Шицзячжуан шаарынын башкы ажайып жайы катары Хэбэй провинциясынын музейи эсептелинет. Ал 1953-жылы тургузулган, бирок 1982-жылы музейди Шицзячжуанга көчүрүп келишкен. 

Анын архитектуралык курулушун өзгөчө бир башкача деп айтуудан алысмын. Ал Кытай Элдик жыйын үйүнүн стилинде курулган. Музей 20 000 квадрат метрде жайгашып, абдан баалуу, уникалдуу экспонаттарга бай. Ал жак бир нече залдарга бөлүнүп, ар бир жайда өз мезгилине тиешелүү буюм-тайымдар, артефакттар орун алган. 

Мисалы, “Хэбэй жаңы доордо”, “Байыркы Хэбэй”, “Чжуншань мамлекети-сыйкырдуу падышачылык” залдарында Сунь династиясынын башкаруу мезгилине тиешелүү фарфор жана нефриттен жасалган буюмдарды көрүүгө болот. Муну менен катар эле, алтын жиптер менен кооздолгон кийимдерди, жибектин түрлөрүн, сүрөттөрдү, байыркы каллиграфияны дагы жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. 

Ал эми, башка залдарда археологиялык табылгалар, императорду көмүүдө табылган артефакттар, искусство предметтери, байыркы курал-жарактар жана Хэбэйдин тарыхый өтмүшүн даңазалаган буюм-тайымдар орун алган. Бардык залдар жаңы заманбап технологиялар менен жабдылган. Анткени, алар туристтерге кызыктуу жана жеткиликтүү деңгээлде музейди сүрөттөп берүүгө көмөкчү болуп бермекчи. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)