Си Цзиньпин биринчи ирет иш сапары менен Түндүк Кореяга аттанды
Фото:REUTERS / Axel Schmidt
Си Цзиньпин Кореяга буга чейин 2008-жылы барган, бирок анда вице-премьер кызматында эле.
Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин бүгүн таң эрте жубайы Пэн Лиюань менен Түндүк Кореяга эки күндүк сапар менен жөнөп кетти. Бул туурасында кытайлык Борбордук телеканал кабарлады.
Корея жетекчиси Ким Чен Ындан айырмаланып, ал поезд менен эмес, учуп барууну чечкен.
Кытай лидерин ТИМ жетекчиси Ван И, Кытайдын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Борбордук комитеттин тышкы иштер боюнча канцелярия комиссиясынын башчысы Ян Цзечи, компартиянын Борбордук комитетинин канцелярия жетекчиси Дин Сюэсян коштоп кетти.
Си Цзиньпиндин бул сапары Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилелердин түптөлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган жана Кытай жетекчилиги тарабынан соңку 14 жылдан бери биринчи ирет жасалды. 2005-жылы ал кездеги лидер Ху Цзиньтао барган.
Си Цзиньпин Кореяга сапарын 2008-жылы вице-премьер кызматында турганда жасаган.
последние
Рекомендация
- 1Гастроли французского мюзикла "Ромео и Джульетта" стартовали в Китае
- 2«Китайские южные авиалинии» дополнительно открыли международные маршруты
- 3Наполовину прозрачная, наполовину мутная река Хуанхэ в уезде Юнцзин
- 4Экономическая зона в Циндао - новый путь для экспорта кыргызской продукции
- 5Солнечные батареи помогают увеличивать доходы сельских жителей пров. Чжэцзян