WeChat      Избранное

Таланттуу акын Аалы Токомбаевдин Кытайда болгонунун 60 жылдыгын эскерип

08/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Таланттуу акын Аалы Токомбаевдин Кытайда болгонунун 60 жылдыгын эскерип

Бээжиндеги улуттар институтунда Кыргыз тилин окуп жаткан 11 Кытай студенттери бар. мен ошол Студенттер жана окутуучулар менен кездештим.

Сүрөт авторго таандык

1958-жылдын октябрь айы. Алтын күздүн бир күнү түштөн кийин КЭРге иш сапарлап келген Советтик Кыргызстандын Жазуучулар Союзунун төрагасы, белгилүү акын Аалы Токомбаев иш сапарынын күн тартибинен чукул убакыт бөлүп, Борбордук Улуттар Институтуна келип кеткен эле. Атактуу акын өз өлкөсүнө кайткандан кийин «Бээжинден белек» аталышта бир китеп жазыптыр. Китебинде ал КЭРде көргөн-билгендерин жана ээ болгон сый-урматын баяндап, Борбордук Улуттар Институтунда болгондогу көз ирмемдерге да кенен токтолгон экен. Мен оболу Аалы Токомбаевди тааныштыра кетейин:

Аалы Токомбаев, кыргыз, 1904-жылы азыркы Кыргыз Респупликасынын Чүй облусуна караштуу Кемин районунда малчы үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген. 1916-жылы Орусия падышасы Орто Азия калктарынын улуттук боштондук кыймылын бастырган кезде, бала Аалы атасын ээрчип, Синьцзяңдын Ак-Суу аймагына караштуу Үч-Турпан (Азыркы Үч-Турпан ооданы) деген жерине келет. Бала кезинде болгон мусапырлык жашоо кийин анын чыгармаларынан кенен орун алган, учурунда ал Кытайдагы ар улут калкынын үркүнгө кабылгандарга бекөрсөткөн жардамына терең ыраазычылыгын билдирген эле. 1923-1927-жж. ал Өзбекстандагы Ташкент коммунизм университетинде окуйт, 1927-1979-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде иштеп, адабий чыгармачылыкка аралашат да, эл жактырган көптөгөн чыгармаларды жаратат. Ал алды-арты болуп, гезит редакциясында, басмада, Илимдер академиясында жана Жазуучулар Союзунда иштеген. 1945-жылы «Эл акыны» наамына татыктуу болсо, 1954-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, 1974-жылы «Социалисттик эмгектин баатыры» наамдарына ээ болгон. Кыргыз адабиятына кошкон орошон салымы үчүн «Ленин» ордени менен сыйланган. 1988-жылы жарыкчылык менен кош айтышкан. Улуу акынды эскерүү үчүн Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы сейил бактарынын бирине анын эстелиги тургузулган. 1989-жылы Союз тарай элек мезгилде, мен Фрунзеде (Бишкек) болуп, эстелигине гүл койгон элем.

Бээжин чет тилдер университетинин Орус тили институтунан дунган таануу боюнча докторлук илимий даражасын коргогон кыргызстандык Асель Токсоналиева жакында Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканадан Аалы Токомбаевдин «Бээжинден белек» китебин сканерлеп электрондук почтадан жөнөткөн экен, мен окуп отуруп, Аалыкем менен жолугушкандагы ошол унутулгус көз ирмемдерди эсиме алдым. Китептеги Борбордук Улуттар Институтун жана мени тааныштырган баяндарды өзүмдүн эстемелерим менен бириктирип, окурмандарга айтып берейин деп чечтим:

Аалыкем сөзүн минтип баштаган эле: «Биз 1958-жылдын 27-августунда T-104 типтүү учакка отуруп, Бээжинге кондук. Бээжин, Шаңхай, Хаңжоу сыяктуу бир топ шаарларда саякатта болдук. Октябрь айынын бир күнү биз Борбордук Улуттар Институтуна бардык, ректордун орун басары Сюн Шоучи мырза бизди конок залында тосуп алды. Ал мага КЭРдеги улуттарды жана аз сандуу улуттар карата болгон саясатты тааныштырды, саякаттап жүрүп көргөн-билгендерим жана анын айтып бергендери негизинде менде бир чама толук түшүнүк пайда болду. Ошондо мен: «Кытайга келип көрбөгөн адам анын канчалык улуулугун эч качан билбесе керек, анын узак тарыхын, бай маданиятын андагы күжүрмөн калык жараткан турбайбы. Тарыхта алар сегиз мамлекет бириккен армиясынын, Жапониянын чабуулуна учураган, бирок, улуу Кытай коммунистик партиясынын жетекчилигинде, элдик көңтөрүш жеңишке жетип, ар бир улуттун диний ишеними, үрп-адаты коргоого урматталып, КЭРдин койнундагы улуттар тепетең, ынтымактуу, бактылуу жашап жаткан экен го», - деп ойлодум. Бизди тосуп алууга чыккандардын арасында бир котормочу айым жана ректораттан Ма Чэн аттуу катчы да чогуу жүрүштү жана көптөгөн сүрөттөргө тартышты. Ректордун орун басары бизди күтүп алгандан кийин институттун кампусун аралатты, биз ар кайсы улуттардын ыр-бийлерине күбө болдук, алар дагы орусча «Широкая моя страна» деген ырды жана Мао Цзэдунду даңазалаган ырларды аткарып, бизди кызуу маанайда тосуп аларын билдиришти. Соңунан биз Борбордук Улуттар Институтутунун Филология факультетиндеги Кыргыз тили  классына бардык.

Дарсканага кире бергенде доскада кирилл тамгалары жана Кытайдагы кыргыздар колдонгон арап тамгалары менен жазылган «кызуу тосуп алабыз» деген маанидеги кыргызча жазууну көрдүк. Студенттердин баары орундарынан турушуп, урмат билдиришти жана кыргыз тилинде саламдашты. Мен үйрөнүп алганым боюнча “你好!” (ни хао) деп амандаштым. Өз үйүмдөгүдөй жылуулук жан дүйнөмдү уялады. Группада кыргыз тилинен сабак берген мугалимдерден Абдыкадыр Токторов, Сакен Өмүр жана дунган окутуучусу Ху Чжэньхуа сыяктуулар жана 11 студент бар экен. Алар менен баарлашкандан кийин мен Бээжинден бир топ алыстагы Синьцзяңдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунда жана Хэйлунцзян провинциясынын Фуюй уездинде кыргыздар жашай турганын, алардын уруулук курамы бугу, сарбагыш, мундуз, чоң багыш, черик, кушчу, кыпчак, найман, кесек, тейит, жоош сыяктуулар түзүлгөнүн жана Кытайда жашаган кыргыздардын жан саны аз болгонуна карабастан, алардын басмакана жана гезиткана бар экенинен кабар таптым. Негизги катмардагы айрым кыргыз кадрлар да Борбордук Улуттар Институтунда билим толуктап жаткан экен. Мен алардын арасындагы Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун Партком Уюмдук бөлүмүнөн келген кадр Маметказы менен жолуктум. Мунун баары КЭРдин улуттук азчылыктарга болгон саясатын түшүндүрүп турду».

Таланттуу акын Аалы Токомбаевдин Кытайда болгонунун 60 жылдыгын эскерип

Аалы Токомбаевдин ырлар жыйнагы

Класстан чыккандан кийин биз Аалыкемди баштап кыргыз тили мугалими Абдыкадыр Токторовдун үйүнө алып кирдик. Үйдөгүлөр менен амандашкан соң, кыргыздын салты боюнча, салынган шырдактын үстүндө мандаш токуна олтуруп, Токторовдун аялы Минавар даярдаган ак чай жана нарын менен даам сызып, Ала-Тоо менен Ысык-Көлдү мекендеген улуу кыргыз элинин таланттуу акынына сый көрсөттүк. Ошол аралыкта Аалыке менин Кытайдагы кыргыздардын тилин текшерип, кыргызчаны суудай сүйлөп, Борбордук Улуттар Институтунда кыргыз тили боюнча сабак береримди 1957-жылы КЭРде иш сапарда болуп кайткан атактуу дунган акын Ясыр Шиваза аркылуу укканын жана ушул жолку сапарында мага жолугууну самап, ошол үчүн атайын убакыт бөлүп, биздин институтка келгенин айтып берген эле. Мен Аалыкеме кыргыз тилинде чоң ыраазычылык билдирип, мындан ары кыргыз тилин дагы да жакшы үйрөнүп, кытайдагы кыргыз тили билим берүүсү жана изилдөөсү үчүн бир өмүр эмгектене турганымды, ошондой эле кыргыз эли үчүн кызмат кыла турганымды билдиргем.

Аалыкем мекенине кайткандан кийин КЭРдин Жазуучулар басмасы анын «Аалы Токомбаевдин ырлар жыйнагы» (《阿雷·托康巴耶夫诗集》) аталыштагы китебин басмадан чыгарган. Китептке анын КЭРге келүүдөн мурдагы жана келген учурда жазылган 10 ыры киргизилген. Китептеги Кытай өлкөсү тууралуу жазылган ырлардан акындын кытай элине болгон достук сезими жана ынануусу даана көрүнүп турганын байкоо кыйын эмес эле.

Биздин өлкөгө терең мээр байлаган кыргыздын атактуу акыны Аалы Токомбаевдин Борбордук Улуттар Институтунда болгонуна быйыл туура 60 жыл толду, кезинде Аалыкени тосуп алган ректордун орун басары Сюн Шоучи, ректораттагы Ма Чын жана Кыргыз тили кафедрасынын кыргыз муглимдери Абдыкадыр Токторов, Сакен Өмүрлөр биз менен эчак мезгилсиз коштошкон, бирок, Аалыкемдин эки элдин достук сезимдеринин күбөсү болгон «Бээжинден белек» китеби али да болсо Кыргызстанда улам жаңы муун окурмандарын табууда. Мен төрагабыз Си Цзиньпин көтөргөн «Бир алкак ─ бир жол» демилгесинин иш жүзүнө ашуусуна ээрчий, КЭР жана КР элдеринин салттуу достугу сөзсүз түрдө күн сайын күч алат деген бекем ишенимдемин.

Кытайчадан которуп даярдаган: Дабыт Абдылбары уулу (Борбордук улуттар университетинин докторанты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун магистр-бүтүрүүчүсү).

(Автор:Мухаммед Ху Чжэньхуа / Редактор:GL)