WeChat      Избранное

1-октябрь-Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү

02/10/2018  Источник:оригинал   шрифта:

1-октябрь-Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү

1949-жылдын 1-октябрь күнү Кытай тарыхындагы эң маанилүү даталардын бири болуп саналат. Себеби, дал ушул күнү Пекин шаарынын Тяньаньмэнь аянтында Кытай Эл Республикасынын негизделгендиги тууралуу жарлык салтанаттуу түрдө жарыяланган. Ал эми, ошол эле жылдын 2-декабрында Борбордук элдик бийлик тарабынан “1-октябрь элдик майрам” болуп кабыл алынган.

Азыркы тапта, Кытай Эл Республикасы дүйнө жүзүндө өзүнүн орду, сөзү бар, күчтүү экономикага ээ болгон мамлекет. Анын тарыхы, маданияты бир нече кылымдарды карытып, дүйнө элдери арасында өзгөчө кызыгууну жаратып келет. Ал эми, 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоору Кытайдын эл аралык кызматташуу алакаларын бекемдеп, байыркы Улуу Жибек жолун улай “заманбап экономика кербенине” айланып жаткан чагы.

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын достук мамилеси Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнөн бери чыңдалып, тыгыз кызматташтык алакада өнүгүп келет. Кошуна жайгашкан эки мамлекет бардык тармактарда байланышын күчөтүүдө. Буга, биздин кытай жергесинен билим алып келген жаштар, кытай ишкерлери менен иш алып барган жарандарыбыз, мамлекеттик деңгээлдеги кызматташууга кол коюлган келишимдер ж.б. толук далил болуп бере алат.

Ошондуктан, бүгүн кошуна элди мамлекеттик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Кыргызстан менен Кытай ар дайым достук байланышта болуп, кызматташуу өөрчүй берсин. Келечекке карай, бирге ташталган кадам ынтымак, тынчтык, ич ара сый-урмат менен коштолсун. 


Турганаалы Турсунаалы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун магистранты: “Менин ата мекеним улуу Жуңго” 

Менин мекеним Жуңго, мен Жуңгонун атуулу болгонум үчүн сыймыктанам! Биз Жуңгодо 56 улут бир нээт, бир максатта, ынтымактуулук ичинде, биргеликте тез өнүгүп жатабыз. 

Менин ата-бабаларым Жуңгонун батыш тарабындагы Ак-Чий ооданында жашап келет. Албетте, биз жашаган жер тоолуу аймак болгондугу үчүн, ата-бабаларыбыздын айтуусунда жашоо-шарты катаал болгон экен.

Азыр ал мезгилдеги катаал турмуштун көлөкөсүн да көргөнгө болбойт. Айыл-кыштактарда мектеп, оорукана, балдар бакчасы, шарттуу үйлөр баштап зымыраган жолдор курулуп, элдин жашоосу абдан жакшыртылды.

Балдардын окуу китептери, тамагы да акысыз болуп окуусун  улантууга аябагандай жакшы шарт түзүлгөн. Ал эми, мага окшоп чет өлкөдө билим алып жаткан окуучу, аспирант, докторанттар да көп, биз чет өлкөдөн билим алып, кайра мекенибиз Жуңгонун өркөндөшүнө, гүлдөп өнүгүшүнө жарандык өз салымыбызды кошобуз деген үмүттөбүз. 

Мен өзүмдүн атымдан алдыбыздагы мамлекет майрамыбыз менен баардык Жуңголуктарды куттуктаймын! 




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)