WeChat      Избранное

“Ысык-Көл - 2018” V Эл аралык Экономикалык форуму-аймактарды өнүктүрүүгө кошулган зор салым

26/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Ысык-Көл - 2018” V Эл аралык Экономикалык форуму-аймактарды өнүктүрүүгө кошулган зор салым

21-июль күнү Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл - 2018” V Эл аралык Экономикалык форуму болуп өттү. Форум КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан уюштурулуп, “Хуахэ” Консалтинг фирмасы жана Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу алдында өткөрүлдү. 

Эл аралык Экономикалык форумга Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов, КРнын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов, Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев ж.б. мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен катар инвесторлор жана жергиликтүү ишкерлер дагы катышып, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өз салымын кошо турган бардык тараптар бир арага чогулушту. 

Жыл сайын экономикалык форум өнүгүп, кулачын кенен жайып келе жаткандыгы маалым. Быйыл дагы мурунку жылдарга салыштырмалуу чет жактан келген инвесторлордун саны көп болду. Алардын басымдуу бөлүгүн Бириккен Араб Эмираттарынан, Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кытайдан келген ишкерлер түздү. Мындан сырткары, форумдун ишине “DP WORLD” компаниясынын, БАЭ Фуджейра Эмиратынын Соода-өнөр жай палатасынын, “BAIC GROUP” кытай автомобиль куруу корпорациясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү дагы катышышты.

Салтка айланып калган форум быйыл бешинчи жолу өткөрүлүп отурат. Иш-чаранын башкы максаты, чет өлкөлүк инвесторлорго Кыргызстандын инвестициондук климатын жакындан тааныштыруу, сырттан инвестиция тартуу жана ишкерлер ортосундагы кызматташтык алакаларга өбөлгө болуу болуп саналат. Быйыл форум “Аймактарды өнүктүрүү: жаңычыл жана маалымат технологияларынын ролу” аттуу темада өтүп, Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө салым кошо турган азык-түлүктөрдүн презентациялары болуп, инвесторлорго кенен маалымат берилди.

Инвестицияларды тартуу багытындагы бирден-бир башкы булак болгон “Инвестициондук лоттордун” презентациясы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек тарабынан презентацияланып, форумдун катышуучуларына сунушталды. Анын айтуусу боюнча, инвестициондук лоттор жеке гана сырттан келген инвесторго эмес ички ишкерлерге дагы багытталмакчы. Бүгүнкү күнү 2 инвестициондук лот иштелип, даярдалууда. Алардын бири, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан орун алган 6 гектар жерге жасмык өстүрүү үчүн болсо, экинчиси ушул эле аймакта таштанды иштетүүчү заводдун курулушуна даярдалган лот болуп саналат. 

Мындан сырткары, Кыргызстандын “Инвестициондук картасы” дагы презентацияланды. Экономикалык форумдун жүрүшүндө бир катар эки тараптуу кызматташтык макулдашууларга кол коюлуп, иш-чаранын башкы максаты ишке ашып, уюштуруучулардын ийгиликтүү иштеп жаткандыгын тастыктай алды. 

Муну менен эле катар, атамекендик азыктардын жармаңкеси “Ысык-Көл - 2018” V Эл аралык Экономикалык форумунун алкагында уюштурулуп, сырттан келген коноктор кыргыз даамдарынан тата алышты. 

Кубатбек Боронов, КРнын Биринчи вице-премьер министри: 

“Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү мейкиндигин кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө жана потенциалга ээ” 

- Бардыгыбыз билгендей, 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Ага ылайык, учурда экспорттук потенциалды колдоого, орто жана чакан ишкерликке, инвестицияларды тартууга, өлкөнүн аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор көңүл бурулууда. 

Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү мейкиндигин кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө жана потенциалга ээ. Биз атамекендик жана чет элдик бизнеске Евразия экономикалык биримдиги, Дүйнөлүк соода уюму жана башка интеграцияланган бирикмелер боюнча өнөктөштөр менен биргеликте келечектүү рынокко жол ачып жатабыз. Кыргызстан дүйнөнүн бардык тарабынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен экономикалык өз ара кызматташууга жана байланыштарды түзүүгө ачык. 

Албетте, учурда мезгил өнүгүүнүн жаңы багыттарын жана тренддерин ачып жатат, алар кызматташуунун кескин жаңы жана инновациялык жолдорун курууга күчтүү түрткү берет. Биз эл аралык экономикалык интеграциянын кайталанбас процесстерин, кыйла өнүккөн глобалдык логистиканы жана байланышсыз соода менен коммерциялык операциялардын өлкөлөр менен адамдардын ортосундагы чекти жана аралыкты жойгон жогорку технологиялык куралдарын байкап жатабыз. Республиканын аймактарына инвестицияларды маалыматтык технологиялар менен байланышта илгерилетүү аркылуу аймактарды өнүктүрүү тиешелүү деңгээлде көтөрүлүп, оң натыйжа берет. 

Бүгүнкү болуп жаткан Экономикалык форумдун алкагында өз ара пайдалуу кызматташууга, ишкерлик өнөктөштүктү курууга жана өлкөлөр менен ишкер чөйрөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө багытталган идеялар жана көз караштар иштелип чыгаарына ишенем. 

Ван Лин, КЭРнын Хубэй провинциясынын Туруктуу комитетинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары: 

“Хубэй провинциясынын 160 мамлекет менен экономикалык жана соода кызматташтык алакасы бар” 

- Хубэй провинциясы Кытай жергесинде, географиялык жактан алып караганда эң мыкты аймакта жайгашкан. Ал жаратылыш кен байлыктарына абдан бай келип, күчтүү өндүрүштүк базага ээ. Бизде 17 жогорку технологиялык өнөр-жай тармактары түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келет. Мисалга алсак, электрондук маалымат, биомедицина, жеңил унаа өнөр жайы, темир-болот жана мунай химиясы ж.б. өнөр-жай тармактары. 

Муну менен катар эле, аэрокосмостук техникалардын соода иштери багытында дагы, улуттук деңгээлеги новатордук өндүрүш базасын түзүп, тармактык коопсуздук жана энергетика жаатында дүйнө жүзү боюнча 160 мамлекет менен экономикалык жана соода кызматташтык алакасын чыңдай алды. 2017-жылды алганда Хубэй провинциясынын тышкы соода көлөмү 46,3 миллиард АКШ долларын түздү. Жалпы чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 11 миллиард АКШ долларына жеткен. Биздин аймак ачык жана сапаттуу жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында, жаңы экономикалык өнүгүү жолуна түшүп, жемиштүү иштеп келет. 

“Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде, Хубэй провинциясы инвесторлор үчүн дагы ар дайым ачык болуп, бул жаатта дагы татыктуу атаандаштыкты жарата алды. Биз бүтүндөй дүйнө жүзү менен байланыш түзүп, кызматташтыкты бекемдеп, иштешүүгө дайыма даярбыз. Бул Хубэй провинциясынын экономикалык өнүгүү жолундагы алгачкы гана кадамдар. Алдыда, дагы пландарыбыз абдан көп. 

Учурдан, пайдаланып бүгүнкү эл аралык форумдун уюштуруучуларына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Кыргызстан биздин коңшу мамлекетибиз. Кытай-кыргыз достук мамилесин өнүктүрүп, байланышты чыңдоого бүгүнкү иш-чара чоң жардамчы боло алат деп ишенем. Эл аралык Экономикалык форум жогорку деңгээлде уюштурулуп, канчалаган ишкерлердин башын бириктирип жатат. Бул бардыгыбыз үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Форум аркылуу Кыргызстандын инвестициондук мүмкүнчүлүктөрүн дагы жакшы үйрөнө алдык. Өзгөчө сырттан келген ишкерлерге, мамлекеттин колдоосу жана жардамы абдан маанилүү. Бүгүн эл аралык ар тараптуу кызматташтык алакалары түзүлөөрү шексиз. 

Чжу Хэпань, “Кунь Шань Горнопром” ЖЧКсынын башкы директору: 

“Биздин компаниянын Кыргызстан менен түзүлгөн кызматташтык алакасы ийгиликтүү болот деп ишенем” 

- Мен Кытай Эл Республикасынын Ляонин провинциясынан болом. Биздин компания бүгүнкү “Ысык-Көл - 2018” V Эл аралык Экономикалык форумунун алкагында КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен кызматташуу документине кол койду. 

2018-жыл КРнын Президенти тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгы маалым. Ошондуктан, бул жылы Кыргызстандын аймактарынын экономикасын өнүктүрүү үчүн бир катар иш-чаралар аткарылгандыгына күбө болуудабыз. Ал эми, биздин компания Баткен облусунун кен байлыктарды өнүктүрүү долбооруна болгон аукционун ийгиликтүү жеңип алды. Учурда, бул жаатта иштерди баштоо үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Алгач, аймакта иш жүргүзүү үчүн геологиялык изилдөө иштерин жакшылап жүргүзүп, андан соң иштетилүүчү участокту тандап алмакчыбыз. Өндүрүш иштерин баштагандан кийин өндүрүлгөн продукцияны өлкөнүн соода белгиси менен экспортко чыгаруу иштери пландалууда.

Кыргызстандын инвестициондук мүмкүнчүлүктөрү абдан кең жана көп. Бирок, инвесторлор кээде жергиликтүү калк тарабынан түшүнбөстүктөргө дуушар болгон учурлар кездешет. Ошондуктан, иш башталганга чейин, иш башталгандан кийин дагы жергиликтүү калк менен ар дайым тыгыз байланышта болуп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу зарыл деп эсептейм. Инвесторлор жеке гана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өз салымын кошпостон, жергиликтүү бийликтин казынасына кошумча салык төлөө, элге жардам көрсөтүү, социалдык милдеттерин аткаруу сыяктуу жолдор менен дагы аймактын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болмокчу. 

Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын кызматташтык алакасы “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде дагы бир топ өөрчүп, чыңдалууда. Ушундай кызматташуунун алкагында дагы алдыда көп иштер аткарылат деп ишенем. 

Бүгүнкү форум тууралуу айта кетсем, абдан жогорку деңгээлде даярдалып, уюштуруучулар иш-чаранын катышуучуларын мыкты тосуп алышты. Көптөгөн сунуштар болду. Кыргызстандын инвестициондук абалы тууралуу дагы керектүү маалыматтарды алдык. Мындан сырткары, Кыргызстандын алдыңкы компанияларынын продукцияларынын дагы презентациялары болду. Алар кеңейүү, өндүрүш иштерин чоңойтуу максатында инвесторлор менен иштешүүгө кызыктар экендигин билдиришти. 

Бүгүнкү болуп жаткан эл аралык форум көптөгөн кызматташтык алакалардын түзүлүүсүнө мыкты мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Мен дагы биздин компаниянын Кыргызстан менен түзүлгөн кызматташтык алакасы ийгиликтүү болот деп ишенем. Баткен эли менен дагы ынтымак жана достук алакасында өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүүгө ар дайым даярбыз. Жакында, Баткен жергесине барып толук кандуу иштерибизди баштоого даярданып жатабыз. 

Адилбек уулу Шумкарбек, КРнын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору: 

“Инвестициондук багытта көлөмү 33 млн долларды түзгөн эки кызматташуу документине кол коюлду” 

- Бүгүн “Ысык-Көл - 2018” V Эл аралык Экономикалык форуму өткөрүлдү. Биздин агенттик бул форумду быйыл бешинчи жолу уюштуруп жатат. Жыл сайын жаңы жетишкендиктер, өзгөчөлүктөр менен өткөрүлүп келет. 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялган. Ошондуктан, биз негизги басымды жаңычыл жана маалымат технологияларына жасоо менен катар, форумдун форматын аймактарды өнүктүрүүгө жардамчы боло ала турган азык-түлүктөрдүн презентацияларын инвесторлорго сунуштоо багытында түзүп чыкканбыз. 

Биздин агенттик тарабынан дагы “Инвестициондук лоттор” презентацияланды. “Инвестициондук лот” дегенибиз бул-кандайдыр бир өндүрүш ишине, же болбосо бир ишке инвестиция кылуу үчүн керектелүүчү бардык документтердин топтому болуп саналат. Башкача айтканда, инвестициондук лоттун ичине курулуш иштерине жана инфраструктураны жүргүзүүгө болгон уруксат кагазы, ресурстук база, товардын сатылышы, өтүшү, каржы-экономикалык эсептөөлөр тууралуу маалымат-аналитикалык билдирүүлөрдүн бардыгы камтылган. Бул жол сырттан келген инвесторлорго биздин рынокко кирүү үчүн бир катар жеңилдиктерди жаратып, жардамчы болмокчу. Инвесторго керектүү бардык маалыматтар ичинде кездешет. Учурда, бул багытта эки инвестициондук лотту даярдап жатабыз. Толугу менен даяр болгондо инвесторлор арасында жайылтуу ишин баштамакчыбыз. 

Ушуну менен эле катар, биз аймактык ишкерлерди, алардын өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарууга өбөлгө боло турган маалымат технологияларынын мүмкүнчүлүктөрү менен дагы тааныштырдык. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын “Инвестициондук картасы” менен дагы жакындан таанышышты. Бул карта инвесторго зарыл болгон бардык маалыматтарды графикалык форматта аналитикалык түрдө сунуш кылат. Бул маалыматтар аркылуу бизге келген инвестор бүтүндөй өлкө боюнча белгиленген долбоорлорду жана мүмкүнчүлүктөрдү көрө алат. Бүгүнкү сунушталган инвестициондук карта иштин алгачкы гана кадамдары. Картанын толук нускасын иштеп чыгууга каражат табылса, аны толук кандуу бүтүрүү үчүн бир жылдын тегерегинде убакыт керектелет. Бул абдан кылдаттыкты талап кылган, чоң жана олуттуу платформа болуп саналат. 

Жогоруда айтып кеткендей, бүгүнкү эл аралык форум бешинчи жолу өткөрүлүп жатат. Кандайдыр бир деңгээлде, биздин агенттиктин жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн отчеттук жыйыны десек да болот. Анткени, бир катар кызматташуу документтерине кол коюлду. Инвестициондук багытта көлөмү 33 млн долларды түзгөн эки кызматташуу документине кол коюлду. Бирөөсү Чүй облусунун Ивановка айылындагы Кытай индустриалдык паркы болсо, экинчиси тоо-кен чийки сырьесун кайра иштетүү иши болуп саналат. Мындан сырткары, травертин, бал, картошка, форель ж.б. экспорттук макулдашуулардын жалпы суммасы 1,9 млн доллар болду. 

Учурдагы, маалыматтарга таянсак Кыргызстанга инвесторлор негизинен Кытай Эл Республикасынан, Россиядан, Канададан, Улуу Британиядан жана Казакстандан келип жатат. Чындыгында, бул мамлекеттер менен мурунтан бери эле бул жаатта байланышыбыз болуп келген. Ошондуктан, кандайдыр бир жаңы демилгелердин арты менен башка мамлекеттерден дагы инвесторлорду тартууга аракет кылып жатабыз. Буга, бүгүнкү форумга алгачкы жолу катышып жаткан Бириккен Араб Эмираттарынан келген делегация толук далил болуп бере алат. Ушул иш-чаранын алкагында, араб инвесторлору дагы Кыргызстандын туризм тармагында кызматташууга макулдашуу келишимин түзүштү. 

Сөз соңунда, форумга колдоо көрсөткөн “Хуахэ” Консалтинг фирмасына жана Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө терең ыраазычылык билдирем. Келип катышып берген бардык катышуучуларга дагы рахматымды айтмакчымын. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)