WeChat      Избранное

Айнура Темирбекова: “Кытай жергесиндеги ШКУнун Биринчи медиасаммити ийгиликтүү өттү”

13/06/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Айнура Темирбекова: “Кытай жергесиндеги ШКУнун Биринчи медиасаммити ийгиликтүү өттү”

Айнура Темирбекова, ШКУнун Биринчи медиасаммитинин  катышуучулары менен бирге.

2018-жылдын 1-июнь күнү Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Биринчи медиасаммити болуп өттү. Бул иш-чара Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин пресс-канцеляриясы тарабынан уюштурулуп, ага ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа тармагынын иштери боюнча алектенген мамлекеттик ведомстволордун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Жалпысынан алганда, медиасаммитке 260тан ашуун адам катышып, 17 мамлекеттин өкүлдөрү иш-чаранын жүрүшүнө күбө болушту. Биринчи медиасаммит жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларды кайдыгер калтырган жок. 

ШКУнун Биринчи медиасаммитинин ачылыш аземи Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин иш-чаранын катышуучуларынын дарегине жолдонгон телеграммасы менен башталды. Катышуучуларды бул куттуктоо телеграммасы менен Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин (ККП БК) Пропаганда бөлүмүнүн жетекчиси Хуан Куньмин тааныштырды. 

Медиасаммит “Медиакызматташтыктын жаңы доорун ачуу менен катар “Шанхай духун” өнүктүрүү” темасынын астында өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында, ММКлар ортосундагы кызматташууну жана алмашууну бекемдөө демилгеси көтөрүлүп, кабыл алынды. Мындан сырткары, саммиттин жүрүшүндө бир катар макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду. 

Кыргызстандан бул медиасаммитке КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев, ЭЛТР телеканалынын башкы директору Айбек Мусаев, НТС ТВ компаниясынын башкы директору Жайнак Усен уулу, “Эркин-Тоо” гезитинен Бегимбүбү Турдалиева ж.б. катышышты. 

Мына ушул, Пекин шаарында болуп өткөн ШКУнун Биринчи медиасаммити тууралуу биздин гезитке КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кенен маалымат берип, иш-чаранын максаты менен дагы тааныштырып өттү. 

Айнура Темирбекова: “Кытай жергесиндеги ШКУнун Биринчи медиасаммити ийгиликтүү өттү”

“Кыргызстандын делегациясы менен бирге”.

“ШКУнун Биринчи медиасаммитинин башкы максаты эл менен тыгыз иш алып баруу” 

- ШКУнун Биринчи медиасаммитинин уюштуруучулары Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин пресс-канцеляриясы болуп эсептелет. Бир жыл мурун, Астана шаарында КЭРсынын Төрагасы Си Цзиньпин мырза ШКУга мүчө мамлекеттеринин массалык маалымдоо каражаттары ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында медиасаммит уюштуруу сунушун киргизген. Бул иш-чара ушул сунуштун негизинде ишке ашты десек да болот. 

Шанхай кызматташтык уюму 17 жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгени менен, “ШКУнун үнү” уюмга мүчө мамлекеттердин карапайым калкына толук кандуу жетпей, жеткиликтүү түшүндүрүлбөй келет. Мына, ушул себептерден улам медиакызматташтыкты мамлекеттик ведомстволор, ММКлар менен түздөн-түз байланыш аркылуу өнүктүрүү чечими кабыл алынган. Ошондуктан, 2018-жылдын апрель айында Пекин шаарында “ММК тармагындагы кызматташтык алакасын өнүктүрүү үчүн, кандай багытта иш алып баруу эффективдүү болот” деген маселенин тегерегинде эксперттердин жолугушуусу болуп өткөн. Алгач, атайын ушул багытта иш алып барган комиссияны түзүү сунушу дагы каралган. Бирок, бул сунуш кээ бир эксперттер тарабынан колдоого алынган эмес. Анткени, ШКУнун хартиясында мындай жазуу жоктугу себеп болгон. Жыйынтыгында, Биринчи медиасаммит өткөрүү чечими кабыл алынган. 

Ошентип, ШКУнун Биринчи медиасаммитинин ачылыш аземи 2018-жылдын 1-июнь күнү Пекин шаарында салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Чындыгында, иш-чара абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү болду. Медиасаммитке ММКлар менен иш алып барган министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышышты, бирок катышуучулардын негизги бөлүгүн ШКУга мүчө, байкоочу жана өнөктөш мамлекеттердин медиа өкүлдөрү түздү. Жалпысынан 17 мамлекет ШКУнун Биринчи медиасаммитине катышып, өз ойлору менен бөлүшө алышты. 

Биринчи медиасаммитин жыйынтыгында ММКлар ортосундагы кызматташууну жана алмашууну бекемдөө демилгеси кабыл алынды. Мен бул аткарылып жаткан иштердин бардыгы, өз убагы келгенде жемишин берет деп ишенем. Бул демилге дагы өз мезгилинде көтөрүлүп, ийне-жибине чейин иштелип чыкты. Мисалы, кызматташуу, ар бир мамлекеттин менталитетин, маданиятын, салт-санаасын эске алуу менен түзүлөт. Бирок ошол эле учурда, ММКлардын мыйзамдагы ордун сыйлоонун, өз ара урматтоонун негизинде дагы медиа тармактагы кызматташуу иштери жүргүзүлмөкчү. 

Мындай эл аралык кызматташтык алаканы өнүктүрүү абдан маанилүү. Эң жок дебесе, ШКУнун саммитинин күн тартибинен маалымат алып, кандай маселелер талкууга алынаары тууралуу кенен билүүгө болот. Мисалы, биринчи медиасаммит аркылуу ШКУнун күн тартиби, өзгөчө басым жасалып каралчу маселелер менен кенен тааныша алдык. Бул жылы негизинен коопсуздук маселесине басым жасалып, ушул багыттагы иштер талкууланаары белгилүү болду. Мындан сырткары, бул жолугушууда алгачкы жолу гуманитардык тармактагы иштерге, долбоорлорго көңүл бурулуп, жаштарды колдоо иштери дагы каралмакчы. 

Сиздер билгендей, бүгүнкү күнү “маалыматтык биримдик” абдан маанилүү. Анткени, акыркы жылдардагы маалымат технологиясынын ушунчалык тездик менен өнүгүшү медиа тармагын дагы жаңы деңгээлге көтөрүп, анын өсүүсүнө, ыкчам жана тез иштөөсүнө өбөлгө болуп берүүдө. Бирок, медалдын эки тарабы бар дегендей, маалымат технологиясынын өнүгүшү менен бирге, кандайдыр бир далили жок, калп жаңылыктарга, киберкылмыштуулук маселелерине кабылдык. Киберкоопсуздук иши алдыңкы орунга чыкты. Мисалы, Кытайда айтылгандай “үч жамандык-экстремизм, терроризм жана сепаратизм” ушуларга чакыруулар дагы интернет аркылуу, соцтармактар аркылуу тарайт. Мына, дал ушул сыяктуу жамандыктарга каршы туруу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа тармактарын бириктирип, бир багытта иш алып баруу заман талабы. 

Ошондуктан, пресс-саммитте көтөрүлүп, кабыл алынган демилгени абдан туура деп эсептейм. Бул иш өз убагында аткарылып жатат. Чындыгында, Шанхай кызматташтык уюмунун маанисин, уюмга мүчө мамлекет үчүн анын пайдасын, ачылган мүмкүнчүлүктөрүн карапайым элге жеткирүү, коомдук ой-пикир жаратуу дагы башкы максат. Эмне себептен мамлекеттер ушундай аймактык бирикмелерге биригишет? Анткени, бул бирикмелер мамлекеттер аралык соода-сатык өнөктөштүк мамилелерин кеңейтүүгө, экономиканы көтөрүүгө, маданий байланыштарды бекемдеп, тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүүгө дагы өбөлгө болмокчу. Ушунун натыйжасында, мамлекет өнүгөт-өсөт. Мына, биздин медианын башкы максаты, ШКУнун жүргүзгөн ишмердүүлүгүн, анын элге ачкан жаңы мүмкүнчүлүктөрүн калк арасына жайылтуу болуп саналат. 

Айнура Темирбекова: “Кытай жергесиндеги ШКУнун Биринчи медиасаммити ийгиликтүү өттү”

 “Кытайдын борбордук телеканалы Көчмөндөр оюнун чагылдыруу үчүн келүүгө макулдугун беришти”.

“КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КЭРнын Мамлекеттик Кеңешинин пресс-канцеляриясы ортосунда “Өз ара түшүнүшүү” меморандуму кабыл алынды” 

- ШКУнун Биринчи медиасаммитинин алкагында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КЭРнын Мамлекеттик Кеңешинин пресс-канцеляриясы ортосунда “Өз ара түшүнүү” меморандуму кабыл алынды. 

Бул меморандумдун келип чыгышы тууралуу айта кетсем, 2016-жылы биздин министрлик Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн маалымат министрлеринин конференциясында катышкан. Бул конференция эл аралык ЭКСПО көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган. Мына, ошондо, биз тарап КЭРсынын Мамлекеттик Кеңешинин пресс-канцеляриясына КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен келишим түзүүнү сунуштаганбыз. Учурдан пайдаланып, менин сунушум ишке ашып, аткарылгандыгы үчүн кытай кесиптештериме ыраазычылык билдирип кетким келет. Ошол ЭКСПОдон көп өтпөй эле Кытай тарап байланышка чыгып, ушул меморандумдун үстүнөн иштей баштаганбыз. Мына, ошентип эки тараптуу кызматташуунун негизинде 1-июнь күнү эки мамлекет ортосундагы “Өз ара түшүнүү” меморандуму кабыл алынды. 

Бул меморандум биринчи кезекте, эки мамлекеттин министрликтери, мамлекеттик органдары ортосундагы кызматташуу алакасын жөнгө салып, бекемдөөгө өз салымын кошмокчу. Экинчиден болсо, мамлекеттик маалымат каражаттарынын алакасын өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу. Андан соң, эки өлкөнүн жалпы эле медиа тармагында иш алып барган бардык мекемелери ортосундагы байланышты түзүүгө, чыңдоого чоң жардамы тиери шексиз. 

““Синьхуа” ар бир окурманын жүзүнөн тааныйт” 

- Бул жолку сапарыбыз абдан ийгиликтүү болду десем жаңылшпайм. Анткени, кабыл алынган меморандумдун негизинде, алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүүгө дагы мүмкүнчүлүк болду. Биринчи медиасаммиттин программасынын алкагында, биз Кытай Эл Республикасынын дүйнөгө белгилүү, медиа тармагындагы чыгаандары катары таанымал “Синьхуа” маалымат агенттигине, “ССТV” Кытайдын Борбордук телеканалына жана “Жэньминь Жибао” газетасынын редакциясына барып, алардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып келдик. 

“Синьхуа” агенттиги толугу менен акыркы маалымат технологиялары менен жабдылыптыр. Мисалы, алар “колдонуучуну тааный билүү системасы” менен дагы иш алып барышат экен. Бул система аркылуу окурман кайсы багыттагы материалдарга көп кызыкса, ошол теманы ичине камтыган статьяларды, маалыматтарды берип, ушул жол аркылуу, окурмандардын суроо-талаптарына толук жооп бере алышат экен. Башкача айтканда, ар бир окурманын жүзүнөн тааныйт десек болот.

“Синьхуада” мага өзгөчө таасир калтырган нерсе, бул агенттиктин технология жаатындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрү толугу менен мурунтан иштеп жаткан “акылдуу шаар, коопсуз шаар” программаларынын негизинде түзүлгөндүгү болду. Ушундай системалар, спутниктин берген маалыматтары бардыгы, элдин коопсуздугу үчүн кызмат кылат экен. Мисалы, автобус жүргүнчүлөрү менен кандайдыр бир жол кырсыгына кабылса, бардык жакта жайгашкан видеокамералар аркылуу автобустун номуру, маршруту, кырсык кайсы жакта болгондугу тууралуу маалымат биринчилерден болуп, ММКлардан Синьхуага келип түшөт экен. Мына, ушундай технологиянын жардамы менен кытай кесиптештерибиз абдан тез жана так маалымат менен элди камсыз кылаарына күбө болдук десем болот. 

Борбордук Кытай телевидениеси дагы Кытай Эл Республикасында эң маанилүү болуп эсептелет. Эл арасында анын кадыр-баркы дагы абдан күчтүү. Мен мурунтан эле Борбордук Кытай телевидениесин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга ынтызар болуп келгем. Мындан сырткары, алардын жетекчилиги менен таанышып, биздин Көчмөндөр оюнун чагылдырууга чакыруу биз үчүн абдан маанилүү эле. Бул ой-тилектерибиздин бардыгы ишке ашты. Борбордук каналдын орус тилдүү редакциясы атайын ролик даярдоого, Кыргызстан тууралуу маалыматтарды дагы жайылтууга, жардам көрсөтүүгө макул болушту. Эң негизгиси, Көчмөндөр оюндарын Кытай жергесинде дагы чагылдыруу максатында, Кыргызстанга сентябрь айында келүүгө макулдугун беришти. 

Мунун бардыгы, жогоруда айткандай, жаңы гана түзүлгөн меморандумдун негизинде аткарылды. ШКУнун Биринчи медиасаммити ийгиликтүү өттү десем жаңылышпайм. Бул ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа тармагындагы кызматташуунун алгачкы гана кадамдары десек болот. Алдыда, дагы бул багытта аткарылчу иштер көп. 

Айнура Темирбекова: “Кытай жергесиндеги ШКУнун Биринчи медиасаммити ийгиликтүү өттү”

 “Өз ара түшүнүшүү Меморандумуна” кол коюу учурунан бир көз ирмем.

“Өз ара түшүнүшүү Меморандуму” 

- Меморандум КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Пресс-канцеляриясы ортосунда кабыл алынып кол коюлду. Меморандумдун негизги максаты: эки өлкөнүн Өкмөттүк медиа агенттиктеринин ортосундагы достук кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, массалык маалымат каражаттарынын ролу маанилүү экендигин билүү менен эки өлкөнүн элдеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана достук мамилелерди алга жылдыруу болуп саналат. 

Биринчиден, эки тарап тең байланыш тармагын бекемдөө максатында Өкмөттүк медиа агенттиктердин ортосунда иш сапарлары менен алмашат. Ошондой эле, медиасаясатын жөнгө салуу, пландоо, өнүктүрүү боюнча көз-караштарды жана тажрыйбаны алмашуу боюнча иштерди өнүктүрөт, кеңейтет. Экинчиден болсо, тараптар эки өлкөнүн медиа уюмдары ортосундагы программаларды жана жаңылыктарды алмашып туруу, биргеликте программаларды, өз ара иш сапарларды ишке ашыруу, алардын экономикалык, маданий жана социалдык жаңылыктарын жана өздөрүнө тийиштүү массалык маалымат каражаттарын башка иш-чаралар менен камтылышына дем берүү менен жигердүү кызмат ишин жүргүзүшөт. 

Мындан сырткары, эки тарап медиа жаатында кызматташууга дем берүү жана пресса ортосунда, басылмаларды, телерадиоберүүлөрдү жана фильмдерди алмашып туруу механизмин түзүү үстүндө иш жүргүзүшөт.Ал гана эмес, эки өлкөнүн медиа уюмдарында негизги багыттарында, массалык маалымат каражаттарында жаңы форматтарды колдонуу тууралуу семинарларды жана тренингдерди өткөрүүгө  дагы өбөлгө болушмакчы.

Алдыда дагы  делегациялар кезектешүү жолу менен бир өз ара алмашуу чечимине келишти. Иш-сапарлар өз ара кабыл алына турган мезгил убагында 10 күндөн ашык эмес негизде аныкталат. Делегациялар Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнөн жана медиа өкүлдөрүнөн түзүлөт. Бул иш-сапарлардын багыты, анын ичинде иш-сапарлардын ырааттамасы жана делегациядагы адамдардын саны, жибере турган тараптын сунушун эске алуу менен кабыл ала турган тарап жактан уюштурулат. Кабыл ала турган тарап келе турган делегациянын жашай турган жана транспорттук чыгымдарын камсыз кылат. Бирок эл аралык учууларды жана жеке чыгымдар үчүн жоопкерчиликти келүүчү делегация өзүнө алат.

Бул эки мамлекеттин ортосундагы кабыл алынган Меморандумдун келечеги кең.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)