WeChat      Избранное

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду КРдин Президенти болуп шайланышы менен куттуктады

13/01/2021  Источник:оригинал   шрифта:

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду КРдин Президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президенти кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы билдирет.

"Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Сиз менен биргелешип “Бир алкак - бир жол" долбоорун куруунун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жаатында чогуу аракеттерди жумшоого даярмын", - деп белгиленет куттуктоосунда.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта чоң жетишкендиктерди, өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт-таалай каалады.


(Автор:GL / Редактор:GL)