WeChat      Избранное

АКШнын санкциялык тизмесине Матраимовдун жубайы да кирди. Помпеонун билдирүүсү

11/12/2020  Источник:интернет   шрифта:

АКШнын санкциялык тизмесине Матраимовдун жубайы да кирди. Помпеонун билдирүүсү

ФотоWWW

Райым Матраимов АКШнын Финансы министрлигинин тизмесине 9-декабрь күнү киргизилген. Эмбарго коррупция жана адам укугунун бузулушу боюнча күнөөлөнгөн тараптарга каршы багытталган Магнитскийдин глобалдуу мыйзамынын негизинде жарыяланды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун Магнитский тизмесине киргизилгени боюнча үн катты. Тиешелүү билдирүү анын Twitter баракчасына жарыяланды.

Мамкатчынын айтымында, аталган тизмеге Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова да киргизилген.

"Бүгүн Кыргызстандын экс-чиновниги Райым Матраимов менен жубайынын коррупцияга айыпталып Магнитский тизмесине киргизилгенин билдирем. Биз баарыбыз биргелешип гана коррупцияга каршы туруп, адам укугун бузгандарды жоопкерчиликке тарта алабыз", — деп жазган Помпео.

Райым Матраимов АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине 9-декабрь күнү киргизилген. Эмбарго коррупция жана адам укугунун бузулушу боюнча күнөөлөнгөн тараптарга каршы багытталган Магнитскийдин глобалдуу мыйзамынын негизинде жарыяланды.





(Автор:GL / Редактор:GL)