Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдуу өкүлү Ф.Делаус менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча пресс-релизи
2020-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гарретт жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдуу өкүлү Ф.Делаус менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2021-жылдын 1-ноябрынан 12-ноябрына чейин Улуу Британиянын Глазго шаарында өтө турган Климаттык өзгөрүүлөр боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясынын (COP-26) Тараптарынын Конференциясына даярдыкты талкуулашты. Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ч.Гаррет Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге Улуу Британиянын Премьер-министри Б.Джонсон, Франциянын Президенти Э.Макрон, Италиянын Премьер-министри Д.Конте, Чили Президенти С.Пиньера, БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриштин төрагалыгы астында 2020-жылдын 12-декабрында онлайн түрүндө өткөн климаттык амбициялар саммитинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ч.Гарретт жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдуу өкүлү Ф.Делаус Кыргыз Республикасы 2019-жылдын ноябрында ратификациялаган Париж макулдашуунун натыйжалуу ишке ашырууга багытталган Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев британия тарабыны экология жана климаттын өзгөрүшү маселелеринде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Айрыкча, кыргыз тарабы COP-26нын алдында климаттык саясатты жана иш- аракеттерди күчөтүү үчүн Кыргызстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга көмөк көрсөтүүгө багытталган регионалдык долбоорго катышуу боюнча британ тарабынын жана БУУнун өнүктүрүү программасынын сунушун оң белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев, ошондой эле 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында БУУнун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын СOP-26 конференциясынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, анын жүрүшүндө зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтуу боюнча парник газдарынын калдыктарын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана климатты каржылоо боюнча жаңы максаттар коюлушу мүмкүн.
Источник: Министерство иностранных дел КР
последние
Рекомендация
- 1Минстрой РФ попросил правительство упростить въезд мигрантов для работы на стройках
- 2Изменится ли вектор ЦА в политике нового президента США?
- 3[Наши соседи]В Узбекистане стартовал третий этап испытаний китайской рекомбинантной вакцины от коронавируса
- 4[Наши соседи] Казахстан занял 11-е место в мире по запасам нефти
- 5В Баткенской области Кыргызстана при финансовой поддержке Узбекистана готовят к вводу инфекционную больницу