WeChat      Избранное

Азыркыдан да жугуштуу. Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болду

21/12/2020  Источник:интернет   шрифта:

Азыркыдан да жугуштуу. Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болду

ФотоWWW

Кечээ премьер-министр Борис Жонсон Лондонго жана Англиянын түштүк-чыгышындагы региондорго жаңы чектөөлөрдү киргизди.

Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болуп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аны изилдеп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Уюм Лондон менен тыгыз иштешүүдө. Британ адистери анализ менен соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыгын ДССУга берип жатат.

"Биз вирустун жаңы түрүнүн өзгөчөлүктөрү жана кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат алып, коомчулукту кабардар кылып турабыз", — деп билдирген ДССУ Twitter баракчасында.

Улуу Британиянын адистери коронавирустун жаңы тиби азыркыдан 70 пайызга жугуштуу болушу мүмкүн экенин болжоп, элден сактыкты талап кылууда. Бирок учурда ооруканага кайрылгандар менен каза тапкандардын саны жогору эместиги белгиленген.

Ишемби күнү премьер-министр Борис Жонсон Лондонго жана Англиянын түштүк-чыгышындагы региондорго жаңы чектөөлөрдү киргизген. Анын артынан Шотландия менен Уэльс бийлиги дагы катаал чараларды киргизгенин жарыялаган.

Пандемия башталгандан бери Британияда коронавирус 2 004 219 кишиде аныкталып, 67 075 бейтап каза болгон.




(Автор:kabar / Редактор:GL)